Кыргыз гезиттери



"Арбаттагы" жылаңач кыздар, шилекейи аккан эркектер…
Бишкекте түнкү клуб толтура. Күн сайын аларга миңдеген шаардыктар кирет. Ошол себептүү көпчүлүк үчүн менин төмөндө жазганым жаңылык деле болбосо керек. А мен түнкү-клубга биринчи жолу кирип, көп нерсеге таң калдым. Анда көргөн-билгенимди айтып берейин.

"Арбаттын" кардарлары
Бишкектин түнкү жашоосун "Арбат" клубунан көрүүнү чечтим. Ал жакта стриптиз-шоу байма-бай болуп турарын билсеңиз керек. Саат он бирде досум экөөбүз барсак, эшик тоскон орус аял жашыбызды сурап, киргизбей койду. Бир сааттан ашык турдук. Көрсө ал жакка 21 жаштан өйдө киришет экен. Жанымдагы жигит администратор корей кыздын ар жак, бер жагынан чыгып атып, акыры кирдик. Билет баасы - 400 сом. Коноктордун көпчүлүгү кырктан ашкан аялдар, курсагы салаңдаган кишилер кызындай болгон кыздар менен кучакташып кирип атышты.

Жыгачка оролгон "бийчилер"
Канча ичимдик ичилгендигин, тамеки тартылганын айтпай эле коелу… Орундуктардын баасы жайгашканына жараша 300дөн 1000 сомго чейин. Биз арзаныраагына отурдук. Анан көптөн күткөн стриптиз-шоу башталды. Алгач 30-40 жаштагы аялдар жана жаш кыздар бийлешти. Алар кийимчен чыгып, таякчага оролуп алып, сексуалдуу кыймылдап, чечине баштаганда, чыдабаган эркектер чуркап барып, аны менен кошо бийлеп, кийимин чечкенге жардамдашат тура.
Башка улуттагы эркекти ээрчиген кыргыз кыздар
Бул клубга ар кайсы улуттун балдары менен ээрчишкен кыргыз кыздар көп келет экен. Стриптиз-шоу ортолоп калганда жаш, супсулуу кыргыз кыздарыбыз кытайлар менен кол кармашып кирип келишти. Алар 1000 сомдук орундукка отурушуп, кымбат арак-шараптын түрүн ичишти... Стриптиз уланууда. Эми сахнага кыргыз кыздар чыгышты. Аларды көрүнгөн эркек барып каалаган жеринен кармап, өпкүлөп жатышты. Досумдан уялганымды айтпагыла. Аңгыча ди-джейдин: "Таксист кыздардын стриптизин көрүңүздөр",- деген бакырыгы угулду. "Бу-ум, бу-ум" деп жаш баладай болуп машинанын рулун кармап алып бийлеп жаткан эки кызды (кыргыз менен орус) көрдүм. Кыздар кийимдерин чечкен сайын, "давай, еще ниже" деп эркектер акча ыргытып жатышты. Ал акчаны администратор чогултуп атты.

Чечинбей, эркектерди жүдөттү…
"Таксисттерден" кийин сахнада кайра эле татынакай кыргыз кыз пайда болду. Романтикалуу музыка. Эркектердин көзү эле күйөт. Ал көпкө дейре чечинбей бийледи. "Кашаң аттай болбой үстүн чече бербейби",- деп бери жактан шыбырашып, эркектердин шаштысы кетип атты. Бирок тиги кыз чечинген жок. Кызыгы клубдагы кыздар беш мүнөттүк бийи үчүн 5 миң сомдон ашык акча таап алышат экен.

Тилемчи кемпир
Таңгалып олтуруп, кантип таң атканын билбей калыптырмын. "Жабылабыз" дегенде саатты карасам, жебеси беште турат. Клуб жабылды. Баргандар кубанып, кумардан чыкса, мен жийиркенип чыктым. "Күндүзү кол жеткистей сыланган сулуулар, үй-бүлөлүү эркектер түнү менен клубда жүрүшөт турбайбы",- деп ойлуу бараттым. Ал аңгыча алдыбыздан: "Айланайын, садагаң кетейин",- деп жалынып-жалбарган тилемчи кемпир чыкты. Кыйынын карабайсыңбы, түнкү клубдун алдында таңкы беште турат. Жанагы көрүнгөнгө төшүн карматкан кыздар эртең эле ушундай карылыкка жетет. Алар кандай кемпир болот? Бузулган кемпирби? Таянган таягын кармап, көчөдөн стиптиз-шоу көрсөтүп, акча табабы?.. Суроолор, суроолор…

Жылдыз
Абдыкеримова




Интим
"татулар"
Учурда дененин көрүнүп турган жериндеги жөнөкөй сүрөт менен эч кимди таң калтыра албайсың. Азыр дененин интим жерлерине тартылуучу татуировкалар модада. Интим татуировка десе көпчүлүк жыныс органдарына же аларга жакын жайгаштырылып тартылган сүрөттү элестетиши мүмкүн. Бул жаңылыш. Дененин кийим менен жабылып туруучу жерлерине тартылган сүрөттөрдүн бардыгы интим "татулар" тобун толуктайт.

Чыдагыс оору
Канчалык сексуалдуу жана табышмактуу көрүнбөсүн, мындай сүрөттөрдү тарттырып аткандагы ооруга чыдаган гана адам чыдайт. Өзгөчө дененин назик, сезимтал бөлүкчөлөрүндө оору эки эсе күчтүү болорун айтышат. Көпчүлүк ооруга чыдабай иш процессин токтотуп коюшат. Айрымдары денеде чегилип жаткан боекко аллергия болушат экен.

3D сүрөттөр
Учурда өзгөчө кызыгууну 3 D форматында тартылган сүрөттөр жаратууда. Ал дененин кайсы бөлүгүнө тартылбасын жандуудай көрүнөт. Аялдар көбүнесе ажыдаар же ар кандай өсүмдүктөрдү тарттырса, эркектер жылаңач аялзатын же абстрактуу сүрөттөрдү тандашат экен.

Баасы канча?
Бишкекте денеге сүрөт тартып берчү салондор уламдан-улам көбөйүп келатат. Ар биринин кызмат акысы ар кандай. Орто эсеп менен кичинекей "татулардын" баасы - 1000 сомдон жогору. Эгер сүрөт көлөмү жагынан кичинекей, өтө татаал эмес болсо 1-2 миң сомдун тегерегинде. Көлөмү орточолор татаалдыгына жараша 6000 сомго жетет. Ал эми дененин арткы бөлүгүнө бүт толугу менен тарттырам десеңиз, 40 миңден 70 миң сомго чейин барат.

Нургазы Эсекеев






кыргыз тилиндеги гезит "Саратан"




Яндекс.Метрика