п»ї

  Кыргыз киносуна 70 жыл

Кичи экрандын чоң салымы
Кыргыз киносунун 70 жылдыгын Дооронбек Садырбаев атындагы "Кыргызтелефильм" студиясы дагы сыймыктануу менен тосуп жатат. Себеби, бул студиянын тасмалары өзүбүздө гана эмес, эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга татыктуу болуп, кыргыз киноискусствосуна кошкон салымы зор. Союз маалында баардык республикалар сыяктуу эле Кыргызстанда дагы 1968-жылдын октябрь айында "Кыргызтелефильм" студиясы ачылып, аны "кичи экран" деп атап коюшчу.

"Кыргызтелефильм" студиясын алгач Улан Токомбаев уюштуруп, андан кийин Кадыр Өмүркулов жетектеп, студия алгачкы кадамдарынан эле чыгармачылык ийгиликтерге жетише баштаган. 1968-жылы Алма-Атада өткөн биринчи аймактык фестивалда "Күүнүн сыры" тасмасы, 1969-жылы Москвада өткөн биринчи телефестивалда "Тоо башындагы койчу" тасмасы баш байгелерди алса, Мюнхен шаарында өткөн кинофестивалда "Парижге кеткен жол" тасмасы башкы байгени жеңип келген. "Ак Мөөр", "Топчу мурун","Көз айнекчен бала", "Атадан калган туяк", "Эң кубанычтуу күн" тасмалары биринин артынан бири жаралып, М. Убукеев, А. Видугирис, Э. Уразбаев өңдүү режиссерлор "Кыргызтелефильм" студиясына зор ийгиликтерди алып келген. Ал мезгилде студиянын Д. Садырбаев, А.Альпиев, Е. Котлов сыяктуу режиссерлору ийгиликтүү чыгармаларды жарата башташкан. Кийинки жылдарда студияда иштеп тажырыйба алышкан жаш кадрлар ВГИК, ЛГИТМиК сыяктуу Москвадагы, Ленинградтагы жогорку окуу жайларды бүтүрүшкөн У.Жээнтаев, А. Айтыкеев, Т. Ибрагимов, Э. Базарканова,Ф. Газиева сыяктуу кадрлар үзүрлүү эмгектене башташты. Ал эми белгилүү кинорежиссер Д. Садырбаев Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кайрылып "Арман", "Акбаранын көз жашы", "Махабат дастаны" сыяктуу көлөмдүү көркөм тасмаларды тартып көрүүчүлөрдү кубантса, кыска метраждуу "Антракт", "Түндө" тасмаларын Г. Базаров, даректүү "Түбөлүккө жанашуу", "Манастын ааламын" М. Убукеев тартышып, студиянын даражасын бийик көтөрүштү. Санап отурсак студиянын тарткан тасмалары менен алган сыйлыктары бул чакан макалага батчудай эмес. "Кыргызтелефильм" студиясы, ошол 43 жыл аралыгында 500дөн ашык ар кыл жанрдагы кино тасмаларды жаратуу менен Республикабыздын өнүгүп-өсүш жолдорун чагылдырган архивдик материалдарды да тартып келүүдө.
Өз учурунда "Күүнүн сыры", "Парижге карай жол", "Ак Мөөр", "Көз айнекчен бала", "Топчу" сыяктуу тасмалар чет өлкөлөрдүн жана союздук масштабдагы фестивальдарда байгелерди жеңип алган.

Студияда "Акбаранын көз жашы", "Махабат дастаны", "Жазгы күн желеси" көркөм тасмалары, "Чыңгыз Айтматов", "Искак Раззаков", "Акыркы Манасчы", "Бийик жээк" даректүү тасмалары, "Кайран эл" көркөм публицистикалык тасмасы, кыргыздын жана дүйнөлүк сценанын классиктери катышкан фильм-концерттер ошондой эле жаңы ыкма колдонуу менен мультфильмдер да тартылган.
Беш бөлүмдөн турган "Кыргыз искусствосунун энциклопедиясы" Кыргыз Республикасынын Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал эми "Ишеним, Үмүт жана Сүйүү" тасмасы 2003-жылы Москвада өткөн Евроазиялык телефорумунда байгелүү болгон.
"Каракыз" көркөм тасмасынын премьерасы Москвадагы эл аралык кинофорумда болуп, эң жакшы тасма деген наам алса, Ялтадагы Эл аралык кинофорумда Гран-приге татыктуу болуп "Мосфильмдин" режиссура жана сценарийге деген эки дипломун алган. "Сокур кемпир көрөгөч" тасмасы 2004-жылы Алматыда өткөн 41-Эл аралык АBU телефорумунда атайын байгеге татыктуу болгон. Ал эми "Жолдош Талыкпас", "Жол", Петр Чесноковдун согушу жана тынчтыгы", "Жол-жол", "Той" тасмалары Эл аралык кино-телефорумдарда баалуу байгелерге жетишти. "Альтернатива" көрсөтүүсү биринчи "Өнөктөштөр өлкөсү" Эл аралык телеконкурсунда "Эң жакшы режиссура" үчүн дипломун алган.

"Бешик ыры" көркөм тасмасы Ташкентте өткөн "Чыгармачыл закым", Орто Азиялык жаштар кинофестивалында "Эң жакшы тасма" диплому менен сыйланган жана Алматыдагы "Шакен жылдыздары" фестивалына катышкан. "Метаморфоза" тасмасы Монте Карлодогу Эл аралык "А" классындагы фестивалга тандалып алынган, бирок техникалык мүчүлүштөр боюнча катыша албай калган. Бирок бул тасма 2007- жылкы IV "Евразия" Эл аралык кинофестивалына катышып, белгилүү дөйнөлүк сынчылардын көңүлүн бурган.
Акыркы жылдарда биздин тасмалар ар кандай Эл аралык кино-телефестивалдарга катышып келет. "Көпүрө" тасмасы юбилейлик "Евразия" кинофестиалында Гран Приге ээ болсо, ШОС экинчи кинофестивалында "Күмүш үзөнгү" байгесин жеңип алган.

"Кыргызтелефильм" студиясы акыркы жылдарда өзүнүн көркөм жана даректүү тасмаларында чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алды. Алар автордук көрсөтүү болобу, кыска метраждуу эссе болобу, биздин жашоону көп кырдуу философиялык көз караш менен жалпылап көрсөтө алат.
Учурдагы Рухий дүйнө жакырланып, дилетантизм, көңдөйлүк күч алып турганда, жакшы музыка, интеллектуалдык кино, театр өнөрү, адабият өзгөчө мааниге ээ, анткени алар эң баалуу чыгармачылык категориялар болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө "Кыргызтелефильм" студиясын жетектеген Айбек Жангазиев, көркөм кеңештин жетекчиси Геннадий Базаровдор студиянын чыгармачыл багытын аныктап, мезгилдин талабына ылайык чыгармаларды жаратуу менен коллективдин толук кандуу иштешине шарттарды түзүп келишет. Студия мезгил талабына ылайык аппаратуралар, компьютерлер менен жабдылып, санариптик кинокамералар менен тартылган тасмалар дүйнөлүк стандартка ылайык болуп, эл аралык кинофестивалдарга жолдомолорду алууда. Көркөм жана даректүү тасмалардан сырткары Г. Базаровдун "Альтернатива", Т.Жумабаевдин "Кинограф" жана "Эскерүү" сыяктуу циклдик көрсөтүүлөр ар дайым телеэкранга чыгып турат. Бүгүнкү күндө "Кыргызтелефильм" студиясы түптөлгөндөн бери эмгектенишкен Г. Базаров, Ү. Жээнтаев, А. Айтыкеев, Т. Ибрагимов, А. Жангазиев, Э. Базарканова, А. Ызабеков, Ф. Газиевалар жаңы муундун өкүлдөрү Э. Шаршеналиев, Э.Мамытов, А.Абышкаев, А. Такенов, Ф.Касманбетов сыяктуу жаштарга өз тажырыйбаларын беришсе, кинопроцесстерин уюштуруучулар Н. Бердибеков, Н. Токомбаева, Э.Курманалиева, Г. Чаловалар да өз салымдарын кошууда. "Кыргызтелефильм" студиясы бул жетишкендиктери менен эле чектелип калбастан, келечекте да көрүүчүлөрдү кубанткан чыгармаларды тартуулай бермекчи. Кыргыз киносунун 70 жылдык мааракеси жалпы элдик майрам, себеби, биздин жараткан чыгармалар сиздер үчүн, сиздер гана көрүп , сиздер гана биздин эмгекти баалайсыздар. Ал эми бир кезде "Кыргыз керемети" аталып дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз киносу, элибиздин рухий дүйнөсүн байытып, залкар чыгармаларды жаратуу менен кайрадан жаралып эгемендүү өлкөбүздү дүйнөгө даңазалай берүүсүн каалайбыз. Майрамыңар менен кымбаттуу кесиптештер...

Бактыгүл ЧОТУРОВА,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??