, 16.12.11 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ысык-Көлдө мал уурдоо көбөйдү
Бул туурасында "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Орозбек Молдосариев билдирген. Анын айтымында, мал уурдоо боюнча өткөн жылы 97 факт катталса, быйыл 11 айдын жыйынтыгы боюнча 115ке жетти. Аймакта мал уурдоо менен алектенген 17 топтун 30 мүчөсү кармалып, 20дан ашык кылмыш иш козголду. Мал уурдоонун басымдуу бөлүгү Түп районунда болду, анткени бул район Казакстандын чек арасына жакын жайгашкан, дейт Молдосариев. Ал кылмыштын бети өз убагында ачууга мүмкүн болбой жатышын мал уурулук боюнча кыргыз-казак милицияларынын бирге кызматташа албай жатканы менен түшүндүрдү.

Запкы жеген балдар үчүн борбор ачылат
Бүгүн Бишкек шаарында зордук-зомбулукка кабылган балдар үчүн атайын борбор ишин баштайт. Шаар мэриясынын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, бул борбор запкы жеген балдарга жардам берүүчү Кыргызстандагы алгачкы мекеме болуп калмакчы. Бишкектеги 14-мектептин курамындагы борбордо он чакты адис зордук-зомбулуктун бардык түрүнө кабылган өспүрүмдөргө психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп турушат. Бул долбоор Бишкек шаардык мэриясы, ЮНИСЕФ жана "Балдар укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун демилгеси менен ишке ашууда. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ар бир үч өспүрүмдүн бирөөсү ар кандай запкы жегени кабарланып келет.

Кыргызстан четте кароосуз калган балдарын алып келе баштады
Социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн кечке жуук Орусиянын Москва шаарында кароосуз калган кыргызстандык эки наристе Бишкекке алып келинет. Натыйжада чет өлкөлөрдө кароосуз калган балдарды мекенине алып келүү демилгеси алгачкы жолу ишке ашканы жатат. Москвадан келе турган наристелердин бирөөсү бир жаштан ашты жана анын энеси учурда Москвада убактылуу кармоочу жайда отурат, экинчиси болсо энеси баш тарткан тогуз айлык наристе. Ал Москвада балдар үйүндө тарбияланып жаткан. Министрлик бул демилге алдыда уланарын билдирүүдө.

Жүгү оор унаанын жүрүшүнө тыюу салынат
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрынын №707 токтомуна ылайык, 2012-жылдын 1-январынан тартып тиешелүү салмагынан ашкан оор жүк ташуучу унааларга өлкөнүн жалпы пайдалануудагы автожолдорунда жүрүүгө тыюу салынат.

"Талас Коппер Голд" аралдыктар менен тил табышты
Таласта Талды-Булак кенин чалгындап жаткан "Коппер Голд" компаниясы Арал айылындагы жашоочулар менен тил табышты. Аталган компания тараткан билдирүүгө ылайык, бүгүн жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу Замирбек Эсенаманов аралдыктар менен жолукту. Анда жергиликтүү тургундар 9-декабрда курултай өткөрүп, ага 120 делегат катышканын, компаниянын ишине мындан ары тоскоолдук кылбай турганын айтышты, тынчтык келишимге жетишкенин маалымдашты.
УКМКнын алдында Коррупцияга каршы кызмат ачылды
Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында Коррупцияга каршы кызмат түзүү боюнча жарлыкка кол койду.
Мамлекет башчынын дагы башка жарлыгына ылайык, жаңы кызматтын жетекчиси жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп Бектен Садыгалиев дайындалды. Атайын кызматтын биринчи жетекчи орун басары Көлбай Мусаев ээлеген ордунан бошотулду.

Мектептерде акча жыйноону тыюу башталды
Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнагүл Ниязова билдирди. Анын айтымында, 40тан ашык мектептин деректири сөгүш алды, дагы 7 мектептин башчысы кызматтан кетти. Ниязова мектептердеги ата-энелер түзгөн колдоо фонддун курамын өзгөртүү каралып жатканын, анткени ал фондго кирген ата-энелер мектеп деректирлери менен биригип алып, коррупциялык схемаларды түзүп алышты деп айтты.

Соттун чечими менен Бишкектин башкы архитектору Төлөбай Кеңешов кызматына кайра келди
Төлөбай Кеңешов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги Бишкек шаардык соттун чечими менен мурдагы ээлеген кызматына кайра коюлду.
Мындай чечимди Ленин райондук соттун соту Мавлюда Оморова кабыл алган эле. Ал эми Бишкек шаардык соту мына ушул чечимди күчүндө калтырды. Ага ылайык, эми архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик мыйзамсыз жумушунан алынган борбордун башкы архитектору Төлөбай Кеңешовду кайра жумушуна дайындоого милдеттүү.
Мындан тышкары, Мамкурулуш аргасыздан жумушка чыкпай калгандыгы үчүн башкы архитекторго айлык акысын дагы төлөп берет.
Айта кетчү нерсе борбордун башкы архитектору Төлөбай Кеңешов архитектура жана курулуш тармагында 35 жылдан ашуун эмгектенген. Он жылдан ашуун Россиянын Гагарин шаарынын башкы архитектору болуп иштеген. Ал кызматынан 2010-жылдын май айында коллегиянын отурумунда иштен бошотулган.




Өкмөт сүйлөйт
Казактар кайрадан сүт азыктарын сатып ала баштады
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Ө.Бабанов өлкөдөгү сүт азыктарын сыртка экспорттоочу ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушуп, Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы буга чейин тыюу салынган сүт азыктарын сатуу алакалары кайрадан өз нугуна түшкөндүгүн ырастаган маалыматын жарыя кылды.
Мындай сүт азыктарын сатуу алакасын жөнгө салууда эки өлкөнүн Премьерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү натыйжа берген.

2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы бекитилди
Апта башында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов жумушчу кеңешмеде "2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" токтомго кол койду.
Жумушчу кеңешмеге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Ибрагим Жунусов менен Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министринин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова катышты.
Токтомго кол коердун алдында Өмурбек Бабанов буга чейин өлкөдө социалдык коргоону өнүктүрүү боюнча концептуалдык документ болгон эместигин жана социалдык маселелер мамлекеттик стратегиялык программалардын бир бөлүгү гана болуп саналганын белгиледи. "Калкты, өзгөчө социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарды коргоо, бул - мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Бул Стратегия өлкөдө социалдык коргоонун абалын сапаттык жактан жакшыртууга багытталган, алдыдагы үч жылда социалдык коргоо системасын өнүктүрүүнүн өңүтүн, өнүктүрүү максаттарын жана негизги катышуучуларын аныктайт. Стратегияда каралган иш чараларды толугу менен аткаруу үчүн Өкмөт тарабынан баардык мүнкүнчүлүктөр жумшалат",- деп белгиледи Ө.Бабанов.

Өкмөт жана өлкө идеологиясы
Кыргыз улуттук Т.Сатылганов атындагы филармониясында өткөн Кыргыз Республикасынын улуттук адабиятынын күнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу И.Жунусов катышып, элдик байлыкка сарамжал мамиле жасап, коррупционерлерди жектеген маанай көркөм чыгармалардын өзөгүн камтыса жана ага бабалар мурастаган улуттук баалуулуктарды жуурулуштурсак мамлекетибиздин туруктуу идеологиясы өзү эле аныктала турарына басым жасады.
Мындан сырткары И.Жунусов - "Мамлекет көркөм өнөр тармагын түздөн түз өз камкордугуна албаса, мамлекетик идеологияны жүргүзүү мүмкүн эместигине токтолуп, мындан ары көркөм өнөргө болгон мамлекеттик мамилени өзгөртүш керек" деп белгилеп, жазуучуларга, адабиятчылардын иштерине ийгилик каалады.
Салтанаттуу жыйынга өлкөбүздүн белгилүү акын-жазуучулары, адабиятчы окумуштуулары катышты.