п»ї

  сахна

"Дүйнөнү сулуулук сактап калат" деп айтып коёт эмеспизби. Андыктан эл алдында жүргөн биздин таланттуу, чырайлуу, белгилүү, "жылдыздуу" айымдар өздөрүнүн сулуулук сырларын окурмандарыбыз менен тең бөлүшмөкчү.

Жылдыздардан сыр кеңеш
Назира Айтбекова
- Бала эмизип жаткан аялдар үчүн өз сүтү менен сүртүп турса, андан артык эч нерсе жок. Ал эми айымдарга болсо кадимки эле картошканы сууга бышырып, ысык бойдон аны эзип алып, кичине сүт, суу май же болбосо оливка майын кошуп жакшылап аралаштырасыз. Бетти таза жууп алып анан даяр болгон боткону ысык бойдон бетке, колго сыйпап коюңуз. 15-20 мүнөт өткөн соң жылуу суу менен жууп саласыз. Бетиңиз наристеникиндей апакай, жумшак болуп калат.
Андан сырткары үй шартында айран, жумуртканын агынан да маска жасаса болот. Бирок эң башкы сулуулуктун сыры жатаарда, эртең менен турганда жубайың "сен сулуусуң, жаным, сени сүйөм" деп турса, мындан өтөөр ыкма жок.

Замира Молдошева
- Суук болуп жатат азыр, ошондуктан албетте бетти дагы, колду дагы сууктан сакташ керек. Жайкысын күндөн сактай турчу SPA- кремдерди сүйкөй турган болсок, азыр жумшарта турчу кремдерди колдонушубуз керек. Эмнеге дегенде, муздактан ысыкка, ысыктан муздакка чыкканда беттеги майда капиллярлар жарылып кетет да беттин бузулушуна алып келет. Ошондуктан сөзсүз түрдө атайын кышкы кремдерди сүйкөп жүрүш керек.
Кышкысын чач да бат бузулат, себеби баш кийимдин астында жүрүп, каралбай, көптөгөн витаминдер жетишсиз болуп калат. Ошондуктан бул мезгилде чачка да көңүл буруу зарыл. Үй шартында жасалчу ыкманы айта кетейин, кадимки эле пияздын сыртын сууга кайнатып алып, чайдай кылып демдеп аны менен чачты жууса какач да болбойт, жалтырап да турат.
Бетке болсо көп эле ыкмалар бар, бирок азыр бадыраңдын деле күчү кетип калды, бардыгы эле сатып алма, ошондуктан эң табигый азык бул айран. Айран бетти жумшартып, өңүнө чыгарат. Кургак бетке геркулес менен каймакты жакшылап аралаштырып бетке сүйкөсө да абдан жакшы натыйжа берет. Конокко бараарда жумуртканын агын 20 мүнөткө сүйкөп койсо бет жылмакай, назик болуп калат. Андан кийин макияж жасасаңыз да абдан жакшы болот.
Колго дайыма көңүл бурулуп келиш керек. Айрыкча суукта колдун териси да бат жабыркайт. Жок дегенде жатаар алдында колдоруңуз үчүн бир аз убакыт таап, кадимки эле дарыканаларда саткан глицеринди сүйкөп жүрүңүздөр. Анткени глицериндин пайдасы абдан эле чоң.


Жанетта Бобкова
- Өзүм көбүнчө ар кайсы фирмалардын даяр каражаттарын колдоном. Бирок элдик каражаттарга да кээде кайрылып турам. Биз маданият кишилери болгондон кийин дайыма өзүбүзгө кам көрүп турушубуз керек да. Ошолордун айрымдарын айтып берейин.
Эртең менен турганда көздүн асты шишип калат го, андай болбош үчүн тузду азыраак колдонуш керек, анан кадимки эле баштыкчадагы чайды көздүн үстүнө коюп, бир аз жатып туруш керек.
Бетке болсо быштактан сонун маска жасаса болот. Ал үчүн 1 аш кашык быштакты 1 чай кашык бал менен аралаштырып, ага бир аз жылытылган сүт кошосуз. Даяр болгон боткону бетке тегиз жайгаштырып, 15 мүнөттөн кийин жылымык суу менен жууп саласыз.
Эгерде беттин териси кургак болсо анда кийинки ыкманы колдонуңуз. 1 аш кашыктан быштак, жылуу сүт, сабиздин маңызы жана оливка майы. Бардыгын жакшылап аралаштырып, бетке сүйкөп, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

Аида Кулуева
- Суук болгондон баштап чачка да, бетке да, колго да кам көрө башташ керек. Анан да эриндерибизди унутпашыбыз зарыл, анткени суукта кургап, жарылып баштайт эмеспи. Ошондуктан эриндерди суу май менен сүртүп жүрүш керек. Эриндерге 20 мүнөттөй бал сүйкөп койсо да жумшартып коёт. Эгерде эриндер сууктан жарылып кетсе, анда оливка майы менен сабиздин ширесин бир өлчөмдө аралаштырып, 5 мүнөткө сүйкөп коюңуз. Ал сиңип кетет да калганын акырын сүртүп коюңуз.
Беттин териси дайыма тунук, таза болсун десеңиз анда 1 аш кашык ромашканы сууга кайнатып, аны муздатып, сүзүп алып анан бетиңизди жуусаңыз болот.
Чачка да көптөгөн жакшы ыкмалар бар. Мисалы, жумуртканын сарысын 1 аш кашык оливка майы менен 1 аш кашык коньяк кошосуз. Жакшылап аралаштырып баш терисине, чачка сүйкөп туруп, сүлгүгө ороп коё турасыз. 30 мүнөт өткөн соң жылымык суу менен чайкап салыңыз.

Залина Касымова
- Дайыма концерттерге катышып, эл алдында жүрөбүз да, ошондуктан өзүңдү карап, сырткы кел бетиңе көбүрөөк көңүл бурууга туура келет. Салондорго көп деле барбайм, кээде гана өзүм эле үй шартында маскаларды жасап турам. Мисалы, сезимтал тери үчүн 1 чай кашык бал, быштак жана 2 чай кашык жүзүмдүн ширесин аралаштырып, аны 15-20 бетке сүйкөп коюп, анан жылымык суу менен жууп саласыз. Же болбосо кургак тери үчүн 1 жумуртканын сарысын 1 аш кашык суу майга кошуп аралаштырып, аны бетке сүйкөп, бир аз массаж кылат. 15 мүнөттөн кийин жылымык суу менен жууп саласыз.
Эгер беттин териси кургак эмес болсо анда 1 жумуртканын агын 1 чай кашык бал менен аралаштырасыз дагы ага бир аз ун кошосуз. Коюу ботко болуш керек, аны бетке жабасыз да 10 мүнөттөн кийин салкын суу менен жууп салыңыз. Бул ыкма бетти тазарткан, жумшарткан касиеттерге ээ.

Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА




Ырдын баркын кетирген ырчы!
Ылгабай баарын кечирген сынчы...
Ой тообо-о!! Азыркы учурда, радио менен теле берүүлөрдөн берилип жаткан кыргыз ырларын угуп олтуруп, ырдалып жаткан ырларды ырдоо манерасы, обондун кайрыктары туура ырдалып, аткаруучулук чеберчиликтери көңүлдөгүдөй болуп жатканы менен, "ушул ырымды жакшы аткарган инсандар болсо экен" дешкен чыгармачыл авторлордун ойлорунан аттап өтүшүп, өзүбүз билебиз дегенчелик туура эмес ойлор менен, аткарыла турган чыгарманын да "аялдар үчүн" жана "эркектер үчүн" деген жолдомолорун ойлонуп да коюшпастан эл алдында ырдап келе жатышкан ырчыларды көрүп жакаңды карманасың.

СССР учурунда, ушул эле радио менен телевидение, чыгармачыл авторлордун жаратып жаткан обон-ырларын, Маданият министрлиги тарабынан колдоого алып, жакшынакай жаралган чыгармаларын маданий фондко кабыл алышып, андан кийин аткаруучу-ырчыларга ырдаганга уруксат беришээр эле. Кайран гана СССР !..
Ал кездеги чыгармачыл авторлор, учурдун талабына ылайык (кантсе да улуттук калоритти бузбастан) эл арасында дайыма ырдалып кала турган чыгармаларды жаратышып, элдерге тартуулап келишти. Мисалы: Ж. Шералиев, Р. Абдыкадыров, К. Тагаев, А. Атабаев, Т. Казаков, А. Керимбаев (жана башкалар) өңдүү обончу-композиторлор(ошол кездеги Союздун талабы менен) көпчүлүгү эркек кишилер болсо дагы, жараткан чыгармаларында "эркектер үчүн", жана "аялдар үчүн" деген жолдомо колдонулуп, көптөгөн обондуу ырларды жазып келгендерин билебиз. Бирок, ушул жолдомону биз аткара билдикпи? Аны аткарбаганыбыздын себеби эмнеде? Кимдер күнөөлүү? - деген суроолор туулат.
Чындап эле көңүл буруп карап корсөк. Токтогул Сатылганов авабыздын сөзүнө жазылган Эгинчиевдин "Алымкан" деген обонун, 50-жылдары Мыскал Өмүрканова деген ырчы эжебиздин аткаруусунда эл алдына шаңдуу тарап кеткенин билебиз. Албетте, Мыскал эжебиздин үнү альт болгондуктан, коңур чыгып жоон үндө созолонтуп, эркектердин үнүнө жакыныраактыктан болсо керек. Аялдардын үнү аткарылгандыгы анча деле билинбегендей туюлчу.
"Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан азабың тартсам билбейсиң...

Же болбосо-

Бурулуп мага келе кет,
Алымкан муңдууга салган кыйын иш..."
деп аялдар мунканып ырдап жатса, -Эмне, эркек ырчылар калбай калышканбы? - деген суроону да беришкен адамдар жок эмес.
Анысына деле мейличи деп калсаң, бизге боло берет турбайбы дештиби, кадимки эле Атай Огомбаевдин "Күйдүм чок" деген ырына жадырап-жайнап ырчы кыздар чыга келишти. Айтбек Мукамбетов деген жакшы ырчы жигитибиз бар. Ал киши аткарып жатканда, автор өзү тирилип келип ырдап жаткандай рахаттанып калабыз.
Мына:
Боз теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен, боз жоолук салып түрдөнүп.
Болжолуң таап жеталбай,
Мен жүрөм, боздогон тайлак өңдөнүп.

Эркектер ырдашса, чын эле "боздогон тайлактай" болгондугун элестетип көрүп, маанисине баа беребиз. Ал эми аялдар ырдап калышса, -Ой тоо-бо !! Аялдардан тайлак болоюн дегендери бар экен да - деп жакаңды карманасың.
Мындай мисалдарды айта берсек абдан эле көп болуп баратат. К. Тагаевдин "Элмира" деген чыгармасын, Т. Тыныбековдун "Гүлжан" деген ырын, Элдик ыр катары ырдалып жүргөн "Айнагүл" деген ырды, Т. Эшбаевдин "Эжекеме" деген обонун, Р. Абдыкадыровдун чыгармаларын (анын ичинен "Алмашымы"), жана башка көптөгөн чыгармаларды аялдар аткарып келе жаткандыгын угуп келе жатабыз.
Ушуларды көрүп туруп, жолдомолорго берилген суроолорго жооп иретинде буларды айтып кетет элем.
1-ден. Бизге негизги милдет болгон, башкача айтканда өз үнүбүзгө ылайыкташылган чыгармаларды диапозонуна карап, маанисине жараша "эркектер үнүнө" - эркектер, "аялдар үнүнө" аялдар ырдашып элдерге чыгарманын туура оюн беришсе.
2-ден. Азыркы мезгилде жаңы чыгып келе жатышкан обончу-композиторлордун чыгарманы угууга болгон ойлоо-жөндөмдөрүнүн, кыргыздын улуттук колориттеги музыкасын таануу билимдеринин жоктугу.
Акындардын жаратып жаткан ыр саптарына көңүл бурушпагандыктан, эркектердин ыры, же аялдардын ыры экендигине маани бере албастыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Ал эми ушул жетишпестиктерди калыбына келтирүүгө, албетте биринчи кезекте маданиятка көңүл буруп, биринчилерден болуп тарбияны мектептен баштоо керек экендиги белгилүү болуп турат.
3-дөн. Бул жолдомону аткарбай келе жаткан ар бирибиз өзүбүз күнөөлүү экенибизди билсек. "Маданияты жок эл болбойт"- деген бир белгилүү инсан айтып кеткендей, албетте, мамлекетибизди да маданият менен таанытаарыбызды унутпасак.
Ооба, ырчылар ырдайт. Ал эми сынчылар сындайт. Ал эми ошол ырдап жаткан ырчыларды туура сындай билсек, ырчылар туура түшүнүшүп айтылган сөздү туура кабыл алышса, бул да болсо таза искусствого бир кадам болмокчу.
Жаралган музыканы угуу оңой. Ал эми аны аткарып, элге жеткириш кыйын. Ар бир доордун өзүнүн өзгөчөлөнгөн искусстводогу жетишкендиктери болот. Бири сүрөт тарабынан көрсөткөн болсо, бири музыка, поэзия, бий, кино, көркөм- өнөр жагынан жетишип келишет. Ошону туура жолунда көзөмөлгө алып, ырдоо өнөрүнүн жолун өз нугунда аткара билсек деген ой.

Маматибраим Бостонкулов,
Обончу-композитор, акын, жазуучу
Жалал-Абад.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??