Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?

Азимбек Бекназаров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри:
"Кадрлар азыр деле коррупциялык жол менен алмаштырылып жатат"
- Азимбек мырза, ооруканадан чыкканыңызды угуп калдык, ден-соолугуңуз кандай?
- Ден-соолугум жакшы, өзүмө келдим, ууланып калыптырсыз, каныңызды тазаладык дешти.
- "Ууланып калыптырсыз" дегенди кандай түшүнсө болот? Бул тамак-аштан болдубу, же атайын бирөөнүн колу менен жасалган иш болдубу?
- Дарыгерлер аны аныктай албайт. Алар оорума диагноз коюшту, "ууланган" деп. Ким уулантты, өзүм ууландымбы, үйдөнбү, же талааданбы, аны врачтар таба албайт.
- Саясатка келсек, Азимбек мырза, сиз шайлоого барбай турганыңызды билдирдиңиз. Бирок балаңыз шайлоого катышып жатат. Сизди кайсы партияны колдоп жатканыңызды билсе болобу?
- Мен кайсы бир партияны колдойм деп айтканга укугум жок. Менин негизги максатым, пикирим, азыр мамлекеттик кызматта тургандыктан шайлоону адилет, мыйзамдуу, калыс өтүшүн камсыз кылуу. Кайсы партия утса, эл өзү баалап, тандап, калыс административдик ресурс болбой, алданбай, сатылбай добуш берсе.
- Таза шайлоо өтүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
- Биринчи кезекте, Кыргызстан эли өзү камсыз кылыш керек. 20 жылдан бери канча шайлоо өткөрдү, шайлоо өткөндөн кийин канча жолу бармактарын тиштеди, шайлоо кампаниясыда мурдагыдай эле булганыч жол менен аракет кылышат, акча таркатышат, сатып алуу болот. Мына ушуга сатылбаш керек. Эки революция бекеринен болгон жок, эл ошону унутпаш керек. Ошондуктан шайлоо биринчи таза, адилет болуш үчүн эл өзү камсыз кылыш керек. Экинчиден, мамлекет элге калыс шайлоого жол ачып, айрым ыплас технологияларды пайдаланам деген адамдарга бөгөт коюп, алдын алыш керек. Ушул эки негизги критерий таза шайлоонун адилеттүүлүгүн камсыз кылат.
- Эл өзү калыс шайлоого катышыш үчүн мыйзамдык жактан камсыз болдубу?
- Мыйзам жагын, шайлоо тажрыйбасын эл абдан жакшы билет. 7-апрелден баштап биз тынбай айтып келатабыз, Убактылуу өкмөттүн эң негизги максаты - референдум өткөрүп, жаңы Конституция кабыл алуу, андан кийин ошого ылайык шайлоо өткөрүү деп. Эл даяр буга. Болгону кандай добуш берет, бул башка нерсе.
- Азимбек мырза, президент Роза Отунбаева ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдө сизге ИИМ жана жаза аткаруу тармагы тапшырылды деп жарыя болгон эле. Бирок сот органдарынын үстүнөн да көзөмөл кыларыңыз айтылып жатат. Аныгырак жагын өз оозуңуздан уксак?
- Бир президент эки өкмөттө иштеп атат азыр. Бул Убактылуу өкмөт, анан техникалык өкмөт деп жарыялашпадыбы. Техникалык өкмөттүн да, убактылуу өкмөттүн да мүчөсүмүн бүгүн. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары революциядан кийин мага сот, прокуратура органдарынын иштерин координациялоо жүктөлгөн. Кийин техникалык өкмөттө мага вице-премьер катары коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу, кайсы жерде тополоң боло турган болсо, түрмөдө болушу мүмкүн, ошол жактарды өзгөчө көзөмөлгө алуу мага тапшырылган. Конституция боюнча сот, прокуратура, коопсуздук кызматы, ТИМ булардын бардыгы президентке түздөн-түз баш ийет. Бирок ушул тармакта президент мага тапшырма берген "жардам бер" деп. Мен ушул тарапта президентке жардам берип атам бүгүнкү күнү. Вице-премьер катары түздөн-түз коомдук коопуздукту камсыздоо боюнча иш алып барып атам.
- Бийлик укуктарынын чектелишине себептүү кайсы жагдайларды белгилейт элеңиз?
- Бүгүнкү саясий кырдаалды айтсак, 7-апрелден бери Кыргызстанда абал кыйын болуп атпайбы. Саясий абал, шайлоо кампаниясы жаатында Роза Исаковна менден суранган: "Шайлоого барба, мага жардам бер, жалгыз калам, колуман келбей калат, реванш алабыз деген күчтөр кайра келип, өлкөнү дагы башка жолго кайтарып кетеби" деп суранганынан мен калгам. Мунун башкы себеби бүгүнкү саясий кырдаал. Бүгүн шайлоону шылтоолоп качып жүргөндөр келип атат. Кол тийбестик алып алышып, эл аралап жүрүшөт, буларда акча толтура, элди сатып алып көнүшкөн. Ошондуктан шайлоо учурунда кайсы бир күчтөр келип, элдин жеңишин жокко чыгарып жибербесин, же болбосо шайлоодон утулуп калса тополоң чыгарып жибербесин деген себеп менен вице-премьердин, ар бир мамлекеттик органда отургандардын кыла турган иши так бөлүнгөндүгү ушундан болуп атат.
- Кадр маселесинде эл арасында абдан нааразылыктар бар. Коррупциялык жол менен дагы эле кадрларды алмаштыруу болуп атат деген пикирлер байма-бай айтылып атат?
- Мен макулмун. Себеби ошондой болуп атат, ушул боюнча мен өзүм да айтып атам, мурдагылар эле отурат.
- Сиздин ыйгарым укуктарыңыз бар эле да, колуңуздан келбедиби элдин айткандарын орундатуу жагы?
- Кадр маселесинде мен эч кандай ыйгарым укук алган жокмун. Мен алардын ишкерлигин гана көзөмөлдөп атам. Мыйзам чегинде иштейсиңер, иштей албасаңар кетесиңер деп. Мен кадр алмаштыргыдай министр, же башкы прокурор, же Жогорку соттун төрагасы, же президент болгон жокмун. Мен булардын ишин гана координация кылып атам. Түздөн-түз кадрды чече турган жетекчилерге өз оюмду түз айтып атам, айрыкча президентке. Мына техникалык өкмөт келгенде дагы, мен ошол жерде журналисттердин көзүнчө эле айттым, булардын баары эле акаевчилер, жаңы адам, жаштар жокпу, кечээ канын төккөн канча билимдүү жаштар калды, эмне үчүн булар деп ачык эле айттым. Бирок менин айтканым менен чече турган киши башка. Президент чечет экен. Президент өткөөл убакта кимге ишенсе ошол адамдарын коюп атат окшойт.
- Президент Роза Отунбаева түштүктө расмий сапары менен жүрсө Башкы прокурордун алмаштырылышы боюнча маалымат тарап калды. Ал кишинин кызматтан алынышына эмне себеп?
- Мен дагы азыр ооруканада жатып уктум. Ооруканадан чыкканыма да ошол себеп болду. Эмне үчүн мындай болуп кетти? Анткени ушундай маселелер боюнча кеңешип иш кылып алуу боюнча биз Роза Исаковна экөбүздүн ортобузда келишим бар эле. Кадр маселесинде этият бололу, дегеле шайлоо учурунда кадр маселесине тийбей турсак деген келишим бар эле. Ансыз да өлкөдө ушундай болуп атса, кадр дегенди токтотолучу деп. Айрыкча Мелис Мырзакматовдон кийин экөөбүз катуу сүйлөшкөнбүз. Ансыз деле бир айдан кийин Жогорку Кеңеш келет, алар кадрдын бардыгын түп тамырынан бери өздөрү чечет. Ошого чейин андан көрө коомдук тартипти башаламан кылбай элдин коопсуздугун сактап, шайлоо өткөрөлү деп бекем келиштик эле. Бирок бүгүн ошондой кабарды уккандан кийин аппарат башчысына барып билсем, "ооба, алтынчы күнү мындай жардыкка кол коюлган экен, мен билбейт экемин, Башкы прокурор өзү да билбейт экен" деди.
Эмне үчүн бул мындай болуп кетти? Мен ойлойм, шайлоонун шайтан оюну окшойт. Башкы прокурорду дароо алмаштыруу кайсы бир партияга бул керек болду окшойт. Мен башка шылтоосун табалбай турам. Кайсы бир партияга анын кетиши керек болду окшойт. Роза Исаковна ошону аткарды деп эсептейм, башка жооп бералбайм. Эч кандай негиз жок. Жападан жалгыз башын сайып коюп, миллиарддаган акчаны кайра кайтарып, миллиарддаган суммадагы уурдалган объектилерди кайтарган прокуратура органдары болгон. Албетте прокуратура органдары ушундай иштерди аткарып атып, анын башчысы Ибраев абдан чоң кызмат кылган элге. Анан аны тарс этип, унчукпай-этпей эле, чак түштө чагылган болгондой эле алмаштырып койгон, мен ойлойм, бул акылга сыйбаган иш. Роза Исаковна түштүктөн келсе мен сүйлөшөм эмне болуп кетти деп, бул биринчиден. Экинчиден, мени менен кеңешкен жок, мен билген да жокмун, бүгүн эл катары угуп алып өзүм да шок абалында отурам.
- Азимбек мырза, кандай дейсиз, Убактылуу өкмөттүн ортосунда ыдырагандыкты байкаса болобу? Өзүңүз айтып жатасыз, пикирлеше турган болдук эле деп. Бирок андай болбоптур.
- Ыдырагандын башкы себеби шайлоо, бир айдан кийин бийликке келе турган партиялардын оюну. Ошондуктан биз өткөөл мезгилдин президенти жөнүндө декрет жазып атканда авторлордун бири мен элем. Бир дагы партияда турбай калыс болсун деп. Ар дайым Роза Исаковнадан ушуну сурап келчү элем. "Бир партияда болбоңуз, кайсы бир партиянын ырын ырдасаңыз ошол партия сиздин түбүңүзгө жетет. Бакиев үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын, ырын ырдап калып, ошолор түбүнө жетти. Эгерде сиз кайсы бир партиянын ырын ырдап, ошону коргосоңуз, ошолор түбүңүзгө жетет",- деп дайыма эскертчүмүн. Сиз журт, мамлекет башчысысыз, калыс туруп бериңиз, тарыхта калыс шайлоого чыйыр салган адам болуп калышыңыз керек деп дайыма айткам. Кыргызстан кичинекей, сиз кимге жан тартып, кимдин ырын ырдап атканыңыз билинип калат деп ар дайым айтчубуз.
Убактылуу өкмөттүн ортосундагы ынтымак кетип атканы - бул шайлоого байланыштуу. Шайлоого бардыгы кетип атат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жок эле дегенде алты партия менен кетип атат, ар бири ар кандай партияда. Каалайбызбы, каалабайбызбы ар бири өзүнүн партиясынын кызыкчылыгын ойлойт, бул мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок бардыгы бир нерсени унутпаш керек эле, ал Кыргызстандын бүтүндүгү, келечеги, шайлоонун таза өткөрүшү. Ушул үч нерсе үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү биригиш керек. Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү мага келди бүгүн, жакын арада жолугалы, ушул кантип болсун, иштеп аткан адамды тебелеп эле бир адамды алып келе берсек, ал адам 2-3 айдын ичинде тарсылдап генералдыгын деле алса, милициянын башчысын деле алса, эмне деген сүймөнчүлүккө ээ болгон адам деп Байболов жөнүндө айтып атышат. Мен Байболовго эч нерсем жок, бирок кеп ошондой болуп калып атат да.
- Азимбек мырза, мындай деп сурап жатканымдын себеби, айрыкча бүгүн прокурордун кызматтан алынышы, Бекназаровдун командасын алсыздандыруу, же анын командасына болгон ишенимдин кете баштагандыгы деген сөздөр да болуп жатат. Чынында эле Убактылуу өкмөттүн ар бириңиздердин командаңыздар барбы?
- Революциядан кийин мага сот, прокуратура, финполиция жагын координация кылып бер деп Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү кирген. Мен деле жулунуп баш прокурор болом, же Жогорку соттун төрагасы болом деп отуруп алсам болот эле. Бирок мен айткам, координация кылып берейин, мага кызматтын кереги жок, колуман келсе, акыл тажрыйбамды жүктөп, революциянын максаттарына жетиш үчүн ичкен-жегендерди кустуртуп иштетип берейин деп макул болгом. Айрым саясатчылар ойлойт окшойт, мен тейлеп аткан участок Бекназаровдун командасына айланып кетти, Бекназаровдун гана сөзүн угуп атат деп. Мен катуу талапты биринчи күндөн баштап койгом, бир команда, бир багыт болот, көрүнгөндү уга берип анархияга жол бербейбиз, мыйзам барынан өйдө болуш керек, биз ошону менен иш алып барабыз деп.
Ошондуктан бүгүн революциядан кийин Убактылуу өкмөттүн жетишкендиги эмне деп эл сураса, болгону эле 40тай объектини элге кайтарганыбыз, анча-мынча уурдалган акчаны элге кайтарганыбыз, андан башка эч нерсе деле жок. Качып кеткендердин иши бүтүп атат. 15ине жетпей, 7-апрелдеги иштер толугу менен сотко өтүп атат. экономикалык кылмыштар толугу менен бүткөрүлүп, сотко өткөрүлгөнү турат. Акыркы жолу шанс береличи, ушулар кусам десе акчасын берсинчи деп шанс бердик 1-октябрга чейин. 1-октябрга чейин эч нерсе болбосо, иш сотко өтөт. Мына ошону көп адамдар билип калышты, сотко кетип атат, бүттү, соттолот. Качып жүргөндөргө дагы мыйзам жол берет. Мурда Кыргызстанда практика болгон эмес сырттан соттотуу деген. Биз ошону колдонолу деп атабыз. Мен ушуну юристтердин, президенттин алдында далилдеп бердим, ырас келбейби сотко, чет өлкөдө жүрөбү, Конституция да, мыйзам да жол берет. Биз буларды сырттан соттотобуз. Керек болсо булар өмүр бою камакка алынат. Ушулар дагы кетти окшойт. Анан бүгүнкү сиз айткандай Бекназаровго каршы мүмкүн катуу сокку башталды окшойт. Мурдагы эки президент тең мага каршы эле. Эки президент менен иштегендер, колтугунда жүргөндөрдүн баары мага каршы. Бүгүнкү күндө ким билет, алар жөн жактан жок, акчалуу, көбү партияларга кирип алды. Мына качып жүргөңдөрдүн жакын туугандары, аялдары партияларда жүрөт. Мисалы Түлөев келип кирип алды. Бул деген сөз - Бекназаровду, командасын алсыздандыруу.
- Сиздин айтышыңыз боюнча, ички ынтымактын дагы жакшы болбой жатышы байкалгандай. Сиз учурунда эки президентке каршы чыктыңыз эле, ушул саясаттан эмне таптыңыз?
- Саясаттан эч нерсе тапкан жокмун. Бирок ойлойм, азыр болбосо да, кайсы бир убактарда биздин эмгегибиз текке кетпейт болуш керек. Бул менин эле эмгегим эмес, мени колдоп жүргөн жүздөгөн патриоттордун эмгеги, айрымдары маркум болуп, шейит болуп да кетишти. Ага карабай эл арасында патриоттор көп, күнкорлор азырак деп ойлойм. Бирөөнүн акчасына иш алып, гезитке жаза коюп, жамандык кылгандарга караганда, баары бир карапайым көпчүлүк эл патриот. Убакыт келгенде алар көтөрүлө алат. Муну эки жолу Кыргызстандын эли көрсөтө алды. Саясаттан мен жеке өзүм эч нерсе табалган жокмун. Бирок бир топ элдин саясий аң-сезиминин ойгонушуна, патриот болушуна, жер, мекен биринчи орунда тураарын, байлык, бийлик деген колдун кири экенин менин саясий күрөшүм далилдеп берди. Мурда айрыкча Аксыда, түштүктөгү чек арада жашаган элдер патриот болсо, мына жакында Каркырага барып Эңилчек аркылуу бүт чек ара бөлүктөрүн кыдырып келдим. Каркыранын эли эки жыл мурдагы эл эмес, Аксынын элиндей бир метр жер үчүн күрөшүп атыптыр азыр. Азыр демаркация кылып аткан экен, бир метр жер үчүн чыркырап күрөшүп атат. Мунун өзү элдин аң сезиминин өзгөрүшү.

Маектешкен
Жаркын Темирбаева,
"Азаттык" үналгысы"