Спорт чеберлер

Каролин Возняцки
- теннистин жаңы секс-символубу?
Дүйнөлүк теннис ассоциациясынын (WTA) рейтингинде 50дөн ашык жеңиши менен 2-орунду ээлеп келе жатан даниялык теннисчи Каролин Возняцки спорттун бул түрүнун секс-символдугунан россиялыктарды ыргыта чапкандыгын билермандар кеп салышууда. Буга чейин Курникованы көргөндө шилекейи чуурулган эркектер эми Каролиндин катышуусундагы оюндарга билеттерди алдыртан сатып ала баштаганы билинүүдө. Далайын өзүнүн ажары менен таң калтырган бул сулуу деги кайдан чыккан?


Каролиндин жеңиштери
Жалгыз атаан-дашуудан: 2008 - Стокгольм, Нью-Хейвен, Токио (Japan Open), 2009 - Понте-Ведра Бич, Истбурн, Нью-Хейвен.
Жупташып атаан--дашуудан: 2008 - Пекин (Медина Гарригес менен бирге), 2009 - Мемфис (Виктория Азаренко экөө).

Каролин да башка кесипкөй теннисчилер сыяктуу эле, спорттун ышкыбоздорунун үй-булөсүндө чоңойгон: атасы Петр футболчу, апасы Анна Польшанын волейбол боюнча курама командасында ойногон. Польшалык үй-бүлө Данияга 80-жылдардын аягында, Петрди жергиликтүү футболдук клубдардын бири жумушка чакырганда көчүп келишкен. Эки жылдай убакыттан кийин, тагыраагы 1990-жылдын 11-июлунда атактуу жазуучу Ганс Христиан Андерсендин кичи мекени - Оденс шаарчасында Каролин жарык дүйнөгө келген.
"Алма бутагынан алыс түшпөйт",- деген сыңары, Каролин 2 жашында эле сууда сүзгөндү өздөштүрүп, андан кийин футбол ойной баштаган. 7 жашында чоң тенниске кызыгуусу артып, күнү-түнү машыккандан тажачу эмес. Ошонун таасири бейм, 9 жашында Каролин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирин калбай утуп көнгөн. Мындай талантты текке кетиргенге болбостугун түшүнгөн Возняцкилер кызын Даниянын улуттук теннис борборундагы машыктыруучу Мортен Кристенстин колуна тапшырышат. 2005-жылы Каролин "Orange Bowl" турнирин жеңип, өспүрүмдөр арасында Австралиянын ачык чемпионатынын "Australian Open" финалына чыккан. 16 жашына жакын калганда "Уимблдондун" жаштар чемпионатын өзүнөн күчтүү жана жашы боюнча чоң атаандаштарын артта калтырып, жеңип алганда дүйнө бир дүңгүрөп, заматта жылдызга айланган. Эми Каролинди өспүрүмдөр тенниси эмес, чыныгы "корт" күтүп турган.
2006-жылы Возняцки Стамбулдагы ITF версиясы боюнча турнирди жеңип, WTAнын Мемфис менен Стокгольмдогу жарыштарында чейрек финалга чыккан.2007-жылы дүйнөнүн 237-ракеткасы саналган Каролин жылды жүз мыкты теннисчинин катарында аяктоо максатын коёт. Бир жыл ичинде Каролин ITFтин дагы эки титулун багындырып, Дүйнөлүк теннис ассоциациясынын Фесе, Стамбулдагы жарыштарында чейрек финалга, Токиодо жарым финалга чейин жетет. 2008-жылы Каролин 50 мыкты теннисчинин катарына кошулуу ниетин көздөп, анысы Австралиянын ачык чемпионатынын төртүнчү айлампасына чыкканда эле ишке ашкан. Андан кийинки жетишкендиктеринин тизмеси кыйла узун: Доха, Мемфис, Истбурн мелдештеринин чейрек финалы, "Роллан Гаррос" менен "Уимблдондун" үчүнчү айлампасы, жыйынтык катары рейтингдеги 30-орун. Көп өтпөй, Каролин биринчи ирет чоң теннистеги турнирди жеңет: Стамбулдагы "Nordic Light Open" мелдешиндеги оюндарда бир да сет жеңилбеген өжөрлүгү менен күйөрмандардын колдоосуна арзыган. Ошол жылы Возняцки Пекиндеги жайкы олимпиаданын үчүнчү айлампасына жеткен - андан ары жогорулашына россиялык Елена Дементьева тоскоолдук кылган. Анткен менен, Каролин бул жылы дагы бир турнирди - Япония ачык чемпионатын жеңген. 2008-жылдын жыйынтыгында Каролин рейтингдин 12-баскычына көтөрүлгөн.
2009-жылы "Australian Openдин" үчүнчү айлампасына чыгып, бир катар мелдештерде мыктылыгын даңазалаган Каролин рейтингде экинчи келатат. Быйыл да Каролин мыкты оюн көрсөтүүдө. Маселен, АКШнын ачык чемпионатында фавориттерди биринин артынан бирин утуп аткандыгын айтса болот (бул турнир аяктай элек, сан даярдалып жатканда Возняцки чейрек финалга чыккан болчу).
Каролин бардык теннис чеберлери сыяктуу Монте-Карлодо жашайт. А бирок, Данияны эстегенде көздөн жаш тамат: "Жамгыр көп жааган менен, туулган жеримдин жаратылышы сонун, адамдары да кеңпейил". Өкүнгөнү - чоң теннисте жалгыз даниялык экендиги. Ким билет ай, Каролинди көргөн сиңдилери да шыктанып, Дания келечекте теннистик чоң державага айланып кетиши ажеп эмес.
Өзү жөнүндө Возняцки мындай дейт:
- Мен абдан оор атаандашмын. Эсеп кандай болбосун, жеңишти өзүмдүн пайдама оодарууга чоң күч жумшайын. Дал ошол касиетим бар үчүн, мени оңою менен жеңе алышпайт. Атаандаштарымдын алдыртан менден чочулаганын байкайм. Ошон үчүн да мен өзүмдү ишенимдүү, күчтүү сезем. Мен жөнү жок жерден атаандашыма упай алдырбайм. Кайсы турнир болбосун, утуш үчүн аттанам. Ар бир турнирди эле жеңе албаганым менен, болгон күч-аракетимди жумшайм.




  Спорт дүйнөсүндө

Футболдо кошбийлик
Европада көптөн бери күйөрмандар чыдамсыздык менен күткөн Чемпиондор лигасы менен Европа лигасы старт алса, биздин кичинекей Кыргызстанда улуттук биринчилик кызуусуна жетти. Күтүүсүз жыйынтыктар орун алып, огобетер канды кызытып жаткан кез. Алсак, улуттук биринчиликтин кезектеги айлампасында Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы Кыргызстандын түшпөс чемпиону "Дордой-Динамону" 2:1 эсебинде жеңилүү ызасына дуушар кылдырды. Жакында эле Кыргызстандын кубогу үчүн беттеште "Дордойдон" утулган "Нефтчи" бул жеңиштен кийин турнирдик таблицада өйдө көтөрүлдү. Эми эки командада тең 29дан упай болуп, футболдо кошбийлик орноду.
Башка оюнда Бишкектин "Шер" командасы Кара-Балтанын "Химигин" 2:1 эсебинде жеңди. Мурда улуттук футболдун сыймыгы болгон "Алга" командасы болсо "Абдыш-Атадан" экинчи ирет ири эсепте жеңилди 0:3 (мурунку айлампада 0:5 эсебинде багынган). Бул дем алышта да кызыктуу беттешүүлөр болот: "Нефтчи" - "Абдыш-Ата", "Шер" - "Дордой-Динамо". Андан соң "Дордой" Мьянмага Азия вутбол федерациясынын кубогу үчүн мелдештин чечүүчү айлампасына катышат. Биздин чемиондун атаандаштары - "Вахш" (Тажикистан), МТТУ (Түркмөнстан) жана "Яданарбон" (Мьянма).

Кожожаштар
17-19-сентябрда Кытайдын Чанчжду шаарында спорттун дагы бир экстремалдык түрү - аскага чыгуу боюнча Азия биринчилиги болуп өтөт. Аталган мелдешке Кыргызстандын Александр Аксенов, Артем Авдеенко, Екатерина Боголюбова, Юлия Ширяева жана Арсений Лисуновдон турган курама командасы да аттанды. Кыргыздын "кожожаштарына" ийгилик каалап туралы.

Бали, азаматсыңар!
Үстүбүздөгү жылдын 4-12-сентябрында Татарстанда өспүрүмдөр арасында II евразиялык спорттук оюндар болуп өткөн. Ага Россия, Казахстан, Кыргызстан, Украина, Белоруссия жана Тажикстандын 13-17 жаштагы жаш спортчулары катышып, спорттун 13 түрү боюнча күч сынашкан. Кыргызстандын жаш спортчулары бокс, грек-рим күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү жана жеңил атлетикадан өздөрүн сынап, баш-агы 19 медаль (1 күмүш, 16 коло) жеңишкен.
Бокстон Алтынбек Акимбаев Эржан Тургумбеков, Данияр Дамирдин күмүш, Аманбийи Автандил, Нургазы Самаган, Искендер Айтмаматов, Эрлан Ысыраилбеков, Баяман Ильясов коло алган.
Грек-рим күрөшүнөн коло медалды жеңген азаматтар: Нурсултан Эрназаров, Асан уулу Эсен, Низаметдин Мажидов, Мухаммед Өмүрзаков жана Камбар Жоробеков.
Дзюдодон Владислав Слепнев, Алишер Кожоев жана Куван Топчубаев 3-орунга чыгышкан.
Жеңил атлетикадан Анна Буланова аралыкка секирүү жана 100 метрдик жарышта коло медалга татыган.