, 20.01.12 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн түптөлүшү эмнеде?
"Экономика" - коомдук ар бир тармак, чарбаны изилдөө тартип фракциясы"
Улуттук чарба башкаруу экономикасынын формациясы теоретика эмес практика жүзүндө түзүлүшү натыйжалуу.
Эгер эгемендик мезгилинде айрым ички жана тышкы жарандар базар экономикасын тезирээк өздөштүрүп мамлекеттин 90% менчигин илюзиондук менчиктештирүүгө жетишсе, мамлекеттин тизгиндөө рычагы андай өзгөрүүгө туруштук бере албагандыктан каржы тармагын бириндетип финансы ресурстары монополдук тегеренүүдөн чыгып, чечүүчү администратор көбөйүп салык жеңилдиктери жана негизсиз коротуулар арбып мамлекеттин бюджетин камсыздоо балансы бузулуп, материалдык, техникалык, финансылык ресурстарды чечүүчү факторду колдоно албагандыктан, ал каражаттарды мобилизациялоого кызыкчылык болбогондуктан экономика стабилдүү өнүгүүдөн калды.
Эл аралык банк, МВФ, ЕККУ, ЮНЕСКО жана батыш фондулары колго алып өз кызыкчылыгында программаларын таңуулап экономика эле эмес калган өнүгүүгө таасирин тийгизүүдө.
Экономика - республиканын кызык­чылыгында стабилдүү өнүгүүсүнө эффек­тивдүү, конкуренттүү, стимулдуу процессин жогорку стратегия аркалуу гана натыйжалуу жетишет.
Андыктан базар экономикасы катнашына ылайыктуу ич ара финансылык каражат ресурстарын мобилизациялоо жыл ичинде 90 млрд. сом бюджеттен эки эсе өсүш мүмкүнчүлүктө - өндүрүш долбоорлорун өнүктүрүү жагы чечилип жарандар иш менен камсыз болууга жол ачылат.

Салык жана салык эмес жыйымдар

Бизде салык түрү жүзгө жетпейт. Базар экономикасынын катнашында миңдеген түрлүү иш жана кызмат 90% га ички жана чет жактык жарандар өтөйт, ошондой эле күн сайын жаңы түрлөрдөгү кызмат өтөөлөр пайда болууда. Андыктан салыкка тартуу төлөөчүлөрдүн да түрү миңдеп өсөт.
20 жылдын ичинде миллиарддаган сомдор салыксыз сыртка кетти. Мисалы бир-эки эле түрү: батирлерди ижарага берүүдө жарнак жагында эле 25 миң жаран жылына 200 доллардан 1500 долларга чейин ай сайын коммуналдык чыгымдан тышкары эмгексиз кириш алат. Салык эсебинде 1% га жетпеген төлөөчүлөр, 99% жарандарга жашыруун салык тартылбаган. Салык кызматынын шылтоосу болуп туугандары турат. Туугандарын жарнак аркылуу издеп арендага береби же ижарачы - чет жаран да тууганыбы? Салыкка милдет түрүндө жылына 10 млн. доллар батир ижарасынан казнага түшпөйт, батыш ставкасында 40 млн. доллар. Мындан тышкары турак-жай эмес имараттарды ижарага ички жана тышкы бизнеске берүү. Жылына 2 млн. чет элдик туристтер сезон учурунда республикабызга келет. Алар күнүно 100 сомдон ижарага бергенде да 10 күндөн миң сом 2 млрд.сомго салык 10% болгондо да 200 млн.сом кайда кетет? Ижара кирешесинен эле жылына казнага 100 млн.доллар (5млрд.сом) түшүшү керек. Салык кызматы жарандардан жыйноого милдеттүү: ички эс алуучуларды кошпогондо, ушундай эле азыркы мезгилдин кызыкчылыгында эң жогорку акча өндүрүүчү маданият ишмерлери, ырчы, тамада жана дагы ар бир катышуусунда той, юбилейде прогрессивдик салыксыз 200 - 1,5 миң доллар өндүрөт.

Декларация

Декларация толтуруу жана тапшыруу, аны изилдөө мамлекет кызмат башкармалыгынын эмес салык кызматынын милдети. Декларация прогрессивдүү салык төлөтүүгө милдеттендирилет. Декларацияны ар бир ишмер ички жана чет жараны тапшырат, кызматтагы совместитель, контракт жана келишим менен кызмат, иш аткаргандар, дивиденд сыйлык жана бонус, соцпакет алгандар, арендадан, лотерея - оюндардан чоң утуш, 15 миң НПО, фонддо өтөгөндөр,чет жактан филиалдар жана далай республиканын чегинде акча каражат өндүргөндөр. Декларация жылдын жыйынтыгы менен кирешеси такталып прогрессивдүү салык төлөө милдети тапшырылат. Декларация - ар бир жарандын салык милдетин жашырбоого ылайыкталган. Бекеринен армия салык кызматы жарым аскердик чин, чексиз кызмат убактысына ылайыкталган жогорку айлык акысы менен, милдети салыкка тартуу, салык төлөтүүгө ишмер жарандарды республика боюнча калтырбай толугу менен эсепке алуу милдети камсыз болбогондуктан бюджет жылда дефицит, салык жашырууда.

Бажы

Республиканын чегине жылына 10 млрд. доллар импорт товарлары келери жөнүндө маалымат бар. Бирок бажы төлөмү 1 млрд. доллар ордуна 500 млн. доллар чегинде. Бажы кызматы да чинге чейин, зыяндуу кызмат иш шартындагылар катары айлык акысы жогорку, бонус төлөө жагы да чоң. Эң чоң аткарган иштери экспорт- импортто "Торугарт", "Иркеш-Там".Эгер "Торугарт", "Иркеш-Там" бажы пунктуна "Терминал" тургузуп ири жүк ташуучу автомашиналардын терминалга товарларын жайгаштырганда, мында республиканын ишсиз жүргөн чакан жүк ташуучу автомобилдерге иш жетишип, жарандар иш менен камсыз болот. Терминалда контроль эки эсепке түшүп, бажы кызматы таза иштеп тиешелүү ишине жараша акы алып бажы төлөмү толугу менен милдеттүү өлчөмдө казнага жетет.

Туризм

Маалымат боюнча республикага жылына 2-2,5 млн.турист келет, бирок интуризмден жол киреси, тамак-ашы, жатаканасы жана ар кандай кызмат үчүн төлөөсүнөн тышкары мамлекеттин кызматы, табигый байлыкты пайдаланганы үчүн казнага пайда жок. Жогорку төлөмдөрүн болжолдоп экономикага 500 млн. доллар түштү дейбиз. Пайдасын республикадагы жапайы 5,5 миң турфирма пайдаланат лицензияны шылтоолоп туристерди аймактын баарын кыдыртаары жашыруун эмес.
Туризмден биз эгер ар бир келген интуристтен чегарадан өткөндөн кеткенче ставка 10 доллардан 10 күн 100 доллар алсак мамлекеттин менчиги менен кызматын пайдалануусунда турфирмалар аркалуу анда 2 млн. туристтен жылда 200 млн. долл. алып туризм пайдалуу десек жарайт. Мисалы: Ысык-Көлдү жарнамалап көлдүн жээгиндеги чет жарандардын пансионаттары, эс алуу үйлөрү мамлекеттик көлдү, заповедник, парк, коргоо зоналарын пайдаланат(турфирмалар) таза табигый тамак-ашка жүк, көл, сууларды, парктарды булгап кетишет.
Андан биз 200млн. доллар алып калсак, келтирген зыянына араң жетет. Шри- Ланка мамлекеттик "орхидея" паркына жолотуш үчүн эле туристтен 1,5 миң доллар алат.

Курулуш

Республикада ички жана тышкы менчикте курулуш фирмалары турак-жай жана өндүрүш имаратын тургузууда салыктан жеңилдикте. Анда ал курулуш имараттардын баалары жогору болуп жадаганда ипотекага каалоочу аз. Себеби "куруучулар" "несун" келет жана иш көлөмүн кошуп жазууга жакын. Мисалы улуттук филармонияны тургузууда подмосковьенин куруучулары имараттын проект сметасы 18 млн. рубль болсо 27 млн. рубльга чоюп алышкан, качан курулушта аврал менен подсобный жумушчулар бекер дубандардан келип иштешкен. Курулушка жогорку салык салыш фирмаларга эч деле таасир бербейт жана сметасын текшерип туруу арзан имараттарды тургузууга жеткирет, казнага да ипотекага да пайдалуу.Ипотекага аз кызыккандын себеби дагы банкалардын жогорку проценти.Себеби 80% республикадагы банктардын капталы чек жактан. %тин жогоруусунун банктардан налог прогрессивдүү болбогондуктан мындан банктардын гана филиалдары прогрессивдүү өсүүдө.
Казакстан 80% өндүрүшүн чет жакка сатып ийип, бирок алардан прогрессивдүү салык алып атып өндүрүшүн кайра сатып алууда жана ипотека, билим алуу кредиттерди 4% менен жарандарга берүүгө жетишти.

Электроэнергия

Электр энергиясы-цивилизациянын жетишкендиги жана мезгилдин болгон суроо кыймылдаткычы, жарык, жулуулук жана компьютердик, техникалык керектөө фундаменти. Электрэнергиясыз ВВПда экономикада да, жарандардын турмуш тиричилиги да токтойт.
Республикада жылына 14 млрд. квт. с. электрэнергия арзан гидроресурс менен иштелип чыгат. Техникалык жана комерциялык жоготуу 25% тен кем эмес 8 фирма кошо тамакташ болуп калып, калган 10 млрд. квт.с. 7 млрд. сомго түзсө, анын 2 млрд. сомчо дебитордук карыз. Беш млрд. сом энергетиканын болгон чыгымын жаба албай 20 жылдын ичинде капиталдык жана жаңы тургузуу иштери жүрбөй толугу менен азыр электр энергия тармагы инвестор издөөдө. Инвестор тапканда да инвестор тармакты оңдогон күнү короткон каражатын кимден алат, кардарлардан алат.
Ага азыркыдай чатак чыгара алабызбы? Мисалы мобилдик телефонго элибиз 5,4 млн. болсо абоненттин саны да ошого жетип жылына 15 млрд. сом төлөйбүз.. Электрэнергияга 5 млрд.сом, бүт техника, жылуулук, жарык, керектөө ишканалар менен чарбалар ансыз эч тиричилик жүрбөйт.Мобилдик байланышка электрэнергияны болгон 0,01% кана пайдаланат, бирок техникабыз кымбат деген шылтоо менен 15 млрд. сом киреше алып казнага 1 млрд.сомго жетпеген салык берет, батыштын ставкасында 6 млрд.сомдун ордуна. Компьютер,интернет - кызматынан түшкөндү эсептебегенде.Анализдеп казнага тиешелүү салыкты да милдеттендирбейбиз.
Эгерде капиталдык, тургузуу иштерине каражат жетишкенче электр энергетикасын деңгээлге жеткире турган болсок, анда "Кара-Кече" темир жолун, Сүлүктү - Ош темир жолдорун курсак, республика аймактары арзан көмүр менен камсыз болуп жарандар жылуулука жетип ден соолуктары сакталат жана 5 млрд. сомго дарыга жылына муктаж болбойт. Электрэнергетикага республика боюнча түйшүк түшпөй ашык резерви сакталат.
Финансыны кириш эле эмес чыгыш каражатын да жооптуу милдетинде аткаралбагандыктан мамлекеттин жалпы бюджети эмес экономика - чарбачылыкка да пайдалуу проектилерди ишке ашыруунун ордуна кээ бир ишмерлердин профессионализми жетишпегендииктен мамлекеттик казнага зыян келтирүү менен жоопсуз. Мисалы: "Камбар-Ата-2" ГЭСинде Россиянын жардыруу тармагы келип плотина тургузууга эксперимент жүргүзүп, изилдөө үчүн тоону жардыруу бурулма жолу менен чала жардырып эксперименти тескери болуп калып, аткарган иши үчүн республиканы Россиядан 100 млн. долл. (4,5 млрд.сом) кредит алдырып кетти. Жооп­кер тараптан претензия болбоду. Иш чала бүттү да жок дегенде 50% төлөмүн да азайтууга барбады.
Ар тармакта ар бир изилдөө жүргүзүү эксперимент эксперментатордун эсебинен жүргүзүлөт жана эксперимент өткөрүү үчүн изилдөө жүргүзүүгө экспериментирусмыйга каражат төлөнүү жагы чечилет. Биздин тарап экспериментке каражат алуунун ордуна 100 млн.долл.,4,5 млрд.сом кредит алып берип бюджетти дагы бересеге көбөйттү. Мындай жоопкерсиздик ири чоң кредитке 2000-жылга чейин батыштан 2 млрд. доллар эсебинде 0,5 млрд. доллар техникалык кредит катары баасыз эски поколениедеги компьютерлерди таап келип керексизинен бюджеттик мекемелерге, мектептерге таңуулап таратып, күнөөлөрдөн өндүрүлбөй кредитти проценти менен бюджеттен кайтарууда.
Азыркы мезгилде мамлекеттик чыгымды азайтуу чечимде 1200 автоунаа сатууга жана бюджеттик мекемелерге таратуу жагынан 6млн. доллардын тегерегинде бюджетке пайда алууга ишенич.
Эгер ал автоунааны лотерея аркалуу утуш иштерин жүргүзүүдө 24 млн. доллар бюджетке өндүрүлсө өкмөт ашык сөзгө калбай, дагы буроонун туура эмес иш жүргүзүүсүнө жол болбойт.
Базар экономика катнашында ар бир өлкөнүн чөйрөсүндө ишмерлик, жарандардын жана жаран менен ишкана мамлекет ортосунда акча, материалдык каражат жана келишим, мыйзамды бузуу чеги биринчиден финансы өндүрүү, экономика анан административдүү, кылмыш жазасында чечилиш мамлекеттин экономика жана өнүгүшүнө таасири калыста.
Мамлекеттик социал-экономикалык стра­тегиясы биринчиден финансы каражаты менен түптөлүшү ички резерв-ресурстары аркалуу борборлоштурулган каржы тармагы аркалуу финансы-экономика жана практика жүзүндө өндүрүштү кенен түшүнгөн дирижер экономикалык көз карандыдан алыстатат жана республикада өндүрүш, пайдалуу кызмат экономика өнүүгү жагына кенен жол ачылат. Жарандар ишсиз калбай социалдык мамлекеттен кутулуп, демократикалык укуктуу мамлекет болуга экономикасы толугу менен каржылануудан кана жетет.

Аскарбек АСАНАЛИЕВ
экономист
0779 39 37 85