, 23.12.11 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

аралаш
Кетип жаткан Коён жылы Сизге эмне алып келди? Кандай окуялар менен эсиңизде калды? Босогобузга келип калган Жаңы Улуу жылга кандай максаттар менен кирип жатасыз?

Султан КАНАЗАРОВ, Өкмөт аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы:
- Ар бир жыл өзүнчө мааниге ээ, мен үчүн өтүп бараткан жыл тарыхый жыл болду. Өткөн жылда мен силер жакшы билген тарыхый инсандын жанында жүрүп иштеп калдым (экс-президент Роза Отунбаеванын пресс-катчысы болуп - ред .). Жаңы ачылыштардын, жаңы сабактардын жылы болду. Келе жаткан жылга чоң үмүт тилектер менен кирип баратам. 2012- жылы Мекенибиз чоң секирик жасайт деп ишенем, ошол жараянга жардамым тиет деп ишенем.
- А жеке жашооңузда кандай өзгө­рүүлөр болду?
- Өткөн жылы жеке жашоомо көңүл бурууга мүмкүнчүлүк болбоду. Туугандарым, үй-бүлөм, досторум баары таарынып бүтмөй болду. Тилекке каршы, кээде той топур эмес дүйнө салган адамдарга топурак салууга мүмкүнчүлүк болбой жатты. Бул өкүнүчтүү көрүнүш. Ошондуктан болсо керек, убактысын пландаштырып, жумуш менен жеке жашоону тең алып кете алган адамдарды дайым урматтайм.

Назира АЙТБЕКОВА, алпаруучу:
- Коён жылы мени таарынткан жок. Ден соолугумду чындадым. Үй-бүлөөм менен тынч, аман күндөрдү өткөрдүк. Декреттик тыныгуудан соң уулумду бала бакчага берип, КТРге кайра жумушка кирдим. Жарнамаларга, эки тасмага тартылдым. Эл аралык долбоорлор менен иштедим. Дагы сүйүндүрчү нерсе, көптөн бери көздөгөн темир тулпарлуу да болдум. Ал үчүн мен атайын машина айдаганды үйрөткөн окуу жайды бүтүрдүм. Көптөгөн дос, тааныш күттүм. Уулумдун кылыгына мас болуп, жолдошумдун ийгиликтери, кубанычы менен тең бөлүшүп дайыма бирге болдук. Үйгө керектүү көптөгөн оокаттарды алдык. Негизи эле бул жыл кызыктуу күндөргө бай болду десем жаңылышпайм. Өзүмө билинбей жүргөн таланттарым ачылды.
Ал эми келе жаткан жылга да пландар көп. Өзгөчө эл аралык деңгээлдеги максаттар. Кино жаатында, чыгармачылык жааттагы пландар бар, буюрса алдыда көптөгөн эмгектер турат. Эң башкысы, Кудай ден соолук, үй-бүлөмө амандык берсин! Анткени үй булөм - менин күчтүү командам! Баардыгыбыз биргеликте, ысык сүйүүбүз, акылыбыз, талантыбыз менен ааламды да багынталы! Элиме, жериме тынчтык, токчулук, аруулук тилейм!

Аваз Акимов, ырчы:
- Негизи жалпы эле кыргыз элим үчүн быйылкы жыл жакшы жыл десем болот, анткени былтыркы оор, кайгылуу күндөр башыбыздан өттү. Быйыл өлкөбүздө жакшы жылыштар бар деп ойлойм.
Жеке жашоомдо да, чыгармачылыгымда да кичине болсо да жылыштар болду бул жылы. Бир нече ырларымды жаздырып, жакында эле "Сагынамын" деген ырыма да клип тарттырдым. Жалпысынан быйылкы Коён жылы жемиштүү болду десем жаңылышпайм. Дагы бир мен үчүн абдан маанилүү нерсе - бул өлкөбүздүн шоу-бизнестеги жолдорун эми гана билдим десем болот. Өзүм продюссери жок иштегендиктен кыйын болчу, эми азыр ак эмгегимдин аркасында көп нерсени түшүнүп, көзүм жетип калды. Дайыма мага Сыймык атам жардам берип келген болсо, азыр өзүм колдон келишинче иштеп, өзүм аракет кылайын деп тырышып жатам.
Сүйүктүү өлкөм Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүн тилек кылам. Ар бирибиздин ардактуу ата-энелерибиз, бир туугандарыбыз аман-эсен болушсун. Анан албетте, чыгармачылыкта да көп-көп иштеп, чоң ийгиликтерге жетишсем деген ойлор бар.

Куттуктоо
Мамлекттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын 3-батальондун 3-взводунун атынан Жолдошбек уулу Нарын жалпы Кыргызстандыктарды 2012-жаңы жылы менен куттуктайт.

Урматтуу мекендештер!
Босогобузда турган жаңы жыл жалпыбызга көптөгөн жакшылыктарды алып келсин. Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, жалпыбыз үчүн кирешелүү, ак жолтой жылдардан болсун. Ар бир үйдө кут орноп, жүзүбүздөн бакыттын нуру себелеп турсун. Жаңы жылыңыздар кут болсун!

Урматтуу Газыбеков
Абдухалил Жапарович!
Сизди жана сиздин батальондогу бар­дык кызматкерлерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз. Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, эл үчүн аткарган кызматыңыздарга албан ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл барыңыздарга жакшылыктарды, ийгилик, бакыт-таа­лай алып келсин. Үй-бүлөңүздөр менен бактылуу болуңуздар!

Мамлекттик адистештирилген күзөт кызматы Башкы башкармалыгынын 3-батальонунун 3-взводунун кызматкерлери Мамбетакунов Талантбек Темировичти 6-декабрь, Назарбубаев Эрнест Талиповичти 8-декабрь, Кыдыков Кубанычбек Кубатбековичти 10-декабрь катарлаш уулдуу болуштары менен куттуктайбыз. Бешик бооңор бек болсун! Уулдарыңар кыргыз эли үчүн ак кызмат кылган, келечекте ата-энеси сыймыктанган эл уулдары болушуна тилектешпис. Өмүрлөрү узун, келечеги кең, асманы ачык балдардан болушсун!

Кесиптештери




СУЛУУЛУК ДҮЙНӨНҮ САКТАП КАЛАТ
Өткөн жума дагы бир жагымдуу окуя менен коштолду. Жердешибиз Салтанат Кожомбердиева Кыргызстандын желегин желбиретип, "Аалам сулуусу -2011" эл аралык сулуулук конкурсуна катышып келди.
Кыргызстан бул жогорку деңгээлдеги конкурста алгач жолу катышып жатканын баса белгилей кетели. Бул конкурс биринчи жолу 1985-жылы өтүп, ошондон тарта дүйнөнүн ар буручунда өтүп келет. Анын уюштуруучуларынын алдыга койгон максаты - маданияттын баалуулуктарын, аялдын сулуулугун даңазалоо.
"Аалам сулуусунун" бул жолку фестивалы Флорида штатынын Орландо курорттук шаарчасында өттү. Конкурста ар өлкөдөн 60 сулуу чогулуп, болуп көрбөгөндөй атаандаштыкты жаратышты. 2011-жылдын "Аалам сулуусу" деп Америка Кошмо Штаттарынын өкүлү табылды.
Бул конкурс өтө оор болгондугун жана ал эки күн бою созулуп, катышуучулар өздөрүн ар кандай конкурстардан сыналып өтүштү. Биздин сулуубуз "Улуттук кийим" конкурсунда кыргыз үлпөт көйнөгүндө подиумга чыгып, ал жердеги көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруп, таң калтырды.
Мындай учурда Салтанат колдоого да абдан зар болуп турду. Орландо шаарында биздин мекендештерибиз жок болгондуктан, Нью-Йорк жана Лос-Анжелес шаарларынан "Kyrgyz Clubдун" өкүлдөрү келип, Салтанатты катуу колдоп турушту. Албетте, толкундап турган Салтанатка бул да чоң күч, дем берди десек жаңылышпайбыз.
Салтанат Кожомбердиева деген ким деген суроо туулушу мүмкүн. Салтанат айым жолдошу жана эки баласы менен Лос-Анжелесте жашайт. Бирок, ал жакта жашаса да ар кандай кайрымдуулук кечелерге, салтанаттарга Салтанат айым дайыма Кыргызстандын атынан катышып келет жана аны дайыма "Kyrgyz Clubдун" өкүлдөрү сыймыктануу менен коштоп келишет.
Азаматсыңар, чет жердеги боордоштор! Алга!