Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

  ӨМҮРҮ ӨРНӨК АСЫЛ ИНСАНДЫН АЙКЕЛИ ТУРГУЗУЛДУ

(Уландысы. Башы 4-бетте)
Учугун улачулар бар
Ооба, И. Раззаковдун өмүрү муундан- муунга өрнөк жана сыймык. Анын өлбөс- өчпөс жаркын элесине түбөлүк таазим кылып, Раззаковдун ишмердүүлүгүнөн таалим-тарбия алып, анын ар бир айткан сөзүнүн маанисин терең түшүнө алган кыргыздын камчыга сап мыкты уулдары бар экендиги кубандырат. "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын демилгеси менен залкар мекендешибиздин 100 жылдык маарекесине арналып Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы тарыхый Рух Ордо комплексинде 7- ноябрь күнү И. Раззаковдун айкели орнотулду. Узундугу 3 метр, салмагы бир тоннага чукул таза колодон жасалган. Айкелчи Сейталиев Адил. Саясаттын сазынан чыга албай чет өлкөдө күнүмдүк өз кызыкчылыгын көздөп, улуту кыргыз болуп, бирок кыргызга тиешеси жок, ой жүгүртүүсү башка түш жооруусу башка болуп жаткандардан айырмаланып Адахан Мадумаров өткөн тарыхыбызды унутта калтырбай келечек үчүн зор эмгек жасады. "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясы шайлоо өнөктүгү учурунда жарты кагаз чыгарып чаптаган жок, ага кеткен чыгымды тарых үчүн жумшайлы деген багытта өз каражаттарын үнөмдөп (өкмөттөн, коомдук уюмдардан жардам сурабай, же марафон өткөрбөй туруп эле) Раззаковдун айкелин тургузду. Айкелдин ачылыш аземине замандаштары жана жердештери катышты.

Адахан МАДУМАРОВ,
"Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын лидери:
"Тарыхты эстеп, даңазалап турмайынча келечектен жакшылыкты үмүт кылыш мүмкүн эмес"
- Кыргыз качан кыргыз болот, кыргыздын руху кыргыз болуп турганда. Мени өкүндүргөнү бүгүнкү жаштар улуу, залкар инсандарыбызды көп таанып, биле беришпейт. Өзүбүздүн ата-бабаларыбызга караганда чет өлкөнүн атактууларын беш колдой билишет. Анткени, мамлекет аларга мектеп партасында олтурганда биздин келечегибиз үчүн ким кандай иштерди жасап кеткендиги тууралуу жетишээрлик маалымат берген эмес. Ошондуктан 2005-жылы Раззаковдун 95 жылдыгына карата үй музейин ачкан мезгилде улуу инсаныбыздын мамлекет үчүн жасап кеткен эмгектерин унутта калтырбай эскерип туруу максатында кыргыздын керемет жерлерине айкелин койсок болот эле деген ой пайда болду. Мындай идеянын ишке ашырылышына касиеттүү көл жээгинен орун алган Рух Ордо тарыхый комплексинин ээси Борис Сан чоң салымын кошту. Тактап айтканда аталган комплекстен кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын айкелдери үчүн жерди бекер берди. Бул жерге дүйнөнүн төрт бурчунан, Кыргызстандын башка региондорунан келген меймандар бала- чакасы менен биздин тарыхыбызга күбө болуп турушмакчы. Себеби, тарыхты эстеп, даңазалап турмайынча келечектен жакшылыкты үмүт кылыш мүмкүн эмес. Улутту улут экенин көрсөтүп, рухубуз дал ошол залкар Раззаковдой инсандарыбызда экенин унутпашыбыз абзел. Раззаковдун айкелин жасап баштоодон мурун бул кишинин бир канча сүрөттөрүн, киноархивдеги сүйлөгөн сөздөрүн, жесттерин, мимикаларынын баары эске алынды. Оң бутун бир аз алдыга кадам таштап турганы ар дайым алдыга умтулуу жана кыймылда болуу жана бул инсанды шляпасы жок элестетиш кыйын. Ошондуктан өзүнүн күндөлүк турмушунда кандай болсо ошондой чыныгы элесин бергенге аракет жасадык. Негизи алдыбызга койгон максатыбызга жеттик деп айтсак болот.


Кайрыниса МАСАЛИЕВА, (Абсамат Масалиевдин жубайы):
"Исхак Раззаковичтин сапаттарын Адахандан байкадым"
- Исхак Раззаковичти өмүрүмдө эки эле жолу көргөнмүн. 1958- жылы Кызыл- Кыядан депутат болгон. Ошондо биринчи жолу көрдүм. Экинчи жолу 1970-жылы Таш-Көмүрдө биринчи секретарь болуп иштеп жатканда көрдүм. "Тосуп алгыла" - деп буйрук берилген экен Токтогулга келип тосуп алганбыз. Исхак Раззаковичти коштоп келген бир аксакал киши атын айтпай эле коеюн, силер мунун айланасына адамдарды чогултпагыла деп айтыптыр. Ошол үчүн шаан- шөкөтсүз тосуп алдык. Таш- Көмүрдө бара турган жери жок болгондуктан башка жетекчилерди кошуп козу союп меймандадык. 40 мүнөттөй биздин үйдө олтурду. Ал убакта менин уулум Исхак 10 жашта болчу, алдынан чуркап чыкканда "Атың ким?" - деп сурады "Исхак" деди эле унчукпай маңдайынан сылап койду. Сиздин урматыңызга балабыздын атын койдук деп батынып айта алган эмеспиз. Дагы бир окуя эсимден такыр кетпейт. Ошондо тамактанып, сүйлөшүп отурган учурда капилеттен үй телефонубуз шыңгырап калды, жолтоо болбосун деп чуркап барып ала койдум. Келсем Исхак Раззакович мен кеткенде кебин токтоткон боюнча кайра келишимди күтүп, мен келгенде гана кайра улантты. "Ошол кишинин алдында мен киммин ушул кишини күттүрдүм" деп өзүмдү бүгүнкү күнгө чейин кечире албаймын. Мындан сырткары бул инсан орус мектептерге кыргыз тилин киргизген. Ага да токсоолдуктар болду, эгер ошондо тоскоол болушпаса азыр кыргыз тили боюнча көйгөйлөр болбойт эле. Ал эми азыр мени кубанткан нерсе ал кишинин көп сапаттарын Адахан Кимсанбаевичтен байкап жүрөм. Кыргыздын уучу кур эмес экен деп жетине албай сүйүнүп турам.

Софья БАЙЗАКОВА, (Исхак Раззаковдун балдызы, Түмөнбай Байзаковдун жубайы):
"Маданияттуулугу жогору, жан дүйнөсү таза адам эле"
- Исхак Раззакович менин жездем болот. Гумандуу, табиятынан өтө жөнөкөй бир калыбынан жазбаган, улууну урматтап, кичүүнү ызаттаган өзгөчө бир инсан эле. Абдан акылдуу, ички жан дүйнөсү таза, маданияттуулугу жогору, адамдардын баарына тең мамиле кылып, тең караган адам эле. Жаштар анын жашоосунан көп нерселерди үйрөнсө болот, анын идеяларын пропагандалаш керек. Эстелигин койгонго мен кубанып турам. Учурдан пайдаланып тарыхын унутпай даңазалап, келечек муунга жол көрсөткөн Адахан Мадумаровго чоң ыраазычылык билдиргим келет.

Бейшебек АКУНОВ, экс-депутат:
"Бул адамдын кыргыз эли үчүн кылган эмгеги айтып бүткүс"
- Адахан Кимсанбаевич баштаган партия улуу инсаныбыз Исхак Раззаковдун айкелин ачабыз деп чакырганда, мен мындан эки жума мурун ушунчалык сүйүндүм. Адахан айланайын барам дедим. Ооруканадан чыктым эле, жаш да келип калды, ал жакка барыш кыйын дебей келип олтурам. Чыгыштын улуу акыны Хакани деген болгон. Ошол:
"Калк камы деп жан сабаган адам зат,
Элден чыгат, миң жылда бир жаралат.
Балким бирөө бизден мурун келгендир,
Бирөөлөрү бизден кийин сабалап."
- деп айткан. Мына ошондой миң жылда бир туулган уулдардын бири, биздин элибиздин кулуну Исхак Раззаков. Ал кишини билбеген киши жок. Бизге керектүү кадрларды даярдоо талабын Раззаков жогору жактагыларга койгон. Мен бул кишиге жолуксам деп тилечүмүн. Москвада окуп жүрүп ал кишиге жолукканымда, "Жакшы балам, окууң жакшы болсун" деген. Ошондо Раззаковду көрүп калдым деп аябай кубангам. Нарын суусуна ГЭСтерди куруу ошол кишинин эмгеги. Мындай адамды биз баш болуп урпактарыбыз да айтып жүрүшүбүз керек.

P.S. Мындан сырткары "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын демилгеси менен Тарыхый Рух Ордо комплексине Мамлекеттин түптөлүшүнө салымын кошкон инсандар Баялы Исакеев, Ишенаалы Арабаев, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сыяктуу залкар инсандардын айкелдери орун алат. Мекенибизде тынчтык болуп турса Кыргызстан үчүн канын азык, каруусун казык кылган азаматыбыз Адахан Мадумаровдун алдына койгон максаты толук ишке ашат деген ишеничтебиз.

Гүлкаир
МАМАСАЛЫ кызы
Сүрөттөр М.Осмоналиевдики






кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика