, 20.01.12 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Бүгүнкү гезиттин коноктору жакында болуп өткөн эгиздердин сынагынын баш байгесинин жеңүүчүлөрү Адина жана Алина Улановалар. Азыркы 21- кылым таланттуу, билимдүү лөрдүн заманы демекчи, бул кыздардын кичинекей кезинде ырдап жүргөндөрүн көрсөк, азыр улуттук аспаптардын түрүндө ойношу менен айырмалангандыгында. Анда сөз Адина жана Алина жөнүндө болмокчу.

Бардык адамда талант бар, бирок аны өркүндөтүп багыш керек
- Кыздар, силерди биринчиден сынактын жеңүүчүсү болуп, баш байге алышыңар менен куттуктайбыз! Айткылачы кантип бул сынакка катышып калдыңар?
Адина: - Биз телевизордон эгиздердин арасында сынак жарыяланып жатат дегенди угуп кастингге келгенбиз, ошол жактан талантыбызды сынап жаткан калыстар тобунун арасында Курмангазы агайыбыз бар экен. Ал киши "өттүңөр, Спорт сарайына келгиле" деди. Чындыгы таланттуу эгиздер көп экен, бийлеп, ырдап өнөрлөрүн көргөзүштү. Ошол концертке келгенде аш байгени алганыбызды билдик.
- Калыстар тобуна кандайча жагып калдык деп ойлойсуңар?
Алина: - Биз аткарган ыр попурри түрүндө болчу. Анда ыр, бий, жана скрипка, ооз комуз, чопо чоор, комуз ойнотулган. Мен ойлойм көп кырдуу болгон үчүн уттук деп.
- Мынча көп музыкалык аспаптарда ойногонду кайдан үйрөндүңөр эле?
- Биз кичинебизден музыкалык мектепте окуганбыз. Башында М. Абдраев атындагы музыкалык мектепке мен пианиного тапшыргам, ал эми Адина скрипкада ойночу. 3- класстан кийин Ф. Шубин атындагы музыкалык мектепке которулдук. Ал мектептен комуз, чопо чоор, ооз комуз ойногонду үйрөндүк.
- Быйыл мектепти бүтүп жатыпсыңар, музыканы улайсыңарбы?
- Ооба, кудай буюрса улайбыз. Кичинебизден ушунча эмгек жумшап алып тыштап салыш биз үчүн кыйын болот. Андыктан консерваторияга тапшырабыз деген оюбуз бар.
- Музыкадан бөлөк дагы эмнеге кызы­гасыңар?
- Бош убактыбыз болгондо китеп окуйбуз. Тамак жасайбыз. Мурда бийге барчубуз, быйыл убакыттын тартыштыгынан барбай калдык. Англис тил курсуна барабыз.
- Өзүңөр байкап жүргөндүрсүңөр, азыркы жаштар көбүнчө батыш музыкаларын, эстрада ырларын угушат. Силердин улуттук аспаптарда ойно­гону­ңарга курбу-досторуңар кандай карашат?
Адина: - Чын эле биз курактагы жаштар көбүнчө реп угуп калышты. Бирок биз ойлойбуз, кыргыз болгондон кийин улуттук музыканы да сыйлап угушубуз керек. Биз деле эстрада ырларын жакшы көрөбүз. Кичинекейибизде апам жазып берген 3 ырыбызга клип да тарттырганбыз. Бирок биздин өнөрүбүздүн сынчысы элибиз болгондон кийин көп кырдуу музыка эл үчүн кызыктуу болотдеп ойлойбуз.
- Силерди угуп отурсам, эс алганга деле убактыңар жок көрүнөт. Көчөгө басып киного баруу, же жоро жолдошторуңар менен жолугууга деле убактыңар жокко дейм?
Алина: - Көчөгө максаты жок жөн эле басканга убактыбыз жок. Киного, концертке барабыз. Көбүнчө аспаптарда ойногонго машыгабыз.
- Акыркы жолу кайсы концертке бар­ды­ңар?
- Жакында кыргыздын улуттук ырчысы Саламат Садыкова эженин концертине бардык. Апам менен атам Саламат эженин чыгармачылыгын, талантын жактырышат, бизди кошо ээрчитип барып улуттук үндүн, музыканын кооздугун талдап билишиңер керек дешкен. Концерт жакшы болду, бизге жакты.
- Алдыга койгон максаттарыңар барбы?
Адина: - Ооба. Азыр биз "Устат-шакирт" ансамблине барып жатабыз. Ал жакта бизге улуттук аспапта чеберчиликте ойноону үйрөтөт. Өзү музыка жаратып жүргөн чыныгы таланттуу агайларыбыз Кутман, Нурлан Нышанов, сабак беришет. Азыр кыйындарды тандоо жүрүп жатат. Буюрса ошол ансамблге илинип калсак деген ой бар.
- Азыр жаштардын жеңил музыканы тандап жатканда силердин улуттук көрөңгөнү тандашыңарга ким себепкер?
- Биринчиден апабыз, анан бизди комуздан окуткан мугалимибиз Марина эже. Апам өзү М. Абдраев атындагы мектебин бүтүрүп улабай калгандыктанбы, бизди музыка дүйнөсүнө кийирди. Биз канча жолу кичинебизде оюнга кызыгып, музыканы тыштайбыз деген аракетибиз ишке ашкан эмес. Кийин 4-класста комузга Марина эжеде окуп калып, бизге комузда ойногон жагып калды. Мугалимдин сабак берүүсүнө байланыштуу болуш керек. Марина эже талапты катуу коёт. Окубай баргандан өзүң уяласың. Биринчи коркчубуз. Азыр сырдашып, бизге көп нерсени үйрөткөнгө аракет кылат. Акча төлөнбөгөн күндөрдө да келип бизди үйрөтүп кетет. Өзүнүн кесибин аябай жакшы көрөт жана окуучулардын профессионалдуу ойношуна талапты катуу коет.
Биз азыркы учурдан пайдаланып Марина эжеге рахмат айтып, ден соолук, үй -бүлөлүк бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалап кеткибиз келип жатат. Марина эженин арты менен Кутман агайыбыз менен таанышып "Устат- шакиртке" да кирип сабак алып жатканыбызга сыймыктанабыз.
- Эгиздер сынагынан тышкары дагы кандай сынактарга катыштыңар эле?
Алина: - 9 жашыбызда "Сыйкырдуу өлкө" сынагына катышканбыз. Мектептен биз Свердлов районунда жашагандыктан "Жаш таланттар", телевидение уюштурган "Ала-Тоо таланттары" деген сынактарга катышканбыз. Өлкөбүздүн ичинен чыга элекпиз, бирок кийин чыгып Кыргызстанды даңазалаган чоң сынактарга катышып утсак деген тилектерибиз бар. Аманчылык болуп, элибизде тынччылык, ден соолук болсо ал да болот деп ойлойбуз.
- Окууларыңарга жетишип жатасы­ңарбы?
- Жетишип жатабыз. Убакыт канчалык тар болсо ошончо убакытты пайдалуу колдонгонго аракет кылат экенсиң. Көбүнчө түнкү 22.00 ге чейин окуйбуз, же музыкадан машыгабыз. Жада калса дем алыш күндөрү кээде курбуларыбыз бизге таарынып калышат, биз менен чогулбайсыңар деп. Бизде убакыт жок, дайыма бош эмеспиз. Өзүбүз да дайыма шашып жүрүп көнүп калсак керек, бош болуу биз үчүн кызыктай болуп калат.
- Силерди таланттуу кыздар деп жүрүшөт. Таланттуу дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Адина: - Талантты кудай ар бир адамга берет болуш керек. Бирок ошол талантты өз убагында баамдап, аны өстүрүп, багып кетүү ар бир адамдын колунан келбейт болуш керек. Бизге ата- энебиз ушул музыка жолуна багыттап койгондон улам азыркы учурда таланттуубуз деп айтуудан алыспыз, болгону өнөрүбүздү өстүрүп, багуунун аракетиндебиз.
- Азыр кайсы мектепте окуп жатасы­ңар?
- ИСИТО мектебинде. Мурда 11- мектепте окучубуз. Ал эми ИСИТОдо эки классты 1 жылда бүтөт. Тезирээк консерваторияга барып, музыка дүйнөсүнө толугу менен кирүүгө кызыктык.
- Ырчылыкты да аркалайсыңарбы?
- Ал сөзсүз. Быйыл бүтүрүүчү класс болгондуктан жетишпей калышыбыз мүмкүн деп ыр жаздыра элекпиз. Келечекте экөөбүз топ ачып, элибизге өнөрүбүздү тартуулагыбыз келет. Азыркы эмгегибиздин баары ошого даярдык көрүү.
- Адамдардын кандай сапаттарын баа­лайсыңар?
Алина: - Жөнөкөйлүк, маданияттуулук, туруктуулук, чынчылдык, эмгекчилдик.
- Анда кыздар, Жаңы жылдын башталышында кыргыз элине болгон каалооңор барбы?
- Элибизге тынччылык, токчулук, байлык каалайбыз.

Маектешкен
Асел Медетбек кызы