Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

Машине ичиндеги "майдан".
- Оске, эшикке чыгып калбайсыңбы, мен келдим.
Бишкек менен Кара-Көл шаарына байма-бай каттап калган досум жарым саат мурун да телефон чалган болчу. Кара-Көлдөн Бишкекке бир кызды ала келгенин, ал азыр курбу кызы менен чыга турган болгонун айтып, даяр тур деди эле. Бат эле келип калды окшойт. Эшикте күн чыкыроон тартып калыптыр. Күүгүм киргенде эле жер тоңголок тарта түшкөн ноябрь айы жылуу кийинсем да бир ичиркентип алды. Дарбазадан сыртка чыксам досум машиненин ичинде көздөрү бакыракай бир селки менен тамаша сөздөн чала, күлүп отурушкан экен. Досум машиненин ичинен эле үн катты:
- Отур Оске, кыздар менен бильярд ойноп келели.
Машиненин арткы эшигин ачып, коомай отурдум. Караңгылыктан улам машиненин артжагында да бир селки отурганын байкабаптырмын.
- Таанышып алгыла кыздар. Бул менин досум Осмон.
- Айсулуу.
- Нуризат.
Машинени ордунан козголткон досум, кыздарга кайрылды:
- Азыр биринчи бильярд клубуна барып, бир-эки саатча бильярд ойноп жакындан таанышалы. Макулсуңарбы?
- Биз бильярд ойногонду билбейт элек. Тынчыраак эле бир кафеге отурбайлыбы?- деди Айсулуу.
- Анда кайсы кафеге баралы.
- Биз барчу кафеге сиздердин акчаңыздар жетпей калат. Андан көрө өзүңүздөр билген кафеге айдай бериңиз, - тамаша-чыны аралаш чымчып өттү Нуризат.
- Коку-уй!- өзүнүн төл сөзү менен баштаган досум тамашаны улап кетти. - Биз кимдерге жолугуп калганбыз. Анда өзүмдүн маршрутум менен эле айдай берейин.
Кыздар машинесине отурганда чимирилте айдаганды жакшы көргөн досум, алеки саатта Спорт ордосунун жанындагы "Деревяшка" кафесине келип токтоду. Кафенин бир жак бурчунан тынчыраак жерин тандап алдык. Адегенде эле пиводон алдырдык. Андан кийин ысык тамагын, аны менен бирге эле кызыл винодон. Пиво экинчи кружкадан айланып, эки жүз граммдан вино ичке киргенде тамаша сөздөр өзүнөн-өзү агылып жатты. Айсулуу экөөбүздүн ымалыбыз келише, жакыныраак отурдук. Пиводон кере жутуп алып, ага мындай суроо узуттым:
- Айсулуу, кай жактан болом дедиң эле?
- Оу, куу экенсиз ээ? Кай жактан болорумду али айта элекмин.
- Анда кулагым сизде. Кай жактан экениңди айтып койчу.
- Түбүм Ысык-Көлдөн болот.
- Оо, кереметтүү жерден турбайсыңбы. Бирок ал жакта жанагы "дүңк" деген аябай көп өсөт дешет. Чынбы?..
- Чын.
- Тартып көрдүң беле?
- Эки эле жолу.
- Анан... Кандай экен?
- Биринчисинде түшүнгөн эмесмин. Экинчисинде гана башым айланган.
Мындай ачык-айкын, тартынбай жооп берген кызды биринчи жолу көрүшүм. Адегенде бизден тартынып турушканбы, бара-бара тамеки чеккенге өтүштү. Убакыт билинбей өтүп, түнкү саат бир болуп, кафе жабылды. Досум мени колтуктай четке тартты да:
- Досум, азыр буларды көндүрүп үйгө алып кетебиз, - деди.
Бирок бул кыздардын түрүнө караганда оңой-олтоң эле ыкка көнчүдөй эмес.
- Силер эмне эле өзүңөрчө күбүр-шыбыр болуп жатасыңар - деген Айсулуу досум экөөбүздүн ортобузга тура калып, колтуктай калды да:
- Макул болсоңор, түнкү клубга барып бийлебейлиби? - деп калды.
Досум экөөбүзгө мындай сунуш өтө жакпай турса да, аргасыз макул болдук. Түнкү клубдардын бирине бардык. Мурда-кийин мындай жайларга барып жүрбөгөндөн кийин аты да эсиңде калбайт экен. Босогосунан аттаганда эле кулакты жарчудай музыка, күйүп-өчкөн жарыктан эс-учун жогото бийлеп жаткан кыздар-балдар көрүндү. Биз да алардын катарына кошулуп калдык. Айсулуу менен Нуризат жакшы бийлешет экен. Эки бийге катарынан алка-шалка тер баса бийлеп алдык. Кичине дем басуу үчүн өзүбүз ээлеп койгон столго келип отурдук. Бир кружкадан пивону бастырдык. Бир топ алып-учуп калган Айсулуу экөөбүз караңгылыктан пайдаланып өбүшүп коебуз. Өбүшүп атканда тим эле көздөрүн сүзө калат экен. Менин үйлөнүп ажырашканымды укканда, ал дагы өзүнүн ымандай сырын айтып берди. Көрсө, ал дагы күйөөгө тийип чыккан экен. Экөөбүз өз ара кобурашып, өтө эле жакын болуп кеттик. Өзүнүн бүгүнкү абалына улам-улам актанып коет:
- Я совсем не такая Осмон. Бүгүн эмне мынча ачылып атам, билбейм.
- Кээде ушундай болот да - деп мен жооткотуп коем.
- А сенин ажырашканыңа көп болдубу?
- Бир жылдай болуп калды.
Экөөбүз канчалык көп сүйлөшкөн сайын, ал мага көбүрөөк тартыла баштады. Сөз арасында "Сен мен менен жөн эле ойноп алайын деп жатасың да" деп коет. Кызыгы ал эми менден олуттуу мамиле күтө баштагандай. Пиводон эки кружка ичкенден кийин даараткана издеп жөнөп калдым. Кайра келсем коңшу столдогу орус жигитинин мойнуна колун арта эзиле бийлеп атыптыр. Көңүлүм бир аз муздай түшкөнү менен, "Бул менин сүйүүм беле?" деп койдум ичимден. Музыка бутөөрү менен жаныма чуркап келип, мойнума артыла:
- Кечирип койчу, бийге тартып калганынан көңүлүн калтыра албадым.
- Жакшы бийлейт экенсин. Колуң анын мойнуна эки оролуп калыптыр го?- деп тамашаладым.
- Ай-ий ушунча кызганчааксыңбы? Экинчи эч ким менен бийлебейм ээ?
Мен аны кызганганымды деле сезген жокмун. Түнкү клубдан чыкканыбызда таң агарып калыптыр. Дагы үч сааттан кийин жумушка чыгыш керек. Андыктан шашылыш кыздарды үйлөрүнө жеткирүүнү чечтик. Адегенде Нуризатты таштап, андан кийин Айсулуунун үйүнө бардык. Машинеден түшүп, аны подьездге чейин узатып бардым. Дагы деле өзүнүн пиво ичкенине, тамеки чеккенине актанып баратты. Подьездден кирип баратып, мен тарапты бакырайган көздөрү менен карап:
- Я совсем не такая,- деген сөзүн кайталады. Мен ага албетте ишенген жокмун. Ишенбесем да башымды ийкеп койдум.
... Ал күнү түнкү уйкудан калганга кечке жумушта кыйналып иштедим. Айсулуу да менимче кыйналган болуш керек. Мен да ага телефон чалган жокмун. Ал да мага телефон чалган жок. Эртеси түштөн кийин гана Айсулуу телефон чалды.
- Ало, Осмон байке кандайсыз?
- Жакшы Айсулуу. Өзүң кандай?
- Жакшы. Кечетен бери сизден аябай уялып атам.
- Неге?
- Биринчи эле күнү сизге бардык жаман жактарымды көрсөтүп коюптурмун. Жок дегенде биринчи күнү тамеки чекпей койсом болмок.
- Айырмасы кайсы? Биринчи күнүбү же экинчи күнүбү? Бары бир билмекмин да.
- Ошентсе да биринчи көз караш тетири бурулганы жаман да. Бүгүн кечинде бош элесизби?
- Ооба, жолугалыбы?
... Экөөбүз макулдашкандай кечки саат жетиде жолуктук. Биринчи жолу жолуккандай эле бильярд ойноону сунуштадым. Айсулуу ага макул болбой, андан көрө шаар четине чыгып келүү сунушун айтты. Мен да аны макул таап, "Народный" дүкөнүнөн төрт бөтөлкө пиво жана дагы майда-чүйдө алдык да, "Жал" айылы тараптагы унаа кинотеатрына жөнөдүк. Биз барган тушта ал жерде дагы үч машине токтоп турган экен. Төртүнчүсү болуп, биз четирээк жагына токтодук. Абада илинип тургандай болгон чоң экрандан кайсы бир чет элдин киносу көрсөтүлүп жатты. Биз машиненин отургучтарын бир аз чалкалата пиводон ууртай сүйлөшүп отурдук.
- Сиз мени менен убактылуу эле ойнойун деп жаткан жоксузбу?
- Менде азырынча эч кандай деле ой жок.
- Чынымды айтсам мен сизди жакшы көрүп калдым. Мурда күйөөгө тийгенге чейин эч бир жигит менен сүйлөшкөн эмес элем. Күйөөм мени ала качып алган. Ал экөөбүздүн отубуз күйүшпөй ажырашканыбызга үч жылга жакындап калды. Андан бери деле эч бир эркекти жаныма жолото элекмин. Мурда сүйүү эмне экенин билбей эле жүрчү элем.
- Ишене албайм. Үч жылдан бери күйөөгө тийип чыккан келин кантип чыдасын?
- Күйөөдөн ажырашканымда боюмда бар болчу. Анан ошондой акыбалда кантип тескери жолго барам. Төрөгөндөн кийин бир жарым жыл баламды эмиздим. Бул учурда да тескери жолго барып алып кантип баламды кучактамак элем.
Бардыгы жакшы ойлонуштурулган. Бирок ишенич жаратышы кыйын эле. Айсулуу ар бир сөзү менен "Мага баш кошсоң, эч качан өкүнбөйсүң" дегендей кыйытып жатты. Акыры бул теманын аягына чекит коюу керек экендигин туюп, сөз баштадым
- Айсулуу, сенин ажырашканыңа үч жылга жакындаптыр. А менин ажырашканыма бир жыл боло элек. Мен учурда кайра башынан үй-бүлө күтүүгө даяр эмесмин. Эгер кааласаң, экөөбүз дос болуп жүрөлү. Сенин көңүлүң болбосо эч качан төшөккө чакырбайм. Жөн гана жолугуп, көңүл черин жазыша сүйлөшүп жүрүүгө макулмун.
Айсулуу мени ойлуу тиктеди. Андан ары экөөбүздүн сөзүбүз көп уланбай, үйгө кайтууну чечтик. "Асанбай" кичирайонундагы Айсулуунун үйүнө жетип токтодум. Эмнегедир Айсулуу кыйылып үйүнө киргиси келбейт. Анан капысынан эле телефонун алып чыгып, "сүрөттөрүмдү көргөзөйүнбү" деп калды. Мен "макул" дегендей башымды ийкедим. Ал телефонун чукулап жатып, бир сүрөтүн мага көрсөттү. Ал сүрөтүндө апакай кыска көйнөгүн кийип, уктоочу диванынын үстүнө чалкалай жаткан экен. Кыска көйнөгү өйдө түрүлүп, ич кийими көрүнөөр-көрүнмөксөн. Сүрөтүн мага көрсөтүп, өзү мени жалжылдай тиктеп турду.
- Карачы, ушундай апакай денени кантип таштап кетесиң? Бул денени кучактасаң эсиңден тана кумарга батат элең.
- А сен макулсуңбу?
Макулмун дегендей көзүн сүзүлтүп койду. Мен машинемди от алдыра, шаша айдап кабат-кабат үйлөрдүн караңгы бурчуна айдадым. Мен машинени айдап баратканда Айсулуу сүйлөп баратты:
- Биз деле кыздар силердей эле кээде эркектерди эңсейбиз. Чогуу жашаган курбу кызым экөөбүз кеч киргенде үшкүрүнүп калабыз, "эх, азыр бир эркек болсо" деп...
Анын сөздөрү мени ого беш бетер шаштымды алды. Машинени токтотуп, экөөбүз шашыла арткы отургучтаргы өттүк. Эриндер эриндерге чапталып, колдор кийимдерди чечүүгө шашылды. Айткандай эле денеси апакай жана сыймалакай экен. Селкилердин жытын көптөн бери искей элек жаным, мас болгонсуп бараттым. Айсулуу да шашыла менин шымымдын ичине колун созду.
... Кийимдердин баары чечилип, экөөбүз энеден туума жылаңач калдык. Аста үстүнө чыгып, аяр кыймылды алгач баштаганымда эле Айсулуу бир буту менен машиненин төбөсүн тээп алды. Ойкуштаган мындай "майданда" биринчи жолу болушум эле. Машиненин ичинде экөөбүз ары сүрүлүп, бери сүрүлүп, бирде Айсулуунун мойну кайрылып, бирде менин мойнум кайрылып, эстен кеткис эрөөл болду.
... Энтиккенибизди баса калбай отурганыбызда Айсулуу айтып калды:
- Сендей эс оодарган эркек менен биринчи жолу жатышым...
А мен ичимден гана ойлоп койдум: "Калптарды чындай кылып айта бербей, эртерээк эле ушул жолду айтканыңда буга чейин далай ирет эсиңди оодармакмын".

Осмон Ыктыяр








кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика