Сэм байкеден салам…

Кезек Отунбаевага келдиби?
Кыргызстандын географиялык абалына суктанып, "Кыргыздардын ордунда болуп калсак, атаңдын гөрү..." деп тамшана тиктеген канча мамлекет бар. Бирок, бизге эгемендикти колго алгандан бери жакшы жетекчи буюрбаганданбы, же башка себеби барбы, айтор, мындан жарытылуу пайда көрө албай келебиз. Өз алдынча саясат жургүзүп, бекемирээк болсок, экономикалык абалыбызды кыйла чыңдап алсак болот эле. Анын ордуна биздин жетекчилер жеке кызыкчылыгын көздөп, географиялык абалыбызды бат эле үй-бүлөлүк бизнеске айландырып алышат экен. Ошонун айынан улам эле, нааразы болгон тигил же бул державанын колдоосу менен төңкөрүш жасоо оюнчукка айланып калбадыбы. Бакиевди, андан мурда Акаевди тактан ушинтип кулаттык. Эми кезек Борбор Азиядагы биринчи президент айым Роза Отунбаева келгендей...


Буга чейин маалым болгондой, "Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна океңдерден жардам иретинде арзан баада келген күйүүчү майды "пулдап", Максим Бакиев кыйла байлык топтогон. Анын транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыздаган "Мина корпорейшн" компаниясына тийешеси бар экендиги апрель төңкөрүшүнөн кийин кыйла айтылды. Бул маселеге АКШнын Конгресси да кийлигишип, "Мина корп..." компаниясы кайдан чыкканын иликтөөгө аракет жасашкан. Бирок, Конгресстин да бул корпорацияга алы жеткен эмес. "Вашингтон пост" гезити жазгандай, бул корпорация ортомчулук милдетти аткарып келген, уюштуруучуларынын Пентагондо өтө тыгыз байланыштары бар. Жада калса Конгресске корпорациянын кожоюнун канча ирет чакырышканы менен, ал киши бир да басып барган эмес. Ушундай болуп жаткандан кийин, бул жакта Максим Бакиев арзан май сунуштап жатса, карап турушмак беле? Алып, кайра асман баа менен АКШга сата албай мээ жок дейсизби?
Кыңыр ишке тийешеси көп "Мина корп..." фирмасы Пентагондун транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жаңы тендерин да утуп алды, кыргыз жетекчилигинин буга кескин каршы чыккандыгына карабастан. Компания өкүлдөрү кыргыз бийлигинин да тилин табууга жетишсе керек, анткени, буга чейин эле "Мина корп..." Роза Отунбаеванын уулу менен Түркияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү айтылган. Мамбашчы айым мындан жаа бою качып, абройлуу "Вашингтон пост" гезитинин ушундай маалыматын четке кагып, актанганы менен, "шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" эмеспи...
Кандай болгон күндө да, "Манас" аба майданындагы транзиттик борбордун айланасында улуу державалар ортосунда чоң оюн жүрүп жатат. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы маселен, АКШ бийлигин таптакыр канааттандырган жок. Себеп дегенде, бийликке баары бир орусиячыл позицияны тутунган коалиция келээри бештен белгилүү болуп калды. Эгерде дал ушундай коалиция түзүлө турган болсо, АКШнын транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоо биякта турсун, анын өзүнүн Кыргызстандагы жашоо тагдыры бүтүп калышы мүмкүн. Биздеги саясий процесстердин дал ушундай нукта өнүгүп кетишинен чочулаган Сэм байкең ушул жума башында Кыргызстанга дагы бир чабарманын - АКШнын борбордук командачылыгынын жетекчиси, генерал Жеймс Маттисти жөнөттү. 15-ноябрь дем алыш күн экендигине карабастан, батышка ар дайым ыктап келген Роза Отунбаева генералды кабыл алып, "Манастагы" АКШ транзиттик борборунун тагдырын талкууга алышты. АКШ эмне демек эле? Азырынча сылап-сыйпап, "силердин саясатыңар кайда баратканын көрүп турабыз, бирок, бизди ям унутпагыла" дегендир. Бирок, иш таптакыр тескерисинен кете турган болсо, кайрадан парламенттик шайлоо өткөзүүнүн үстүнөн АКШ иштей баштайт. "Ата-Мекендин" бир да партиянын сунушуна бирикпей, кыздардан бетер назданып турганына да дал ушул маселе себеп болуп жатканы айдан ачык көрүнүп турат.
Экинчи жагынан, биздин Роза эжекебиз да батышын кайра-кайра эле таңуулай берсе, океңдер бийликти дагы бир ирет алмаштыруудан эч тартынышпастыгы белгилүү. Дал ошондой оор диллемма доор сүрүүдө. Ушундай учурда туңгуюктан жол таап кете турган көсөм жетекчи болсо дейсиң. Аргасыздан улуу Советтер союзунун тушунда Москвага баш ийбей, өз алдынча, эл кызыкчылыгында саясат жүргүзгөн Исхак Раззаковду эстейсиң. Ал киши тирүү болгондо быйыл 100гө чыкмак. Биздин жетекчилер өз алдынча саясат жүргүзө албагандан кийин, ушундай инсандарды жок дегенде эскерип, даталуу күндөрүн мамлекеттик масштабта белгилеп коюшса эмне?

Нурдин Сейитов




  Реплика....

Баатырдын атын алыстан ук!
Бизде баатырлар көбөйүп кетти. Айрыкча, апрель окуясынан кийин алардын катары арбыды. Баатырдыкты даңазалаган "Апрель элдик революциясынын төш белгисин" азыркы бийлик ойлоп тапкан. 380 адамга Роза Отунбаева ушундай төш белги тагып, 10 миң сомдон таратты.

Албетте, төш белги жакшы. Аны берген да, алган да адам сүйүнөт. Бирок, бийлик бул төш белгини тар кызыкчылыгында пайдаланып жатканын кантип түшүнбөйбүз? Бийликке келгенде Роза Отунбаева баш болуп эмне дешти эле? Элге ок аткандарды жердин жети түбүнөн болсо да таап, жазасын беришмек. Эң негизги талап ушул. Бирок, бул талап аткарылган жок. Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү болсо улам кечеңдеп, анда аткаруучу адамдарды гана соттоого дараметтери жетип турат. Ушундай болгондон кийин, апрелде баласын, атасын жоготкондор сөзсүз нааразы болушат. Ошондуктан, бийлик буларды момпосуй берип алдагысы келди. Момпосуйдун ролунда төш белги менен 10 миң сом. Ушинтип алдап турушса, бийлик да башкаларга өтүп кетет. Ал да шылтоо. Биздин саясатчыларда шылтоо качан түгөнчү эле. Жок дегенде "баарына Бакиев виноват" деп коюп, басып жүрө беришет да...




  Өзгөрүү тургай, өзөк жалгаганга эчтеке калбайбы жакында?

Орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт
"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова жарым жылдан бери мамлекетти башкарган бийлик жетекчилерине адилет сын айткан айымдардан. "Бишкек пресс-клубуна" маек берип, дагы бир ирет өзүнүн калыс позициясын билдирип кетиптир.

Чолпон Жакупованын айтымында, биз президенттик башкарууну парламенттикке алмаштырып,баш мыйзамды кайра башынан жазып, кабыл алганыбыз менен, республикабызда өзгөрүүнүн учкуну да байкалбаптыр: "Коррупция менен укук бузуулар мурда кандай гүлдөп турган болсо, азыр да ошол калыбында".
"Парламент дейбиз... Жаңы келген депутаттардан квартира, машине, жакшы айлыкты аябайт деле болчубуз, эгерде алар ошого жараша иштеп беришсе. Менин оюмча, азыркынын баары - убактылуу өкмөт, техникалык өкмөт, эми парламент кандайдыр бир өзгөчө макамга ээ адамдар чогула турган нерсеге айланып кетти. Булардын бири да бийик атка татыктуу эмес, өз милдеттерин аткарганды билишпейт. Маселен, Убактылуу бийликтин "айтканыбыздын баарын аткардык" дегенинен бирдеңке өзгөрүп кеттиби? Андан элибиз жакшы жашап, коопсуздугубуз камсыздалып калдыбы? Ар бир адамдан сурап көрүңүз, бири да жакшы ой айтпайт",- дейт Жакупова.
"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси айткандай, бизде парламенттик башкаруунун аты гана бар, а маани-маңызы таптакыр жок: "Аталышты өзгөртүп койгондон жылыш сезилдиби? Кайсы бир нерсеге болгон бааларды арзандатып койгону менен, башкаларынын баасы асмандап кетпедиби. Өлкөбүздүн туш-тарабында улутчулдук ээн-эркин доорун сүрүүдө. Саясий туруктуулук тууралуу кыялданыштын деле кереги жок. Мыйзамды баары унутушту. Себеп дегенде, бизде козголуп жаткан кылмыш иштеринин баарында саясий оюн жатат. Мен жакында түштүктөн келдим. Ал жактагы абалды өз көзү менен көргөн адамдын көзүнөн канча тартынсаң да жаш агылат. Борбордук бийликтин ал тарапта такыр баркы жок. Карапайым адамдар өздөрүн, мүлкүн коргош үчүн бийлик органдарына эмес, криминалдык авторитеттерге кайрылууга аргасыз болушууда".
Чолпон айымдын сөздөрү бийликте олтургандарга канчалык ачуу болгону менен, мунун баары кашкайган чындык. Чынында эле, базарга барсаңыз, баанын баары асмандап эле баратат. Бензин, солярканын баасы аттын оозун кое бергендей эле өйдөнү карап жылууда. Эл болсо мындай шартта кимге ишенерин билбейт. Парламентке өткөн партиялар бир пикирге келип, эртерээк өкмөт курап, келерки жылдын бюджетин беките салабы десек, алар да саясий соодадан оолак боло алышпай коюшту. Деги биз кайда баратабыз, ия?

Сапарбек Нуржигитов