, 23.12.11 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

БҮТҮНДҮ
БӨЛӨ ЧААП,
БӨТӨНГӨ УТТУРБАЙЛЫ
Тээ совет заманынан бери кыргыздын эшигин каккылап, турмушубузга аралашууга аябай катуу аракет жасап, анысынан кийинки кезде майнап чыга баштаган майрамдар көп. Алардын бири - күлкү Күнү. Бул күн мамлекеттик расмий майрамдарга деле кирбейт. Бирок жаз менен кошо келчү бул күнү бири-бирибизди алдап, шакаба чегип, аныбызга маашырлана бир жыргап күлүп алабыз... Анын эмнеси жаман дээрсиз? Маңдай жарыла каткырып күлүп алгандын эмнеси жаман болсун, "Күлкү - ден соолуктун мүлкү" демекчи, кудай ошондон айтсын. Менин айтайын дегеним башка. Кеп мамлекет тагдырын чечип, журт мүдөөсүн аткарабыз деп өлкө парламентине депутат болуп келген урматтуу депутаттардын жылына бир жолу эмес, кудайдын куттуу күнү калп айтканды, бири-бирин мындай кой, элдин үстүнөн шакаба чеккенди адатка айландырып алышканында болуп жатат. Буга көгүлтүр экрандан парламент "тамашаларын" үзбөй көрүп жүргөн ар бир эле адамдын көзү жетип калды.

Өкүнүчтүүсү, айрым депутаттардын аракети менен оюн-зоок бизнесинин тегерегинде түзүлгөн жасалма психозду көрүп туруп, азыркы ЖК эл өкүлчүгүнүн органы эмей эле ар түрдүү арты таза эмес бизнес-келишимдерди түртмөккө алган ишкерлердин офисине окшош экенине да ынанасың. Мисалы, Жогорку Кеңеш бир эле отурумунда үч окумда кабыл алып, президент кол койгон республика аймагында оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу (?) жөнүндөгү мыйзам мына ошондой мыйзамдардын бири. Чындыгында аталышындагы келегейлиги (Бүтүндөй мамлекет аймагында оюн-зоокторго тыюу салып коюуга кантип болсун!) көрсөтүп тургандай, бул мыйзам иши кылып эле анын чукул арада кабыл алынышына жетишүүнү көздөгөн тараптын сырткы жана жеке кызыкчылыктарга жетеленген катуу далбастарынын натыйжасы болду. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары башында турган топтун журтчулукка бир жактуу пикирди таңуулоо жана коомубузда чынында эле орун алган айрым көйгөйлөрдүн пайда болушун чолок түшүндүрүү аракеттери жай чилдесинде башталып, шашылыш жана чийки иштелип чыккан мыйзам Жогорку Кеңеште чагылгандай тездик менен кабыл алынып, мамлекет башчысы кол койгонго чейин басаңдаган жок. Бул маселе көтөрүлө баштаган алгачкы эле күндөрдөн тартып, мыйзамдын кабыл алынышына өтө кызыкдар сырткы күчтөр бар экендиги, анын артында кошуна Казакстандын айрым чөйрөлөрү тургандыгы жана бул максатты ишке ашыруу үчүн көп акча жумшала баштагандыгы айтыла баштаган. Кандай жол менен болсо да мыйзамдын кабыл алынышын көздөгөн тараптын мыйзам жөнүндө өкмөттүн, мамлекеттик органдардын каршы корутундуларын этибарга албаганы, Жогорку Кеңештин иштөө регламентинин жоболорун одоно бузууга барганы бул кептердин негизи бар экендигин каңкулагансыйт. Мейли, ал кептерди калп деп коёлу. Анда эмне үчүн мыйзам өтө шашылыш даярдалды?.. Мыйзамды талкуулоо жана кабыл алуу учурунда бир эмес, бир нече нормативдик укуктук актыларды жана эл аралык пактыны бузууга ким укук берди?.. Эмне үчүн мыйзам долбоорун талкуулоо тар чөйрөдө жүрдү?.. Жамгырдан кийин жайнаган козу карындардай саны өсүп бараткан, карапайым калк үчүн зыяны өтө көп болуп жаткан оюн автоматтарына биринчи кезекте тыюу салынбастан, бардык аракеттер казинолорду гана жабууга багытталышынын чыныгы себеби эмнеде?.. Казинолордун ишмердигин мамлекеттин жана коомчулуктун катуу көзмөлүнө алуунун башка жолдору талкууланбастан, эмне үчүн маселени тыюу салуу аркылуу гана чечүүгө басым жасалды?.. Айтор, ушул сыяктуу жообу жок суроолор көп.
Анын үстүнө эрте да эмес, кеч да эмес, туптуура мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынып, президентке жөнөтүлгөн учурда, президенттик шайлоо башталат деп турганда кайдагы бир аты-жыты белгисиз эркин журналисттер жана блоггерлер Ассоциациясы тарабынан өкмөттүн жетекчилигине банги зат саткандар менен байланышы бар дегендей далилсиз айып коюла калышын да биз сөз кылган сырткы күчтөрдүн биздин өкмөттүн мыйзамга кол коюлушуна ачык каршы чыгышынын алдын алуу, ага саясый басым көрсөтүү катары баалоого негиз бар.
Казакстандын буга кандай тийешеси бар дээрсиз? Кошуна өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев 2006-жылы казактын чексиз талаасында Америкадагы атактуу Лас-Вегас сыяктуу көз жоосун алган шаар куруп, ал жакка бардык оюн-зоок мекемелерин көчүрүп баруу демилгесин көтөргөн. Бирок ээн жер-эрме чөлдө шаар куруу өтө эле кымбатка тураарын, курган күндө да азыркы кездеги коммуникациянын төмөнкү деңгээлин эске алганда, ал шаардын келечеги болбосун айткан адистердин кебине муюп, Назарбаев өзүнүн "Вегасын" Алматыдан 80 чакырым алыс жайгашкан, Бишкектен чыккан адам жакшы автомашинага олтурса, 30-40 мүнөттө жетип бара турган Капшагай суу сактагычынын оң жээгинде курууга киришкен. Ал кезде Казакстан боюнча бардыгы болуп 141, ал эми Алматыда 37 казино бар болчу. Ошол эле жылы "Оюн-зоок бизнеси жөнүндө" мыйзам кабыл алынат. Анын жоболоруна жана президенттин жарлыгына ылайык мындан ары оюн-зоок бизнеси менен шугулдангысы келбеген мекемелердин башка бизнеске өтүшү үчүн шарт түзүүнү мамлекет өз мойнуна алган. Андан тышкары Астана жана Алматы шаарларынын акимдери бул шаарлардагы казинолордун жабылышына байланыштуу бюджеттин жоготууларына жол бербөө жана буга чейин бул мекемелерде иштегендерди башка жумуш орду менен камсыз кылуу боюнча бүт чараларды көрүүгө милдеттендирилген. Айырманы байкадыңызбы: Кыргызстан бүтүндөй бир тармакты жоюп салды да, он миңден ашуун адамды көчөгө таштап койду, ал эми байманасы кудайга шүгүр дээрлик Казакстан оюн-зоок бизнесин канатынын алдына калкалап, адамдарды камкордугуна алды.
Бирок, "Москва бир күндө курулган жок" демекчи, казак баурдастардын максатын ишке ашырууга дагы бир нече жыл керек. Азырынча казакстандык оюн-зоок бизнесинин операторлорунун иши жакшы жүрбөй турган кез. Капшагайда бир-эки казино түзүк иштеп жатканы менен калган жүзгө чукул оюн-зоок мекемелери улам колдон колго өтүп, иштери жылбай турат. Иштин өр алып кетишине, биринчиден, жаңы жердеги жаңы турмуш себеп болсо, экинчиден, Кыргызстанда мыйзамдардын либералдуулугу жана өлкөгө кирип-чыгуу жеңил экендиги, Алматы менен Бишкектин ортосундагы аралыктын жакындыгы себеп болууда. Эксперттердин пикири боюнча, буга Бишкектеги оюн-зоок мекемелеринде иштеген менеджерлердин жөндөмдүүлүгү бир кыйла жогору. Алар мамлекеттин колун карабай, инвестициялар жокко эсе жана рынок чектелүү болсо да, казак экспансиясына туруштук берип, чет өлкөлүк капчыктуу оюнчуларды тарта билишкен. Ошондуктан Борборазиялык Эркин рынок Институтунун (CAFMI) изилдөөсү көрсөткөндөй, Кыргызстандагы казинолорго келип-кетүүчүлөрдүн 70 пайыздан ашууну четтен келгендер - Казакстандын, Россиянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн жарандары. Алар жыл сайын республикага оголе көп накталай валюталарды алып келишүүдө, анын жалпы суммасы Кыргызстанга келип жаткан кыйыр инвестициялардын көлөмүнө барабар. Ал эми Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун маалыматы боюнча, казинолорго барып жүрүшкөн биздин мекендештерибиздин үлүшү казинолордо байма-бай ойноп жүргөндөрдүн бир гана пайызын түзөт экен.
Эркин рынок Институту сурамжылагандардын 90 пайыздан ашууну оюн-зоок мекемелерине тыюу салынганы менен алардын көпчүлүгү жашыруун иштөөсүн уланта берет деген пикирди айтышканы эмнени каңкуулайт?.. Адистердин баамында, мыйзам күчүнө кирген соң ар кайсы шаарлардын жертөлөлөрүндө, жака-белдеринде көмүскө оюн-зоок жайлары жайнап, анда айланган чоң акчалар бир ууч криминалдык чөйрөдөгүлөрдүн капчыгын кампайтат, активдешүүсүнө жол ачат, алардын кирешеси эселеп өсөт. Кумарпоздук мамлекеттин, коомчулуктун көзөмөлүнөн жылмышып чыгып, бул илдетке чалдыккандардын саны эселеп көбөйүп, "ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" демекчи, кылмыштуулук өсүп, коомубузга кедергиси тийет. Көмүскөдөгү оюндарга айрым таза эмес мамлекеттик, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү айгак болушуп, бул чөйрөнүн корупцияланышы күчөйт. Анын үстүнө кабыл алынган мыйзам казинолорду гана жабууга багытталган, кумар оюндарынын эң эле кеңири тараган түрлөрү болгон автоматтык оюндар, букмекердик конторалар менен тотализаторлордун иштөөсүнө тыюу салбайт. Ошол эле учурда жогоруда аталган Эркин рынок Институту сурамжылаган 300 ашуун респонденттердин жарымына чукулу казинолорду эмес, оюн автоматтары орнотулган залдарды жабуу керек деп эсептейт, 80 пайызы оюн автоматтарынын социалдык жактан эң эле зыяндуу экендигин белгилеген.
Оюн-зоокторго тыюу салынган мыйзам кабыл алынган 1998-жылы да так азыркыдай кемчиликтер кетирилген, бүгүн биз ошол эле каталыктарды кайрадан кайталаганы турабыз. Мыйзамды кабыл алуу учурунда Мыйзамдын зыяндуу жактарын так далилдер, күчтүү аргументтер менен негиздешкен көз каранды эмес эксперттерди, бул тармакта эмгектенишкен адистерди мындай кой, мамлекеттик органдардын аттуу-баштуу жетекчилеринин да пикирлери эске алынган жок. Алардын айтымында, мыйзам Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылбайт, тескерисинче, кабыл алынган бул мыйзам өлкөдөгү инвестициялык маанайга терс таасир этип, жаңы инвестициялардын келишине жана туризм тармагынын өнүгүшүнө бөгөт болот. Мыйзамдын күчүнө кириши менен кошуна Казакстандын Капшагай өрөөнүндө жайгашкан оюн-зоок мекемелери чоң утушка ээ болуп, андагы бир нече жылдан бери анчалык өнүгө албай келген бизнес дүркүрөп өсөт.
Мамлекеттик Салык кызматынын жана Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып жүргүзүлгөн Борборазиялык Эркин Рынок Институнун (CAFMI) изилдөөсү көрсөткөндөй, оюн-зоок ишмердигине тыюу салуудан мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү 16 млрд. сомго өсүшү мүмкүн. Толук эсебин алуу мүмкүн болбогондуктан, бюджеттин кыйыр чыгымдары буга кирген жок. Демек, мамлекеттик бюджеттин чыгымдары мындан да бир кыйла жогору болушу мүмкүн. Жумуштан бошотулгандарга өлкө мыйзамдарына ылайык мамлекет тарабынан төлөнүүчү жөлөкпулдун жалпы суммасы 20 миллион 360 миң сомго жетет. Мындан тышкары Граждандык кодекстин жоболоруна ылайык оюн-зоок ишмердигине тыюу салууга байланыштуу мамлекет бардык чыгымдардын ордун толтурушу керек. Айрыкча 10 жылга эсептелген лицензиялардын мөөнөтү аяктаганга чейин алынбай калган кирешелер (упущенная выгода) 10 миллиард сомдон кемибеген сумманы түзөт. Капиталдык салымдардын ордун толтуруу үчүн 2-3 млрд. сомдон ашык каражат талап кылынат. Жыл сайын республиканын казынасы 520 миллион сомдон кем эмес каражаттан куржалак калат. Мына ушундай терс натыйжалардын алдын алуу жана анын кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтуу максатында республика өкмөтүнүн кабыл алынган мыйзамды аткаруунун ийкемдүү жолдорун табуу үчүн азыркы кезде жасап жаткан кадамдары колдоого арзыйт.
Тилекке каршы, мыйзамдын демилгечилери казинолордон түшкөн жарым миллиард сомду арзыбаган сумма катары көрүшөт, аны башка булактардын эсебинен деле жаап койсо болоорун айтышат. Экономист-эксперттердин ою боюнча, бул түп тамырынан туура эмес мамиле. Балким, 500 миллион байманасы ашып таша элек Кыргызстан үчүн да анчалык деле көп акча эместир. Бирок маселеге башка өңүттөн карап, казинолордон чындыгында канча каражат тапса болорун талдап көрүүгө эмне үчүн болбосун? Адистердин айтымында, бул тармактан түшкөн кирешени дагы көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр толтура экен. Мисалы, белгилүү экономист Жумакадыр Акенеев мындай дейт: "Оюн-зоок жана көңүл ачуучу комплекстердин Ассоциациясы казинолордон түшкөн кирешелерден төлөнүүчү салыктардын көлөмүн 1 миллиард сомго жеткирүүнү сунуштап жатышы көңүл бурууга арзыйт. Менимче, экономика маселелерин жакшы түшүнгөн өлкөнүн жаңы шайланган президенти кабыл алынган мыйзамды кайра карап чыгуу демилгесин көтөрүшү мүмкүн".
Чынында тажрыйбалуу экономист айтмакчы, жаңы шайланган президент, парламент жана өкмөт 2012-жылдын 1-январына чейин лицензия алышкан ишкерлерге ушул мөөнөт бүткөнчө иштөөсүнө уруксат берүү жөнүндө саясий чечим кабыл алышса туура болмок. Ошондо "Оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы бир жактуулукту четтетүү максатында ага оюн автоматтарына тыюу салуу, казинолордун ишмердигине талаптарды күчөтүү чараларын, алардын ишин жөнгө салуу боюнча натыйжалуу ыкмаларды камтыган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолдорун адистер жана коомчулук менен биргелешип, кенен-кесири талкуулоого шарт түзүлөт эле. Маселен, Кыргызстандын жарандары үчүн казиного кирүү акысын бир кыйлага көтөрүүнү, 25 жашка чейинки жарандарга казиного кирүүгө тыюу салууну мыйзамдаштыруу зарылдыгы бышып жетилди. Казинолордун ишмердигин социалдык тармакты колдоого багыттоо боюнча да атайын беренелер керек. Бул максатта акчалай кор түзүүгө, анда чогулган каражаттарды кары-картаңдар менен балдар үйлөрүнө жана башка социалдык мекемелерге жардам көрсөтүү максаттарына сарптоого ар бир казинону милдеттендирген беренелерди киргизүүгө, казино ээлеринин кумарпоздукка берилип кеткен адамдарга жана алардын жакындарына милдеттүү түрдө психологиялык жардам көрсөтүүсүн мыйзамдаштырууга эмне үчүн болбосун?..
Кандай болгон күндө да, бул маселеге олуттуу мамиле жасоо менен ийри олтуруп, түз кеңешип, ар тараптан салмактанган чечим кабыл алуу зарылдыгы бар. Антпесек, бүтүн нерсебизди бөлө чаап, бөтөндөргө уттураарыбыз бышык.

Адилет Өмүркулов