, 16.12.11 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"Сюрприз" тартуулаган Суталинов
УКМКнын мурдагы тө­рагасы, бир жарым жыл бою издөөдө жүргөн Мурат Суталиновдун капыстан сот залында пайда болушу саясатчыларды дагы, ка­ра­пайым элди дагы бир топ уу-дууга салып койду. Көчөдө кенен-кесири жүрө берсе да болчудай болуп өзгөрүп алыптыр, чачын өстүрүп, мурут коюп жашарып кеткени кеткен сыяктанат. Таанылгыс болуп калган экс-төраганы судья тааный калбаса кадимки эл катарында отура бермек окшойт. Эми анын пайда болушу тууралуу ой жоругандар көп. Баарынан да сотто келген 7-апрелде жабырлангандардын жакындарын нааразы кылганы кандуу бийлик менен кошо качып кеткен Суталиновдун бүгүн эч нерсе болбогондой жыла басып кирип келип сот залында отуруп калганы гана эмес анын үй шартына бошотулушу. Депутат И. Исаков Мурат Суталиновдун парашют менен түштү деген маалымат бар деп эч кимдин оюна келгис маалыматты билдирсе, анын адвокаты анын Кыргызстандын аймагында эле жүрдү дегендей кылат. Ушунча убакыт издөөдө жүрүп эми белгисиз тараптан пайда болгон ал жомоктогу эле сыйкырчыны элестетип калды көрүнөт. Айрым депутаттар аны соттор менен сүйлөшүп алган деген ойлорун да билдирип жатышат. Эмнеси болсо да ойго келбеген эле окуя болду. Эми иликтөөлөр, мыйзам чегинде жүргүзүлгөн иштер аныктаар.
Бирок жактоочусу анын күнөөсүн моюндабай турганын билдирип чыкты. Эл аралык издөөдөгү адамдар Кыргызстандын ичинде болчумун деп чыга бере турган болсо эртеңки өтө турган сот залынан Д. Үсөнов менен К. Бакиевди да көрүп калбасак эле болгону...




Элдик дипломатия
Афганистанга ким барат?
Элим үчүн эмгектенейин дегендер президент, спикер, премьерлик папке албай эле эл жүгүн аркалай берсе болот экен да. Аны байманалуу ишкер, ЖКнын үч мөөнөттөгү депутаты, азыркы кезде Кыргызстандын Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык коомдор союзунун президенти Арслан Малиев ырастап жатат. Ал, элим үчүн эмгегимди дагы улантайын деген максат менен быйылкы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, беш жылдан кийин экинчи ирет кыргыз тилинен кулатылганына кейип-кепчибестен, элди дүрбөтүп, жол буудурбастан эле бийликке өнөктөшөйүн-көмөктөшөйүн деп, өз ишин күчөтө иштеп кирди. Өлкөбүздө жана чет мамлекеттерде иштеп жатышкан жарандарыбыздын көйгөй-жүгүн жеңилдетейин деген аракетте кийинки ай аралыгында эле бир катар алыскы-коңшу мамлекеттердин элчилеринин улам бирин кабыл алып, жолугушуп жиберди. Жыл ичинде эле Россиянын, Пакистандын, Афганистандын, Беларусьтун, Грузиянын ж.б. мамлекеттердин элчилерин союзуна чакырып, өзү барып жолугушуу өткөрсө, кийинки эки ай ичинде эле Азия-Африка өлкөлөрүнүн Россиядагы тилектештик жана кызматташтык Коомунун аткаруучу директорун, Кубанын, Түндүк Кореянын, Иран ислам мамлекетинин элчилерин коомдор союзунда кабыл алса, өткөн жумада жергебиздеги Афганистандын элчиси Нур Мухаммад Каркинге жолугушту.
Элүүдөн ашык мамлекеттер менен элдик дипломатия түзүп келе жаткан уюму, ишмердиги тууралуу кеңири маалымат берүү менен А.Малиев өлкөлөр аралык элдик дипломатияны өнүктүрүү, жарандарыбыздын ишмердик, укуктук, визалык, маданий ж.б. көйгөйлөрүн биргелешип чечүү маселелери боюнча сунуш-пикирлерин ортого салып, алгы иштер тууралуу макулдашты.
Түбү Афган мамлекетинин элчиси мүм­күнчүлүгү зор жергебиз, тарыхы терең кыргыз эли менен мурдагы жана соңку мезгилдеги жагымдуу кызматташтык, ар тараптуу жакындашуу иштери тууралуу ойлорун бөлүштү. Жолугушууда, айтылган сунуштар боюнча биргелешип иш жүргүзүүгө кызыгдарлыгын жана өз долбоорлорун да даярлаарын билдирди. Элчи кийинки мезгилдеги Афганистандагы кыйчалыш абалдын жакынкы арада жакшы жагына чечилээрин, тынч абал турукташарын ишенимдүү билдирди. Ага ынындыруу үчүн кыргызстандык ишкерлерди, маданият, адабият жана басма сөз кызматкерлерин өлкөсүнө алып барып, ал-ахыбалы, турмушу менен тааныштырууга да даяр экендигин айтты.
Жолугушууга Кыргыз Эл акыны, аталган коомдор союзунун вице-президенти Омор Султанов, Кыргызстан-Афганистан достук жана кызматташтык коомунун президенти Алмаз Усувалиев катышып, жүйөөлүү сунуштарын айтышты.
А.Саидов




Өкмөт башына аялзаты келсе кандай болот?
Коалиция куралгыча ким кайсы орунду ээлейт деген бир чечимге келе алышпай убара. Өзгөчө премьерлик менен спикерлик кызматты ким илип кетээр экен деген бүйүр кызыткан суроо турат. Беш фракциянын ичинде ар кызматты алып кете ала турган азаматтар көп эле, бирок анын коалициянын тагдырына байланыштуу болуп калат. Бир туруп улам тигил тигинтти, бул минтти деген талаш-тартыштарды, жок анткен эмесмин деген актанууларды угуп отуруп, Премьер-министирликке билким аялзатын алып келип койсо кандай болот эле деген да ойлор жаралат экен. Кыргыздын кыздары кандай экенин тарыхта тастыктагандар да, бүгүнкү күндөгү замандаштарыбыз да бар. Роза Отунбаева президенттикти алып кете алгандай эле башка кыздарыбыз да премьерликти алып кете алышар.
Ушул багыттагы суроо менен экс-депутат Гүлжамал Султаналиевага кайрылдык.

- Гүлжамал Тиленбаевна, бүгүнкү күндө Премьер-министр ким болот деген суроо бийликтегилерден тартып карапайым элди да ойлондурууда, ушул орунга аялзатынын келишине сиз кандай ойдосуз?
- Эгерде премье-министр аялзатынан болсо жакшы болмок. Себеби, биринчиден Президентибиз эркек адам болгондуктан Премьерликке аялзаты келсе гендердик тең салмак сакталмак. Экинчиден болсо канчалык саясат- саясат дегенибиз менен элдин курсагы тоймоюнча, социалдык маселелер чечилмейинче мамлекеттин иши алга жылбайт. Азыр бизде көбүнчөсү эркектер болгондуктан алар бири-бири менен кайым айтышуу жана кантип бийликтен көтөрүлүш керек деген маселени көбүрөөк ойлонушуп элди унутуп коюп жатышат. Ал эми аялзаты калыстык көз караш менен карап, элдин тагдырын ойлойт. Муну Роза Исаковна да тастыктап кетпедиби. Ал киши абдан идеалдуу Президент болду, бийликте катачылык кетирген жок деп айта албасам дагы эң башкысы кыйын кырдаалда элдин биримдигин сактап калып, оор абалдан алып чыгып кете алды. Социалдык чыңалуу болуп турган учурда гендердик саясат ишке ашып аял киши өкмөт башына келсе менимче жаман болмок эмес. Бул ойду өзү аял болгону үчүн айтып жатат, эркектер элди ойлобойт бекен деп мырзаларыбызда терс ой пайда болушу мүмкүн. Бирок каалайбызбы, каалбайбызбы аялзаты жок эле дегенде энелик инстинкт менен үйдө канча нан бар, электр энергиясын канча сарптап жатабыз, үй-бүлөнүн кирешеси кандай, ал туура сарпталуудабы, балдарынын кийим-кечеги кандай экенин сезе алышат. Ал эми эркектер күчтүү, эрктүү болгондору менен алар кандай жол менен болсо дагы акча таап келсем үйдө ишенимдүү аялым туура пайдаланып, баарына тегиз жеткирет деген ишеним менен социалдык абалды тереңирээк билүүдөн алыстап калышкан. Башкача айтканда социалдык аудиторияны жакшы биле беришпейт. Эл менен саясаттын ажырымы ушундан пайда болууда. Биз парламенттик республика болгондуктан саясий балансты сактап чечкиндүү, ишти алып кете ала турган аялзатын бул орунга алып келсек эл аралык деңгээлде дагы мамлекетибиздин аброюн сактап кала алмакпыс деп ойлойм.






Эл көзүндөгүлөр сөзүн оңосо…
Акыркы учурлардагы саясат жаатындагы пикир келишпөөчүлүктөр курчугандан курчуп отуруп бери жактагы эле карапайым адамдардын бири-бири менен кайым айтышуусуна чейин жеткирип жатат. Өзгөчө А. Келдибеков менен Ө. Текебаевдин кайым айтышуулары күч болду көрүнөт. Эл көзүндөгү, маданияттуу адамдар болгондуктан сүйлөө сөздөрүндө адептүүлүктү көрсөтүшсө дейт экенсиң. А. Келдибековдун Ошко барганда тарапташтары менен жолугуушусундагы "Текебаев менин алдымда кичинекей улак" дегени сөзү ушундай зоболосу бийик, эл башындагы адамдын айта турган сөзү эмес эле деген өкүнүч пайда болот экен. Ачуу келген кезде ар кандай сөздөр айтыла берээр, бирок маданияттуу түрдө кармануу ал адамга кадыр-барк гана алып келет. Жогору жактагылардагы "тартипсиз "сөздөр карапайым калктын андан ачуу, ал тургай таптакыр этикага туура келбеген сөздөрдү колдонулушуна жол берип жатат. Саясатта талаш-тартыш, чатакка чейин жетип эртең кайра кол кармашып иш алып барып, кучакташып көрүшүп калуу деле болот, болуп келген, мындан ары да боло берет. Бирок эл арасына чуу салбай, маданиятсыз сөздөрдү колдонуудан алыс бололучу.


А. Көчкөнбаева