, 20.01.12 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Нурзат Токтосунова:
"Намаз окуу - мактаныч эмес"
Ар бир адам өзүнчө дүйнө деп айтылат эмеспи. Бул жолу алып баруучулук боюнча алдына ат салдырбай келе жаткан Нурзат Токтосунованы маекке тарттык. Сөздүн берметтерин тандап сүйлөп, мукам үнү менен кечелердин көркүн ачкан алып баруучунун ички дүйнөсү менен жакындан таанышып көрдүк.

- Саламатсызбы, чыгармачылы­гы­ңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?
- Ар кандай иш-чаралардан бошобой өздүк чыгармачылыгыма жетиштүү көңүл бура албай жатам. Башка тармактарда да өзүмдү сынап алдыга жылгым келет, бирок физикалык жактан жетишпей жатам. Азырынча жаңылык жок.
- Алып баруучулук боюнча алдыңызга ат салдырбай келе жатасыз. Ушундай деңгээлге кантип жеттиңиз?
- Мен таптакыр башка тармакта,башка адистик менен иштешим керек болчу. Ататүрк- Алатоо университетинде окуп, экономика жаатында билим алгамын. Бирок туз насибим сахна тараптан, тагыраак айтканда алып баруучулуктан буйруп, өзүмдүн ордумду сахнадан таптым. Сахнанын даамын татып калгандан кийин деле башка тармактарда иштеп көрүүнү ойлонгомун. Бирок ички дүйнөм сахна тарапка тартып туруп алды. Анан дагы кылган ишиң абдан чоң күчтү, оорчулукту талап кылбастан элге жагып жакшы пикирлер келип жатса сүйүндүрбөй койбойт экен. Кээде ар түрдүү ушактардан тажап, көңүлүм чөгүп турганда газеталардан, интернет баракчаларынан,ал тургай көчөдөгү адамдардан жакшы сөздөрдү угуп "Демек менин кылган ишим жок эле дегенде бир адамдын көңүлүн көтөрүп жатса мен бул ишти таштабашым керек"- деп ойлоп чыйралып калам.Мен өзүмдү кыйын болуп кеттим деп эсептебейм. Колумдан келишинче алдыга умтулууга аракет кылам.

"Ийгиликтин ачкычы - адамгерчилик"

- Сиздин оюңузча ийгиликтин ачкычы эмнеде?
- Бийлик, акча, атак-даңк бир келип бир кетет экен. Адам баласы акылы кыска болот окшойбуз. Башыбызга келген жакшылыкты, же жамандыкты да тез эле унутуп коёбуз. Ар бир кербен өз нугу менен кете берет. Жашоодо эң эле баалуу болгон нерсе - адамгерчилик деп ойлойм. Кубанычта, кайгыда, өйдөдө, ылдыйда өзүңдү бирдей кармап адамгерчиликти сакта­шың керек.
- Куюлуштура сүйлөгөн чечендик өнөрүңүз бар, кайдан үйрөнгөнсүз?
- Мен кийинчерээк ушуну ойлонуп көрдүм.Университетте 1-курста окуп жүргөндө мен сүйлөгөн кыргыз тилди эч ким түшүнчү эмес. Эки сөзүмдүн бири фразеологизм болчу, макал-лакаптарды көп колдончумун. Мен сүйлөгөн тилде эч ким сүйлөчү эмес. Акырындап айлана-чөйрөмө ылайыкташып, орусча кошуп бишкек кыргызчасында сүйлөй баштадым. Ойлонуп көрсөм чыныгы кыргыз тилимди унутуп, 70%ын жоготуп алгандан кийин телевидениеге келиптирмин. Демек мен мурда абдан жакшы сүйлөчү экемин. Эмне себептен мындай деп сурасаңыз менин апам аябай сөзмөр киши. Ар дайым макалдарды туура, өз орду менен колдонуп сүйлөйт. Мен ошол сөздөрдү угуп чоңойгомун. Кичинемде алардын макал экенин деле билчү эмесмин, негизинен ушундай сүйлөш керек экен деп ойлочумун. Экинчиден, менин атам дагы элдик дастандарды, эпосторду мыкты айтат.Атам кат тааныбайт, азыркыга чейин арабча окуйт. Бирок Манас, Семетей, Сейтекти толук айтат. Эр Төштүк, Курманбек сыяктуу эпосторду угуп чоңойдум. Ушулардын таасиринен болсо керек деп ойлойм.
- Жашоодогу эң чоң жетишкенди­ги­ңиз?
- Биринчиден, алган тарбиямды туура жолго колдоно билгендигим. Анан дагы Кудайга аябай ыраазы болом, мага көп таарынбаган, ар нерседен жакшыны көргүсү келген сапат берип коюптур. Мен мобуга жетиштим деп чет өлкөгө жар сала турган эч нерсе кылган жокмун. Сен жакшы сүйлөйсүң, өзүңдү жакшы алып жүрөсүң деп айтып калышат. Мунун баары жараткандын берген тартуусу деп эсептейм. Чынын айтсам эң чоң жетишкендигимди өзүм дагы билбейм. Балким менин ийгиликтерим алдыда. Эми алыпбаруучулук өнөрү боюнча чет өлкөлөргө чыгып таймаша турган сынак деле жок экен,өзүмдү башкалар менен салыштырып чет жакка барып сынап көрмөкмүн. Мыкты бир долбоор даярдап тарыхта кала турган бир иш кылсам өзүм менен сыймыктанмакмын.
- Эң чоң кемчилигиңиз?
- Менин ак көңүлдүүлүгүм, ишенчээк­тигим. Мындай карасам жакшы эле сапаттар,бирок ушул сапаттарым мени турмушта кээде оңго, кээде солго термелүүгө мажбурлады. Көп адамдарга ишенип, аларды да өзүмдөй ойлоп алып көңүлүм калган учурлар болду. Анан мен жумшакмын, "Жок андай эмес, мен каалагандай болуш керек" деп айта албайм. Мен эмнегедир баарына макулмун. Мисалы мен чет жакаларга чыгып калганда кандай жатакана берсе, таза болсо эле болду деп жата беремин. "Мындай экен, тигиндей экен" деп айта албайм. Бирок кийин айтыш керек беле деп ойлонуп калам. Бул жумшактыктын жаман жактары экен.
- Жашоодогу девизиңиз кандай?
- Мен дүйнөгө бекер жаралган жокмун.Мен жаралдым, демек бактылуу болууга акым бар!
- Эмне менен сыймыктанасыз?
- Кайрымдуулук концерттерди көп алып барып калам. Ошондо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, алардын сабырын, ар бир күнүнө ыраазы болуп жашаганын көрүп туруп өзүмдүн бактылуу экенимди сезем. Биздин колу-бутубуз бар, акылыбыз ордунда. Мына ушулардын баарын акысыз эле берип койсо дагы туура колдоно албай жатканыбызга намыстанып алдыга жүткүнөм. Анан кыргыз болуп Кыргызстанда төрөлгөнүмө, жашаганыма сыймыктанам.

"Эки жакты карап ышкырып коюп тура берген балдар мени өкүндүрөт"

- Сизди эмне өкүндүрөт?
- Материалдык баалуулуктарга кызыгып, рухубузду, ички дүйнөбүздү жоготуп бара жатканыбызга аябай өкүнөм. Кудайга шүгүр акыркы учурларда кыз-келиндер кыргыз кийимдерин кийгенден уялбай калышты. Колунда бар адамдар кыргыз элинин баалуулуктарын сактоо үчүн күрөшүүнүн ордуна байлыкка чиренип унутуп бара жатышкандыгына капаланам. Экинчиден, жаштардын китепти аз окуп бара жаткандыгы. Мобилдик телефондорго, интернетке кызыгып китепти унутуп коюшту.Бул артыбыздан бир аз акылы жетишсиз муундун өсүп келе жатышынын белгиси. Үчүнчүдөн, тамеки чеккен кыздар жана түкүрүнүп коюп, жөн эле эки жакты карап ышкырып тура берген балдар мени өкүндүрөт. Ата-энесине жүк болбой өз жанын багып кете албаган жалкоо балдарга капа болом.

"Апам мага элибиздин баардык салттарын үйрөткөн, буюрса мен аларды кызыма үйрөтөм"

- Демек жаштардын абалы сизди тынчсыздандырат турбайбы?
- Ооба, Кыргызстанга күйгөн жаштар аз. "Ой, Кыргызстан качан өнүкмөк эле, бир дагы нормалдуу ырчысы жок... Койчу ошол КТРди, мен ОРТни көрөм" деп айткан адамдарды көп көрөм. Анда барып ошол ОРТ менен жашасын, Кыргызстан кереги жок болсо эмне жүрөт? Кыргызстанды мен сүйбөсөм, сен сүйбөсөң ким сүйөт? Мен кыргызча сүйлөп балдарыма эне тилимди үйрөтө албасам, балдарым орусча сүйлөп турса, кийинки муун кантип кыргыз тилин үйрөнөт? Апам мага элибиздин баардык салттарын үйрөткөн, буюрса мен аларды кызыма үйрөтөм. Жаштардын көпчүлүгү өзүбүздүн баалуулуктарыбызды сыйлай алышпайт. Мисалы Айтматовдун бир чыгармасын окубай туруп, анын дарегине ар кандай сөздөрдү айтышкандар бар. Айтматов-бул кыргыздын жүзү, сыймыгы. Айтматовдой кыргыз үчүн эч ким эч нерсе жасай албайт.Чыңгыз агабыз дүйнөдөн кайтканда мен Алматыда болчумун. Ошондо ал жактагы казактардын, орустардын ыйлаганын көрүп аябай таң калгамын.Мен кыргызмын, анын кандашымын мен ыйласам жөн. А бүткүл дүйнөнүн ыйлашы ал адамдын бийиктигин далилдеп турат. Ошондуктан Айтматовдун атына жаман сөз тийгизбей эле койсок жакшы болмок.
- Сиздин оюңузча карьера менен үй-бүлөнү бирге алып кеткенге болобу?
- Болот, бирок ал үчүн жаныңды карч уруп иштешиң керек. Ал үчүн сени түшүнгөн колдоочу керек. "Тиги эмне карап койду, эмне мындай кийинип алдың, саат 11де бүтө турган концерт эмне үчүн 12де бүттү" - деген сыяктуу сөздөр менен күндө мээңди жебеген,тескерисинче "Алтыным, бүгүн кайсы көйнөгүңдү кийесиң, салонуңду сүйлөшүп коёюнбу?" - деп колдоо көрсөткөн эркек болсо үй-бүлө менен карьераны чогуу алып кеткенге болот экен. Тилекке каршы, андай азаматтар аз кездешет. Бирок Жараткан бар, ал баардык нерсени тең бөлүштүрөт.Менин маңдайыма да бирөөнү жазып койгондур.
- Нурзат намаз окуган, ыйман жолунда жүргөн адам деген сөздөр бар. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Биринчиден намаз окуу мактаныч эмес, мен элдер айтсын деп окубайм. Сахнадагы ийгилигимдин ачкычы десем да болот, сахнада толкунданбай, эркин алып баруу Жараткандын алдында баардыгы бирдей экендигин кабылдагандан кийин пайда болду менде. Ошон үчүн биз ыйманыбызды сакташыбыз керек, башка эч нерсебиз деле калган жок. Эгер мындай уланып кете берсе, билбейм кандай жашоо болот. Бирок келечектен эч качан үмүттү үзбөш керек.
- Алып баруучулукка тарбиялап жаткан шакирттериңиз барбы?
- Ооба мен азыркы учурда бир кыз менен бир жигитти алдым, алар менен иштешип жатам. Алдыда алып баруучулардын мектебин ачсам деген максаттарым бар. Мен сезип турам, ар бир адамдын өз учуру болот. Биз кетебиз, артыбыздан жаштар келет, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды ойлоп жаштарга бут тоспой, аларды кучагыбызга алып көбөйтүшүбүз керек. Биз бири-бирибиздин жаман жактарыбызды чукубай, тескерисинче жардам беришибиз керек. Буйурса мен алып баруучулар мектебин ачып, билген нерселеримди жаштарга үйрөтүп, аларга дух берип, жол көрсөткөнгө аракет кылам.

Нурайым Ысмайыл кызы