, 20.01.12 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Данияр ТЕРБИШАЛИЕВ:
"КОРРУПЦИЯНЫ ЖОЮУГА САЯСЫЙ ЭРК ЖАНА БИРДИКТҮҮ ПОЗИЦИЯ КЕРЕК"
Кыргызстандын саясат айдыңында алчы-таасын жеген "карт бөрүлөрдүн" каалагандай бүтүм чыгаруу таасири басаңдап, акыл-билим көрөңгөсү терең, ниет-пейилдери ак жана чечкиндүү жаштардын катары пайда болду. Алардын сүйлөгөн сөздөрү жасаган аракеттерине айкалышып, өлкөбүздүн өр таянып, элибиздин жашоо-турмушунун жакшырышына, адилет жана элдик мыйзамдык коомдун калыптанышына багытталып жатканы ачык байкалууда. Келечектен көптү үмүттөндүргөн көрөңгөлүү ошондой жаштарыбыздын бири КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тербишалиев Данияр Өмүрзакович бизде мейманда.


- Данияр Өмүрзакович, алгач балалы­гыңызды эскерип, Сиздей уулду тарбиялап чоңойткон ата-энеңиз жөнүндө сөз болсун...
- Мен Бишкек шаарында төрөлгөм, бирок балалыгым Ысык-Көл областына караштуу Комсомол айылында өттү. Атам Өмүрзак 45 жыл математика сабагынан мугалим болуп эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда. Апам Мария көп жылдар бою башкы дарыгер кесибин аркалап келген. Жөнөкөй үй-бүлөдө, айылдын турмушун көрүп чоңойдум, 14 жашыман борборго келдим. Бала кезде абдан тентек, бейбаш болчумун, айылдагылар, мугалимдерим "бул бандит болот" деп күлүп калышчу, кийин баардыгы таң калып жүрүштү. Абдан эрке өстүм, бирок балалыктын таттуу күндөрү көпкө созулган жок. 13 жашымда апам дүйнөдөн кайтып, ошол кыйын 90-жылдар мен үчүн ого бетер оор болду, турмуштун азабын жаштайыман эле тарттым десем болот. Эсимде, апам мени "сен чоң комузчу болосуң" деп комузга жаздыртып койгон, а мен комузга кеттим деп дзюдого кетип калчумун. Ал кезде айылда машыгуучу жайлар деле жок, балдар болуп сарайларда, жертөлөлөрдө машыкчубуз. Ошол менин тырышчаактыгым, спортко болгон кызыгуумдан улам 1998-жылы бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болдум.
- Жашоодогу алгачкы эң чоң жетиш­кендигиңиз кайсыл?
- Менин оюмча 7-апрелде болгон окуядан соң өзүмдүн салымымды кошуп, балдар менен биргеликте "Патриот" элдик кошуун түзүп, биздин жарандарга жардам бергеним чоң жетишкендигим деп ойлойм.
- Ооба, чынында эле "Патриоттун" салымы ошол кезде абдан зор болду. Анын түзүлүшүнө эмне түрткү болду?
- Биринчиден, менин жарандык парзым, экинчиден, атамекенчилдик, патриоттук сезим, үчүнчүдөн, коркунуч. Баардыгыбыз ошол убакта өзүбүздүн үй-бүлөбүздүн, туугандарыбыздын коопсуздугун сактайлы, бири-бирибизге жардам берели деп бириккенбиз.
- Студент кезиңизде КВНде ойноп жүрчү экенсиз, ошол күндөрдөн эсиңизде бардыр?..
- 1998-жылы мектепти бүтүрүп, Бишкек Гуманитардык Университетинин "саясат таануу" бөлүмүн кызыл диплом менен бүтүрдүм. Студенттик күндөр мен үчүн абдан эсте калган жыргал жашоодо өттү десем жаңылышпайм. Дос балдар менен "Парадокс" деген КВН командасын түзүп, 2000-жылы Кыргызстан боюнча чемпион болдук. Андан кийин Сочиге барып А.Масляковдун лигасына катышып келдик, андан сырткары Казакстан, Тажикстан, Узбекистанга барып катышып келдик. Өзүм студент кезимде баардык коомдук иштерге абдан активдүү катышып жүрдүм, университеттин өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси болуп, дебаттарга, конкурстарга катышып, ал күндөр көңүлдүү өттү.
- КВНге катышып жүргөн абдан шайыр бала азыр токтоо саясатчыга айлангандай. Мунун себеби эмнеде?
- Ооба, саясатка аралашкандан кийин сөзсүз адам токтолуш керек, элге үлгү болуп, көз караштарыңды, мамилеңди өзгөртүшүң керек. Бирок өзгөрүлгөндө дагы жакшы жакка өзгөрүш керек, адамдык сапатыңды жоготпошуң керек. Депутат деген бул элдин өкүлү, ошондуктан башкалардан айырмаланбай эл катары жүрүш керек. Ошол эле Европа мамлекеттерине барып көп тажрыйба алып келдик. Ал жерде депутаттар абдан жөнөкөй болушат экен. Мисалы, азыр биз машиналарды, айдоочуларды жоёлу, KG номерлерди жоготолу деген маселелерди көтөрүп жатабыз, мунун баардыгы ойдон чыгарган эмес, дүйнөлүк тажрыйбадан чыккан нерселер. Ошол эле Европада бир да депутатка автоунаа берилбейт, атайын номерлерге статус ыйгарылбайт, эл катары эле жүрүшөт. Биз дагы ошол стандарттарга жакындаганга аракет кылышыбыз керек.
- Сиз эми эл өкүлү катары чоң жүктү мойнуңузга артып турган чагыңыз. Сизди эмне ойлондурат, жүрөгүңүздү кандай көйгөй өйүп келет?
- Саясат бул оор нерсе экен, менин оюмча биздин кичинекей Кырызстан үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк ачылды, азыр биргелешип өлкөбүздү өнүктүрө алабыз, керектүү реформаларды жүргүзгөндөн кийин чоң деңгээлге жетишибиз мүмкүн. Мен азыркы учурда Грузиянын саясатын, ал жакта болгон 70тен ашык реформаларын изилдеп, кардиналдуу реформаларга келишибиз керек деген жыйынтыкка келдим. Эгерде биз ага баралбасак, 3-4 жылда Кыргызстанды көтөрүп, коррупцияны жоё албасак анда биздин ушул жерде кылып жаткан ишибиз жокко чыгат деп мен ойлойм. Биз баардыгыбыз биригип, улуттарга, түштүк-түндүк саясатчыларга бөлүнбөй бир идея менен реформаларды жылдырып кетсек чоң жетишкендиктерге жетебиз. Тилекке каршы, айрым саясый күчтөр бут тосуп, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөшүп, ишти алдыга жылдырганга тоскоол болуп жатышат. Саясатчы катары менин жүрөгүмдү өйүгөн көйгөйлөрүм ушул маселелер болуп турат.
- "Саясат" бөлүмүнө тапшырганыңызга караганда башынан эле саясатчы болом деген бир умтулуу болгон экен да?..
- Башынан мен гуманитардык жагына өтө жакын болчумун. Геосаясат, социологияны, тарыхты абдан жакшы көрчүмүн, кызыкчумун. Ошондуктан ушул бөлүмгө тапшыргам. Чынында мен ойлогон да эмесмин 10 жылдан кийин депутат болом деп, турмуш өзү баардыгын тууралап коёт экен. Университетте жүргөндө өз алдынча башкаруу системасын түзүп, ошол кезде дискуссиялар, талкуулар өтүп, "мен президент болсом эмне кылат элем", "депутат болсом эмне кылат элем" деген маселелер талкууланчу. Алар унутта калган жок, буюрса баардыгын аткарганга аракет кылабыз. Сот тутумунда болгон реформага салым коштум десем болот, мыйзамдарга демилгечилердин катарына кирип, аларды кабыл алдык. Алдыда чоң реформаларды жасаганга болгон аракетибизди, билимибизди колдонуп, чоң өзгөрүүлөр болот. Бирок айтып кетиш керек, сот системасындагы реформаларды иштеп жатканда тоскоолдуктар болуп жатты, саясый күчтөрдүн кийлигишүүсү да болду, кандайдыр бир каталар да кетип жатты, аны мойнубузга алышыбыз керек. Мындан сырткары көптөгөн мыйзамдарга демилгечи болуп, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип жатам, башка мыйзамдарды жазганга аракеттенип жатам. Буюрса жасалчу иштер көп.
- Албетте, парламентте аз болсо да жаш күчтөр келгени сүйүндүрөт. Саясаттагы жаштардын орду кандай?
- Азыркы парламентте жаштар чынында аз. Бул парламентке келген жаштар баардыгыбыз Кыргызстандын келечеги үчүн иш кылып жатабыз. Мисалы, жаштардын арасында бөлүнүү жок. Башка партияданбы, оппозициядагы жаштар болобу биздин максатыбыз бир. Жаңы саясый маданиятты түптөгөнгө биз өзүбүздүн салымыбызды кошуп жатабыз десем жаңылышпайм. Албетте, катачылыктар болбой койбойт, бирок эң негизгиси бизде патриоттуулук сезим, эрк күчтүү, биз таза болгон соң мамлекетибизди да тазалоого күчүбүз жетет деп ишенем.
- Саясат деп жүрүп жеке жашооңуз кантип жатты экен...
- Жеке жашоо чындыгында жайлап калды, буга чейин бизнес менен алектенчүмүн, азыркы учурда бизнес да токтоп калды. Мен өзүм ушундай адаммын, бир ишти баштагандан кийин аны өз ийине жеткире аягына чыгарганга аракет кылам, буга мени атам кичинемен баштап көндүргөн. Ошондуктан саясатка аралашкан соң башка иштерди таштап бардык күч-аракетимди мен саясатка жумшап жатам. Келинчегим "бизди такыр эле унуттуң го" деп тамашалап калат. Эс алуу күндөрү үй-бүлөм менен убактымды өткөргөнгө аракет кылам. Өзүм лыжаны абдан жакшы көрөм, машыгууларды эч качан таштаган эмесмин, азыр да барып турам, тоону абдан жакшы көрөм, мергенчилик кылам. Тамеки чекпей, арак ичпегендиктенби кафе-ресторандарга барууну көп каалабайм, тескерисинче жаратылышты абдан жакшы көрөм.
- Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
- 1999-жылы жайында Көлгө барып официант болуп иштедим эле. Назгүл да официант болуп иштечү, ошентип таанышып калдык. Кыз-жигит болуп жүрүп, 2004-жылы баш коштук. Учурда 7 жаштагы уулум Жамаль жана 4,5 жаштагы Саадат аттуу кызыбыз бар.
- Жаңырган жаңы жылга кандай максаттар менен аттандыңыз?
- Максаттар абдан көп, депутат болгондон кийин өзүмө мөөнөтүм бүткөнгө чейин эл үчүн иштеп, чоң салымымды кошоюн деген чоң максат койгом. 3,5 жыл мөөнөтүм калды, ушул мөөнөттүн ичинде башталган реформаларды аягына чыгарып, коррупция менен күрөшүүгө жаштардын эрки дагы, деңгээли дагы жетет деп ойлойм. Буюрса алдыдагы максаттарды колдон келишинче жүзөгө ашырууга болгон аракетимди жумшайм.
- Чындыгында эле укук коргоо, сот системасы абдан коррупцияланган система. Аны тазалап чыгуу мүмкүнбү?
- Мүмкүн, ага саясый эрк керек, бирдиктүү позиция керек. Эгерде биз бөлүнбөй турган болсок, баарыбыз биргелешип бир максатты көздөп иш алып барсак көп нерсеге жетебиз. Азыркы учурда Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш да тазалануу жолун баштады, биздин жарандарыбыздын талабы да ушул эле. Сөзсүз тоскоолдуктар болот, бирок мен ойлойм өзүбүздүн стратегиябыз, көз карашыбыз бар ошондуктан коррупцияны жоюуга күч жетет. Мисалы, азыркыга чейин көп соттор, чиновниктер мени жаман көрүшөт. Эми азыр ички иштер органдар менен тыгыз байланышып реформаларды жасайлы деп жатабыз, албетте кыскартуулар болот, кээ бир укуктары жоюлушу мүмкүн, ушундан улам кызматкерлери мага карата каршы пикир да жаратышы ыктымал. Бирок, ага карабай реформаларды алдыга жылдырышыбыз керек.
- Данияр Өмүрзакович, Кыргызстан үчүн эң негизги кандай үч маселени аткарат элеңиз?
- Биринчиден, адам укуктарын биринчи коймокмун. Канчалык адамдын укуктары сакталып, адамды сыйлап, урматтап, бирине бири туура мамиле жасаса коом өнүгөт. Бул демократиянын биринчи принциби деп билем. Качан гана мамлекет ар бир жаранды сыйлаганда, ошондо гана алдыга жылабыз, ошондо гана башка мамлекеттер да сыйлай баштайт. Ошол эле Американы мисал келтирейин, ал жакта адам укугун өтө бийик коюшат, өзүнүн бир жараны үчүн бүтүндөй мамлекет керек болсо согушту баштап кетиши мүмкүн. Экинчиден, бийликтин жүзүн элге бурмакмын. Мамлекет адам үчүн түзүлгөн орган, адам мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам үчүн иштеш керек. Үчүнчүдөн, Кыргызстанда инвестицияларга, бизнесмендерге жакшы шарт түзүү. Өкмөттүк структураларды кыскартып, керектүү гана чакан структураларды калтырып, социалдык тармакка жетиштүү гана налог калтырып, көбүн жоюш керек деп эсептейм. Ошондо бизнеске чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.
- Чындыгында эле көздөгөн максат­тарыңыз бийик экен, Сиздей жаш саясатчыларга болгон үмүтүбүз чоң. Коомчулуктун саясатка болгон көз карашын Сиздер толук жакшы нукка өзгөртөсүңөр деп ишенели. Маегиңизге рахмат.

Гүлжан Абылкасиева