, 20.01.12 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Жаңы жылдык куттуктоо
өлкөбүздүн жаңы жетекчилерине арнаймын

Алмазбек Атамбаевге:
Президенттин тактысы.
Кыргыздын болсун бактысы!

Асылбек Жээнбековго:
Төраганын оруну.
Болсун, башкаруунун сонуну!

Өмүрбек Бабановго:
Премьердин эшиги
Кыргыздын болсун кешиги!

Эл журтума:
Ар ким өзүңөрдү жөндөгүлө?
Бөлүнүүнү оюнчук көрбөгүлө?
Бийликти үчөө бешкарсын.
Ыгы жок, бийлик талашкандар,
Ырыскысыз ач калсын!
Ырк кетирем дечүлөр,
Ылайым оң жагына баштансын?
Үчөөнүн тең,
жаңы орундарын куттуктайм.
Жаңы жылда келди жакындап,
А, эмне үчүн, мен унчукпайм?
Үчөөнүн тең
Жаңы Жылдарын куттуктайм.
Үчөөнүн тең Жаңы Жылдары кут болсун!
Каалаган ийгиликтери туш болсун!
Алымдуу болсун элиме,
Ак жолтой болсун жергеме!
Ынтымакты бек кармап.
Бириңди-бириң жерибе!?
Үчөөң ынтымакты, сактабасаңар,
Ысырапчылык келет -элиңе?
Ошон үчүн, ынтымакка борбор болгула!
Биримдикке, бекем чордон болгула?
Бул менин, карыгандагы сунушум.
Ынтымакты бузуучулар!
өздөрү айласын таппай курусун!
Ошентип үчөөң баш болуп биригип,
Оңдогула элиңдин турмушун.
Элде ынтымак, биримдик болсо,
Ар бири аткарат өз-өз жумушун.
Ошон үчүн, кадырман калайык,
Ар кимиңер өзүңөрдү жөндөгүлө?
Бөлүнүүчүлүктү оюнчук көрбөгүлө?
Баарыңарга, аманчылык,
барчылык каалайм?
Касиеттүү Манас, Бакай, Кошойлордун
урпактары деп баалайм.
Бул менин карыялык кеңешим.
Ашкере эмне, акылдуусуна дебессиң.
Жаңы жылыңыздар кут болсун!
Эмнени кааласаңар, баары туш болсун?!

Насир Чуйтуев,
Нарын областы




Назгүл Бейшеева

Бейшеева Назгүл - 1972-жылдын сентябрь айында Нарын дубанына караштуу Ат-Башынын Кошой айылында жарык дүйнөгө келген. 1990-жылы орто мектепти аяктаган соң Балыкчы шаарындагы индустриалдык орто окуу жайынын эмгекке үйрөтүү адистигине ээ болгон. 2002-2004-жылдар аралыгында мектепте эмгектенип, учурда борбор шаарыбызда тиггүүчүлүк кесипти аркалап келет. Бир уул, бир кыздын энеси. Жолдошу Казыбек колунан көөрү төгүлгөн уста. Назгүл бир топ жылдардан бери ыр жазып келет. Анын айрым ыр саптарына гезит бетинен орун бердик.

Элим кыргыз

Элим кыргыз-жерим бермет төгүлгөн,
Тегим кыргыз-түнүндө нур себилген.
Керемети көз алдымда дайыма,
Журттум бакыт, ырыскыга чөмүлгөн.

Элим чечен, акылы мол даанышман.
Муун келет өсүп-өнүп калкымдан.
Келечеги тамыр жайып энеден,
Ата салты Ысык-Көлдөй чалкыган.

Элим менин мээнети бар колунда,
Мээримге бай, эркелегем жонунда.
Төрү жайлоо, босогосу боз үйдүн,
Тарыхы кең дүйнө элинин тобунда.

Элим кыргыз максаты бар талабы,
Мекенге биз каалабайлы жаманды.
Салтына бек, пейилиндей улукман,
Сабыры күч намысына жарайлы.

Ырларым

Ырларым жаным белең жүрөктөгү,
Жылдардын жаштык менен күн өткөнү.
Жыл ырдын ыргагынан муун келип,
Жылмайып согот мелүүн түнөктөгү.

Ырларым калем сыя канымдагы,
Жаныма өмүр келет улам жаңы.
Жараткан дараметке көчөт эгип,
Тамырын соолутпайын мындан ары.

Ырларым көңүлүмдүн тамырыбы,
Эмизген энем берген мөл багыбы?
Туптунук кашка суудай ага берген,
Ал эне мээриминин кумарыбы?
Туу алдындагы
кош жоокер

Чабыттаган жоокерим амансыңбы?,
Чоло тийбейт жазганга арышыңды.
Желбиреген кызыл туунун так түбүндө,
Чок түшүрбөй сактагын намысыңды.

Кыймыл болбой кирпигиң денеңдеги,
Антыңдай кызмат кылгын чебиңде эми.
Ата Мекен алдында кош жоокерим,
Ийилбесин күч кубат белиңдеги.

Кызыл тууну желбиретип түндүгүңө,
Көч айланат жаз, жай, кыш, күз күнүндө.
Көкүрөккө кадалган ок тийсе да,
Көзөп өтүп тийбесин желегиңе.

Уулум Бексултанга

Сагынган сагынычым койнумдагы,
Таңгалткан максатымсың оюмдагы.
Кан болуп жүрөгүмдө жүрүп турган,
Эңсеген бакытымсың боорумдагы.

Самаган тилектерим акылдагы,
Сан жылдык сагындырган тоюмдагы.
Санаанын чырмашкан уюгунан,
Сактаган болжоп мени жорумдагы.

Атылган жүрөгүмдүн качышынан,
Агарган аткан таңдан саламдашам.
Түнүндө уктап жатсаң атаң менен,
Терезе шооласынан жыттайм барам.

Арнадым кызматымдын ак батасын,
Кааладым энеликтин бак санатын.
Калтырбай ара жолдон күтүп алам,
Канатың кайрылдыбы кара жаным.

Эмиздим ак сүтүмдүн ирибесин,
Тартуулайм күйүтү жок келечегин.
Бой жетип келе жаткан ак жолуңда,
Боз улан бүгүн сенсиң ата энеңдин.

Учугум уланаарым карбаласым,
Татына бирге өсөөр жатындашың.
Кечиргин, ата эненин сарсанаасын,
Сагында бара албайт карындашың.

Кечиктим

Кечиктим көп нерседен артта калдым,
Ак көңүл ушул мени жардылдадың.
Тең келген чечендердин агынында.
Чабылган күлүктүрдөй чыга албадым.

Кечиктим жаштык өтүп жалындаган,
Балким мен бейпил түндөй таң атыргам.
Шүүдүрүмдө "тып" эткен тамчы сымал,
Чечен кимге арналып кабылбаган.

Кечиктим-жашылданбай отуз тогуз,
Топтогон турмуштагы жолум өскүс.
Озунбай көр тирликтен чебер кенчим
Талпынат мүнөт сайын жанды койгус.

Сезипмин талант шыктын күүсүн чертим,
Чечимин өзүм үчүн кечикпепмин.
Катылган ыр дастандын булагында
Агылган тунук суудай кезипмин.




Туулган жер

Туулган жерим киндик
каным тамган жер
Турпагымдан айланайын сендеги.
Атам кайсы, энем кайсы, сен кайсы
Айралбаймын жүрөгүмөн мен сени.

Тал терек койну буралган,
Талпынып учкан уяңдан.
Максатка жетип ойлогон,
Бакытка жолум уланган.
Карматкан турмуш тизгинин,
Канатым сенсиң туулган жер.

Ак шоола түшкөн асмандан,
Аянам сени баскандан.
Туулган жер сени көргөндө,
Түшкөндөй болом асмандан,
Түркүгүм сенсиң туулган жер.

Боз үйүң түтүн өрүлгөн,
Бой жеткем сенин төрүңдөн.
Ысыгың, суугуң мен үчүн
Ырыскы мага төгүлгөн,
Ыйыгым сенсиң туулган жер.

Ай нуру түшкөн өңүңдөн,
Алдыма бакыт төгүлгөн.
Бейпилге элиң оронуп
Бешиктеп бала өңөргөн.
Алпештеп мени өстүргөн,
Ата-энем сенин өзүңдөн
Айланам сенден туулган жер.


Энеме

Ысык сууктан калкалаган керегем,
Ырас эне, таналбаймын сен элең.
Жашаганда алачыкта жамалган,
Жамгыр тынбай тамчылаган төбөмөн.

Турган кезде туш тарабың бубактап,
Түн ойгонуп бешигимди терметтиң.
Толгонбосоң карегиме ошондо,
Тоңуп калсам мен эмнени көрмөкмүн.

Кандуу согуш каптаганда жеримди,
Каптаганда ачарчылык элимди.
Кар алдынан терме терип жыңайлак,
Калкаладың талкан менен өмүрдү.

Жылаңачпыз жыртыкпыз ай дебедик,
Жыргап өстүк мээримиңде энелик.
Кантип анан эмгегиңди танамын,
Карегиме сиңип калган түбөлүк.

Намазбай Курманов,
Ак Cуу району





"Хан Белек баяны" чыгармасына
сөз сүртүм

Сабырбек Бейшембиевдин "Хан Белек баяны" аттуу чыгармасы далай талбаган издемчиликти, мээнеткечтикти талап кылган тарыхый чыгарма. "Бөрү баатыр" романынын уландысы десек да болот. Чыгарманын негизги мазмуну Ысык-Көлдөгү элдин тарыхы, калмактардан көргөн кордуктары, адам чыдагыс көкөй кести оор турмушу, малай болуп иштесе да кыргыздардын эмгегинин бааланбагандыгы, тирүүчүлүктөгү кор турмуштун адам чыдагыс абалы жөнүндө баяндайт.
Белек жөнүндө эл оозунда айтылып жүргөн тарыхый окуяларды терип-тепчип иретке келтирип, архивдерди талбай аңтар­гандыгы Бейшембиев үчүн чоң табылга болду. Тагай бийдин өмүр жолу, анын балдарынын урууларга бөлүнүшү, баскынчылардан коргонуусу, душмандарга каршы туруунун ар кандай ыкмалары айтылат. Бул чыгармада тарыхый уламыш, санжыра, ыр ыргактары менен кошумчаланып кара көздүн каймагын калпыган К. Жантөшовдун "Каныбек" романында макал-лакаптар кандай пайдаланылса Бейшембиевдин "Хан Белек" чыгармасында ошондой ыкмаларды колдонуп, чыгарманы көркөмдөгөн.
Белек туюктан жол тапкан, сөз чыйырын мыкты билген бал тилдүү дипломат гана болбостон жердин бүтүндүгүн сактоого жан аябаган адилеттүү, кара кылды как жарган калыс, сабырдуу, боорукер, кайрымдуу, ырыс алды - ынтымак деп калмактарды, кыргыздарды ынтымакка, биримдикке, ырайымдуулукка, адамкерчиликке, кең пейилдүүлүккө үндөгөн хан. Белектин ички дүйнөсү таза, кеги жок, бирөөнүн оокатына көз артпагандыгы калмактардын Кулжадагы акыркы ханы Цеван Давац өлгөндө чачылып жаткан үйлөрдөгү оока-кечелерди карап туруп жигиттерине кайрылып:
- Бүлүнгөндөн бүлдүргү албагыла!-дегени Белектин кандай хан экендигин айгинелеп турат. Белек калмак ханы болсо да калмактарда кул болуп жүргөн кыргыздарды бооруна тартып, алардын жашоосуна шарт түзгөндүгү, калмак менен кыргыздардын ортосунда достукту чыңдап, багуусуз калган калмактын балдарын тарбиялап, чоңойтуп үйлүү-жайлуу кылган. Белектин небереси Шапак калмак кызы Бүрүмдү калмак уулу Үрүмгө баш коштурган. Бирназар бийдин баласы ушундай иштерди жасаган. Чыгармада Белектин тукумдарынын элге ак дилден жасаган өрнөктүү иштерине да орун берилген.
Бейшембиевдин "Хан Белек баяны" аттуу чыгармасы жазуучу, журналист Айдарбек Сарманбетовдун, акын, улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Турганбек Жунушалиевдин элегинен өткөн. А. Сарманбетовдун "Жалганды жазбас" деген баасында: "талашта тактык, тарыхта элдик уютку жаралат" деп аяктаса, Т. Жунушалиевдин төрт куплет ырынын акыркы саптарында:
Ава, бүгүн саяпкерге окшодуң,
Токтотпогун болот калем жоргосун.
Өзүңүзгө Кудай-Таалам күч берип,
Элиңизге тарай берсин томдоруң,-
деген жакшы тилектерин тартуулайт.
Сабырбек Бейшембиевдин чыгармасына сын-пикиримди айта албасам да азын-оолак сөз сүртүмүмдү тартууладым. Акырында Турганбек Жунушалиевди туурамыш болуп, тузу кем болсо дагы кичине ыр саптарын арнамыш болдум.
Биз сыймыктуубуз баатыр Бөрү ата менен,
Кыргызым деп күйүп-бышкан
намыскөйлүгү менен.
Өмүр бою эл үчүн кызмат кылып,
Талоончулардан өч алды айлакерлик менен.

Сабырбек эмгегиң катуу эмгекчил адамсың,
Бөрү, Белекти издеп далай томду аңтардың.
Акын Турганбек Жунушалиев жазгандай,
Тээ алыска кетсин Бейшембиев деген атагың.

Мен Турганбектей калеми курч акын эмесмин,
Болгону жазганга шыгы жок
ардагердин биримин.
Көп калемгер Бейшембиевге
жакшы каалоолорун айтышты,
Мен деген Сабырбекти,
Эл сынына толгон жазуучу болсо
деген тилектемин.

Султан Турдакунов,
ардагер-мугалим,
Эл агартуунун отличниги