Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
  Тамсил

Токойдогу шайлоо
Сөз эркиндиги деген илдет
Токойго да жетиптир,
Арстанга баш ийбеген жаныбарлар,
Оппозицияга жана хоппозицияга
Бөлүнүп кетиптир.
Токойдун ичи бардак,
Бирин-бири кыйнап,
Сакалдуу эчки арак куюп,
Улактары төрдө олтурушат ырдап.
Күйөөсү жок эшек,
Зебрадан боозуп алган,
Арстанга нааразы болгон теке
Эчкилери менен жолду тосуп алган.

Түлкү эки жактан кабар алып,
Бир күнү бийликке,
Бир күнү оппозицияга барып,
Бир сөздү экөөнө эки башка айтып,
Ортодо жүрөт бүлүк салып,
Түлкү менен баары эсептешет,
Эки жак тең,
"Бул бизге керек" дешет.
Анткени, анын менчик гезити бар.
Жинине тийсең жазып ийет,
Шерменде кылып кезек-кезек.

Баарынан да үкүгө кыйын болду,
Күндүзү байкуштун көзү көрбөйт,
Же берки ызы-чуу кылгандар,
Пикеттерин токтотуп,
Тынчып өлбөйт.
Айласы кеткен Арстан,
Айбанаттардын өкүлдөрүн,
Бүт чакыртып алыстан.
Келгендерге көз кырын таштады,
Сөзүн минтип баштады:
- Ушул кезге чейин токойду,
Жалгыз башкарып келдим эле.
Бардык маселени өзүм чечип,
Кыйынчылыкты жеңдим эле.
Кээ бирөөлөрдүн айтымында
Мен "диктатор" имишмин.
Жанагы
Жаагы тынбаган сагызганды,
Саясий мотив менен,
Аттырып ийипмин.
Анын кантип өлгөнүн,
Баарыңар жакшы билесиңер.
"Сагызган сактыгынан эмес,
Суктугунан өлдү" деп
Айтып эле жүрөсүңөр.
Ушундай ушак сөздөргө,
Бүгүндөн баштап "точка" коёлу.
Парламенттик шайлоо өткөрүп,
Демократиялык токой бололу.

Ошентип, шайлоо болчу күн такталды.
Талапкерлер арыздарын жазып,
Мыйзамдын негизинде катталды.
Айбан да болсо жек-жааттарын издешип.
Шайлоонун
Шайтан оюну башталды.

Дасторкондор жайылып,
Арак-шарап суудай агылып,
Үгүт иштери жүрүп жатты.
Музыкалар жаңырып,
Жардамга чакырышып,
Алыс-жакынды.
Жолго шагыл төшөлүп,
Асфальт да басылды.
Бүтпөгөн көпүрөлөр бүтүп,
Көчөлөргө жарык тартылды.
Өмүрү суу келбеген
Арыктардын багы ачылды,
Өзгөчө ыкма менен казылды.

Талапкерлердин баары,
Бири-биринен жакшы,
Өмүрүндө бирөөнү
"Сиз" дебеген карышкыр:
- Эгерде мени шайласаңыздар,
Сиздер үчүн,
Өлүп берем! - деп жатты.

Айбанаттардын көпчүлүгү
Акчалуу талапкерге ыктады.
Аскада жашап, алысты көргөн
Бүркүттүн сөзүн эч ким укпады.
Тандалып талапкерлер мыкты,
Шайлоонун
Жыйынтыгы да чыкты.
Карышкыр, Чычкан, Кашкулак,
Атаандаштарын
Биринчи турдан эле утту.

"Депутат" деген кыпкызыл,
Мандаттарын алышты.
Салмактуу басып чалкалап,
Парламентке барышты
Эң кызыгы алар менен,
Чынын айтсам, бир аз жүдөп,
Галстук тагынып,
Байкуш,
Эшек да жүрөт.

Шайлоого чейин эшекти,
Эч ким билчү эмес.
Үйүнө чакырса дагы,
Конокко бирөө кирчү эмес.
Эми болсо минтип,
Көзүнө көз айнек тартып,
Парламентте олтурат,
Арстанга акыл айтып,
Анткени, эшек шайлоого,
Чоң даярдык менен барыптыр,
Айбандардын добуштарын,
Акчага эле сатып алыптыр.
Көрсө,
ал байкуш эмес тура,
Ишенбесең элден сура...
Анткени, эшек,
Наркотик ташып жүргөн кези экен,
Акча тапса эле
депутат болоорун билген экен.
Тамсилден жыйынтык чыгарып,
Эшекти шылдыңдап күлбөгүлө,
Акча тапкан эле адамды,
Акылдуу деп билбегиле.





"Бисмиллда Рахман"...
Досум Жамбыл менен иштешип жүргөндүгүм үчүн мамлекет мага "за вредность" компенсация төлөшү керек. Мен Жамбыл досумдан: "Сенин Жамбыл деген атыңды эч ким баласына койбойт, эмнеге?" деп сурасам, ал: "Менин атымды анча-мынча бала көтөрө албайт, ыйык ат" дейт. Ибрагим Жунусов "Эламан" деп ыр жазганда Кыргызстанда беш миң балага Эламан деп ат коюлду. Азыр ар бир айылда экиден Эламан бар. Ниет жакшы да. Ыйык ат деп менин атымды айтыш керек, бир күндө ар бир адам жок дегенде он мертебе айтат, "бисмилда Рахман", "бисмилда Рахман" деп, уурулук кылганы да, кубалаганы да, качканы да "бисмиллда рахман" дейт, кайдан көрдүңөр "Бисмилда Жамбыл" деп бирөөнүн аш жегенин?


Шайлоо жөнүндө...
29 партия элдин алдына чыгып, башыбызды айландырып бүттү. Бизди аябай алдады, биз алдандык, "ии, туура айтып жатасыңар" дедик, бирөөсү чыгып "светти өз баасында берем" деди, экинчи партия: "мен барып калсам, таптакыр эле бекер берем" десе, үчүнчүсү чыгып, "үстүнө акча кошуп беребиз" дешти. Эми парламентте олтурушат кандай кылып, айткан сөздөрүн аткарышат билбейм. Мен таң калам, шайлоодо бир нерсе айтаардан мурун ошол нерсе кандай болуп бүтөт деп ойлонуш керек эле. Биздикилер ошол жөнүндө ойлонгон жок. Ушулардын сүрөттөрүнүн алдына "издөөдө" деп жазып койсо жакшы болот эле" себеби, алардын көбүн ушунга чейин издеп жүргөнбүз. Эми баары депутат болуп калышты. Закон болсо эле тартип болот дейт, закон бар, бирок иштейби! Мурдагы Кытайда уурулук кылгандардын оң колун кесип койчу экен, ошол закон бизде иштегенде, көбүнүн оң колдору жок болот эле. Биздин мамлекетте ушундай кызыктай нерселер көп.


Рахман Разыков тууралуу сахналаштары
Бакыт обончу жана аткаруучу.
Мурда Рахман агайды куудул катары гана сыртынан тааныган болсом, жакындан бери чыгармачылыгына аралашып, ырларына обон жарата баштадым. Кудай буюрса, "Ойлор" деген ырына аранжировка жасаттык, көпчүлүктүн назарына сунуштаганы турабыз. Көп кырдуу талант экендигине, чыгармачылыкка, талант, шык-жөндөмү бар көп кырдуу инсан экендигине баа бердим. Буюрса, фольклордук топ түзүп, элдин купулуна толо турган мыкты чыгармаларды тартуулайбыз деген ойдомун.


Рысбек Жантөрөев:
- Агайдын мүнөзү көл, кечиримдүү, өтө таланттуу, чыгармачыл адам. Сахнада азыр эл күлүп жаткан сатиранын бардыгы дээрлик Рахман Разыков агайдын калеминен жаралган. Кыргызстанда жок болуп кеткен тамсил жанрын кайра жандандырды. Менин чыгармачылыгыма да таасири өтө чоң, мага гана эмес, жалпы республикадагы идиреги бар жаш таланттардын башын бириктирип, элге таанытууда чоң эмгек сиңирди. Өкмөт жасабаганды, өзү жасап, бир эмес, беш топ түзүп, өтө чоң иш кыла алды. Заманга жараша учурда таланттуу адамдар ар кайсыл жерде жүрөт, бири дыйкан, бири базарда, дагы бири башка жакта, антсе да, биздин баш кошуубузга чоң түрткү болгондугуна, "силердин ордуңар сахнада" деп алып келгендигине ыраазыбыз. Бардыгыбыз агай менен сыймыктанып, ар дайым сыйлап алабыз. Агайдын эң жакшы мүнөзү кечиримдүүлүгү. Аябай нерви кайнап, ачуусу келип турса да, жөн эле бир анекдот айтып коет, уялып каласың.


Жаныбек Алыкулов, куудул
Рахмандын адамгерчилиги абдан бийик, мүнөзү жумшак, чыдамкай, көздөгөн максатына сөзсүз түрдө жеткенге аракет кылат. Чыгармачылыкты абдан сүйөт жана чыгармачыл, таланттуу адамдарга ар убакта колун сунуп, мамиле кыла билет. Үй бүлөдө эң жакшы ата, бир тууганга, досторго ыйык, астейдил мамиле жасайт. Айта берсе түгөнгүс мыкты адамдык сапаттары менен улуу-кичүүгө үлгү болуп, көп кырдуу таланты аркылуу элге-журтка алынып, куудулдук гана эмес, акындык, жазуучулук касиеттери менен таанылып келет. Эң башкысы билимдүү, уюштургучтук жөндөмү күчтүү. Көптөгөн жаш муундарды тарбиялап өстүрүп, көп чыгармачылык идеяларды аркалап, түйшүгүнө карабай жаш баладай жетилдирип, көрүүчүлөргө тартуулап келет.





кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика