п»ї
Айтматовду ырчылар окушабы?
12-декабрь - ак калпак кыргыз элин ааламга тааныткан улуу ойчул, гуманист, эл аралык аренада кыргыз элинин түбөлүктүү сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү эле. Алп калемгердин туулган күнүнө арналган жумалыкты утурлай чыгармачыл чөйрөдөгү адамдарга "Акыркы жолу Айтматовдун кайсы чыгармасын окугансыз?" - деген суроо менен кайрылып көрдүк.


Каныкей Эралиева:
"терең ойлору жакты"
- Акыркы жолу "Тоолор кулаганда" чыгармасын окугамын. Бул чыгармада адамдын жан-дүйнөсүнүн кыйрашы чагылдырылган. Жалпысынан андагы философиялык терең ойлор мага жакты.



Нуриса Абазова:
"Делбиримди" жактырам"
- Акыркы жолу Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" чыгармасын окугам. Андан бери деле 5-6 жыл өтүп калды. Мындан тышкары "Жамийла", "Делбирим" деген чыгармаларын жактырам.


Ырыскелди Осмонкулов:
"Жаш куракка жараша кабыл алат экенсиң"
- Азыркы учурда "Жамийласын" окуп жатам, экинчи жолу окуп жатышым. Айтматовдун чыгармаларын ар бир куракта ар кандай түшүнөт экенсиң. Мисалы "Жамийланы" биринчи окуганда түшүнбөй калган жерлеримди түшүнүп, ар бир диалогдон таасирленип окуп жатам.Анын чыгармалары абдан терең болгондуктан бир жолу окуп чыгып баарын түшүнүү абдан кыйын. Мисалы мен "Тоолор кулаганда" романын бир жолу окуп чыгып түшүнбөй калдым. Жарымын түшүнсөм деле жакшы болмок,тилекке каршы анда катылган ойлорду чече албадым.Толук түшүнүү үчүн кыргызчасын дагы окуш керекпи, же Айтматовдун жашындай жашка келиш керекпи биле албай турам.


Омар:
"Адамдардын арасында да мындай мамилелер бар"
- Бүгүнкү күндө "Тоолор кулаганда" деген чыгармасын окуп жатам, жарымына келип калдым. Аягына чыгара албай жатам. Себеби, кыргызча окуп жатттым эле, которулушу бир аз оор тил менен жазылыптыр. Ошондуктан орусчасын алып окуйун деген ойдомун, көбүрөөк түшүнүктүү болот болушу керек. Чынын айтсам мектептин программасы менен эле болуп көп окуган эмесмин, бирок баарын дебесем да айрымдарын окудум. "Тоолор кулаганда" романында мага жаккан жери жаныбарлардын арасындагы мамилелерди жеткиликтүү бере алган. Мисалы чыгармадагы ургаачы барстын башка барска кетип калганы, Жаабарстын жалгыз калган жерлери мага аябай кызыктуу болду. Адамдардын арасында мындай мамилелердин бар экенин элестете алабыз, бирок жаныбарларда мындай нерсе бар экенин мен биринчи жолу окуп жатам.


Салима Балтаева:
"Айтматовдун китебинин көчөдө калышын каалабайм"
- Акыркы жолу кайсы чыгармасын окуганымды эстей албай жатам, себеби Айтматовдун чыгармаларын окуй элегимде он жылдай болуп калды. Бирок "Жамийланы" аябай көп окугам. 10-классты бүтүп жатканда дил баян жазууда "Жамийла" туш келип калганда абдан сүйүнгөм. Мугалимим жазган дил баянымды окуп: "Сен эмне жаттап алгансыңбы, өз сөзүң менен жазбайсыңбы!" - деп урушкан. Себеби мен аны ошончолук көп окугандыктан жаттагандай болуп калыптырмын. Моюнга алыш керек көптөн бери китеп окуй элекмин, бирок мүмкүнчүлүк болуп калса окуйм деп жаңы чыккан китептерди сатып алып коё бермей адатым бар. Айтматовдун китептери көчөдө сатылып турса эскилигине карабай алып коём, анткени ал адамдын китептеринин көчөдө калышын каалабайм.


Илияз Андаш:
"Китеп көп окубайм"
- Мен башынан эле, мектепте окуп жүргөндө дагы китеп окуудан алыс болчумун.Окуганга караганда көргөнгө көп аракет кылам. Ошондуктан Чыңгыз Айтматовдун бир дагы чыгармасын окуган эмесмин. Бирок анын чыгармаларынын негизинде тартылган баардык кинолорду көрүп чыккам. Мен өзүм көп окубайм, окууга келгенде жалкоомун.


Гүланда:
"Китеп окуганга убакыт жок"
- Мектепте окуп жүргөндө эле окубасам, андан бери окуй элекмин. Айтматовдун акыркы чыгармасын акыркы жолу окубагыныма көп болуп калды окшойт. Чынын айтайын, чыгармачылык менен, үй жумуштары, өзгөчө кызым менен алек болуп китеп окуганга убакыт жок. Бирок мектеп программасындагы баардык чыгармаларын окугамын.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??