Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
"С.С.С.Р.ден" СМС-портал
Сүйүнчү! Бекер бирдик байге алгыңыз келеби? Чөнтөк телефонуңуздун балансын толтурууну кааласаңыз, СССРден "СМС-портал" рубрикасына 0 779 403-683 номери аркылуу смс-билдирүү жөнөтүңүз! Эң мыкты смсчиге ар жума сайын 200 бирдик сыйлык ыйгарылат. Ал эми ар бир айдын аягында эң көп жана мазмундуу билдирүү жөнөткөн абонент 1000 бирдиктин ээси болот. Чамдаңыздар, окурман!


С-80. Курман айт майрамы менен жалпы мусулман баласын, мекендештерибизди чын жүрөктөн куттуктайм. Ылыайым элибизде тынчтык, бейпилдик, токчулук болсун! Жаннетта.

С-81. Отуз жаштан кийин да таза сүйүү келээрине ишенгилечи. Эмнеге махабаттын бар экендигине ишенбейсиңер! Саламат.

С-82. SOS! Бишкек түтүн каптаган шаарга айланды. Кечкисин сыртка чыгып, таза аба жутуу мүмкүн эмес. Чириген жалбырактарды, таштандыларды өрттөбөй эле, таштанды төгүүчү жайларга төккүлөчү, абдан чоң сураныч. Адамдын организмине, айрыкча дем алуу органдарына залака келтирип, илдетке чалдыктыруучу зыяндуу заттарды бөлүп чыгарына кепилдик берем. Албетте, тазалык жакшы, бирок, ден соолукка чалдыктыруучу тазалыктын кереги барбы? Нуржамал.

С- 83. Партиялардын түрдүү аттарын угуп алып, боорум каткыча кечке күлдүм. Бир гезитте жүрөт, карикатура. Бирөө ак карпакчан желекти желбиретип көтөрүп алган "Партия "Атан баши!" "Эй, дос кайда барабыз?" "Билбейм, эң башкысы азыркы заманда движение болсо болду! Бара беребиз". Дагы бирөө: "Бакалар чардаган саз өзүнө тартып албайт. Бул жакта да партиялар бар: "Анда-санда башы менен иштегендердин партиясы", "Түшүндө иштегендердин партиясы", "Таза ишенгендердин партиясы", "Жылаңач чындыктын партиясы", "Жел ак сарайлардын партиясы". Комментарийсиз.

С-84. Кыргызстандын кой үстүнө торгой жумурткалай турган доору качан келет? Кыргыз элим качан бөрү заман менен түлкү замандан кутулат. Шору шорподой кайнаган, багы ачылбаган эл болдук ко, маңдайыбызга көргө эмес, өргө тартаар, мамлекеттин камын ойлогон бычакка саптык уул жазылбаганбы? Асанкайгы.

С-85. Бирөөгө кор, бирөөгө зар. Бойдогу ымыркайын ажалга кыйып, ара жолдо аборт кылдырып, бычакка салып берген кыз-келиндер. Ушул ишке бараардан мурун эмнеге тирүү жанды, болгондо да боор эттен, жүрөктүн дал толтосунан жаралган өзүңдүн каның жүгүргөн наристени өлтүрүп жаткандыгыңары ойлобойсуңар! Дарыгердин кабылдамасынын алды. "Боюмдан алдыртат элем" деп каттаган жаш келиндердин изи суубайт. Төрөлбөй калган армандын кайрыгы жаңырып, Рахман агайдын ыр саптары угулат:
Жатында жаткан бала
Ажалды туюп жатты...
Жан алчу бычак келди,
Туш келди кесип кирди... Баланын ырыскысы өзү менен кошо төрөлөөрүн, өлүмгө кыйган түйүлдүктүн каргышы, анты барын унутпайлычы. Оомат.

С-86. Чыныбаева Салтанат Советовнанын туулган күнү менен куттуктайбыз. Үй-бүлөлүк бактың бөксөрбөй, шаңкылдаган күлкүң өчпөй, өмүрлүк жолдошуң менен наристелериңдин кашында бар бол! Гүлзат

С- 87. Студенттер күнү менен бардык студент жаштарды куттуктайм. Жаштыктын доорун куру бекерге өткөрбөй, мамлекеттин, кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызмат өтөй турган адамдардан болуп өсүшүңөргө тилектешмин. КМУУнун бүтүрүүчүсү Насыйкат.

С-88. Бири кем дүйнө. Армансыз адам болбостур. Антсе да, мейли байлыгың ашып-ташып, дүнүйөңө эсеп жетпесин, мейли, өмүр бою бирөөгө жалданып, жарыбай турмуш өткөр, акыры бараар жериң, эки метр бөз жамынып, чым жазданып, кара топурактын алдында жатасың. Өткөнгө өкүнүүнүн кажети канча, азга каниет, барга шүгүр кылып, тирүүлүктө өмүр кечиргениңе жаратканга ыраазы болуп жашоонун өзү чоң, бийик адамдык сапат. Муслим

С-88. Омар Хайям менен бир доордо жашап, анын кылым карыткан рубаилерине кулак төшөп, аны менен бирге даамы эринден кеткис шараптын даамын сызып, ак жүздүү периштелердин сулуулугуна кылгыра тигилип... бах, чиркин, кыялдар кайда гана жетелебейт ээ! Жарашык.






Юмор

Сыналгыдагы алдын-ала эскертүү

Сыналгыдан татынакай диктор айым жаңы берүүнү жарыялайт.
- Урматтуу көрүүчүлөр! Келээрки берүүнү жарыялоодон оболу көгүлтүр экрандын жанынан ага залал келтирчү оор нерселерди четке алып койууну сунуштайбыз.
Андан соң диктор сүйлөбөй тынып калды.
Бир саамдан соң берүүнү улантты:
- Урматтуу көрүүчүлөр! Эми кезектеги маектешибизди жарыялоого уруксат этиңиздер. Ал - мурдагы "Алга, Кыргызстан!" партиясынын таасирдүү мүчөсү, азыркы "Ак Жол" партиясынын лидеринин чачпагын көтөргөн биздин урматтуу мырзабыз... Баланчаев!


Чыркыраган чындык

Сот айыпталуучуга:
- Эскертээрим, Сиз чындыкты, кашкайган чындыкты гана айтышыңыз керек. Чындыктан башка эч нерсени кошпой айтышыңыз керек. Эми сот алдында эмне кебиңиз бар?
- Мындай чектөөдөн кийин айтаарга сөз деле калбай калат экен, урматтуу сот!


Жөн эле да!

Америкалык, орус жана кыргыз космоско сапарга аттанышат.
Аларды кубалап жете албай Жерде калган журналисттер эптеп аларды Марстан таап, видео маекке чакырышат.
"Эмне үчүн Марска учуп келдиңиз?" деген суроого:
- Кошмо Штаттардагы илимдин жана технологиянын өнүккөнүн тастыктагым келди, - дептир америкалык.
- Орустун рухун жана кайратын даңазалагым келди, - дептир орус.
- Жөн эле келдим, - дептир алатоолук.


Эки кочкордун башы бир казанда кайнабас...

- Биздин батькабыз чакчелекей түшүп эле конок тосуп калыптыр, бүгүн кечинде.
- И, эмне болуптур, себебин айтчы кошуна!
- Кыргыз батька бизге качып келиптир дейт.
- Аны ким кууп жибериптир?
- Кыргыз мамкасы да!


Тендерди ким жеңет?

Казак бийлиги жаңы ордо шаар Астанада чо-оң жана коо-оз имарат куруу үчүн эл аралык тендер жарыялайт.
Бир түрк ишкер тендерге катышканы келет.
- 3 миллион долларга сонун имарат куруп берем.
Бир фин келет.
- 6 миллион доллар берсеңер эле мыкты үй салып берем.
Бир "жаңы казак" ишкер келет.
- Болгону 9 миллион долларга үлкөн жане адеми имарат курам гой.
- Ой бай а-ау, сендер кызыксыңар гой. Түрк менен фин минтип жатса, асманды айтасың да! - дейт тендерди уюштуруучу министр тигини жактырбай.
- Ой агатай, оболу мени тыңдасаң. 9 миллиондун 3 миллионун дароо сизге санап берем гой.
- Анан?
- Анан 3 миллионду өзүм алам.
- Тигини, тигини! А берки үлкөн үйдү кантип курасың, анда?
- Жарасы жеңил. Түрк тууганга калган 3 миллионду берсек, жакшылап куруп берет да!
Ала-Тоо уурдалбаптыр
Нуракең эртең менен ойгонуп, терезени караса, адатта чалкайып көрүнчү Ала-Тауысы жок экен.
Чоочуп кетип "Биринчи айым" Сара жеңеге:
- Ой-бай ау, эми чунактар тоону да сатып жибериштиби?
- Коркпо, жаным. Биз азыр Алматыда эмес, Астанадабыз гой.


Мантуудан тажап...

("2005-жылы К.С.Б. мантуу жей баштаганда "саат басып" ыңкылап болуп, Бишкектеги Ак Үй алынган" деген жоромол бар).
- Бакиев мырза эми мантуу жебей калыптыр дешет ко?
- Эми Минскиде мантуу жесе, анда батька досу Лукашенкага балээ болбойбу!


Уулум Макс гана жалкоо эмес!

Татьяна Бакиева 2010-жылдын март айынын башында Бишкек көчөлөрүн кыдырып баратып жанындагы курбусунан сурайт:
- Тетиги заңкайган чоң дүкөндү ким курду?
- Максим курду.
- Береги көп кабаттуу жаңы турак үйдү ким салды?
- Максим салды.
- А тиги имараты жаңы курулган ишкананын кожоюну ким?
- Максим да!
- Деги бул өлкөдө менин бечара уулумдан башка тынымсыз жумуш жасап, оокат кылганды билген киши барбы?


Сиздин IQ кандай?

Бакиев Кремлге келип, Путин менен жолугат да, "кантип мыкты кадрларды чогултуп алгансыз?" деп сурайт.
- Анын жарасы жеңил, мен кызматка алаарда алардын ай-кюсун (интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчүн - intelligence quotient, IQ) текшерем.
- Байболгур, менин көзүмчө бир ирет ошентиң?
- Болуптур.
Путин дароо министр Шойгу мырзаны кабинетине чакырат да, андан сурайт:
- Сиздин бажаларыңыз эмес, бирок кайнатаңыздын башка бир күйөө баласы бар. Ал ким?
- Албетте, менмин!
- Азаматсың. Барып ишиңди уланта бер.
Бакиев кайтып келип, Бишкектеги Ак Үйгө бардык министрлерди чогултат.
Алардын ай-кюсун текшерейин десе, алиги суроого эч ким жооп узата албай койот.
Бакиевдин каарына калган аткаминерлердин бири Кремлге чейин чыгып, Путинге ким киргенин тактап, Шойгуга да чыгат.
Эртеси ал Бакиевге каадалуу үн менен:
- Салиевич, мен жоопту таптым.
- Болуптур, анда айтчы, сенин бажаларың эмес, бирок кайнатаңдын башка бир күйөө баласы бар. Ал ким?
- Ал деген менмин.
- Атаңдын как чокусу. Ал деген Шойгу да!


"Азаттык" порталындагы
элдик шеринеден алынды








кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика