п»ї
кеңеш
ЖАҢЫ ЖЫЛГА СЫР-КЕҢЕШ
Жаңы 2012-жылга саналуу гана күндөр калды. Келе жаткан суучул кара улуу жылынын бир өзгөчөлүгү - көптөгөн ой-тилектер ишке ашат, жакшы иштер үчүн сый-урматка бөлөнүп, тескерисинче туура эмес жолдогулар жазаланат. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам эмеспи. Чыдамсыздык менен күткөн бул күн жагымдуу маанай тартуулап, майрамдык дастаркондо жакшы каалоо-тилектердин коштоосунда өтөт. Жаңы жылды кандай тоссоң, жыл аягына чейин ошол маанай сени коштоп жүрөт деп айтылат эмеспи. Андыктан, Жаңы жыл тууралуу маалымат менен бирге бир аз кеңеш бере кетүүнү туура көрдүк.


Кенендикти сүйгөн Улуу

Сааттын жебелери он экини кага электе жаңы жылдык шаңдан бир аз четтеп, чын жүрөгүңүз менен жашооңузга жакшы окуяларды тартуулап, узап кетип жаткан Коён жылына ыраазычылык билдирип, жашылча жеп коюңуз. Бул Сиздин ага болгон сыйыңызды тастыктайт.
Саат 12 болуп, шампан атылып, салют бериле баштаган соң, оюңузду позитивдүү нерсеге буруп, чын ниетиңизден ак бата, каалоо-тилектер менен Жаңы Улуу жылын тосуп алыңыз.
Улуу заманбап, шайыр обондуу ырларды жактырат, ошондуктан жаңы жылдык маанайды музыканын коштоосунда тоссоңуз ашыкча болбойт. Улуу кенендикти каалайт, мындан улам астрологдор майрамды ачык, кенен мейкиндикте тосууга кеңеш беришет. Жалкоолукту сүйбөгөн жаңы жыл шайыр, позитивдүү, энергиясы ашып-ташып турган адамдарды баалайт, андыктан жаңы жылды эмоцияга бай, күлкүгө толгон оригиналдуу кылып өткөрүүгө баардык аракетиңизди жумшаңыз. Улуу - бул мификалык жандык, ушунусу менен башка жылдардан айырмаланат. Астрологдордун айтымында 2012-жылы адамдарга канчалык жакшы мамиле кылсаң, акыбети андан да көп өлчөмдө өз башыңа келет экен.

Ийгиликти чакырган кара түс

Эгерде 2012-жылы Сизди жалаң гана ийгилик коштосун десеңиз, жаңы жылдын түнү жаркылдап гана жүрүүңүз керек. Албетте, бул түнү өзгөчө айымдар өзүнүн келбетине, кийимине көңүл буруусу абзел. Жаңы жылдык көйнөк кара жана алтын түстө болоорун астрологдор аныкташкан. А жалпысынан келээрки жылда ачык түстөгү кийим-кечеге басым кылынат. Эгерде жалаң кара түстөгү көйнөк кийгенди каалабасаңыз, көйнөктө жок дегенде кара жана алтын түстөрдүн бир атрибуту болсун. Мындан сырткары, Улуу зергер буюмдарын да абдан жакшы көрөөрүн унутпаңыз.

Үйдүн жасалгасы

2012-жыл суучул Улуунун жылы болгондуктан, үй жасалгалоодо суунун белгилерин да колдонуңуз. Мисалы, үйдүн ар жерин деңиз жылдыздары, балыктын сүрөттөрү, деңиз үлүлү менен кооздосоңуз болот. 2012-жылдын кожоюнунун көңүлүн бурам десеңиз көрүнүктүү жерге кичинекей ажыдаар оюнчугун коюп коюңуз. Эскерте кетели, ал оюнчук жыгач, хрусталь жана керамикадан жасалган болуш керек. Улуунун негизги атрибуту болгон шамды да унутка калтырбаңыз.

Жаңы жылдык дастаркон

Бул күнү баардык диета дегенди унутуп, ар түрдүү тамак-аштарды жасаңыз. Айрыкча, Улуу ачуу калемпирлүү тамактарды баалайт. Албетте, балык болбосо окшобой калат, андыктан жаңы жылдык дастарконго стерлядь, форель жана кета балыктары жарашат. Улуу тамак тандабайт, демек жаңы 2012-жылдын менюсун түзүп жатып, болгон ашпозчулук фантазияңызды колдонуңуз. Бир гана эскерте кетүүчү нерсе, жаңы жылдык дастаркондо дүкөндөрдөн сатып алынган жарым фабрикаттар болбосун, анткени 2012-жылдын кожоюну табигый гана азыктарга басым кылат жана алардын баардыгы эң жакшы сорттогу, жаңы болууга тийиш. Жаңы жылдык тамак-ашка ашкабакты колдонууну да унутпаңыз, анткени ал Улуу жылында дастарконуңузга ырыскы алып келет.
Сиздин назарыңызга, урматтуу окурман, бир нече жаңы жылдык рецепт менен бөлүшө кетели.

Улуунун сүйүктүү азыктарын камтыган Грек салаты

Керектелүүчү азыктар:
o 0,5 кг. картошка
o 700 гр. тооктун төш эти
o 250 гр. жашыл буурчак
o 2 чай кашык оливка майы
o 1/2 чай кашык паприка
o 300 гр. черри помидору
o 1/2 стакан оливка
o 2 сууга бышырылган жумуртка
o 1 байлам салат жалбырагы

Соус үчүн:
o 1 аш кашык майдаланган жашылча
o 1/3 стакан оливка майы
o 1/2 чай кашык туз
o 1/4 чай кашык кара мурч
o 2 чай кашык горчица
o 2 аш кашык кызыл шарап уксусу

Жасалуу ыкмасы:
Табага бир аз суу куюп, ага тегерек кылып тууралган картошканы жумшаргыча демдеңиз. Андан соң аны муздак сууга чайкап аласыз. Ушул эле жол менен буурчакты да даярдап алыңыз. Тоок төшүнүн этине туз жана паприка кошулган оливка майын сүйкөйсүз. Аны пергамент кагаз менен жаап, духовкага бышырасыз. Соусту баардык керектелүүчү азыктарды жакшылап аралаштырып даяр кылып коюңуз. Анан, идишке салат жалбырагын төшөп, үстүнө тоокту коёсуз, четтерине картошка, буурчак, помидор, оливка жана тең бөлүнгөн жумуртканы фантазияңызга жараша кооздоп тизип, үстүнө соус куюп коёсуз. Грек салаты Улууга гана жакпастан, дастарконуңуздун көркүн ачат деп ишендире кетели.

Салтка айланган тамак-аштардын катарында өзгөчөлөнүп турган бир башка даам болгону эң жакшы. Мисалы, улуунун дастаркондо турганы жагымдуу көрүнүш болоору талашсыз, андан да бул абдан ширин жана бат жасалат. Андыктан "Кичинекей Улуу" татымын да даярдоо ыкмасын сунуштайлы.

"Кичинекей Улуу" татымы

Керектелүүчү азыктар:
o 3 жумуртка
o 6 чай кашык икра
o 50 гр. ээритилген сыр
o Укроп

Жасалуу ыкмасы:
Жумуртканы сууга бышырып, кабыгын тазалап экиге бөлүп, сарысын өзүнчө алып эзиңиз, ага майдаланган укроп жана сырды кошуп аралаштырыңыз. Жумуртканын агынын чуңкуруна икра толтуруп, анын үстүнө даяр болгон укроп - жумуртка сарысы - сыр аралашмасынан ажыдаардын башын жасап, жайгаштырасыз. Бадыраңдан кулак жана көздөрүн, каректи болсо кара мурчтан, а уясын укроптон жасайсыз.

Белектер...

Албетте, майрам күнү жакшы көргөн жакын адамыңызды кубандырып, белек тартуулаганга эмне жетсин. Бакыттын жана ийгиликтин белгиси болгон Улуу жаңы жылдык белектер да ага байланыштуу, аны эске салып тургандай болуусун каалайт. Мисалы, айымдарга ажыдаар кулону менен алтын шуру, а мырзаларга ажыдаардын айкелин, болбосо анын логотиби менен капчык белек кылган ылайык. Кандай гана белек болбосун анда Улуунун элеси, же кандайдыр бир ага тиешеси бар белги болсо өзгөчө жагымдуулукту жаратат.
Ошентсе да "адам көңүлү гүл" демекчи, мейли ал кымбат баалуу буюм болобу, же бир тал гүл болобу, же колун кармап, жүзүнөн сүйгөн жылуу сөз болобу эң негизгиси, чын пейилинен чыккан болсо ал сөзсүз түрдө адамдын жүрөгүнөн орун таап, бактылуу мүнөттөрдү тартуулаары анык.

Урматтуу окурман, келе жаткан жаңы 2012-жыл жалаң гана жакшылыктын, бейпилдик, молчулук, токчулуктун жылы болсун. Ар бир үйгө ырыс, бакыт консун. Элибиз ынтымакта, жерибиз тынчтыкта, өркүндөй берсин демекчибиз.
Жаңы жылыңыздар менен!

Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??