, 16.12.11 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Асан акматов:
"...болуп өткөн каргаша мени кандайдыр бир калем кармоого түрттү"
"Аяк серппей, жер жазданып жаткан текенин үстүнө алдыңкы буттарын кое, жалама асканы жалт карай бергенде, биринин артынан бири чубап, келе жаткандарды көрдү" - ооба бул келе жаткандардын арасында же тактап айтканда башында ким бар эле... ушундан бир сүйлөм өткөзбөй улантып окуйлу: "Карышкырдан көзүн албай тике караган адам ааламды багынткан Есугейдин уулу Тимучин эле ". Бул жакында жарыкка келген жаш жазуучу Асан Акматовдун "Кылыч жана калем" деп аталыштагы китебинин прологунан эки сүйлөм үзүп алдык. Мына, бул сыры кургай элек эссе-повестисинин автору ким жана бул чыгарма эмне жөнүндө баяндалат? Кеп ушул жагдайда козголмокчу. Биринчи китептин үчүнчү бетинен 111 беттердеги "Пролог", "Кылыч" жана "Калем" деп аталган бөлүмдөрү жөнүндө сөз болмокчу. Эң алгач айта турган сөз, бул повесть-чыгарма катары бир кездеги социалисттик реализм калыбына салынган көптөгөн чыгармаларга деги эле окшошпойт. Мүмкүн ал кезде бул сыяктуу чыгарма жазылса: - Бул эмне деген повесть, -деп далай сынчылардын ур-токмогуна кабылып автордун айланасында демек, ал жазган чыгарма жөнүндө далай чуу чыгышы болгон иш эле, же болбосо бул Асандын сандыгында далай жылдап чыкпай жатышы да чендүү көрүнүш эле. Бул жагын Асан инимдин да бактысы тоодой, чыгармачылык сапары ачык экен. Ылайым эле жакшы иштин башталышы да жакшы болуп окуучу журтуна өз убагында, деми сууй элегинде жетсин!! Албетте, жакшы туундунун деми, арадан арыштап жүз жыл өтсө да суубайт дечи!? Мына жогоруда чыгарманын атын атадык. Ооба, бул эки сөз экөө тен окуучу журтка эзелтен түшүнүктүү, колдоруна кармап көздөрүнө көрүнүп турган буюмдар. Алардын ар биринин аткара турган иштери да андан белгилүү. Биринчи "прологдо" негизинен үч каарман, биринчи карышкырдын дөбөтү, экинчи анын канчыгы. Эгер бул экөөнө ат ыйгарсак Айтматовдун Ташчайнары менен Акбарысы. Бул эки жырткычка тушма-туш "Тез эле ойлоп бүтүшкөндөн кийин көк жал Чынгыз ханды тикчие карады". Мына, чыгармадагы кылычтын ээси Чынгыз хандын адабияттагы кадимки адамдык элеси окуучунун көз тагы кадимки адамдык элеси окуучунун көз алдына даасын тартыла түштү. Ошентип повестинин башкы каарманы кай жактан, кандай максат менен далай жол басып, далайлаган ашуулар ашып келгенин автор өтө учкай сүрөттөп: "Тегерете курчалган бийик тоолордун ортосунда эбегейсиз зор чөйчөктөгү мүрөктүн суусундай болгон бирде көгүлтүр, бирде көпкөк, бирде кара-кочкул болуп кубулган көлдүн түсүнөн аалам ээси көзүн ала албады". Мына Чыңгыз хандын Ысык-Көлдү биринчи көрүшү. Ал ушу аймактан Алтан уулу Тынарга кез болду. Көл үстүндө чагылышкан айдын аппак нурларына назарын таштаган Чыңгыз хан тынчтыкты биринчи бузду:
"Бардык жерде жол бар. Жолсуз адам жок. А мына бу айдын жолу кайда алып барат? Башка дүйнөгөбү? Эмне үчүн биз түбөлүктүү боло албайбыз, мына ушуга жооп берчи карыя?
- Өкүнүчтүүсү эч ким түбөлүктүү боло алган эмес. Адам бул дүйнөдө өз жанын сыноого гана келет. Ал бийлик жана байлык, кедейлик жана ачарчылык менен сыналат. Ар бир адам мындай сыноого туруштук бере албайт" (45-бет). Бул үзүндүдө так жана таамай айтылган философиялык чулу ой жыйынтыгын Чынгыз хан менен карыянын сөзү аркылуу кыйла толук келтирдик. Чыгарманын башкы каарманы кылычтын ээси Чынгыз хан бул диалогго кандайча келди? Анын буга чейин далайды көрүп, далай башынан кечирген карыянын сөзү толуктап таштады. Эми гана Чынгыз хан өлбөй турган жан жок экенине толук көзү жетип бүт ааламды каратып, баардыгы кол алдында турса дагы "эмне үчүн түбөлүктүү боло албасына " ишенди. Анткени, далай жерлерден өтүп, далай акымандардан, дарыгерлерден сураштырып келип "миң жыл жашаган" деген карыянын сөзсүз өлүмдүн болордугун баятадан бери угуп отурбайбы? Бул Темужиндин өзү эмес түшү эле. Ал карыяга бир нече күн кечигип келген. Ушинтип "Өлбөстүк эч кимге, эч качан тартууланбайт, калган өмүрүңдү адамдардын жүрөгүн багынтууга арнаш керек" деген терең ишеним менен Улуу жоокер мекенине кайтып баратты". Мен бул саптарды окуп отуруп автордун калемди кармаганына эки, ашып эле кетсе үч жыл болгонуна таңданып да маашырланып да отурдум. Бул үчүн канчалаган китептерди окууну мындай кой, бул сыяктуу жетик, дасыккан ойлоруна кубанып талантына таазым кылууга аргысыз болдум. Ал шык кайдан жана кантип келди? Өзү мындан үч, беш жыл илгээри калем кармоо оюна келбей 1987-1989-жылдар СССР куралдуу күчтөрүндө атуулдук милдетин өтөп келип кийинки жыйырма жыл аралыгында мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинде эмгектенип келе жаткан Акматов Асандын бул сыяктуу чыгарма жазып салышы кимди болбосун кубандырбай койбой. Кеп чыгарма жазат десе эле кээ бир чыгармачылмын дегендердин кыйласын артка таштап, туягы кызыган тулпардай бул сыяктуу бир чети көркөм публицистикалык эссе-повестини кыргыз окуучуларына тартуулап отурганында. "Кылыч менен калемдин" башкы каарманы дүйнөгө дүн болгон улуу жоокер жана жол башчы Эсугей баатырдын уулу Темужин эмес аны кудай тандаган, аны жерге Асмандын өзү жиберген өзгөчө адам экенин автор барактан-барактарга өткөн сайын бекемдеп отурат. Ошондуктан Чынгыз хан: "Мен өмүрүмдө канчалаган достуктун жана чыкынчылыктын даамын татканымды сен билесин го. Кайсынысы көбүрөөк болду, билбейм. Бирок бир нерсени так байкадым: жакшылык бардык жамандыкты унуттурат экен. Адам канча узак жашабасын, баары бир, өз өмүрүндө ойлогон иштерин бүтүргөнгө үлгүрбөйт тура. Көрсө, Чань-Чунь деген кечилдин адамга дайыма эле баардыгы аз дегени туура экен" (53бет). Мына бул сүйлөмдөрдөн соң Чынгыз хан ким жана кандай адам айдан ачык чыга келди. Дүйнөлүк тарыхый, көркөм, илимий адабияттарга Чынгыз хан - Тимучин жөнүндө эмне деп гана жазылбады? Асан жазуучу катары ошого карабай Чынгыз ханды колдорунан кан тамган баскынчы, далай өлкөлөрдү караткан чапкынчы катары эмес, эң башкысы кудай тандаган адам жана улуу жоокер жана каарманы катары сүрөттөөгө жетишкен. Ал аялы Бортеге кайрылып:
"Мен үчүн өмүрүмдө баарынан кыйыны -күн сайын күчтүү, кайраттуу бойдон калуу болчу. Ырас Чынгыз хан бул сөзүн толугу менен жүзөгө ашырды деп автор чыгармасында толук айта алат.
- Ошентип чыгарманын экинчи негизги каарманы, эми кылыч кайраткерин алмаштырган калем кайраткеринин өмүрү башталды. Ал ким? Ал да болсо биздин улуу агабыз, калемдин улуу ээси Чынгыз Айтматов кыргыздын чыгаан уулу Асанды төрөп өстүргөн Люциянын жатындаш агасы болуп жатпайбы. Ох десен тагдырдын жазылышына таазым!! "Люфтангз" авиакомпаниясынын Гановер - Бишкек №1213 -жол каттамынын "Боинг-737 учагынын. Эмнеси болсо да №1213-рейстин" Боинг-737 учагы туура саат 20:00до кораблдин капитаны ат чабыштагы чабандестей темир тулпарынын оозун кое берип "Ошол №1213 -рейстеги учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн арасында СССРдин Люксембургдагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Чынгыз Айтматов бар эле". Жогоруда үч сүйлөмдү жөндөн жөн эле, макалыбыздын көлөмүн арттыруу ирээтинде келтирип жатпадык. Жазуучу да китептин эки эле бетинде "№1213" деген рейстин номурун бекеринен кайталап жатканы жок. Калемдин чыгаан ээси биринчиден он жыл илгээри сапарын карыткан 20 кылымдын адамы, экинчиден ошол эле кылымдын 50-жылдарынын аягы, 60-жылдардын башында, дүйнөгө дүн болуп, батыш-чыгышты беш, он жылдар аралыгында багындырган, ошол "Боинг-737" учагына жаны гана отуруп: "Адам акылы Икар менен Дедалдын учкан мезгилинен бери кандай өркүндөп өстү" деп жазуучу ойлонуп койду" деген сүйлөмү аркылуу чыгармасында автор бул бийиктөөлөрдүн баардыгы каарманы Чынгыз Айтматовго гана таандык экенин айдан ачык так, даасын айтып таштады. Бул жерде айрым калем ээлеричилеп башкы каарманы Чынгыз Айтматовдун баскан-турганы, учакка кантип отурганы-турганын узун жомок кылып айтып отурбады. Тек гана учактын аталышы менен рейстин кайталоо менен жазуучунун жарты кылымга созулган чыгармачыл бийиктөөсүнөн кыскача маалымат берип койду. Эми жазуучу, жазуучу болуп эле үч, беш жылда үйдө, жылуу төшөктө алаканга салып алдейлеген коомдо пайда боло калбаптыр көрсө? Жазуучу жеке эле өзү эмес атасы Төрөкул Айтматовдун сөөгү кайда коюлганын жарты кылым иликтеп, акыры кайда, "алыскы 1937-жылы тоо бөксөсүндөгү Чон-Таш айылынын күн чыгыш тарабында Төрөкул Айтматовго жалаа коюлуп, соттун чечими боюнча атылып, бул кабарды ага Роза карындашы билдирип жатпайбы". Мына чекеге жазылган тагдыр! Эми атасы Төрөкул кандай кыйноолорду башынан кечирип, советтик түзүлүшкө кылчалык наалат айтпаса да ак жеринен жарты кылым болгондо да, эл душманы болуп, ал өз тагдыры менен эле бүтүп калбай аялы баш болгон төрт баласынын да чекеге чыккан чыйкан болуп отурбайбы? Андай оор тагдыр бул күндөрү "Ата-Бейитте" жатышкан 138 кишилердин күнөөсүз сөөктөрү сөпөт болуп калган тура?! Алар жөн эле сталиндик желдеттер тарабынан бирден октун курмандыктары болушбаптыр. Алардын ар кими ага чейин канчалаган кордукту баштарынан кечиришти. Ашынган желдет менен Төрөкулдун кайым айтышуусунан чакан үзүндү келтирели:
"Ал жан алгыч желдетке тике карап, өзүнүн кыйналганына карабай: Мен эл душманы эмесмин, -деп калбыйган эриндерин зорго кыймылдатып акырын айтты.
- Эл душманы эмессиңби? Анда кимсин, санда жок? Сен партия менен элдин чыккынчысың!
- Жок мен элимди сүйөм жана анын душманы эмесмин. Жасабаган ишимди мойнума ала албайм, -деди Төрөкул эриндерин акырын кыймылдатып акырын айтты.
- Мойнуна аласың, албай көрчү...
- Тергөөчү аны кайрадан тепкилеп кирди. Ал урганын токтотпой өкүрүп:
- Иттин баласы, айтасыңбы, жокпу?"
Бул жерде үзүндүнү кыйла кеңири келтирдик. Мүмкүн бул бир нече күндөргө созулган өмүр менен өлүмдүн арбашуусунун чети гана. Алардын баарын болгонун болгондой жазып отурса канча убакыт менен канча барак коромок!!! Бул чыны адам чыдагыс кыйноо экенин бул саптарды окушкан ар бир адам түшүнбөй койбосо керек?! Жашоодо канча жамандык болбосун, дүйнө эч качан жакшы адамдарсыз калбайт". Ошондой жакшы адамдын бири Тууганбай:
- Мына бул баштыкта менин тарагым менен тиш жууган порошок бар, мен сурактан келбей калсам..." Төрөкул дагы улап: эгер мен Сибирге айдаса тарагымды берсин деп айттырам. Эгер Уралга болсо -тиш жуугуч порошокту. Ал эми эч нерсе сурабасам, анда атууга кеткеним. Сен мени түшүндүңбү?
- Ооба Төрөкул аке "Мына бул келтирген саптарда не деген турмуш, не деген ой, бир үзүм үмүттөн баштап, жашоодон күдөр үзү да жатпайбы?" Эч нерсе сурабасам... анда эмне, анда атуу... Төрөкулдун акыркы сөзү чын болуп чыкты. Сталиндик кан ичкич желдеттер эн сонун адамды, "адам алпы Шекспирдей күч менен" деп бир кезде Алыкул акын ырдагандай Азиядан чыккан адам алпы Чынгыз Айтматовдун атасы Төрөкулду жыгышты. "Ал кезде жыгылды, жаны анын денесинен акырырындап түбөлүккө ажырап учуп бара жатты". Дал ушул убакта тогуз жашка толуп толбогон Чынгызга кең Асман ажардана карады да: -Сен айланайын күчкө толосун, сенин сонун тагдырың алдыда? Мен сага береримди аянбай бердим, ага өзүн татыктуусун. Мен сага мээнеткечтик менен кайратты кошуп, алардын башына сыясы курбаган алтын калемди карматтым. Сен ушул аркылуу элинди даңкка бөлөйсүн, - деди. Жашоонун мыйзамы ушундай балем, те-е далай жыл, ай агып өткөн соң: "Дүйнөдөгү эң чоң кайгы -жакын адамды жоготуу. Ал эми жоготуулардын эң башкысы, чоң, эң биринчиси, эң азаптуусу - ата-энеден айрылуудагы кайгы" -деп ойлоду Чынгыз агабыз.
"Эгер атасы тирүү болгондо (сөз бул жерде Чынгыз хандын атасы жөнүндө бара жатат) анын ким болоору белгисиз эле. Акыркы жылдарда ал өзүнө ушул суроону бир канча жолу берген. Даңкы таш жарып турган кезде да ал энесине так ушул соболун айткан" (24 -бет). Бул жагынан улуу калемгер Чынгыз Айтматовдун да тагдыры окшошуп жатканына не дейт элек? Дал ушунун өзү тарыхтагы, тагдыр жолундагы кош сызык, Чынгыз хан менен Чынгыз Айтматовдун бир өзөндүн ойүз-бүйүзүндөй болгон жарыш сызыгы. Автордун айтайын деген негизги оюу да, чыгарманын философиясы да дал ушунда жатат. Бул саптардын ээси чыгарманын автору Асан Акматовго:
- Асан айланайын чыгармачылыктын тарыхы ар жазуучу да, акында ар түрдүү эмес­пи. Мисалы, казактын белгилүү жазуучусу А.Нурпеисов деген калемгелердин "Кан менен тер" аталган үч китептин турган көлөмдүү романы бар. Ушул чыгарманы үч жыл советтик армияда кызмат өтөп келип ага чейин аңгеме, повесть жазбай эле жогоруда аты аталган чыгарманы жазганы жөнүндө маалыматым бар. Анын сыңарындай сен дагы жогоруда сөз кылган повестке чейин эч чыгарма жазган эмес экенсин. Өзүң дагы университеттин химия факультетинде иштеп подполковник деген наамга жетипсиң? Деги эле сен үчүн чыгарма жазыш кандай болду?
- Бул сиз атаган экинчи китебим, биринчиси деле повесть ал "Эрендер да ыйлашат" деп аталат. Бул китепти жазууну 2010-жылда 7-апрелде болуп өткөн кандуу окуядан кийин баштагам. Ошол күнү болуп өткөн каргаша мени кандайдыр бир калем кармоого түрттү. Ошондо окко учушкандар "Ата бейитке" коюлушу да чоң жана башкы себепкери болду. Ошондо менин ой-санаамды:
- Не себептен бул сыяктуу каргашалуу окуя тарыхта кайталанып келет, -деген суроо туулду. Бул повестинин экинчи бөлүгүндө Төрөкул Айтматовдун оор тагдыры сүрөттөлөт.
О. Тенти: Асан китебиңди окуп чыктым, айтканың да белгилүү. Буга чейин тактап айтканда "Берендер да ыйлашат" жана биз баятадан сөз учугун чубап жаткан эки повестине чейин чыгарма жазбай жүрүп эле буларга бел байлаш кандай болду? Сөздү ушул тарапка бурсаң? Бул ой капасынан келип эле киришип калдыңбы, же жазууну ойлоп, пландаштырып, кээде бир, эки бет жаза коюп жүрдүң беле?
А. Асан: Те-е бала кезде орто мектепти аяктап жаткан учурда киного жакыныраак болуп кино жаатындагы жогорку окуу жайынан билим алсам, режиссер же киного сценарии жазсам деген ойлор, кыялдар болоор эле? Мындан 20 жыл мурда СССР кулап ал эми бизде жогоруда мен атаган окуу жайлар жок болгондуктан Кыргыз мамлекеттик университетте химия факультетине өтүп беш жыл окудум. Ошондой болсо да бала чактагы ой жүрөктөн алыстабады. Кандайдыр бир окуяларды укканда же өзүн аралашып калганда сценарийлердин келки-келки бөлүктөрү башымда жаралчу. Атайын отуруп беш, алты бетке же андан көп, аз барактарга жазуулар болчу деле эмес. Бирок конспект жазып жаткан депдерлердин айрым беттерине чакан акуяларды жаза салуу сыяктуулар болоор эле. Бирок бул деле анчалык көп болчу эмес. Чынында мындай китеп жазам деген ой жок эле. Бирок китеп жазуу мындай болду. Мен бүгүн иштеп келе жаткан кызматымда күндөрдүн биринде өтө кызыктуу окуя уктум. Бир жигиттин 1999-жылдагы Баткен согушунда атасы менен жолугушканы жөнүндө эле да! Ага чейин ата баласын, бала атасын көрүшбөптүр. Бала Көлдө атасы ошол Баткенде жашашып, ошол Баткенде капысынан экөө жолугушат. Баса ал башкарып келе жаткан БТР танкасы анга түшүп чыга албай калат. Ал балага ошол айылдыктар чогулуп келип жардап беришкенде, алардын арасында баланын атасы болуп жатпайбы? Танканы эптеп чыгарышкандан кийин:
- Сен кайдан келдиң, -деп сураштырса, танкты айдаган бала алардын бирөөсүнүн баласы болуп жатпайбы. Ушул окуяны уккандан кийин оюмда бир сценарий пайда боло баштады. Ушул окуядан алып патриоттук темада киносценарий жазса жакшы болчудай, -деген ой сезимимди ээлем алды. Мен ушул окуяны Чынгыз Төрөкуловичтин аялы Мария тажеңеге айтып бердим. Анткетни, кезинде ал Москвадан сценариялык факультетти бүткөн, бул жагынан адис киши эмеспи деп. Ал киши да туура көрүп: - Айткан ангемең кызык экен, сен ушуну кагазга түшүрүп көрсөн болчудай экен, -деди. Ушундан соң жарым жылча ойлонуп:
- Кандай жазсам экен, -деп жүрдүм. Эң алгач оюмдагыны беш, алты баракка түшүрдүм. Ал бүткөндөн кийин аны ЧынгызТөрөкуловичке көрсөтүп, оюн уксам, -деген максатым бар эле. Бул окуя 2008-жылдын январь айы болуш керек? Мен анда Көлдөн келип чай ичип отуруп болгон ишимди айтып берсем: - Оо кызык окуя экен, -деп Чынгыз Төрөкулович да жактыруу менен кабыл алды.

Тенти Орокчиев