, 16.12.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Тоонун суусу имерилет иримдеп…
Жакында КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын саммити болуп өттү. Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев президенттик шайлоого катышып жаткандыктан, бул саммитке өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов катышып келди. Эң көзгө уруна турган нерсе премьер-министрлердин көпчүлүгү илгерки саясий бюронун мүчөлөрүндөй улгайып калыптыр. Жашыраак деген Путин менен Масимов алтымышты чапчып жыгылды. Алардын арасында жапжаш көрүнгөн Бабанов, жаш Кыргызстандын символу катары, өзгөчө бөлүнүп турду. Негедир саммиттин кожоюну Владимир Путин да Бабановду өзүнө жакыныраак алып, Кыргызстанга болгон урмат-сыйын көрсөтүп турду.

Тоонун суусу имерилет иримдеп

Россиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо болуп өттү. Шайлоонун жүрүшүн карап отуруп Кавказ республикалары токсон пайызга чейин катышканына күбө болдук. СССРдин убагында бизди Орто Азия республикаларын шылдыңдап, сын айтышаар эле. Эмне болсо да "хоп, майли" деп токсон пайыздан ашык кол көтөрүп берет деп. Эми деле Борбордук Азияда ошол салт сакталып калган. Бир гана ошол салтты демократиялуу Кыргызстан таш-талканын чыгарды. Кыргызстандын демократиялуу жолго түшүү процесси узакка созулду. Нечендеген адамдардын каны кетти. Нечен миллиардаган акчага батырып эки президент сыртта жүрөт. "Тоонун суусу иримдеп имерилсе", тоолук жигиттер тоонун суусундай шар экендигин дүйнөгө тастыктады.
Өмүрбек Бабановдун балалык чагы, окуучулук күндөрү советтик мезгилде калса дагы, анын балакатка жеткен убагы дымып жаткан убакка эмес, кайра куруу дооруна туш келди. Кайра куруу доору жандууларга жан бүткүзүп, демдүүлөргө дем бүткүзүп, уктап жаткан советтик адамдарды уйкудан ойготкон. Кечээки алыпсатарлар коммерсант атка конушуп, совет мамлекетинде капиталисттик түзүлүштүн символу эсептелген бизнес өнүгө баштайт. Ошондуктан, кечээ колу жетсе да, жетпесе да "космонавт болом" деген стереотиптер өзгөрүлүп, кайра куруу доорунун мектеп окуучуларында аздыр-көптүр "бизнесмен болом" деген стереотиптер пайда боло баштайт. Ушул доордун өкүлү катары Өмүрбек мырза да окуучулук күндөрдөн баштап, ойлогон оюн ишке ашыруу үчүн аракеттенет. Атасы башкарма болсо Бабановго эмне жетишпейт эле. Бирок, ойлогон максаты жанын тындырбаган Өмүрбек мырза констрларга май толтуруп алып келип сатып, алгачкы бизнесин баштаган. Ал бизнестин артынан томолонуп чуркап кетпей, жогорку билимди да алып, анан жорголоп кете берди. Тоонун суусу болсо улам агып отуруп, убакыт да өтүп жатты.

Чойт эркечим, баштагын

Бабанов Акылбек Жапаров сыяктуу "сүлүк курттай ойсоктоп", бийликке келип алып, элдин мүлкүн "сүлүк курттай" соргон жок. Ал отуз беш жашка чейин бизнестин битин сыгып, мунайзат бизнесин бутунан тургузду. Андан соң гана жердештеринин демилгеси менен парламентке аттанып, 2005-жылкы парламенттик шайлоодо өз округунан жеңишке жетишип келди. Ушул шайлоо учурунда ал акыркы саясий технология менен куралданган күчтүү команда түздү. Албетте, 2005-жылы Акаевдик бийлик алмашып, кечээки Акаевдин таманын жалап жүргөндөр "терисин тескери кийип", хамалеончо кубулуп, тизелеп Бакиевдин алдына келишти. Бакиев бардыгын тең кабыл алган жок. Сортирге барганда пайдасы тийет деп Акылбек Жапаровго окшогон өтө арзыматтарды гана башынан сылап күчүктөй ээрчитип албаса, Накен Касиевге окшогон чоңураактарын сыртка калтырып кетти. Өмүрбек Бабанов парламентте өз таламдаштарын көбөйтүү максатында 2005-жылкы июнда Кочкор округу боюнча парламентке шайлоодо, кыргыздын дагы бир мыкты ишкер адамы Рахат Ирсалиевди колдоп, ага каршы чыккан Акылбек Жапаровдун көпкөн командасын тебелеп-тепсеп өтүп кетет. Бул жеңиши менен ал саясий технологияны жер жебесине чейин жеткире үйрөнгөнүн далилдеди.
Бакиевдин бийлиги "ээрге кыйшак минип алганын" жыл айланбай эле далилдеди. Ошондуктан, авторитардык режимге каршы чыккан адамдар "Реформа үчүн" кыймылынын айланасына топтоло баштады. Бул кыймылга министрлик жогорку кызматын таштап Алмаз Атамбаев кошулган соң , болуп көргүс күчкө ээ болуп, апрелдин аягынан баштап бийликке каршы митингдерди уюштура баштады. Ушул кыймылдын жалындуу мүчөсү Өмүрбек мырза өктөм бийликке каршы саясий акциялардын башында жүрдү. Жазында башталган бийликке каршы акциялар 2006-жылдын күзүндө чоң толкун менен башталды. Бакиевдик эсирип , көпкөн бийлик элдин келечеги үчүн реформаларды кечеңдеткен соң, "Реформалар үчүн" кыймылы элдик зор толкундоолорду жаратып, Бакиевди ийнине кийире кубалап, ноя­бр­дын башында Ак үйдү ороп турду. Бакиевдик снайперлер "Реформа үчүн" кыймылынын ар бир бакандай мүчөсүнө мылтыкты сунуп, буйрукту күтүп турушту. Октон да жалтанбаган Бабановго окшогон жигиттер топтолгон элдин башында күнү-түнү турушту. Ал эми 7-ноябрь күнү Бакиевдик бийлик митингге каршы Топчубек Тургуналиев башында турган антимитинг уюштура баштады. Бакиевдерди эл ээрчиген жок. Элди кайраштырып жатканын сезгендер бул антимитингге жолоп да койгон жок. Күч менен алып келгендер тарап жок болуп атты. Чычкак улактын арткы шыйрактарындагыдай абийирлери калган Жапаровго окшогон чиновниктер куйтуңдап барып, сүйлөмүш болгону менен, бул митингге эл чогулган жок. Ошентсе да көпчүлүк бул митингди жок кылабыз деп дүрбөп жөнөгөндө Өмүрбек Бабанов күүлөнүп турган элди токтотуп, паника кылбай, элдин алдында жүрүп, ачуусу келип турган топту башкара билгени анын уюштуруучулук сапатынын күчтүү экендигин белгилейт. Эгерде, Өмүрбек Бабанов ошол мезгилде жок болгондо эки топ кагылыша кетип, орду толгус чоң кайгыга алып келмек. Ызы-чуусу жок, тынчтык менен өткөн бул митингдер Бакиевдик бийликтин жүрөгүн түшүрүп, жаңы Конституцияны түзүүгө аргасыз кылган.

Легитимсиз шайлоодо

Бакиевдик бийлик тез эле чалкасынан кетип, эки ай өтпөй өз Конституциясын, бир жыл өтпөй дагы жаңы Конституцияны референдумдан өткөзүп, 2007-жылы декабрда парламентке шайлоо өткөздү. Ушул шайлоодо Өмүрбек Бабанов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын көч башында, тизмени баштап, шайлоону өткөзүү возуйпасын мойнуна алды. Административдик ресурстар, бийлик машинасы бүтүндөй каршы иштеп турганына карабай, Өмүрбек мырза өз саясий технологиясы менен кайрадан күрөшкө чыкты. Бийлик колдогон Коммунисттер партиясын эсептебегенде Кыргызстандагы жүз элүү партиянын ичинен КСДП партиясы шайлоодо жеңишке жетишип парламентке келишине, албетте, Өмүрбек Токтогуловичтин эмгеги чоң. Арийне, Бакиевдик бийлик жоктон бар таап, аны партиянын №1-тизмесинде турса да, болуп көрбөгөндөй тоскоолдуктарды жаратышты. Ошондуктан Өмүрбек мырза парламентке мүчө болуудан баш тартып, ордуна Роза Отунбаева КСДП фракциясына депутат болгону, фракциянын келечекте бийликке каршы локомотив болуп беришине шарт түздү.

Демократиялуу шайлоодо

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо оозу менен сүйлөп, мурду менен тынган саясатчылар партия түзө баштады. Аликбек Жекшенкулов, Эдил Байсаловдор менен бирге Өмүрбек Бабанов "Республика" партиясын түптөп шайлоого алып чыкты. Шайлоо өтө курч болду, отузга жакын шайлоого катышкан партиялардын ичинде атаандаштык өтө жогору болгондуктан, беш пайыздык чектен өтүү абдан оор эле. Өмүрбек Бабановдун командасы абдан мыкты иштегенин баса айтышыбыз керек. Бул команда электоратты сегменттерге бөлүп тактикалык ишке аша турган убада сөздөр менен элдин ишеничин ойготту. Башкалардай асмандагы айды алып беребиз дешкени жок. Башка партиялар менен катуу ор казышып күрөшкөн жок. Бир гана "Республика" партиясынын эл үчүн жасай турган иштерин электоратка түшүндүрө билип, шайлоодон жеңишке жетише алды. Албетте, партия жетекчиси Өмүрбек Бабановдун өсүп келаткан кадыр-баркы да партиянын өтүп кетишине чоң таасир тийгизе алды. Шайлоодон соң жетиштүү кол топтой албай калгандыктан фракциялар коалиция аркылуу гана өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Коалиция түзө турган Социал-демократтар партиясы эң биринчи "Республика" партиясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анан "Ата-Мекен" менен биригип түзгөн коалициясы узакка созулган жок. Текебаевдин спикерликке өтпөй калышы менен бул миссиясы бүттү. Кезектеги коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү "Республика" партиясына тапшырылды. "Республика" партиясы мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо максатында КСДП менен бирге "Ата-Журт" партиясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада өкмөт башчысына Алмаз Атамбаев, спикерликке Акматбек Келдибеков, биринчи вице-премьерликке Өмүрбек Бабанов шайланып коалиция түзүлдү.

Өкмөт башчысы ким болот?

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан бери жыйырма биринчи өкмөт башчысы шайланар алдында турат. Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда өкмөт башчылары көпчүлүк убакта президенттин "куурчактарынын" милдетин аткарышса, 2010- жылдагы Башмыйзамдан соң премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ушул кеңейтилген ыйгарым укуктары менен Алмаз Атамбаев бир жылга чукул өкмөт башчысын жетектеп келди. Көпчүлүк оор убактарда анын таянганы биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов болуп "өйдө болсо өбөк болуп, ылдыйласа жөлөк болуп" жүрдү. Быйылкы жылда Европанын өнүккөн мамлекеттери кайрадан экономикалык кризиске кабылды. Албетте, мунун залалы Кыргызстанга тийбей коймок эмес, ал эмес биздин мамлекетти сырттан карагандар экономикалык дефольтко учурайт деген пикирлерди да айтышкан. Кудайга шүгүр, биз экономикалык кризистер туруштук бере алдык. Ал эмес базарларда, мисалы, кант, кумшекерге болгон баа арзандай баштады. Бул дагы жакшы саамалык, экономикалык кризистердин убагында бизге окшогон көпчүлүгүн импорт менен камсыз кылган мамлекетте кымбатчылык тез эле сезилип калмак. Биз кымбатчылыкты ооздуктаганыбыз аз келгенсип, бюджеттеги мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык кызматкерлердин айлык акыларын, пенсияларды көтөрүүгө жетише алдык. Албетте, бул жерде мамлекеттин экономикалык секторуна кураторлук кылган Өмүрбек Бабановдун ишмердиги да зор. Мамлекетте стабилдүүлүк орноп, кудай буюрса сырттан инвестициялар келе баштады. Мурункудай Акаевдин үй-бүлөсү, Бакиевдин үй-бүлөсү ашап койду деген жок. Эгерде келген инвестициялар көздөгөн жерине жетсе, Кыргызстан мындан да өнүгүп кетери көрүнүп турат. Бир жыл болсо да биринчи вице-премьер, премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары сыноодон өткөн Өмүрбек Бабановго ишенип өкмөттүн "эки тизгин, бир чылбырын" кармата турган убак келди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ