Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Адахам Мадумаровду тааныйсыңарбы?..
Куюлуштуруп сүйлөп жатса, Нарын дарыясы агып жаткандай эле элес калтырган Адахан Мадумаров "КР президенти Роза Отунбаеванын өзүнө президент катары тааныбайм деп айттым" деп чыкты. Кыйратыптырсыз деп эле айткың келет. Азыркы КР президенти отурган кабинетте Турдахун Усубалиев, Абсамат Масалиев жана алардын арасында мен да отургам деп мактаныптыр. Жогорку эки инсан кыргыз эли үчүн аздыр-көптүр эмгегин сиңирген, а сиз болсо таңдайыңыздан чаң чыгаргандан бөлөк эмне кылдыңыз? Оппозицияда жүрсөңүз эле элдин атынан сүйлөп калмайыңыз бар. Бийликке келгениңизди деле көрдүк эле, кыргыз элинин бир капшытын аңтара Каркыраны казактарга "подарке" кылганга кошкон салымыңыз эле болбосо, пайдалуу эмне кылдыңыз эле? Же болбосо Бакиевдин тушунда сизди деле спикер катары тааныгысы келбегендер болгон. Бийликке жетпей калганда эле, союл көтөрүп чуркамайды токтотпойлубу ыя, Адахам мырза!


Ички душмандар кимдер ыя?
Вице-премьер министр Азимбек Бекназаров "Алиби" гезитине курган маегинде "айрым партиялар жалаң өзбектердин, же болбосо кыргыз эместердин добушун алды" деп айтып чыкты. Анын айтуусу боюнча жакында Ноокат районунан келе жатып, өзбектерге таркатылган баракчалардын бирөөсү колуна тийген. Ал баракчада "Ким кыргызга душман болсо, "баланча" партияга добуш бер" деп жазылган. Бул партиянын атын А. Бекназаров калың элге шардана кылгысы келбейт. "Уят-сыйытты жыйыштырып, добуш алыш үчүн ушундай жолдорго бара баштадык" деп өкүнөт вице-премьер министр. Мындай иштерге өкүнүп гана тим болуп, кол куушуруп бергенибиз туура эмес болуп калат го Азимбек Анаркулович. Анча болду ал кайсы партия экендигин ачык эле айтсаңыз болмок...


Жылына 100 миллион доллардан карызга батып...
Жаркылдап күлгөн Акаевдин заманы бүтөөрдө, тактап айтканда 2005-жылдын мартында Кыргызстандын тышкы карызы 1 миллиард 930 миллион АКШ долларын түзгөн. Андан бери беш жыл өтүп, учурдагы тышкы карызыбыз 2 миллиард 602 миллион АКШ доллары менен өлчөнөт. Бул деген тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 60 пайызын түзөт дегендик. Мындай көлөмдөгү карызды Кыргыз өкмөтү анчалык кооптуу эмес деп ишендирип келет. Анткен себеби Кыргызстанда ички дүн продукцияга кирбеген көмүскө экономиканын деңгээли жогору экен. Ошол эле учурда өлкөнүн бюджет тартыштыгы учурда 21 миллиард сом менен өлчөнөт. Тышкы карызыбыз жыл санап өсүп жатканы менен ишибиз жок, улам бир президентибизди казынаны каңтарта качырып ийип, кайра эле сырттан карыз сураганга көндүк. Эми да эл аралык донорлор өткөн жайда "обещать" эткен 1 миллиард АКШ долларын күтүп жаткандагы кербезибиз. Мынча суммадагы акча деле бюджет тартыштыгын бүтөгөнгө, анча-мынча "Лөк" чиновниктердин чөнтөк тешигин бүтөгөнгө деп отуруп кумга сиңген суудай эле жоголот го...


Каримовдун буту тактан тая баштадыбы?..
Айрым маалыматтарга караганда бүгүнкү күндө Өзбекстанда ич ара тымызын президенттик кресло үчүн күрөш жүрө баштады. Түшпөс хан болгон Ислам Каримовдун саламаттыгы дагы деле өлкөнү "кыңк" дедирбей башкарып турууга жетиштүү. Бирок акыркы учурларда эл алдына чыгып эркин сүйлөө учурунда баштап келе жаткан темасын аяктабай башка темага бурулуп кеткен учурлары болууда. Ал эми даярдалган текст менен чыкканында бардыгы баштагыдай эле. Брежнев заманындагы "Поездди жүрүп бараткандай көрсөткөн" мамлекет деп Өзбекстанды айтсак болот. И. Каримовдун катуу жана катаал тартибинен улам бул мамлекеттин ичинде эмне болуп жаткандыгы тышка чыкпасы белгилүү. Жашы бир топко барып калган Өзбекстан президенти бүгүнкү күндө өз ордуна кимди калтырарына баш катырып жаткан учуру. Албетте, мурдатан белгилүү болуп келгендей, өз кызы Гүлнара Каримованын өзүнөн кийин өлкө башкарып калышын абдан каалайт. Бирок кызынын өлкө башкарууда алсыздык кыларын билип, бул оюнан айнып турган учуру. Андыктан кызы өзүнүн болгон капиталын Өзбекстандын чегинен тышкары алып чыгып кеткенге үлгүрдү. Анын "Зеромакс" компаниясы жабылып, жетекчиликтери камакка алынган. Бул компаниянын эмне себептен жабылгандыгы тууралуу эч кандай официалдуу маалымат жок. Кээ бир такткалбаган маалыматтарга таянсак учурдагы өлкө премьери Шавкат Мирзияев Ислам Каримовдун ордун басышы мүмкүн. Себеби, бул киши И. Каримовдун ар кандай сыноолоруна туруштук берип, президентсиз эч кандай жумуш бүтпөй тургандыгын далилдеп келген. Тактан буту тая баштаган президент, бийликтен кеткенден кийинки өмүрүнүн коркунучсуз өтүшү үчүн колунан келген бардык аракеттерди кылышы мүмкүн. Элдин жашоосу оңолду, орточо айлык акы 350 долларды түзөт деп өлкөнүн өкмөтү миң сайрабасын, карапайым элдин жашоосу дагы деле итке минген кейипте. Орточо айлык акы 150-200 доллар. Кызынын болгон капиталын өлкөдөн сыртка ташып жатканына караганда И. Каримов бийликтен кеткенден өлкө ичинде жайчылык турмушта жашай албасына көзү жетип калгандай. Бийлик оодарылгандан кийин бул өлкө ичинде да кандуу кагылыштар болуп кетиши мүмкүн. Андыктан И. Каримов коңшулаш мамлекети Кыргызстандын экс президенттериндей шашылыш качпай, даярдыкта качууну көздөп турбасын?..


Эки кочкордун башы бир казанда кайнабай жатабы?
"СДПК" менен "Ата-Мекен" партиясынын коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи этабы эч кандай натыйжасыз аяктады. Имиш-имиштерге караганда эки лөктүн бир жакадан баш чыгара албай жатканына спикерлик орунга "мен отурам, сен отурбайсың" болуп жатканы себеп болууда. "Ата-Мекен" партиясы спикерлик орунга Өмүрбек Текебаевдин отурушун каалайт. Ал эми Алмазбек Атамбаев буга макул эмес. Саясый серепчи М. Казакбаевдин айтымында А. Атамбаев Ө. Текебаевде компромисске баралбаган мүнөзү бар деп эсептейт. Ошондуктан жаңы конфликттер пайда болуп, жана дагы саясый күрөш күчөшү мүмкүн. "Ата-Мекен" партиясынын позициясында , алар спикерлик менен бирге эле бардык саясый блокту өздөрүнө алып, ал эми "СДПК" жана "Республика" партиясы экономикалык блокту жана өкмөт курамын түзүү маселесин өздөрүнө алуусу керек. Эмнеси болсо да революцияны жараткан бул эки партиянын биргелешип иш алып баруусун эл дагы жактайт. А кокус "СДПК" кеңири коалиция түзүү максатында "Ата-Журт" жана "Ар-Намыс" партиялары менен да бириге турган болсо, анда карапайым элдин дагы бир толкуп алмайы бар. Кыргызда жакшы сөз бар: "Бириң баш болсоң, бириң төш бол" деген. Ушул сөздү да эске алып койсоңор.


Төңкөрүш болуп өттү... Эми болбосун
Кече күнү КР президенти Роза Отунбаева 7-апрелдеги кандуу төңкөрүштөн курман болгондорду жана анын катышуучуларын "7-апрелдеги элдик революциянын баатыры" төш белгиси менен сыйлады. Роза Отунбаева өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү:"7-апрелдеги болуп өткөн революцияны 2005-жылдагы окуядан айырмаланып, чыныгы элдик революция болду деп айта алабыз. Ал эми бул революцияга катышкан адамдар чыныгы элдик баатырлар болуп эсептелет. Биз элибиздин тайманбастыгы жана эркиндикке болгон чексиз сүйүүсү менен сыймыктанууга милдеттүүбүз". Бул төш белги менен 80 ден ашуун революцияда курман болгондор жана 300 дөн ашуун жапа чеккендер сыйланды. Кандуу төңкөрүш болуп өткөнү менен анын натыйжалуу жыйынтыктары али эч кимге сезиле элек. Атасынан, инисинен, баласынан, бир тууганынан, өмүрлүк жарынан ажырагандар дагы деле терең үмүт менен революция күнөөкөрлөрүнүн жазасын аларын күтүүшүдөө. Адилеттүүлүктү орнотом десеңер, адегенде адилетсиз бийликтин баш каармандарын эртерээк жазалагыла.


1,5 миллиард сомдун дайыны жок!
Түштүктөгү ишкерлер июнь-июль айларындагы коогалаңда жалпысынан 1,5 миллиард сом зыян тартышканы белгилүү болду. Жалал-Абад областы боюнча 254,1 млн сом өлчөмүндө зыян тартышкан ишкерлерден 233 арыз, Ош областы боюнча 164,2 млн сом өлчөмүндөгү 135 арыз келип түшкөн. Ал эми Ош шаары боюнча 1081 арыз түшүп, 1 млрд 63 млн сом менен өлчөнөт. Эске сала кетсек апрель төңкөрүшүндө ишкерлердин материалдык жактан зыян тартышы 599,8 млн сом менен өлчөнгөн.





кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика