п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
Энергетикалык түйүндүн
иштен чыгышы иликтенет
Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын айрым аймактарында электрдин үзгүлтүккө учурашына алып келген аварияны атайын комиссия иликтей турган болду. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, үч өлкөнү жарык менен жабдыган бирдиктүү энергетикалык түйүндүн иши акыркы эки күндө бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. Натыйжада Казакстандын түштүк аймагы, Өзбекстандын айрым бөлүгү жана Кыргызстандын түндүгүндө электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. Соңку авария 21-декабрь кечке жуук катталып, Кыргызстан түндүгүнө чектөө киргизилген. Натыйжада үч өлкөнүн адистеринен турган комиссия Ташкенде иликтөө жүргүзүп, энергетикалык түйүндүн эмне үчүн иштен чыкканын аныктап чыгууга тийиш.

АКШ базасынан Кыргызстанга
1,4 миллиард доллар түштү
Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спартлен шаршемби күнү "Манас" аба бекетиндеги мурдагы америкалык аскерий база, азыркы транзиттик борбор иштей баштаганынын он жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн учурунда билдирген. АКШ элчиси белгилегендей, "Манас" аба бекетиндеги база Ооганстандагы терроризмге каршы күрөштө маанилүү роль ойноду. Ал аркылуу соңку он жыл ичинде Ооганстанга кирген же андан чыккан аскерлер саны эки миллионго жетет. База ошондой эле операцияга тартылган аскерий учактарды күйүүчү май менен камсыздоо үчүн да кызмат кылууда. Кыргызстандын азыркы президенти Алмазбек Атамбаев ырасмий Бишкек транзиттик база боюнча учурдагы келишимди карманарын билдирип, бирок мөөнөтү бүткөндө ал узартылбай калуусу мүмкүн экенин ишара кылган. Келишим мөөнөтү 2014-жылдын июнь айында аяктайт.
Кыргызстан да мүчө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун президенттери 20-декабрда, Москвадагы саммитте уюмга кирген өлкөлөрдө башка, үчүнчү мамлекеттердин аскерий базалары ЖККУнун макулдугу менен гана жайгашуусун караган чечим кабыл алды.

Суталинов тергөө абагында
7-апрель окуялары боюнча айыпталып жаткан Мурат Суталинов дале УКМКнын тергөө абагында камакта жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкан. Маалыматка ылайык, Суталинов "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген жүйөө менен өткөн аптада тергөө абагына алынган. Биринчи май райондук соттун чечими менен эки айга камакта болмокчу. Мындан улам УКМК, апрель соту менен Суталиновдун "чек арадан мыйзамсыз өтүшү" боюнча козголгон иш эки башка экенин билдирүүдө.
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов 7-апрелдеги ок атуулар боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн. 14-декабрда Суталинов соттук жараянга келип, сот аны үй камагына чыгарган. Эки күндөн кийин аны УКМК камакка алган болчу.

Бишкекте жаңы жылдык
жарманкелер өтөт
Бишкекте 24-25-декабрь күндөрү Асанбай, Жал кичи райондорунда жана Цирктин жанында айыл чарба өнүмдөрүнүн жарманкеси өтөт. Шаардык мэриянын маалымат кызматынын билдиришинче, иш-чара Чүйдөгү дыйкандар менен биргеликте өткөрүлүп жатат жана анда жер-жемиш, мөмө-чөмөнүн баасы базардагыдан арзан болот. Мэриянын жана Монополияга каршы мамлекеттик комитеттин кызматкерлери бааларды такай көзөмөлдөп турушмакчы.

Ошто үй-жайсыз 6 адам
сууктан каза тапты
Суук түшкөндөн бери Ош шаарында үй-жайсыз 6 адам көчөдө каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков маалымдады. Анын айтымында, ушул тапта үй-жайсыз кишилердин санын тактоо максатында "Көчө" аттуу рейд жүрүп жатат. Кечэ башталган иш-чарада 48 үй-жайсыз адам катталып, алардын бармак издери алынды жана аты-жөнү такталды. Бүгүн болсо алардын саны 100дөн ашканы айтылууда. "Рейддин алкагында үй-жайсыз кишилерге бир маал тамак берилет, кайдан келгенин аныктайбыз. Анан кайра коюп жиберебиз. Башпаанек бергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок. Рейд аркылуу көчө кылмыштарын азайтууну көздөгөнбүз ", - дейт Замирбек Сыдыков. Президенттик балатыга 800дөн ашык окуучу катышат
Президенттик балаты 28-декабрда Улуттук опера жана балет театрыныда өтөт. Билим берүү министрлигинин билдиришинче, балатыга олимпиаданын жеңүүчүлөрү, окуунун мыктылары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана апрель, июнь окуяларында ата-энелеринен айрылган балдар катышмакчы.

"Бета Сторестеги" чатак
26-декабрда каралат
"Бета Сторес" супермаркетиндеги чатак боюнча соттук иш котормочулардын жоктугуна байланыштуу 26-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу Орузбаеванын таламын талашкан жаштар уюмдарынын өкүлү Мавлян Аскарбеков "Азаттыкка" кабарлаган. Анын айтымында, кечээ Биринчи май райондук сотуна айыпталуучу Гүнеш Йылмаз алынып келингени менен, тилмечтин жоктугунан жараян үзгүлтүккө учурады.
Чолпон Орузбаева ушул жылдын июнь айында ур-токмокко кабылган. Сатуучу кызды сабады деп "Бета Сторестин" кызматкери, түрк жараны Гүнеш Йылмазга айып тагылган. Райондук милиция Йылмазды камакка алыш керек десе, шаардык сот тил кат алып коё берген болчу. Йылмаз ошол бойдон издөөдө жүрүп кыргыз-казак чек арасынан кармалган. 14-октябрда казак полициясы аны кыргызстандык милицияга өткөрүп берген. Бирок Гүнеш Йылмаз өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

Эркеч-Там жолунда калган айдоочуларга куткаруучулар жөнөп кетти
Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунда калган айдоочуларга жардам берүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук куткаруу отрядынан он куткаруучу, министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы жана Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы кечээ жолго чыгып, түнкү бирде жолдун 218-чакырымында түнөп калып, бүгүн кайра жол тартышты. Ушул тапта унаа жол убактылуу жабык. Жол тазалоого эки кар тазалоочу Унимог, Супра жана бир жүктөгүч тартылган. Тоң-Мурун ашуусунда 28 оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.

Быйыл кант кызылчасы көп жыйналды
Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасы кеминде 26 миң тоннага көбүрөөк жыйналды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Айыл чарба министрлигинин Сапатты өнүктүрүү жана тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүм жетекчиси Жумабек Асылбеков кабарлады. Маалыматка ылайык, быйыл Чүй облусунда 161 миң тоннадан ашык кант кызылчасы жыйналып алынды. Былтыр бул көрсөткүч 137 миң тоннаны гана түзүп турган. Ушул тапта жыйналган кызылчаларды иштеп чыгуу аяктап калды. Мынча көлөмдөгү кант кызылчасы Кыргызстандын кум шекерге болгон муктаждыгынын 20 пайызга чукулун камсыз кылмакчы.
"Азаттык" маалымат сайты







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??