, 09.12.11 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

12-декабрь - Адабият күнү
Күндүз көрүнгөн жарык жылдыз - ал Чыңгыз
Мындан жыйырма жыл илгери Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарынын азыркы заман уйгур адабиятынын көрүнүктүү өкүлү жана белгилүү акыны Тайипжан Алиев атайын Кыргызстанга келди. Анын бел жерге келүүдөгү эң негизги максаты-атактуу залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов менен учурашуу болчу. Анан бактысына жараша Чыңгыз Айтматов чет элде болуп, эл кишинин бул тарапка кайсы учурда келерин эч ким билчү эмес, Айтматовду көрүү үчүн атайын келип, ынтызар болгон уйгур акыны эки жумага келген болсо да көрүп, учурашып калам го деген үмүт менен көпкө туруп калды. Эң акыры учураша албаган соң кайрадан кетүүгө аргасыз болду. Аягында бул жердеги досторуна:
- Менин эң негизги максатым кыргыз элинин, жалпы эле түркий элдерине сыймыгы болгон залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен жолугушуп, дидарлашып аны менен бетме-бет отуруп, акылман сөздөрүнөн өз кулагым менен угуп кетүү болчу. Бирок, Алла насип кылбаган экен, бул максатым ашпай калды. Залкар жазуучунун чыгармалары кытай, уйгур, казак дегеле кытайдагы көп тилдерге которулуп, элдер аябай кызыгуу менен окууда. Мен уйгур тилине которулган эки томун ала келген элем, эми муну кимге табышташым керек, -дешти жолдошторуна кайрылып. Жолдоштору аны кыргызстандык уйгур жазуучусу Абдулазиз Маметбакиевге тапшырып кетүүнү туура тапты. Ошентип Маметбакиевдин үйүнө келип:
- Мен Чыңгыз Айтматовга белек үчүн анын уйгур тилине которулган эки томун ала келген элем, бирок ал киши бул жерде жок болгондуктан бул белекти бере албай калдым, эми ушул белекти менин атымдан тапшырып койсоң, -деди...
Абдулазиз мага бул жөнүндө айтып:
- Сенин иштеген жериң жазуучулар союзуна жакын турат, Чыңгыз Айтматов келген кезде мага кабарлап койсоң мен Тайипжан Алиевдин аманатын аткарып коеюн, -деди. Бир күнү жазуучулар союзунда иштеп турган жазуучу Турат Садыков мага телефон аркылуу Чыңгыз Айтматов ишке келгендигин кабарлады. Мен тезинен Абдулазизге айтып, ошол күнү Тайипжандын аманаты Чыңгыз Айтматовдун колуна тийди.
Арадан эки жыл өткөн соң туз буйруп мен Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарына барып калдым. Август айы болгондуктан мөмө-чөмө, жашылчылардын аябай болуп турган кези. Мен көчөдө жөө басып, ал жердин жашоо шартына көз чаптырып, көчөлөрүн жөө кыдырдым. Мага машиналар, рекшалар, жөө сүйрөгөн кол арабалар жана жөө адамдардын кыйма-чийме болуп, башаламан аралашып өтүп жаткандыктары мени таң калтырды. Кебетеси алардын светофор менин анчалык деле жумушу жок сыяктуу. Адамдар аябай көп. Ошондуктанбы, адамдар тамактануучу ашканалар да аз эмес. Биз турган мейманкананын күн батыш капталында эле кеминде жети-сегиз ашкана бар экен. Бирок ошол ашканалардын бардыгында кардалар бар.
Саат он чендер чамасында мейманканадан эшикке чыгып журнал саткан күркөдөн бир журнал сатып алып аны барактап турган элем, бир жаш жигит келип, салам берип кол узатты. Мен саламына алик алдым.
- Кечирип коюңуз, сиз четтен келген мейманга окшойсуз, -деди жаңкы жигит. Мен:
- Ооба, Кыргызстандан келдим, -деп жоо бердим.
- Кыргызстандан дейсизби, биз бул өлкөнү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов аркылуу ого бетер жакшы билебиз, Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармалары ханзу -кытай-уйгур, казак жана башкал тилдерге которулган. Ал кишинин чыгармалары жуңго окурмандарыны эң сүйүп окуй турган чыгармаларына айланып калган. Ошондуктан колдон келсе эл кишинин чыгармасы гана эмес өзүн да көрсөк деген арман тилегибиз бар. Айтыңызчы, сиз өзүңүз Чынгыз Айтматовду көрдүңүз беле? -деп суроо берди. Мен анын суроосуна:
- Көргөнмүн, биз ал кишин тез-тез көрүп турабыз, себеби ал киши Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, мен өзүм да жазуучулар союзунун мүчөсү болгондугуман ал союздун чогулушу болгон ал киши жасаган докладдарын угуп турабыз, -деп жооп бердим.
- Сиз бактылуу киши турбайсызбы, мен Чыңгызды көрбөсөм да сиз өңдүү Чыңгызды көргөн кишинин колун кармап коюу мен үчүн сыймык, эгер капа болбосоңуз дагы бир жолу колуңузду бериңиз, -деп колун сунду. Мен колумду бердим. Бул жолу ал жигит колумду катуу кысты. Байкашыма ал сөзүн дагы улантты:
- Биздин Тайипжан Алиев деген атактуу акыныбыз бар болчу, ал киши Чыңгыз Айтматовду көрүү үчүн атайын Кыргызстанга барганда бакытка каршы ал киши чет өлкөдө экен, атайын келген соң жолугуп кетейин деп бир топ күн күтсө ал киши келбеген соң кайра келген эле. Тайипжандын эң чоң арзуу-тилеги ишке ашпай акыры эл киши бул дүйнө менен кош айтышты, -деди. Бейтааныш жигиттин жигит менен болгон бир канча мүнөттүк сүйлө сүлөшүү мага чоң таасир калтырды. Мен көпкө дейре терең кыялга баттым. Ал жигиттин "Мени Чыңгыз Айтматовду көрбөсөм да Чыңгыз Айтматовду көргөн сиздин колуңузду бир кармайын" деген сөзү менен ушунча толкундатты. Ооба, залкар жазуучу менин мекендешим, кыргыз элинин сыймыгы, жалгыз эле кыргыз эли эмес, бир жарым милиарддан ашык эли бар Кытай эли да сыйлап, урматтап эң жогору баалашат экен. Мен адатымча дагы көгө чыгып, жөө бастым. Бийик-бийик кооз имараттар, түркүн-түстүү буюм-эмеректерге толгон базарлар, быкылдаган эл- баары теңсең "Сен Чыңгыз Айтматовду көрдүң беле", -деп суроо бергенсийт. Мен "Ооба, көргөнмүн" деймин. Анан бардыгы тең: "Сен кандай бактылуу адамсың" -деп айткандай сезилет мага. Мен ошондо бийик-кооз имараттардын төбөсүндө турган көккө көз жиберем. Көпкөк асмандын үстүндө, күндүз эле бир жылдыз жаркырап тургандай сезилген мага. Ал жылдыз - Чыңгыз. Ооба, мен кыргыз элим менен, сый кутман жерим Ала-Тоо, Баатыр бабам "Манас" көзүмө күндүз элестеп көктөн көрүнгөн жылдыз, Чыңгыз менен ар дайым сыймыктанам -жана да бактылуумун.

Абдылда Карасартов