п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

ЖК депутаты Айнуру АЛТЫБАЕВА:
"20 ЖЫЛДА ТҮПТӨГӨН СИСТЕМАНЫ БИР ЖЫЛДА ЖОГОТУШ МҮМКҮН ЭМЕС"
Мындан эки жыл мурда "Кыргызстан аялдары" партиясынын төрайымы менен маек куруп, алдыдагы көйгөйлөрүн, максаттарын угуп, Айнуру эженин аял экенине карабастан жаркын келечек үчүн күрөшкөн, өлкөдөгү акыйкатсыздыкка чыдабаган адам катары тааныгам. Былтыр парламенттик шайлоодо депутат болуп шайланганында, парламентте таза, чындык үчүн күрөшкөн адамдар бар экендигине кубандым. Депутаттык кызматта бир жыл аралыгында кандай иш-аракеттер жасалгандыгы, саясат жана жеке жашоосу тууралуу "Ар намыс" партиясынын депутаты АЛТЫБАЕВА Айнуру Тойчиевна окурмандар менен ой бөлүшөт.

- Айнуру Тойчиевна, Сиз өзүңүз "Кыргызстан аялдары" партиясын жетектеп келдиңиз, эмне үчүн партиялардын арасынан "Ар намыс" партиясынын катарына кирдиңиздер?
- Өзүм экономист-финансист­мин, өзүмдүн карьерам жакшы эле келе жаткан, бирок 2003-, 2004-жылдары миграция маселелери түштүктө башталган. Ошондо бир топ балдар үйдө кароосуз калган, ошолорго жардам берүү максатында "Аялдар кеңеши" коомун түзүп, үй-бүлөлүк типтеги "Алтын уя" балдар үйүн түздүк. Ошол кезде биз абдан кыйналдык, чиновниктер тоскоолдук кылышкан, эч ким кабыл албай дегендей. Андан кийин 2005-жылдын март окуялары болгондо биз дагы Ош, Жалал-Абад шаарларында активдүү катыштык. Ал кездеги парламентте жалаң гана эркектер болгон, анан мен коомдун 51 пайызын аялдар түзгөн соң Жогорку Кеңеште алардын өкүлдөрү болуш керек деп эсептеп, ал кезде Конституциялык реформа башталды, ага катышабыз деп "Кыргызстан аялдары" партиясын түзгөнбүз. Биз көптөгөн тармактарга сунуштарды киргизип, анын баардыгы бүгүнкү күндө ишке ашты. Быйыл эми V- чакырылыштын курамына кирип отурам. Эсиңизде болсо керек, 7-апрелден кийин бир топ аялдар бейөкмөт уюмдарды, жаштардын бейөкмөт уюмдарды Кыргызстандын биримдиги үчүн деп биригип, бир кыймыл түзгөнбүз. Шайлоо алдында 120дан ашык партия каттоодон өтүп, алар менен бир топ саясий кеңешмелерди өткөрдүк. Анын натыйжасында баардык партиялардын бирдиктүү, идеологиясы бир, программасы бир экенин түшүнүп, а эмне үчүн ар башка партия болуп бөлүнөбүз, 120 партиянын ордуна күчтүү бир саясий партия түзөлү деп чечтик. Кийин шайлоого чыккан партиялардын арасынан биз "Ар намыс" партиясын тандадык. Бул абдан тажрыйбалуу, он эки жылдан бери өлкөбүздүн саясий аренасындагы партия, ошондуктан бир нече партиялар, коомдор биригип "Ар намыс" партиясына кирүүгө чечим кабыл алдык.

- Биримдик үчүн тажрыйбалуу "Ар намыска" кошулдук деп жатасыз, азыр "арнамысчылардын" ынтымагы кетип, экиге бөлүнүп, эки лидер менен иштешип жатасыздар. Мунун себеби эмнеде?
- Туура, фракциябыз чындыгында экиге бөлүнүп калды. Бирок мен мындай деп айтаар элем, былтыр биз официалдуу түрдө коалиция түзүлгөндөн кийин оппозицияга кеттик деп айттык. Өзүңүз билесиз бул саясат, фракциялардын ичиндеги бийлик үчүн күрөш. Орусча айтканда, "методом кнута и методом пряника" деп коёт эмеспи. Биздин фракциядан ондой адам андай методдорго туруштук бере алышпады. "Метод пряника" деген бул оппозиционерлерге бир жакшы сунуштар берилет, акча, кызмат, а "метод кнута", өзүңүз жакшы билесиз, мурдагы президенттик режимде абдан өнүккөн, бул ар кандай тоскоолдуктар, коркутуулар, басым кылуулар. К.Талиева азыр лидерлик кылган он адам оппозициялык күрөшкө даяр эмес экенин көрсөттү. Ушундай эле кырдаал бүгүнкү күндө "Ата журтта" болуп жатат, бул эми саясат экен. Биз оппозициялык фракцияда болгондон кийин, башкаларыбыз башка жолду тандоо таптакыр туура эмес.
- Мындан ары "Ар намыстын" тагдыры кандай болот, сүйлөшүүлөр жүрүп, биригели деген ой барбы же..?
- Аз күндө буюрса жаңы коалиция түзүлөт, биз баардыгыбыз бир добуштан коалицияга кошулабыз деп жатабыз, ошондо булардын былтыркы кылган иштери актуалдуу эмес болуп калат. Менин жеке пикиримде, шайлоодо партия жеңип чыккан, фракция бул партиянын түзүмү. Мен эмнеге аларга кошулуп кеткен жокмун, анткени мен "Ар намыстын" уставын окугам. Ал жерде жазылган "фракциянын лидери саясий кеңеш менен алмашылат" деп, мен муну туура деп ойлойм. Ошондуктан булардын бөлүнүшү менен юридикалык нормалар бузулду, Феликс Шаршенбаевич түптөп, Акаев, Бакиев бийлигине каршы туруп берген, бул киши 5 жыл отуруп келген анан кийин кечээ келип алып төр меники деген бул таптакыр адамдык сапатка туура келбеген иш.

- Президенттик башкаруу бол­гондо бир адам жесе, азыр 120 адам жеп, карапайым калкты ойлогон киши жок деген да пикирлерди угуп калабыз. Эл өкүлү катары Сиздин бул тууралуу оюңузду уксак?
- Бул мамлекетти башкаруу жа­ңы система иштеп атканына бир жыл болду. Бул кыска мөөнөт, "туура эмес экен, кайтыш керек" дегенге убакыт дале жете элек. Мурда бизде супер президенттик башкаруу болгон. Мен ойлойм парламенттик форма эми тажрыйбаны топтоду, ошондуктан бир жылда жыйынтык чыгаруу туура эмес. Эгерде былтыр биринчи коалиция түзүлүп жатканда биз сокур кишидей эле көп нерсени түшүнбөй иштерди жасап келсек, эми баарыбыз төрт фракциядан туруш керек экендигин түшүнүп атабыз, анткени бул туруктуулукту, бекемдикти камсыз кылат.
Андан сырткары азыр көп процесстер ачык болуп жатат, мыйзамдар болобу, Жогорку Кеңештин бюджетинин сарпталганы, Төраганын резервдик фонду сарпталганы бүт ачык айкын чыгып атат, бул да болсо демократиянын белгиси деп эсептейм. "Сууда сүзүүнү үйрөнгүң келсе жок дегенде сууга кир" деп коюшат эмеспи, анысы сыңарындай азыр биз сууга кирип, кайда сүзүштү, ким менен кандай сүзүштү билип калдык.

- Мурда иштеп жүргөндө бийлик тарабынан тоскоолдук болчу дедиңиз, азыр өзүңүз бийликтеги элдин өкүлүсүз. Жыл да жыйынтыкталып калды, бул убактын ичинде эмнелерге жетиштиңиз, кайсы максаттарыңызды ишке ашыра алдыңыз?
- Сиз абдан туура айттыңыз. Парламент мүчөсү болгонго чейин менин көп максаттарым бар эле. 2009-жылы Бакиев режиминде мобилдик компаниялар ар бир байланышка 60 тыйындан коюп койгон. Ошондо биз антимонополдук мыйзамга мунун баардыгы мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүлүшү керек деп сунуш киргизели дегенбиз. Мыйзамда жазылган, коомчулук мыйзам киргизем десе 30 миң добуш топтоп мыйзам алып келсе болот деп. Карасак ким топтойт, кандай топтооонун жолдору көрсөтүлгөн эмес. Анда бизди өткөрбөйт деп калып калган. Депутат болуп шайлангандан кийин эле "элдик мыйзамдуу демилге" жөнүндө деп мыйзам иштелип чыгып, 30 миң добушту 10 миңге азайтып, оңдоолорду киргиздик. Анткени элде мынча добуш топтоого акча жок, бул долбоорум үчүн азыр мен сыймыктанам. Андан башка "жергиликтүү кеңешти шайлоо" мыйзамынын авторумун. Жогорку Кеңешке айымдар квота менен келгенбиз, ар бир төртүнчү киши аял болуш керек деп. А жергиликтүү кеңеште ар бир үчүнчү депутат аял болсун деген сунуш киргизгем бул мыйзамда. Ош шаардык кеңеште бир гана айым бар. Каалайбызбы, каалабайбызбы дүйнөлүк статистика бар, 30 пайыздан кем эмес айымдар болсо алар бала бакчалардын, ооруканалардын, башкача айтканда социалдык тармакты көтөрүшөт.
Сиз жакшы билесиз, Кыргызстанда, айрыкча түштүктө кыздарды абдан эрте, 16 жаштан турмушка беришет. Бул Үй-бүлөлүк кодексте жазылган, мен буга крашы чыгып 17 жаш деп киргиздим. Анткени 16 жаш өтө эле эрте. Алдыда кандай кызыктуу күндөр бар, окуп, илимдүү болуп, өнүгүү болуш керек. Ошондуктан бул мыйзам абдан керектүү деп ойлойм. Андан сырткары мына жакында эле 2012-жыл үй-бүлөнүн, ишенимдин жана макулдуктун жылы болсун деген сунушум кабыл алынды. Баардык нерсе үй-бүлөдөн башталат эмеспи, бекеринен "үй-бүлө бул кичинекей өлкө" деп айтылбаса керек. Ар бир үй-бүлөдө бакыт, молчулук, ынтымак болсо мамлекетибиз да бирдиктүү, өнүккөн өлкө болот.
Эми келгениме аз гана убакыт болду, аракетим бар, саясий эрк бар. Ушул мыйзамдар аркылуу элге жардамым тийсин деп эмгектенем. Кудайым буюрса дагы жакшы максаттар бар, анын баардыгын ишке ашырганга аракет кылам.

- Саясаттан бир аз алыстап, балалыкка кайрылсак..?
- Мен 1958-жылы 28-февралда Ош шаарында жарык дүйнөгө келгем. Балалыгым абдан жакшы, бак­тылуу өткөн. Ош шаарында төрөлгөм. Менин апам мугалим болчу, атам болсо партиянын адамы эле. Үч бир туугандын кичүүсүмүн. Ошондуктан мен абдан эрке өскөм.

- Башынан эле ушундай лидер болсоңуз керек...
- Ооба, чын эле мектепте дагы класском болуп, мектептин комсомолдук уюмдун катчысы болгом, дайыма активдүү жүрөм. Жолдошумду мен абдан сыйлайм, мага шарт түзүп берет, колдойт. Бир уулум, бир кызым бар. Өмүр бою мамлекеттик мекемелерде иштеп келгем, а бирок балдарым мындан качышат, анткени, тилекке каршы, баардык жерде эле коррупция болуп кетти. Үй-бүлөмө да жетишем, жумуштан келип үй иштери менен алек болом. Балдарыма да дайыма убакыт табам, жолдошум да башында көнбөй жүрүп, азыр түшүнүү менен мамиле кылат. Дем алыш күндөрү үй-бүлөм менен болууга аракет кылам.

- Коррупция деп калдык, абдан сазга баткан, коррупциянын "мекени" болгон укук коргоо органдарын кантип тазаласа болот?
- Буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштегем деп айтпадымбы, ошондуктан бул маселени мен ичинен билем. Бир жылдан бери кесиптешим Курманбек Осмонов менен бир топ сунуштарды, коррупциялык системаны жок кылганга мыйзамга өзгөрүүлөрдү киргиздик. Кызматкерлердин киреше, чыгашасын изилдеп, алар туура келеби деген маселелерди көтөрүп, азыр бир топ жакшы коррупцияга каршы нормаларды киргизип атабыз. 20 жылда түптөгөн системаны бир жылда жоготуш мүмкүн эмес, аны түшүнүшүбүз керек. Буюрса жакшы аракеттер бар. Мен ойлойм сиз айткан системанын акырындап биз түбүнө жетебиз.

- Айнуру Тойчиевна, мына жаңы жыл да жакындап калды, кыргыз элине Сиздин жаңы жылдык каалооңуз.
- Биздин "Кыргызстан аялдар биримдик" партиясы дайыма биримдик үчүн күрөшүп келген. Кыргызстанда биримдик болсо экен дейм, биримдик болсо эле баардык нерселер чечилет. Түштүк-түндүк, жаш-кары, аял-эркек, бай-кедей болуп, улуттарга бөлүнбөсөк, ынтымак болсо өлкөбүз өнүгөт. Аял болгондон кийин балдарды ойлойсуң, ар бир үй-бүлөгө тынчтык, биримдик, ден соолук, бакыт каалайт элем.

- Маегиңизге рахмат, Ажыдаар жылы көптөгөн жакшылыктарды алып келсин, ишиңизге ийгилик.
- Сиздерге да чоң рахмат, калемиңиз курчуй берсин.

Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??