Кыргыз гезиттери



Кубулган Карина
Аты- жөнү - Карина Рысалиева
Параметри - 88/60/90
Бою - 175 см.
Салмагы - 50 кг.
Кумири - Мерилин Монро
Жакшы көрүп жегени - Дымдалган жашылчалар
Хоббиси - Чыгыш бийи
Кыялында жашагысы келген шаар - Рио-де-Жанейро
Сүйүктүү бренди - "Roberto Cavalli", "Gucci"

Кээде сары чачтуу европа айымы боло калса, кээде кайра эле кара чачтуу кыргыз кызына айланып, өз келбетине эксперимент жасоодон тажабаган модель Карина быйыл 23 жашта. Бош убактысында тил үйрөнөт. Моделдик чөйрөдө өз ордун тапкан, Испания, Италия сыяктуу өлкөлөрдө Кыргызстандын атынан мода көргөзмөлөрүнө катышкан. Балалык кезинде хирург же сот кызматкери болом деп кыялданган кыз учурда эркин модель. Карина келбетин сактоо үчүн атайын диета деле кармабайт. Болгону жумасына 2-3 жолу машыгуу залында убактысын өткөрөт. Ашканада мыкты, "жасаган тамактарымды жегендер дайыма макташат" дейт өзү. "Үй-бүлө үчүн карьера киреше булагы жана биринчиси экинчисине жолтоо болбойт",- деп келечекте карьера менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүүнү көздөйт. Жөн гана подиумда басып же сүрөткө түшкөнүнө ыраазы болуп жүрө бербей, Карина кыргыз модасын көтөрүүнүн дагы жолдорун ойлонот. Мисалы, "Fashion week" мода көргөзмөсү биздин дизайнерлер үчүн бекер болсо жакшы болмок деген пикирде. "Ошондо гана акчасы аз, бирок таланттуу дизайнерлер өз өнөрүн көрсөтүп, өлкөбүздө мода тармагы гүлдөп өнүкмөк",- дейт.


Силикон көкүрөк 50 жашта

Аялдардын көкүрөгүнө силикон салуу операциясы мындан 50 жыл мурда башталган. Азыр ал дүйнөдөгү сулуулук операциясынын ана башында турат. 2010-жылы эле 1,5 миллион аял силикон тактыруу үчүн өзүн бычакка тоскон.

Алты баланын энеси Тимми Жейн Линдси 1962-жылы жаз айларында Техастын Хьюстон шаарында силикон тактырган алгачкы аял болгон. Анын эмчеги эки сааттын ичинде эки эсеге чоңойгон.
Азыр Линдси 80 жашта: "Жупжумшак, кадимки эмчектердей эле болчу. Бирок көчөгө чыкканымда эркектер аркаман ышкыра бергенде гана мурдагыдан өзгөчө болгонумду сездим", - деп эскерет. Натыйжасы жакшы болгону менен Линдси кайрадан операция болгусу келген эмес.
Линдси ооруканага башка максатта барган. Бирок аны доктурлар дүйнөдөгү алгачкы операцияга макул болууга чакырышкан. "Чынын айтсам, делдейген кулактарымды түздөтөйүн деп жүргөм. Доктурлар аны да түздөп беребиз дешкенинен эле макул болгом", - дейт Линдси. Укмуштуудай жаңы кадам жасаган доктурлардын аттары Фрэнк Жероу жана Томас Кронин. Көкүрөккө имплант коюу пикири Френк Жероудан чыккан.

Алгачкы тажрыйба итке жасалып
Бул темада китеп жазган Тереза Риордан: "Фрэнк Жероу алгач кан толтурулган желим баштыкты сыгып көргөн да, анын эмчекке окшош экенин байкайт. Ушинтип ал эмчекти чоңойтсо болорун ойлойт", - дейт. Алгачкы тажрыйба Эсмеральда аттуу итке жасалган. Бирок ал ит эки аптадан кийин силикон тагылган жерин тиштегилеп жатып, импланттарды чыгарып салган экен.
Ошентсе да операция ийгиликтүү болуп, ит жабыр тарткан эмес. Анан силикон тагууга макул болчу аялды издеп башташат. Ошол мезгилде Жероу жана Крониндин жанында иштеген жаш хирург Томас Биггс Линдси аябай ыраазы болгонун эскерет. "Албетте, аябай коркконбуз. Бирок келечекти көрө алсам, эч кооптонбой кылмакмын бул ишти", - дейт ал.
Бул операциянын мааниси 1963-жылы Вашингтондо болгон пластикалык хирургдарынын эл аралык конгрессинде дагы да арткан. Крониндин докладынан кийин сулуулук операциясында төңкөрүш башталган.

Плэйбой жана Барби
Убакыт да өз упайын берип, 1950-жылдары Америкада чоң көкүрөктү идеал кылган сериалдар чыккан. Анан "Плэйбой" журналы менен Барби куурчактарынын доору да ушуга туш келди. Голливуддун жылдыздары да бул операциянын жарнамасы болду.
Тереза Риордан: "Мэрилин Монро жана Жейн Расселдин чоң көкүрөктөрү, 1957-жылы Диордун жаңы коллекциясындагы моделдердин өлчөмдөрү дүйнөдөгү аялдарды силикон тактырууга ашыктырды", - деп жазат.
Эмчек чоңойтуунун буга чейин эле абдан көп жолдору изделген. 1950-жылдары доктурлар желим (губка) имплант кое башташкан. Айрымдар Мэрилин Монро да ушундай жасаткан дешет.
Анын өмүр баянын жазган Антони Саммерс болсо Мэрилинди жакындан тааныган адамдар, маселен тигүүчүсү менен сүйүктүүсү Билли Травилла анын көкүрөгүн чоңойтууга кажети жок болгонун айтышкан дейт. Бирок желим имплант убактылуу эле ишке жарап, мезгил өткөндө ал таштай катып, организмге терс таасир тийгизген.

Жапондор бул боюнча алдыда
Силикон ал доордун эң мыкты материалы болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америкада желим жана силикон нерселерге кызыгуу арткан дейт жазуучу Риордан.
Бирок силиконду көкүрөк чоңойтуу үчүн алгач колдонгон жер АКШ эмес, Жапония болгон. Жапониянын секс кызматчылары чоң көкүрөктү жактырган баскынчы Америка аскерлерине жагынуу үчүн Йокохома аралдарында эмчектерине силикон тиктиришкен. Бирок операциялар ийгиликтүү болбой, кестирген жерлер ириңдеп, көптөрү жабыр тарткан.

Чоңойтуунун амалдары
Ийне: 1890-жылдары көкүрөктү толук көрсөтүүчү дарылар чыгарылып, ийне менен сайылган. Бирок дары организмдин башка бөлүктөрүнө абдан терс таасир эткендиктен, токтотулган.
Көчүрүү: 1920-жылдары доктурлар дененин башка бөлүгүндөгү майды эмчекке көчүрүү операцияларын жасашкан.
Имплант: Полипропилен, желим, тактай, ал тургай тобурчактар да 1950-жылдары имплант кызматын аткарышкан.
Операциясыз ыкмалар: Вакуум топтору, чоңойтуучу аппараттар, ар түрдүү кремдер, дарылар жана пломбалар азыр да колдонулуп жатат.
Жагымсыз жактары
Америкадагы алгачкы силикон операциясы ийгиликтүү болгону менен терс таасирлери да ошончо болгон.
Маселен, гематомалар, тамырдагы кандын теринин алдында чогулуп калуусу же ар кандай инфекциялар силикон импланттардын катуулашуусуна жол ачкан.
Убакыттын өтүүсү менен мындай терс таасирлер да азайып бара жатат. Маселен, азыркы импланттар туруктуу келип, материалдарын тандоо мүмкүнчүлүгү кеңири. Хирург Томас Биггстин айтымында мурда төрт эле өлчөм колдонулса, азыр 450дөн ашуун өлчөм түрлөрү бар.
Силикон көкүрөк вакуум менен майды сордуруп арыктоодон кийинки орунда турган дүйнөдө абдан көп жасалган операция. Англия бул багытта биринчи орунда турат.
Азыр силикон эмчектерди сулуу болоюн деген аялдар эле эмес, рак оорусунун айынан эмчегинен ажырагандар да кеңири тактырууда.

Тимми Жейн Линдси
Жероу менен Крониндин негизги максаты да ушул рак менен ооруп, эмчегин кестиргендерге чара табуу болгон экен.
Тимми Жейн Линдси силикон көкүрөк тактырганы тууралуу аз эле кишиге айткан. Ал тургай үй-бүлөсүнө да көп жыл шек алдырган эмес. 50 жыл өтсө да операция кылдырганына ыраазы.
"Убакытты токтотууга да болбойт экен. 50 жыл мурдагыдай типтик калышкан жок. Карыган сайын шалбырап баратышат", - деп жылмаят ал. Ошентсе да денесинде тарыхтын бир бөлүгүн көтөрүп жүргөнүнө сыймыктанат.
Би-би-си дүйнөлүк кызматы







кыргыз тилиндеги гезит "Саратан"




Яндекс.Метрика