кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"

п»ї




кыргыз жигитин "бен ладен" көрсөткүсү келип жатышабы?
Бир чети тобо дебеске да айла жок экен. Гезиттин башкы директору Арыстанбек Дүй­шөм­биевди жа­лаң орус тилдүү маалымат кара­жаттары каралап, арабызда кадимки улутман, кыргыздын намыска бек турган жигити эмес дүйнөлүк наркобарон же кадимки эле Усама Бен Ладен өзү аралашып жүргөн сыяктуу чоң ызы-чуу жаратканы таң калычтуу. Учурда тергөө иштери жүрүп, иш толук аягына чыга электигине байланыштуу эч нерсе айта албай турабыз, бирок айта турган да кезек келээр. Ошол эле жалаң орус тилдүү басылмаларга редакциялык жамаат болуп жаткан ишти саясий куугунтук деп атайт дегени чындыкка туура келбейт. Анткени алгачкы маалымат тараганда эч кимдин жообу алынбай туруп маалымат сайтына басылмадан билдиришти деген жагдай менен тарап кеткен. Такталып, аягына чыга элек иш тууралуу айта турган сөздөр али алдыда экенин дагы бир ирет баса белгилеп кетсек туура болоор.
Арыстанбек Дүйшембиевдин улутмандыгы, кыр­гыз дегенде күйүп тураарын жактыргандар көп, бирок жактырбагандары да бар. Учурунда кыргызга сөз тийгизгендерге каяша кебин айтканы, улуттун таламын талашканы башка улуттарга жаккан эмес. Маалымат каражаттары аркылуу ага сокку жасагысы келгендер булар - кыргыздын мүлкүн талап, Москвадан кычыраган үйлөрдү алып коюп азыр деле Кыргызстандын эмнесин жулуп кетсем деген жөөттөрдүн кызыкчылыгы бар экенин байкаса болоор. Бирок убакыт өтөт, күнөөлүүлөр кудай алдында жазаланбай калбайт деген кеп бар. Кыргыз деп күйгөн жигиттерди өз жерибизде туруп башкаларга бастынттыра берсек аягы кандай болот, айтуу кыйын. Эгерде бул гезит жетекчисин кыргыз дегенде ичкен ашын жерге коет деп ашыра мактап жазып жатат дешсе Арыстанбек аганы билгендер айтышсын. Андай кол жазмалар, окурмандардын, гезиттин такай иштешкен авторлорунун жазып кел­ген макалалары буга далил. Директорубуздун жасаган жакшылыктары көп экен, ушул убакытка чейин күнүгө эшик тындырбай келип абалыбызды сурап, кантип атасыңар, эмне болуп жатат, бир нерсе керек болсо телефон чалып кабарлагыла деген жөнөкөй мекендештерибиз толтура. Биз билген Арыстанбек Дүйшембиев бандит же наркобарон эмес гезиттин директору, кыраакы, келечекти алыстан карай билген кыргыздын на­мыска жараар азаматы экенин баса белгилей кетели. Азырынча ар кандай кептер айтыла берээр, бирок биз учуру келгенде бул ишти баштан аяк гезиттин атайын чыгарылышы менен жалпы окурмандарга сунуштайбыз.












??.??