Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Айажар
"Биби" бет майын колдоносузбу?

Азыркы заманда деги бир көрксүз аялзатын көрбөйсүң. Анткени 1-2 сааттын ичинде чачты, тырмакты, кирпикти узартуу, теринин, көздүн, тиштин өңүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар. Ушуну менен токтоп калбай, косметология жаатында күн санап жаңылыктар болуп атат. Айрымдары менен тааныштыра кетели.

Чач үчүн тушь
Эми тушь менен кирпикти гана эмес чачты дагы боеого болот. 5 мүнөттө чачыңызды каалаган өңгө боеп, кереги жок учурда жууп кетирип саласыз. Бул каражат келечекте кечеге же шашылыш жерлерге барарда эң керектүү, ашыкча убакытты, каражатты талап кылбаган буюмга айланчудай. Ар кайсы өңдөгүлөрү бар. Боео ыкмасы кадимки эле кирпикти боегон сыяктуу. Болгону чач таза жана кургак болушу керек. Тушь чачта бир нече саат сакталат, бирок жамгыр же кар жааган мезгилде кол чатыр алууну унутпашыңыз керек.


"Акылдуу" шампунь
Америкалык химик аялынын унутчаактыгын кантип дарыласам деп ойлонуп отуруп, өз лабораториясында чачтын тамырлары аркылуу мээнин эске тутуучу клеткаларына таасир берүүчү шампунду ойлоп табат. Ошентип биринчилерден болуп аялына эксперимент жүргүзөт. Чын эле аталган шампунь менен 4-5 жума башын жууган аялынын эске тутуусу жакшырганы байкалат. Учурда ал АКШда кеңири тарап, баасы 10 доллардын тегерегинде сатылууда.


Табитти төмөндөтүүчү помада
Жакында европалык косметика чыгаруучу ири компаниялардын бири Түштүк Африкада өсүүчү кактустун экстракты кошулган эрин үчүн жаңы жылтыроочу боекту сатыкка чыгарышты. Аталган кактустун курамында табитти төмөндөтүүчү зат жана эриндеги канды алмаштырууну жакшыртуучу В3 витамини бар. Боекту эринге койгондон кийин ал акырындан сиңип, андан канга өтүп, жыйынтыгында кишинин обуру буулат. Бул помаданын 6 түрдүү өңү чыгарылган.


Жессика Симпсондон десерт
Америкалык ырчы Жессика Симпсондун чыгарган косметикалары башка фирмалардыкынан өзгөчө. Айтайын дегеним, Симпсондун фирмасынан чыккан упалар ваниль, помадасы шоколад, а эндиги бал даамданат. Анткени алардын курамына чын эле желчү заттар кошулат имиш. Ырчынын күйөрмандары андай каражаттарды кеңири колдонушат.


"Биби" бет майы
Акыркы мезгилде "ВВ" креми көп рекламаланып атканын байкасаңыз керек (Биз аны "Биби" бет майы деп кыргызчаладык). Бул тактардан арылтуучу бет майды ыраазы болуп колдоно баштагандар дагы көп. Мурун беттин териси ойдогудай көрүнүүсү үчүн бир нече каражаттар керектелсе, учурда бир эле бетмай жетиштүү. Анткени бул бир эле учурда тоналдык бетмай сыяктуу беттеги ар кандай безетки, тактарды жашыруучу, күндүн зыяндуу нурларынан коргоочу, агартуучу, нымдандыруучу, бырыштарды жазуучу жана теринин өңүн бирдей тегиз абалга келтирүүчү касиетке ээ. Тактай кетүүчү жагдай, Европанын белгилүү фирмаларынан чыккан "Биби" бет майлары чыгыш аялдарына жараксыз. Анткени европа жана азиялыктардын тери түзүлүшүндө айырмалар болорун айтышат адистер. Бизге жарамдуу "Биби" бет майлары көбүнесе Кореяда жасалат.


Күйүүчү гель
Курамында жалтырап туруучу заттар бар мындай гелди сүйкөгөн соң чачыңыз кадимкидей жалтырап, алыстагы кишини карата алат. Андагы өзгөчө нур чачуучу бөлүкчөлөрдүн чачка эч зыяны жок дешет. Көгүш, жашыл, сары өңдөрү бар мындай гелдер күндүзү анча байкалбайт. А караңгыда сиздин чачыңыз атайын батарейканын жардамы менен жалтырап жаткандай сезим калтырат. Жалтыроо узактыгы толук 6-8 саатты камтыса, акырындан өчүү мөөнөтү 24 саатка жетет.


Эркектер үчүн тушь
Эркектер менен кыска тегизделген чачты, шымды жана автонун рулун бөлүшкөн аялдардан эмнебиз кем дешкенби, эми эркектер кирпигин боей башташыптыр. Мындай туштар Англияда чыгарылып, фирманын ээлеринин айтымында товарга болгон суроо-талап күн санап өсүп келатат. Элестете бериңиз, күйөөңүз күзгүнүн жанында туруп алып, көзүн кыйгачтата сиз менен тең тайлаша кирпигин боеп жатканын...


Косметологиянын жаңы продукциялары боюнча оюңуз кандай?

Татьяна Мурашова, "Relax" сулуулук салонунун косметологу:


- Заманга жараша саат сайын жаңы бир каражат ойлоп табылып жаткан кез. Жаңы деп эле ала бербей анын курамына көңүл бөлүү зарыл. Ар бир организм өзүнчө индивидуалдуу болгондуктан, эң башкысы тандоодо ар бир киши өзүнө гана туура келе турган косметикалык каражатты колдонуусу керек. Чеги менен туура колдонууну билген киши гана косметикалык каражаттардын пайдасын көрө алат. Эң негизгиси базарда жайылып турган арзан каражаттардан качыш керек. Анткени чын эле ден соолукка пайдалуу, сапаттуу заттардан жасалган каражат эч убакта 50 же 100 сомго сатылбайт.



Назгүл Исакова






кыргыз тилиндеги гезит "Саратан"




Яндекс.Метрика