Кыргыз гезиттери




Түшүнүктүү аял издеп жүрөм...
"СССР" гезитиндеги "Турмуш баяны" рубрикасынын алдындагы миң түркүн тагдырлар тууралуу окуп олтуруп, туңгуюкка кабылган өз турмушумду ойлонуп, жарыя кылууну чечтим" деп жазылат редакцияга келген окурмандын бул катында. Балким, окурман жазмакчы, анын турмушуна туура багыт көрсөтүп, кеңеш берчүлөр табылар деген ниетте эч өзгөртүүсүз берүүнү туура таптым. Эмесе, окурман, назар салыңыз.

"Менин тагдырыма кайдыгер карабай, үнүмдү эшитип, кеңешин берчү адам болсо, кулак төшөп уккум келет. Жашоом чыныгы сериалга айланып, азыр мен эки ача жолдо турам. Ар убакта "Ильястын ыры" көңүлүмдүн тереңинен, тилимдин учунан кетпейт. Ал сыяктуу мен да жаштыгымда чоң жаңылыштыкка учурадым.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым...
Чындыгында, үй-бүлөлүк турмушумдан тажап, кыйналып бүттүм. Жашоомдун бузулганына эч кимди күнөөлөй албайм. Балким, буга менин жолумда кезиккен аялдар күнөөлүүдүр. Балким... Балким, өзүмдүн эркимдин, эркектик намысымдын жетишпегендиги чыгаар. Жан дүйнөмдүн жабыркап, дилимдин ооруганынан күйүтүмдү басып, күн алыс ичкилик ичип, аракка берилип бараткандыгымды жашыра албайм. Көп нерсеге көзүм жеткен менен эрким жетпей, алдыда көздөгөн максатым, аныкталган багытым жок дейдидей өмүр кечирип келем. Арийне, менин көңүлүмө мындай жашоо жакпайт. Жашым отуздун кырынан жаңы гана ашты. Антсе да, баарынан тажаган күндөрү короого барып, арканга асынып, өлүп алгым келет. Бирок, балдарымды ойлойм. Үч балам бар. Эки уул, бир кыз. Алардын кийинки тагдырын ойлоп карманам. Санаадан түйшөлүп, уйкусуз таңдарды атырам. Жашоомдун жаңы барагын ачып, баардыгын башынан баштагым келет. Бирок, кантип? Окурмандардан кеңеш күтөм.


Эмесе, бардыгы башынан болсун. Жерлигим - Сары Өзөн Чүй. Сокулуктан болом. Өмүр бою Чүйдөн алыс чыкпагам. Айылдын жашоосу, үйдүн түйшүгү, өзүмдүн чакан ишим бар, эч кимге материалдык жактан көз каранды эмесмин, кудайга шүгүр. Карыган ата-энем менен чогуу жашайм, бир үйдүн кичүү, үйдө калган баласымын. Мен да эл катары чет жакка барып иштеп келейин десем, аларга каралашкан адам жок болгондуктан, чыга албайм. Мындан он жыл мурун 21 жашымда капыстан үйлөндүм. Айылдагы классташ балдарымдын көпчүлүгү үй-бүлө күтүп калышкан. Аш-той көп күздүн күтүрөгөн маалы эле. Суу алганы үч-төрт классташ балдар чогулуп калыптырбыз. Аркы-беркини сүйлөшүп турсак, аңгыча шаардан автобус келип, аялдамага токтоп калды. Суу ала турган жер аялдаманын жанында эле. Автобустан жакшынакай кыз чыгып, классташым менен учурашты. Ал классташым Тураттын жээни экен. Учурашып, үйүнө кетирип жибергенден кийин, анын артынан сынап, жигиттер бир топко тамашалаштык. Балдардын баарысы тең эле үй-бүлөлүү болгондуктан, мага сөз ыргытышты:
- Жакшынакай кыз экен, колоктоп бой жүрө бербей, үйлөнүп албайсыңбы? Биз да бир майрамдайлы, аяштуу болуп...
- Сүйлөшкөн кызың жок болсо, сүйлөшүп көр да, жок дегенде. Балким, табышып калаарсыңар...
- Ээ, Турат, жээниң кандай кыз?
- Көрүнүп турбайбы, ак куудай мойну койкойгон, жибектей чоюлуп созолонгон кыз, менин жээним жаман болмок беле... - деди Турат да тамашалап. Мен унчукпадым, сүйлөшкөн кызым да жок эле, үйлөнгөнгө даярдыгым, планым да жок эле. Бул сөз ушул боюнча калып, бир аздан кийин кептен кеп чыгып, чогулуп бир аз эс албайлыбы деп калышты балдар. Эс алганыбыз эмне, баягы эле да, же айылда клуб, маданият үйү деген болбосо, акча чогултуп арак ичмей эле. Комокко барып, арак алдык да, Тураттын там аркасында олтуруп, ичкиликке кирдик. Баягы кыз бизге тамак жасап берди. Аты Зейнеп экен. Жакшылап таанышып калдык. Зейнептин ачыктыгы, биз менен тамашалашып койгону жага бербей калды көрүнөт, досторум кайрадан үйлөнүү темасын козгошту. Аңгыча аяштарыбызды чакырып, баарыбыз чогуу менин үйүмө бармай болдук. Арактын күүсү менен ошентип, мен ал күнү Зейнепке бир көрүп эле үйлөнүп калдым. Зейнептин ата-энеси жок, каза болуп калгандыгын, ачуу басарга кудалар Тураттын ата-энесиникине эле баруулары керектигин айтты келинчегим. Той өткөрүп, үй-бүлөлүк турмуштун босогосун аттап, турмуштун таттуу күндөрүн Зейнеп экөөбүз бирге өткөрүп, жашоо улана баштады. Ал ата-энеме кайрымдуу, мага күйүмдүү, дайыма ачыктыгынан жазбаган, кабагым-кашым дебеген аялзаты болуп чыкты. Көп өтпөй кош бойлуу экендигин айтты. Бул жаңылыкты чоң сүйүнүч менен кабыл алып, ого бетер өзүмө батпай калдым. Россияда эжем бар эле. Күтүүсүз жерден кырсык болуп, кайтыш болгондугу тууралуу кабар келди. Сөөктү узатып, азага баттык. Куран окутканы жеңелерибиз баш багып калды. Алардын бири мени четке чакырып, сүйлөшчү сөз бардыгын айтты.
- Акемдин баласы, (мени ушинтип тергейт эле) кеңеше турган иш болуп калды. Зейнептин таенеси келиптир. Эмне үчүн багып-чоңойткон таятасынын алдына кудага жыгылып барбайт деп чыр салып, классташың Тураттын үйүндө олтурат экен. Кандай кылабыз?
- Зейнеп айткан жок эле го?
- Ал таятасына таарынып, бул жактагы туугандарыныкына келген экен. Мен айтпасам да баары бир угулат, Зейнеп башта күйөөгө тийип чыгыптыр. Атасы менен апасы ажырашып, ал кичинесинен таятасынын колунда чоңоёт. Турмушка чыгып, турмуштан жолу болбой, күйөөсү менен ажырашып, таятасынын үйүнө барса, анын кийинки аялы, (мурунку баккан таенеси кайтыш болуп кеткен имиш) кубалап жибериптир. Эми тиги таенеси айылдын баарына жайып бүтмөй болду. Мен муну укканда эмне деп айтаарымды, ишенээр-ишенбесимди билбей, дароо аялымды чакырып, чоо-жайын сурадым. Ал унчукпай, башын ийкеди. Дароо жаакка бир салдым. Жеңелеримдин арачага түшкөнүнө карабай, бир заматта башка-көзгө койгулап, сабап жибердим. Эртеси күнү Зейнеп ордунан козголо албай калыптыр. Дене-башы көгала, онтосо үнү кудайга угулчудай, ата-энем, райондун борборундагы ооруканага доктурга көрсөткөнү алып барып, жаткырып келишти. Боюндагы бала козголуп, түшүп калуусу мүмкүн экендигин айтышыптыр. Мен өжөрлөнүп, айыл-апанын алдында уятка калтыргандыгын айтып, ошол бойдон ооруканага барып, акыбалын да сурап койгонум жок, Зейнеп да кайтып келбеди. Үйдөгү төркүндөрү алып келген сандыгы, жууркан-төшөнчүсү, кийим-кечектери да ошол бойдон кала берди. Анын бүгүнкү күндө кайда экендигинин кабарсызмын. Зейнептен кийин жарым жылга жетпей кайра үйлөндүм. Кыз менен алдын ала таанышып, сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнгөндөй болгом. Эмнегедир аялзатына деген кектөө пайда болгонунан уламбы, кылдан кыйкым таап, аны башынан эле ур-токмокко алып, катуу тарбияладым. Нуржамал бир эмес, эки уул төрөп берди, анан кыздуу болдук. Үч бала көргөндөн кийин, келинчегимдин өнөрү чыга баштады. Апам экөөнүн казан-аягы кагышып, бара-бара тил табыша албай калышты. Же апама болуша албайм, болушуп, колум, тилим тийсе, аялым түйүнчөгүн көтөрүнүп, төркүнүнө жөнөп кетет. Акыры чыдабадым, балдарды ташта да, биротоло кет, кайрылып келбе, чекесинен чертип туруп, кыз алып алам деп кууп жибердим. Айткандай эле, көзүмө дагы бир селки урунду. Эч нерсени ойлонбой туруп, үйлөнүп алдым. Балдарымдын үчөө тең өзүмдө. Мурдагы келинчегим Нуржамалды Россияга иштеп кетиптир деп уккам. Улуу уулум биринчи класска кирип, экинчиси да эс тартып калган. Келинчегимди "апа" деп, кадимкидей көнүшүп, турмуш кечирип жатканыбызда, балдарым менен таштап, Россияга баса берген келинчегим Нуржамал ажырашканыбызга арадан үч жыл өткөн соң жашообузга дүрбөлөң салып, капыстан пайда болду. Анын келиши менен турмушубуз асты-үстүнө аңтарылып, асманга сапырылды. Мен экөө менен тең жашоону чечтим. Эки аял менен бир үйдө жашоо өтө оор болду. Экөө тең, "бирибизди танда" деп талап коет. Мен экөөнү тең кыйбайм. Биринен бири кызганышып, чачташканга чейин барышат. Үйдө уруш-талаш күчөдү. Экөө алмак-салмак мага таарынып кетип калып, кайра эле айттырбай келип калышчу болду. Бир жолу Нуржамал бир жумалап үйгө келген жок, сыртта жүргөн элем. Ички үйдөн баламдын бакырган үнү чыгып, чуркаган бойдон, үйгө кирип бардым. Көрсө, эң кичүү келинчегим "уулумду каяша айтат" деп уруп жибериптир, балам ыйлап, даттанып калды.
- Сен чоң эмессиңби, эмне кылганың десем, мага кыялын көргөзүп эшикти тарс жаап сыртка чыгып кетти. Артынан барып, колум кычышып, менин балама тийген кандай болот экен деп келинчегимдин өзүн уруп койдум. Мүнөзү жакшы эле, кайра жалынып кечирим сурады. Антсе да, башта "апалап" жүргөн балдарым анын жасаган тамагын ичпей, төгүп, жууган кийимин кийбей, тебелеп таштаганга чейин барышып, такыр тил албай калышты. Кичинекей балдарымдын көңүлүн карап, эки ортодо эзилип кеткенимди көрүп, ал келинчегим да аргасыздан төркүнүнө кетип калды. Нуржамалды да кечире алганым жок, анын менин үйүмө кайтып келишине тыюу салдым. Биз бир үй-бүлө болуп, аялы-күйөөсү болуп жашаарыбызга көзүм жетпеди. Балдарымды алып кеткиси келет, бирок, мен уруксат бербейм. Бир убакта таштап кеткенсиң, келип, учурашып турсаң болот, алып кете албайсың деп айтам. Бирок, балдарым турганда башка аял алып, аны менен да тынч жашоо өткөрө албачудаймын. Эмне кылаарымды билбейм. Кээде Зейнеп жөнүндө ойлоп кетем, анын биринчи турмушун кечирип, жашоомду уланта берсем, балким, мындай тагдырга туш болмок эместирмин. Балдарым үчүн Нуржамал менен жарашып жашасамчы? Жок, аны да кечире албагыдаймын. Ортодо балдарга гана убал болду. Балким, мени түшүнгөн аялзаты жолугуп, кайрадан түтүн булатаармын. Кыскасы, түшүнүктүү аял издеп жүрөм...
Санжар, Сокулук








кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика