Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

КААРДУУ ШААР
же "МОСКВА КӨЗ ЖАШКА ИШЕНБЕЙТ"
Чыгармадагы каармандардын чыныгы турмушка дал келүүсү кокустук.
Анан катарыбызда отурган далдайган тажикти "кызга келчү абаны тосуп атасың", деп артка, эркектерге кошуп койду. Алдыда айдоочу менен жаш милиция. Менин оң жагымда курсагы салаңдаган жашы улуусу, сол жагымда жанагы терин шыпырган узун бойлуу татына жигит. Милициялардын коштоосунда баратсаң… өзүңдү өтө коркунучтуу кылмышкер сезе баштайт экенсиң.
- Ты что заробатывать приехала? - курсактуу көйнөгүнүн бүчүсүн чечип атып сурады. Толук байкуш ысыкта тим эле "бышып" калыптыр. Көзүм капкара кирге чыланган жакасын илип ала койду.
- Ну-у... в общем да! - эмнегедир орустардын жергесине жалданып иштеп акча табуу үчүн келгенимди айткандан намыстана түштүм. Ушул курсагын араң көтөрүп жүргөн немеге жалооруп байкуш болмок белем.
- Если честно?..
- Если честно... я... журналистка... - журналисттик кесипти кайдан таап алдым билбейм, бирок андан ары оозумдун учуна келип калган сөздөрүмдү кармай алган жокмун, - приехала сюда чтобы написать книгу.
- Какую еще книгу? - хор менен суроо беришкен төртөө тең тигилип калышты. Кайсы сөз болсо болсун, бир гана ушул сөздү угууну күтүшпөдү көрүнөт.
- Про вас, - эмнеси болсо болду, эми аягына чейин "урдура" берейин.
- Как про нас?.. Или ты хочешь сказать... про милиции?..
- Да... Дабывать информации как работают ваши органы и сравнивать с нашими. Но я думаю у вас хорошая система чем у нас. Потому что вы, русские честные, добросовестные люди. Наверно у вас коррупции почти нету.
Кызыгып, таңыркап тиктешкен милицияларга эбиреп атып өзүмдүн өзгөчө "сапатыма" күлкүм келди. Көрсө менде кошоматчылык деген нерсе да байкалбай жашап келген турбайбы...
- Ты про Диму тоже не забудь, - деди алдыда отурган жигит бүт денеси менен артка бурула, менин жанымда отурган татына милицияга ээк кага, - Он твой земляк, из Токмока. Есть такой город?
- Да? Вы из Токмока? - эмнеге экенин билбейм, кубана түштүм.
- Да я там только родился, а здесь вырос. Можно сказать я давным давно уже москвич, - чычалай түшкөндөй болду.
- Остонови! Ещё одна, - курсактуу кубанычтуу кыйкырып коё берди. Аялдамада кара тору, орто бойлуу, чачы кыска кыркылган кыргыз аял туруптур.
- Вот, твоя землячка, - деди токмоктук милиция тамашалаганы же шылдыңдаганы билинбеген оттуу көздөрүн ойноктото.
- Наша землячка...
Бөлүмдө беш мүнөттөй эле отурдум. Машинанын алдыда отуруп келген мурду ормойгон милиция фамилиямды атап чакырып, паспортумду колума карматып атып:
- Писательница, возьми паспорт и напиши только о наших хороших качествах. Когда выйдет на свет твоя книжка не забудь принести нам с автографом, - деди күлө бага. Кайсы жакшы сапатыңарды... Мейли ар бир нерсенин жакшы жагын табууга болот, бирок кайрылып силерге келбейин, желкемдин чуңкуру көрсүн... А сыртымдан сыпаа жылмайып, макулдугумду билдире башымды тынымсыз ийкеңдете, шашкалактап сыртка чуркадым.
Жолду билбейм, Москванын кайсы бурчуна келип калганымдан кабарым жок. Эми канттим дегенимче, темир дарбазанын алдында турган Агамыратты көрүп эгиз инилүү болгондой кубанып кеттим.
- Кантип билдиң менин ушул жерде экенимди? - таң калганымды да, кубанычымды да жашыра албадым.
- Кантип билбейин, - күлүп койду, - Молодежныйдан кармалгандарды ушул Кузнецованын РОВДсына алып келишет. Бул биздин экинчи үйүбүз. - Көзүмдү ирмебей туруп калпты жаадырдым, - дедим эмелеки сүйлөшүүлөрдү айтып берип бүтүп. Агамырат ууртунан аста күлүп койду:
- Бул жерде ар күнү ар милицияга оюңа келген калпты айтып атып, бир мүнөттө бир мүшөк калпты артынып алганга көнүгүп да каласың. Айла жок, бизди, мигранттарды көбүнчө ийгиликтүү айтылган калп сактап калат.
Он жети кабат үйдүн он экинчисине лифт менен көтөрүлүп бараттык. Жанымдагы жигиттин бир туугандай ак пейилден жасаган мамилесине ичим жылып, ушул апакай оң, жылуу жүздү чоң шаардын чоң толкуну эки бөлүп алып кетээрин ойлой ичим тызылдап ачышат. Анда да ушул ойлор болдубу, астыртан жал-жал мени карап коёт. Коштошо турган да учур келди.
- Рахмат сага, - дедим бир топко унчугушпай тургандан кийин, - Сен болбосоң… билбейм… бул таңды тосот белем, жокпу…
- Антпе… Мен сага бүгүн жардам берсем, эртең менин карындаштарыма ким бирөөлөр жардам берет. Кыз бала көрсөм өзүмдүн карындаштарымды эстеп кетем, - деди да бир топко үн - сөзсүз тургандан кийин кошумчалады, - Эмнеси болсо да өз жаныңа тың бол. Тиги эжең, - арыда колун бөйрөгүнө таянып, биздин коштошуу "церомониябызды" карап турган Тамара эжеге аста ээк кага берип, - ишеничсиз адамдай көрүнүп атат негедир... Мейли, иштейм деп калыптырсың, жанында жүрүп иштеп көр. Менин каалоомо койсоң бүгүнтөн калтырбай сени Кыргызстанга билет алып, жөнөтүп жибермекмин. Москва каардуу шаар... Анын өзүнө таандык каардуу мыйзамдары бар, аларга көнүп кетесиңби, кетпейсиңби... Бир жылдан кийин азыркы назик, ишенчээк мүнөзүң түп тамыры менен өзгөрөт... Урушчаак, кыйкырчаак кызга айланып кетишиң да мүмкүн... Ошон үчүн сендей кыздар мында келбей эле коюшса жакшы болмок...
Унчуккан жокмун. Москвага келген биринчи күн эле "сюрпризи" менен жүрөгүмдүн үшүн алып койгонсуду. Өңүнөн заар чачырагансып, көзү да денеңди төрткө бөлүп тиктеген кыргыз Тамара эжеге караганда жат Агамырат жүрөгүмө ысык болуп турду. Ээрчип кетип калгым да келип... Бирок...
- Мейли анда... менин телефон номеримди жазып ал, качан керегим тийсе байланыш. Мен сени жардамсыз калтырбайм - деди да артына бурулуп жөнөй берди. Эмелеки толуп турган жүрөгүм кемигенсий түштү. Эң кымбат оюнчугумду колдон жулдургандай артынан умсуна карап туруп калдым. Ошондо ар дайым, дүйнөм түгөл болуп аткансыган учурда да, жанымдан эрмешип кетпей жүргөн бир тымызын, белгисиз, бейтааныш кусалыктын учугу дал ушул сымбаттуу караанда катылып жатканын туйдум…






Венера Бөлөкбаева
Көңүл
Декабрь айынын ортосу эле. Сабак учурунда бир аял эшикти ачып, сөөмөйү менен эле үнсүз гана Гүл-Гүл эжейибизди сыртка чакырып алды. Чыгып көпкө жоголду. Адатыбызча тентектиктин түрүн баштаганбыз. Бир маалда эжейибиз солкулдап ыйлап кирип келди. Мурдунан бери кызарып чыгыптыр. Парталарыбызга барып тып-тынч отуруп, 29 окуучу - 29 бөжөккө айланып, бакырайган көздөрүбүз эжейибизди гана караган. Ал болсо биз олтурган парталарды аралай бир бурчтан бир бурчка тынымсыз басып, ыйлай берди, ыйлай берди. Менин көзүмдөн да 3-4 жаш ыргып чыгып кетти. Көз жашымды кофтама кооздук үчүн тагылган, салпылдаган жиптеринин учундагы жумшак "топ" менен аарчыдым. Коңгуроонун кагылган үнү чыкты. Акыркы сабагыбыз эле. Эжейибиз китеп, дептер салган сумкасынан дагы бир кичирээк сыдырмалуу сумка алып чыкты. Анын ичинен күзгүсүн, упасын алып кызарган көзүнүн, мурдунун тегерегин упалады. Дагы бирдемкесин алып чыгып, алчага окшош оозунун үстүнө сыйпады. Андан кийин өзүн гана жалдырай карап турган "бөжөктөргө" башын өйдө көтөрүп:
- Садагаларым, сабак бүтпөдүбү.Чыгууга коңгуроо кагылбадыбы? Бара бергиле силер. Чолпон, сен калчы, чогуу кетебиз, - деп арткы партада отурган мага кызарып кеткен көздөрү менен карады.
Китептеримди салыштырып, сумкамды жонума асынып алганым менен партадан жылган жокмун. Бүт окуучулар чыккандан кийин:
- Келегой жаныма. Азыр сабак учуру эмес да. - деди
Эжейимдин жанына басып бардым. Терең улутунуп алып, башымдан сылап лентамды оңдоду.
- Сен эмне үчүн ыйладың? - муңайым бирок мээримдүү тигилди.
Кызык! Көзүн басып ыйлап жатып менин көзүмдөн чыккан жашты көрүп алганын!
- Сизге ыйладым, - дедим, топчуларымды кармалап.
- Мага эмне үчүн ыйладың?
- Билбейм...
- Мен эмне үчүн ыйлаганымды билесиңби?
- Билбейм.
- Жумшак жүрөгүм десе! - чекемден өптү.
Мугалим да окуучусун өбөбү? Сумкасынын түбүн чукулап бир алма, бир "батончик" деген конфетти алып чыгып колума карматты.
- Ге, сумкаң оор, чечип коё тур. Сен буларды жеп бүткөнчө көзүмдүн шишигени тарайт. Коркпо ээ, үйүңө жеткирип коём.
Макулдугумду билдиргенсип башымды ийкегиледим. Эжейим эки колу менен башын, чекесин укалай баштады, олтурган жеринде. Столуна ары-бери сөйкөнүп атып алма менен конфетти жеп койдум.
- Сүрөт альбомума аюунун баласын тартсам болобу, эжеке? - деп "батончиктин" кагазындагы күрөң мамалакты көргөздүм.
- Болот...
- Эжеке мине үчүн мени эле алып калдыңыз? - дедим.
- Мен ыйласам сен дагы кошулуп ыйлабадыңбы...
- Баарыбыз ыйласак, баарыбызды ушинтип алып калат белеңиз?
- Ооба.
- Анда 29 алманы, 29 батончикти кайдан табат элеңиз? - дедим, "сумкамда бар, дагы жейсиңби?" деп бере койчудай үмүт этип.
- Дүкөнгө чуркап барып алып келе коймокмун да! - тизилген тиштерин кашкайта мени карап жылмайды.
Чамамда эшик жабылбаса керек. Ысымын деле билбейм. Ал кишинин карааны көрүнсө бейбаштык кылып жаткан балдар "Мармелад келатат" деп безе качышчу, көк фуфайкасын үстүнөн түшүрбөгөн мектебибиздин кароолчусу босогодо кабагын карыш түйүп туруптур. Нааразы болгонсуп сүйлөндү.
- Жанатан бери силерди эле күтүп турам. Чыккыла, мектепти жабам. Менин жашаган жерим силердикинен да алыс! Караңгы качан эле киргенин билесиңерби?
Гүл-Гүл эжейим сумкамды өзүнүн сумкасына кошуп көтөрүп, бир колу менен мени жетелеп алды. Машиналар өтүүчү кең жолго түшүп бараттык. Эжейим баскан карлар "карт-карт" деп угулат, менин бут алдымдагылар "кырт-кырт" деп акырын. Эмне үчүн эжейим баскан карлар "картылдак", меники болсо "кыртылдак" деп таңкала ойлонуп бараткам.
- Чолпон, сүйлөп берчи мага... - деди.
- ...
- Мен ыйлап жатсам сен эмнеге ыйладың. Жооп берчи.
- Сиз биринчи айтсаңыз.
- Апаң, эжең ыйласа сен дагы ыйлай бересиңби?
- Апам такыр ыйлабайт. Эжем жок, бөбөктөрүм эле бар, үчөө. Алар кийин жигит болушат.
- Анда башка бирөөлөр ыйласа деле ыйлай бересиңби?
- Жо-ок! Сиз ыйласаңыз эле ыйлайм.
Ошол жерден эжейим сумкаларды из түшө элек жолдун жээгине таштай койду да, менин эки колтугумдан эки колун өткөрүп бекем кучактап алып тегерете чимирилтип кайра ордума тургузуп, колун көкүрөк тушуна коюп, өйдө карап:
- О Жаратканым! Жок дегенде сербейген секелек окуучуң жанга кубат болот тура. Мугалимдик тагдырыма миң мертебе шүгүр айтам...
Эжейим кимге сүйлөп атат? - деп чалкаладым. Эч ким көрүнбөйт. Жолубузду уладык. Жарымына араң жеттик. Гүл-Гүл эжейим колумдан жетелеп келатканынан улам ага жакындай түштүм окшойт.
- Эжеке, сизди жанагыл аял урдубу? - дедим.
- Чоңдор бири-бирин урбайт.
- Анда ыйлабай эле коюшпайбы?
- Эжейлер, апалар ыйлай беришет...
- Агайлар, аталарчы?
- Алар ыйлашпайт...
- А-аа... Эжейлер эмнеге ыйлашат?
- Жөн эле...
- Жөн эле ыйлай беришеби эжейлер?
- Жөн эмес, Чолпон, чоңойгондо түшүнөсүң. Ушак дегенге ыйлашат.
- Ушак жаман ээ, эжеке?
- Жаман. Уусу болот.
- Жыландыкындай ээ?
- Жыландыкынан да жаман.
- Ушак дүкөндө сатылбайбы?
- Сатылбайт. Көңүлдү сындыруучу гана жаман сөз.
- Көңүл деген эмне, эжеке?
- Чо-оң кыз болгондо түшүнөсүң. Чолпон, сен менин суроолорума жооп берчи. Кийин-кийин экөөбүздүн ыйлаганды унутпайсыңбы?
- Унутайынбы?
- Унутпа. Көңүл деген сөздү азыр түшүнбөйсүң, чоңойгондо түшүнөсүң. Жаттап ал, кана, кайталачы! Көңүл, көңүл деп.
- Көңүл, көңүл, көңүл...
- Токтото гой, зээндүү кызсың ушундай. Эми эч эсиңден чыкпайт.
- Ушак дегенди да жаттайынбы?
- Жаттаба! Кереги жок.
Биздин үйгө жакындап калыптырбыз.
- Сиз биздикине баратасызбы?
- Барбайм, азыр сени дарбазага эле киргизип коём. Жанымда жүрүп кечиктиң.
А биздин үйдө "майрам" экен. Мени унутуп коюшкандай. Залдагы жайылган столдон өздөрүнчө бөлүнүшүп, атам жана достору башка бир бөлмөнү ээлешип, карта ойноп атышыптыр. Баарын көрүп жүргөм, атамдын кыштактагы достору.








кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика