Кыргыз гезиттери




  Пикеттен кутулбай калдык окшойт...

Акбөкөн бөтөнчө жол менен кетеби?
"Ооган согушунун ардагерлери..." саясий партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбековго бизнесине байланыштуу кылмыш иши козголуп, камакка алынганы, ага чычалаган тарапкерлери көптөн бери бошоп калган аянтты ээлеп, митинг баштаганы белгилүү. "Акбөкөн темир тордон чыкмайын, биз митингди уланта беребиз. Аны камакка алуунун артында бийликтеги адамдар турат, мунун баары саясий заказ",- деген кайсы саясатчы камалбасын, адатка айланган билдирүүлөр дагы жаңырды. Камактагы саясатчынын кызы Ажар Таштанбекова да "атамдан бийликтен жакында кетерин билген жогорку даражалуу чиновниктер өч алганы жатат" деп чыкты.

Бизде канча саясатчы камалды. Баары камалганын "саясий заказга" шылташат. Таштанбековдуку да ошондой. Бул киши депутат болгон, шаарда чоң бизнестери толуп жатат. "С легким паром...", "Алтын балык" сауна-мончолорунан баштап, чоң-чоң ресторандары, "Кадам" фабрикасы бар адам. Бизде бизнести жасаган адам сөзсүз бир нерсесин жашырат. "Ооган ардагерлерине..." жашынган саясатчы Акбөкөндүн да ошондуктан ак экенине ишенген адам аз. Буга аны колдоо митингине өзүнө караштуу мончодогу кыз-келиндер, ооганчылардан башкалардын чыкпаганы далил болуп турат. Албетте, баарын саясатка шылтай бериш керек. Бул суудан кургак чыгуунун айла-амалы. ИИМдин версиясы боюнча, Таштанбеков бирөөнүн оокатын тартып алган. Жөн эле жигитче ушул маселесин чечип койбойт беле. Акбөкөндүн саясатчы катары эч кандай салмагы жок. Бизнеси, ошого жараша акчасы бар. Депутаттыкка жулунганы да ошондон, бизнесин, оболу, өзүн сактоо. Кол тийбестик буга кепилдик берет. А эгер чоң саясатчы болсо кеп башка эле. Анда саясатка шылтаса жарашат. Теманы келерки санда кеңири улантабыз.

Дамир Убайдуллаев




 "Ар-Намыста" да тынч эмес

Сүттөн ак Турсунбай
Бакиевдин тушунда Акыйкатчы болгон, анан президенттин жөнөтүүсү менен элчилик кызматта чет өлкөлөрдө иштеп келген Турсунбай Бакир уулу Ф.Куловдун партиясынын калкалоосунда депутат болду да калды.

Турсунбай мырза күбөлүк алуу үчүн Жогорку Кеңешке келгенде, жаңы парламенттин иштөөсүнө нааразычылык менен чыгышкан "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмдарынын өкүлдөрү аны кыйла кылышты. Нааразы болгондор бу кишини "сен Бакиевдин учурунда иштегенсиң" дешсе, Турсунбай таксыр ошол жерде аялдар менен аялдарча айтышып, үнүнүн болушунча кыйкырып, катуу сүйлөгөндөргө сөөмөйүн кезеп, "жок эле жок" деп өзүн сүттөн ак көрсөттү. Эл деген эл экен да, аны тегеректеп алышкандар айласын алты жерден кетиришти. Бу таксыр да кыйын экен, аялдардан кем калган жок. Анан эми элчи болсо да Бакиевдин командасында мамлекет менен президенттин атынан иштеди да, туурабы. Иштесе иштегендир, анын эмнеси бар экен, баары эле Акаев же Бакиев менен иштешкен. Актанып эмне кылат эми, баары бир пайда болбогондон кийин.
Ал ортодо Т.Бакир уулу менен Ф.Кулов катуу урушушуптур деген ушак тарап кетти. Өзүнүн айтымында, бул ушакты журналисттер эмес, алардын артында турган саясатчылар чыгарган имиш. "Ар-намысчылар" шайлоодо көп мандатка ээ болуп калды деп, партиянын душмандары жасаптыр. Эмнеси болсо да бул ушак башка саясатчылардыкындай болуп өтө эле дуу көтөрүлүп кеткен жок. Ушак сөздөр деле тигил же бул саясатчынын деңгээлине жараша болот турбайбы. Бирок акыркы кезде саясатчылар жана журналисттер тарабынан көңүл четинде калып калгандыктан, коомчулукта кеңири сөзгө алынып калуу максаты менен маалымат каражаттарында күндүн жана жуманын башкы каарманы болуш үчүн да, ушундай ушактарды айрымдар өздөрү чыгарып жатышат. Албетте, Турсунбай таксыр мындай ишти жасоого жол бербейт деп ишенебиз, бирок анын бир эле аялым бар деп жатканына ишенүү оңой эмес го. Украинада, тияк- биякта аялы бар деген сөздөр да болбоду беле.





Түлеев жылмайганда
"Ата-Журт" партиясы менен шайлоого барып, депутаттык мандат алуу бактысына ээ болгондордун дагы бири Нариман мырза. Дал ошол мандат берилген күнү депутаттык орунунда Н.Түлеев жылмайып гана, азыркы бийлигиңдин колунан эмне келет экен дегенсип гана отурду го, кайран киши. Эл өкүлү болуп алган соң, эми ага бирөө кыңк эте албас. Бирок деген, бир бирок бар да. Учурда Башкы прокуратура бакиевчил "ата-журтчулардын" кылмышы барларын капканга түшүрүү планын да ойлоп жатат деп уктук. Башпрокурор өзү парламентке эми кайрылат экен, кылмыш иши бар депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу боюнча. Депутаттардын көпчүлүгү колдоп беришсе, эл өкүлдөрү кадимкидей эле сот жообуна тартылышып, айыбы аныкталса жазасын алышат тура. Анын ичинде Нариман мырза да бар.

Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зор дүйнө
Эски бийлик банкрот болгонго соң, бакачасынан чардаган "Манас" аэропортунун мурдагы президенти Бакыт Сыдыковго кор дүйнө болду. Атасы Үсөн ака да сот менен прокуратурадан башы чыкпай жүрөт. Бирде жигит эшек минет деген ушул экен да. Аэропортту башкарып турганда төрт тарабы тегизге айланса, Макс бийлиги кулагандан кийин жеринен качып кетүүгө аргасыз болду, бу киши да. Сагынганын, анан саргайып кете электе келейин дедиби, айтор Бакыт мырза өзүнө карата камакка алуу өкүмүн үй камагына чыгаруу чарасын Ленин райондук сотунун судьясы Таалайбек Байсеитовдун жардамы менен өзгөрттүрүп алып, Казакстандан "Ак-Жол" өткөрүү бекети аркылуу Кыргызстандын аймагына коркпой-үркпөй эле ачык эле өтүп келди. Кармап кетели деп күтүп тургандар да соттун чечимин көрүшүп, кол тийгизе алышпады.
Атасы Үсөн ака да, апрель төңкөрүшүндө аксакалдык кыла коёмун деп, телефон угуучу немелердин капканына түшкөн. Байлык менен бийликти четинен көрүп, эми карылыкты бактылуу көз ирмемдерде өткөрөйүн деген маалда, башын сасык сазга батырып алды. Телефондук сүйлөшүүлөрү жайылып кеткенден бери, жашыруун кептерди бетме-бет гана сүйлөшүп калыптыр деп жатышат. Бул ата-бала зор дүйнөдөн кор дүйнөгө келгендер.
Ал эми Курманбек Осмонов менен кызы тескерисинче, кор дүйнөдөн зор дүйнөгө сапар тарткандар болуп калышты. Бир үйдөн эки депутат шайланды, шумдугуң кургур. Мынакей сага, демократия деген ушул экен да. Колуңдан келсе Осмоновдорчосунан бир үй-бүлөдөн эки эмес, үч-төрт депутат шайлатып ал.

Мурду бучук болсо да, байдын уулу ойносун
Июнь айындагы каргашалуу окуяларда көз жумгандар менен белгисиз жоголгондордун балдарын чет өлкөлөрдө эс алдыруу боюнча Оштон тизде токулуп, бир сыйра барып келгендер болушту. Азыркы учурда дагы бир мамлекетке баруучу балдардын тизмеси аныкталып калды. Баруучулардын ким экендиги анык болгону менен.нааразычылыктар арбын. Кайгысы кете электердин көңүлүн карабай, алардан айрым аткаминерлер орундарды талашып алышыптыр. Сөзү эч кимге жетпеген байкуштар дагы кимге барышат. Уяты болсо, аткаминерлер ошолордун балдары ойноп келишсин, ач көздүк кылбайлы дешет эле го. Тилекке каршы андай болбоду. Азап чеккендердин ордуна Лондонго байлардын балдары бармай болушту, аттиң.

Ким келетат?..
АКШ президенти Барак Обама АКШнын Кыргызстандагы элчилигине Памелы Спратленди көрсөттү. Буга чейин П. Спратлен АКШнын Казакстандагы элчисинин орун басарлык кызматында, Орто Азия боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басарлыгында, АКШнын Владивостоктогу генералдык консулу жана Москвадагы Американын элчилигинде иштеген. Демек, буга чейинки тажрыйбасы мол дейли. Эки элдин ортосуна эң жакшына көпүрө жолун салат деп ишенели.

Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин...
Төкмө акын, режиссер, кино актер, кыргыз эл артисти Орозбек Кутманалиевдин ысымы Чүй облусунун Сокулук районунун маданият үйүнө ыйгарылды. Кино ишмери Г. Төлөмүшеванын айтымында 19-ноябрь күнү Сокулук айылында атайын салтанаттуу кече уюштурулат. Таланттуу актердун алгачкы экрандан пайда болуусу "Алымкан" тасмасында болуштун ролун жаратуу менен болгон. Андан кийин кыргыз киносунун өлбөс-өчпөс кинолоруна айланган "Ак кеме", "Эрте жаздагы турналар", "Бөрү зындан"ж.б көптөгөн кино тасмаларында тартылып элдин эсинде калган.

"С.С.С.Р." - пресс





кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика