Кыргыз гезиттери




  Ден соолук

Грипп - вирустарды козгоочу катуу оору
Күз келип күндүн илеби кайтып, түн узарып, күн кыскарган сайын көчөлөрдөгү элдердин чүчкүрүп жөтөлгөндөрү көбөйө баштады. Катуу суук күндөр али алдыда. Ошондуктан сасык тумоо (грипп) оорусу күч алып келаткан кез. Оорууну дарылагандан көрө алдын ала сактанган дурус эмеспи. Сасык тумоонун өтө жугушту экендигин эч качан эстен чыгарбасак. Бүгүнкү күндөгү абанын булганышы, өнөкөткө айланган стресс, тура эмес тамактануу ж.б факторлордун бардыгы ден соолукка терс таасирин тийгизерин жакшы билебиз.
Жылына 4-5 жолу суук тийгизип, тумоолоп калсаңыз, оору өтө күчөп кетпей же айыгып кетпей көпкө чейин кыйналсаныз:
Тынч уктай албай, дайыма чарчап, сиркеңиз суу көтөрбөй калса:
Майда - чүйдө нерселерге эле кыжырдансаңыз:
Майлуу, куурулган тамакты, таттууну жактырсаңыз:
Өнөкөт дарттарыңыз бар болсо: Таза абада аз болуп, көп баспасаңыз анда сиздин организмиңиздин алы кетип, күздөгү сасык тумоо менен суук тийүүдөн кача албайсыз.
Жогорудагы саналган факторлордон эч жакка качып кете албайбыз деңизчи, бирок ошентсе да аракет кылганыңыз оң. Грипп ооруусу 1-2 күндө эле оорулуудан соо адамга жугуп, тез эле жайылып кетет. Грипти козгоочу вирус ооруулунун оозу - мурдунда жашынып алып, жөтөлүп чүчкүргөндө, сүйлөгөндө аба жана нымдуулук аркылуу жугат. Ооруу капысынан эле башталып, алгач чыйрыктырып, анан дененин температурасы 38-39 градуска, кээде 40 ка чейин жетет. Баш ооруп, бүт денедеги сөөктөр сыздап ооруп, алы күчүңүз кетип, тамакка көңүлүңүз чаппай, шалдырап, уйкуңуз келип калат. Ооздун ичи кургап, жөтөл башталат. "Грипп болуп калыптырмын" деп маани бербей жүрө берсе дем алуу органдарынын өнөкөт дартын күчөтүп, жүрөк, бөйрөк, мээни жабыркатат. Ошондуктан убагы менен даарыланыш керек. Өзгөчө жаңы төрөлгөн балдар, эмчек эмген ымыркайлар жана кары картаңдарды грипптен сакташ керек. Эгер тумоолоп калсаңыз сөзсүз врачка кайрылып, төшөккө жатып даарыланыңыз. Ысык чайдан көбүрөөк ичип, жеңил тамак жеп, жылуу сүт ичиңиз, малинанын кургатылган мөмөсү да пайдалуу. Төмөнкү гриппке каршы элдик медицинаны кеңештериниин эң жөнөкөй түрлөрүн билдиребиз;
1. 1 стакан кайнатылган ысык сууга 25 гр. Бал салып, лимондун жарым ширесин кошуп ичкен дурус.
2. Чесноктун 2-3 тишчесин майда туурап, 30-50мл. кайнак суу куюп, 1-2 саат демдеп коюш керек. Андан кийин аны сүзүп алып күнүнө 2-3 тамчыдан мурунга куюп турса жакшы пайда болот.
3. 1 баш пиязды тазалап туурагычтан өткөрүп, 250 гр. Кайнап аткан сүткө салып коет. Жакшылап аралаштырып10мүнөттөн кийин аз - аздан ичсе жакшы натыйжа берет.
4. Ошондой эле чеснок менен пиязды тез тезден жеп же күнүнө 2-3 мүнөттөн чайнап турса пайдалуу. Бирок аларды ашказаны, ичеги карыны, бөйрөгү, боору ооругандар азыраак жеш керек.
5. Чеснокту майда туурап марлиге ороп, моюнга илип алган да оң. Балдар уктоочу бөлмөгө коюп койсо абдан жакшы болот.
6. 1 стакан ысык сүткө 1 аш кашык балды кошуп аралаштырып, күнүнө 2-3 жолу ичсе пайдалуу.
Грипп - Вирустар козгоочу катуу оору.
Ал негизинен жогорку дем алуучу жолдорун жабыркаткан өтө жугуштуу оору . Гриппти вирустун үч түрү А, В, С пайда кылат. Вирустар суукка чыдамдуу келип, ысытканда, күн нурунан, дезинфекциядан тез өлөт.
Оору чыйрыктырып, денени ысытат, жөтөлтөт, мурун бүтөт, булчуңдары, бүт денеси, башы ооруйт, алы кетет, тынсызданат.
Гриппти алдын алууда ынгайлуусу: Кичине бөлмөгө адырашманды түтөтүп, чоң адам25, өспүрүмдөр 10-15мүнөт отуру керек. Муну 3-5 күн кайталайт. Тер чыгаруучу чөптөрдү ичүү керек. Мисалы: Жалбыз, карагат, малина, уулжандын тамыры, чалкан, эрмен, ушулардын кайнатмасын ичип жылуу жатып тердоо керек.

Даярдаган А.КАРЫПБЕКОВА




  Сандан-санга

Ажырашуу
Сары өзөн Чүй боору кучагын кенен жайып, өлкөнүн ар кыл булуң-бурчунан бактысына жетүү үчүн иш издеп келгендерди ылгабай батырып, канчалаган жылдардан бери айкөлдүгүнөн жазбайт. Айрыкча, айыл-кыштактардагы жумушсуздуктан тажаган жаштар борборду байырлап, тирүүлүктөгү өз багытын, жолун таап, тагдыр буйурган түгөйлөрүн жолуктуруп, түтүн булатышып, өмүр улап келишет. Мындан үч жыл мурун Улан менен Бурул да ал кездеги үч айлык наристесин көр тириликтин айынан чоң ата, чоң апасына калтырышып, көл кылаасынан Бишкекти көздөй сапар тартышкан.


(Уландысы, башы өткөн сандарда)

Жеңе менен кайын сиңди - Бурул менен Камиланын мамилеси ысык, ынак деле эмес эле. Демейде турмушта боло жүргөндөй сыртынан күлүп-жайнап, билгизбесе да, бири бирине деген тымызын ичи тарлык, аялдык атаандашуу экөөндө тең жашачу. Камиланы кечеги балалуу келин издеп келгенде агасы Улан үйдө жок болчу. Ошондуктан, алгач Бурул эри Уланга айтпай, кайын сиңдисинин тамырын тартып жөн гана сүйлөшүп көргүсү келди. Жаш эмеспи, балким, бирөөнө алданып калгандыр. Камила беттегенин бербеген, ачык, бир көргөн адамды күлүп сүйлөп өзүнө тартып турган, сулуу кыз. Орто мектепти бүткөндөн кийин окуусун улантып, жогорку окуу жайына тапшыртууга ата-энесинин күчү жетпей, андан көрө иштеп акча тапсын дешип, шаарга жөнөтүшкөн. Шаарда кыз-келиндердин баккан-көргөн жумушу тикмечилик эмеспи. Өкмөттөн көмүскө иштеген, жеке тигүү цехтеринин бирине тикмечи болуп орношуп, илгиртпей иштин көзүн билип кетти. Башта ага-жеңесинин үйүндө жашаса, кийин курбу кыздары менен батирге чыгып жашап жүрдү. Ал кайра агасыныкына кайтып келгени жеңеси менен сен-мен дешпегенге аракет кылып, эртең менен кетип түн бир оокумда келе турган болуп алган. Агасынан тартынып да койбой, өзүнө өзү бий, билген намазын окуп, каалашынча келип-кетип жүрө берет. Анын мындай мүнөзүн байкаган Улан карындашын тарбиялаганга аракет кылып, бир-эки жолу катуураак кеп айтты эле, өз жашооңузду билиңиз деген мааниде жооп берип койгон соң, кийлигишпей, кайдыгер колун шилтеп калган.
Камила сырттан киргенде Бурул кечки тамактын камын көрүп жаткан. Көңүлдөшү кытайга кезиккени өзүн Уландын алдында күнөөлүүдөй сезип, кечкисин иш деп жүрө бербей, эртерээк келчү. Кытай анын колун сурап, үйлөнүү сунушун киргизбегени менен колунан келишинче материалдык жактан жардам берчү. Башта жанталашып иштегени менен өз боюна карап тыңыраак кийим-кече да сатып албаптыр. Эми өзүн өзү күзгүдөн көбүрөөк карап, боёнуп, модалуу джинсыларга, көйнөктөргө көбүрөөк көзү түшө баштаган. Анын минтип өзгөрүп баратканын Улан да байкоос албай койгон жок. Бир күнү таң эрте жумушка кетүүгө камданып жаткан Бурулду карап жатып айткан эле.
- Кийинки убакта жашарып баратасың го. Мурда боёнуп этпей эле жумушка жөнөчү элең. Эми күзгүнүн алдында бир саат турасың. Жаңы көйнөк сатып алыпсың, мага деле бир футболка алып берип койсоң боло - деди какшык жылдырып.
- Жашарбаганда эмне кылайын. Тапкан-ташыганыбызды чогултабыз деп эле келатабыз, же чогултуп, эл катары үй да ала албай койдук. Жаштыгым да өтүп баратат, эми өзүмдү карабаганда качан карайт элем.
- Тооба, сени ушинтип айтат деп ойлобопмум. Жаштыгым дейсиң, ушу сен бирөөнү таап алган эмессиңби? Үтүкчү досторуң бар окшойт да, ээ. Швеяда үтүкчүлөр эркектер болчу эле.
- Бирөөнү таап алсам сенин эмнең кетип жатыптыр - деди кеп жебей Бурул дагы.
- Башка эркек менен кармап алсам экөөңдү тең мууздап салам, кыйшаңдабай тынч жүр, билинип калса, мен соо койбойм, ажалыңдын жеткени деп ойлоп кое бер - деди Улан күзгүнүн алдында жасанып жаткан аялын карап.
- Бирөөнү таап алсам, сен биринчи билесиң да , ал мени гана эмес, сени кошо бага турган бирөө болот да, койчу, жаным, оюңа эмнени эле алып жатасың - деп Бурул бир чети коюн-колтук алышып, канча жылдан бери чогуу жашап келаткан күйөөсүн аяй, чын дилден боору ачып кетти. Жылуу сүйлөп, курсагын тойгузуп койсоң, алданып жүрө берет, байкушум. "Колуңдан аял катары алып жүрүү, аялдай назик мамиле кылуу келбесе, кантейин, сасыган кытайдын эмнесине кызыгат элем. Кызганып койгонун кара" деп ичинен ойлоно түштү.
Ушуларды ойлоп олтурганда сырттан Камила келип калды.
- Оо, жеңе тамак жасап жатасызбы? Лагманбы? Менин жакшы көргөн тамагымды кылып жатасызбы, ушундай алтын жеңем бар да - деп, Бурулду кучактап, бетинен өбөйүн деди эле ачуу кычкыл ичкиликтин жыты оозунан бур дей түштү.
- Жеңе, бүгүн мен масмын. Байкем келе элекпи. Ал келгенчекти уктап калайын, ээ - деди жайдары. Анын ичип келишин Бурул биринчи көрүшү эле. Аябай мас болбосо да, бир аз кызуу экендиги көрүнүп турат.
- Камила, ичип алып анан маршрутка менен келдиңби? Каяктан майрамдап, той, туулган күн болдубу?
- Жок, жеңе, маршрутка менен келген жокмун. Мени жеткирип койчу бирөө табылат да, кантип эле маршруткага түшүп калайын. Жигитим жеткирип келди. Анын машинасы турганда... мерс. Анын мерседеси бар... Андан көрө апкел жеңе лагманыңды, быштыбы?
- Ооба, азыр. Экөөбүз жеңе - сиңдидей болуп сырдашалычы. Менин сага деген айтчу сөзүм бар - деп Бурул анын ким менен жашап жүргөнүн билмекке кебин камдады.

Айкен Байсары








кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика