Кыргыз гезиттери




Жеке ырчы Сьездбек Искеналиев:
""Менин стилим - жөнөкөйлүк"
Блиц-инфо:

Туулган жери: Нарын областынын Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылы
Туулган жылы: 1982-жылдын 2-августу.
Зодиак белгиси: арстан
Автоунаасынын үлгүсү:
Мерседес - 320"


- Учурда той-аш, мааракелердин мезгили эмеспи. Жаңы эле Ош жергесинен келиптирсиз. Түштүк элинин маанайы кандай экен, той көп болуп жатабы?
- Ооба, Ошко барып келдим. Эл жанданып калыптыр, маанайы жакшы. Эми тирүүлүктө "жамандыкты амандык жеңет" дейт эмеспи, жакшы тилек менен, жакшылыктын эле үстүндө жүргөнгө эмне жетсин. Чынын айтканда, бүгүнкү күндө жашоо бир орунда турбай калбадыбы, бир тууган бир тууганга көз салганга убакыт жок. Санаалаш жакын адамдар менен бир чогулсак, тойдо башыбыз биригип, жолугабыз. Менин оюмча, той - маданияттын бир бөлүгү, ошондо чер жазышып сүйлөшүп, жүз көрүшүп, пикир алыша турган жакшы жөрөлгө десек болот.

- Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Жаңы ырларды жаздырып, жаңы жылга даярданып жатам. Буюрса, жакында "Менин жергем" деген жаңы чыгармам чыгат. "Жаным", "Эне жүрөгү" деген жакшынакай ырлар жазылып жатат. Эки ырдын сөзү Түгөлбай Байзаков агайга таандык.

- Сахнага келгенге чейинки Искеналиев менен чыгармачылыкка келгенден кийинки Искеналиевдин ортосунда өзгөрүү барбы?
- Албетте, бар. Негизи эле жашоо агымы адамды өзгөртүп турат эмеспи. Башка тармакта иштеген күндө деле мурдагы учурум менен азыркы учурум бөлөк. Өсүү, жашоого болгон көз караш дегендей. Мен өзүмдү эч убакта мактап, укмушмун, идеалдуумун деп сырттан баа бере албайм. Бирок, кудайга шүгүр, чындыгында, элдин көзүндө жүргөндөн кийин баарысы тең эле ак батасын берет. Ар бир адамдын кемчилиги, адамдык сапаттарын толуктап турган жери бар.

- Карапайым адамдардын ичинде "мен эл адамын" деген сыяктуу бой көтөрүүчүлүк сапатыңыз жокпу?


- Бой көтөрүү меники эмес. Көздү май басып калуу, бирөөнү көздүн кыры менен караган мүнөзүм жок. Анткени, жеткиликтүү үй бүлөдө өскөм. Кудайга шүгүр, жөнөкөйлүк - менин стилим.

- Чыгармачыл адамдардын убактысы дээрлик жок эмеспи. Сиз убактыңызды кандай бөлүштүрөсүз?
- Жашоо ушундай болуп калды го. Эртең менен күн чыгып жаткан өңдүү эле, кантип кеч киргендигин байкабай каласың. Жашоонун агымына жараша рухту, духту, күчтү жумшап, үлгүрүш керек да.

- Турмушта тутунган принцибиңиз кандай?
- Артка жол жок. Ушундай мезгиллге туш болуп жашап жаткандан кийин, ошонун деми-күчү менен иштегенге, жашаганга аракет кылуу.

- Кино жаатында көрүүчүлөрдү сүйүндүрө турган жаңылыгыңыз бар?
- Кудай буюрса, жакшы фильмдерди тартууну болжоп жатабыз. Быйылкы жылга пландаштырылды эле, тилекке каршы, өлкөдөгү болуп өткөн саясий окуялар бардык эле чөйрөгө кедергисин тийгизип койбодубу. Эми түбөлүгү түз болсун деп, бардыгын жакшылыкка жоруп жатабыз. Келээрки жылы кино жаатында жаңы тасмалар жаралат. Бул боюнча азырынча жарыя салбай туралы, бардыгы убагында болгону жакшы. Мен муну төлгө катары кармайм.

- Чыгармачылыктагы жакын досторуңуз кимдер?
- Чыгармачылыктабы, башка жактабы улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй, доско достой мамиле кылам. Себеби, эл алдында жүргөн адамды баары карап турат. Кичине эле бир кемчилик кетип калса, дароо элге жетет. Андыктан, бардык өнөрпоздор, ырчылар менен бирдей мамиледе жүргөнгө аракет кылам, менин мүнөзүмдү билишет. Анын арасында жакын санаалаштар "Сема" тобу, ырчылар Урмат Усенов, Замир Арыкбаев, Максат Бегалиев, Бакыт Байсариев, Эрмек Нурбаевдер менен үй-бүлөлүк катышта, шеринелешпиз. Өз орду, өз чеги менен аша чаап кетпей, ылдый түшүп кетпей, бири бирибизди сыйлап, бир айда бир жолу чогулуп, чыгармачылык жөнүндө сүйлөшүп турганга аракет кылабыз.

- Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?
- Дайыма эле жолдо, гастролдо, жумуштар менен жүргөндүктөн, бош убактымда үй бүлөгө көңүл бурганга аракет кылам. Апама барып жолугуп, келинчегимдин колунан ысык чай ичип, бала-бакыра менен олтурганды жакшы көрөм.

- Апаңыздын сизге эң көп айткан насааты кайсы?
- Апамдын башынан эле тарбиясы "Ушундай, эч убакта эсирип кетпе. Башыңы кичине келген дөөлөттү туура кармап, колдон, ыймандуу бол, канчалык кичик болсоң, ошончолук улук болосуң" дейт. Мейли, керсейген же кичүү адам болсун, алдыда болуп койсоң, алланын алдында да эч качан төмөн болбойсуң деген насаатын айтат.

- Улуу муундагы ырчылардын арасынан кимдин чыгармалары бөтөнчө жагат?
- Мен бул жагат, тиги жакпайт деп сөөмөй менен көрсөтө албайм. Ар бир ырчынын ыйык сахнада өз угарманы, өз орду бар, баарын туура кабыл алам.

- Кимдин ырларын көбүрөөк угасыз?
- Гүлнур эжени аябай сыйлайм, "Угуп кой, санаага батканда..." деген соңку ыры бар го, бул даана чыгармачыл адамдын ыры деп ойлойм. Ырды тойдо гана ырдоо үчүн эмес, угуучунун көңүлүнөн түнөк тапсын деп, кайгыга батып жатканда эс алдыргыдай, жан дүйнөнү эргиткидей кылып жазгыбыз келет да.

- Сиз үчүн сахнанын орду?
- Сахна мен үчүн ыйык нерсе. Сахнадан ушунчалык энергия алам, бул айтып бүткүс, сөз менен бере алгыс ченебеген нерсе да.
Маектешкен
Г.ТУРДАЛИЕВА





  Рахман акеге ким бут тосту?

Бийлигиң түшкүрдүн кылбаганы жок
Чоң чоңдугун кылбай койбойт экен, чиркин! Ишенич жок. Эртең эсти оодарып эмне кылып жиберет, айтор, баарын күтүүгө болот. Биздин бийлик төбөлдөрүбүз "не кылсам өз эрким, эч ким менен эсептешпейм, кайсы мекемени болсун, каалагандай калчап башкарам" деген түрүн дагы бир ирет көрсөттү. Борбор калаадагы айтылуу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда үстүбүздөгү жылдын 23-24-ноябрь күндөрү куудул, сатирик акын Рахман Разыковдун 55 жылдык мааракесине карата чоң концерттик иш-чара өткөрүлө тургандыгы көпчүлүккө бир топ убакыттан бери эле жарыяланып келген эле. Алдын ала келишим түзүлүп, даярдык кызуу көрүлүп жаткан маалда Спорт ордосу дал ушул күнү бошобой тургандыгы айтылып, али белгисиз мөөнөткө жылдырылып олтурат. Концерттин уюштуруучуларынын айтымында, баннерлер жасалып, жарнамалар таратылып, эл кулак кагыш болуп, алыстан меймандар чакырылып калган. Ошого жараша концерттик камылгага да бир топ материалдык каражат жумшалган. Тилекке каршы, ал моралдык жана материалдык чыгымдарды эми ким жаба тургандыгы белгисиз. Спорт сарайынын администрациясы Ак үй тарапка сөөмөйүн көрсөтүп, "жогорку жактан айтылды" деп ийин куушуруп тим болушту. Элүү беш жылдыгында эли-журту үчүн эстен кеткис чоң программадагы концерт тартуулайын деп турган Рахман агайдын маанайы түшүп, бийликтеги куудул-кесиптештеринин концертине күбө болду шекилдүү. "Азыр кимдин колунда бийлик болсо, ошол күчтүү болуп кетет окшойт" дегенден башка кеп айтпады. Кантебиз, калган концерттин уландысын да көрө жатарбыз.









кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика