п»ї

  Көйгөй

Эне көөнү балада, дарыгерлер көөнү акчада...бы?
же СПИДге чалдыккан балдардын тагдыры
Ушул жуманын башында Ош шаарында дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жуктуруп алган наристелердин ата-энелери митингге чыгышкандыгын кыргыз эли көрүп, жан дүйнөсү кейип турду. Алардын мындай кадамга барышынын себеби балдарына ВИЧ илдети жугушуна себепкер болгон дарыгерлерди жазага тартуу керектигин айтып чыгышты. Ошондой эле мамлекеттен ар бир балага 1 миллион сомдон жана бирден батир берүүнү талап кылышууда. Эч кандай майнап чыкпаган соң балдарын жетелеген ондон ашык эне борбор калаабыз Бишкекке келип, акциясын Ак үйдүн алдында улантышкан. Алгачкы күнү бийлик тарабынан эч көңүл бурулбай, эч кимиси чыкпай койгон. Кечээ болсо аларды Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков кабыл алып, ишине шалаакы мамиле жасап, бейтаптарга ВИЧ инфекциясын жугузган медицина кызматкерлерин соттоп, 15-20 жылга эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгаарын айтты. Митинг уюштуруп жаткан энелердин талаптарын жана арыздарын териштирүү үчүн депутаттардан, өкмөттүн өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлөөрүн да кошумчалады спикер. Кошумчалай кетүүчү нерсе, митингдин катышуучуларына Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 1 миллион сом бөлүнүп берилмекчи болду.
Митингдин катышуучулары бир сыйра сайылуучу шприц менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомду көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү, 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат. Бул талаптар аткарылмайын кетпей турганын эскертишкен. Эскерте кетсек, көпчүлүгүнүн балдарына мындан төрт жыл мурда Ноокатта дарыгерлердин жоопкерчиликсиз мамилесинен СПИД дарты жуккан болсо, айрымдарынын наристелерине ушул эле жылы жуккан экен. Митингге чыккандар андан бери эч кандай жардам берилбегенин айтууда. Алардын айтымында, бекер дарылар берилет дегени менен 10-15 сомдук дарылар гана берилип, башка кымбат дарыларды өздөрү сатып алышат экен. Алар балдарынын бул илдетке чалдыгышына себепкер дарыгерлерди өз күнөөлөрүн тартышы керек деп айтышууда. Мындай дарыгерлердин айынан Ош облусунда 17 бала ВИЧ илдетине чалдыкканы айтылууда.
Эне байкуш эмне кылсын, сырттагы суукка карабастан балам деп күйгөн эне акыйкатты издеп келет. Жүзүн көрсөтпөй, аттарын атагысы келбей турган энелердин бири дарыгерлердин шалаакылыгынан эки кичинекей баласын жоготкондугун айтып, көз жашын төгүп турду. Анын айтымында, буга күнөөлүү дарыгер дагы деле эмгектенип келет экен. Демек, буга чейин дагы канчалаган жаш баланын өмүрүнө балта чабылды деген суроо туулат.
Бул балдардын кийинки тагдыры эми кандай болот, аларга коомубузда орун табылабы? Энелердин күйгөнү да ошондо болуп жатпайбы, урматтуу окурман. Бүгүн эле аларды эч ким кошпой, киши катары көрбөй, ийне алганы барса, дарыгерлер "СПИД келатат, дарылап кой" деп шылдың кылып, элдин баарына жарыялап кыйкырат дейт. Бул тууралуу энелердин бири: "СПИД оорусун жуктуруп бир балам каза болуп калган. Эми болсо элдин баары аны билип алып, башка соо балдарымды деле каралашып, же бала бакчага албайт, же мектепке алышпайт", -дейт.
Бул боюнча түштүктөгү областтар аралык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Абдысамин Анарбаев мындай деп билдирди:
- 2008-жылдан бери биздин оорукана ВИЧ СПИДдин алдын алуу боюнча эле 10 млн. 262 миң сомдук каражаттарды алдык. Андан сырткары АКШдан атайын бир контейнер алып келдим. Дарыгерлерди да тынбай окутуп жатабыз. Кан куйганда, операция учурунда, же башка нерселердин ар биринде азыр жакшы көзөмөл болуп турат. Азыр дагы балдарга оору жугуп атат деген сөз жалган кеп. Антип айтууга негиз жок.
Ал эми саламаттык сактоо министрлиги бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтып, министрликтин пресс-катчысы Света Байтикова бул көйгөй боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
- Кечээ күнү митингчилер менен жолугушуп, алардын койгон талаптары менен тааныштык. Алар берилген бекер дарылар арзан, акча эч нерсеге жетпейт деп айтып жатышат. Мында саламаттыкты сактоо министрлигинин күнөөсү жок. Эмнеге дегенде жетиштүү түрдө Өкмөт биздин министрликке каражат бөлүп бербейт. Дагы алар күнөөлүү дарыгерлер жазалансын деп жатышат. Бүгүнкү күндө, күнөөлүү деп табылган 14 дарыгердин тогузу өз күнөөлөрүн алышкан, бирөөсү каза болгон, дагы төртөө амнистияга туш келип бошотулушкан. Булардын бири да азыркы тапта өз кесиби менен иштешпейт. Андан сырткары жетекчилер да жаза алган учурлар бар. Мисалы, облустук оорукананын башкы дарыгери, бөлүм башчылары, Санэпид көзөмөлдүн башчысы, облустук СПИД борборунун жетекчиси иштен алынган. Ал эми үй берилсин, 1 млн. сом берилсин деген талаптарын саламаттыкты сактоо министрлиги чече албайт. Калган дарылануу жагынан кемчиликтер сөзсүз түрдө каралат, мыйзам боюнча СПИД жуктуруп алгандар бекер дарыланышы керек.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитеттин төрайымы, КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева да өз пикирин айтып өттү.
Анын айтымында, ВИЧ жугузган балдардын көпчүлүгү түштүк аймакта катталган. Дамира Ниязалиева кан куюунун коопсуздук эрежелерин сактабагандык, бир жолу пайдаланылуучу ийнелерди кайталап пайдалануу жана балдарды ВИЧ жугузган адамдар менен аралаш жаткыруу негиз болуп жатканын белгиледи.

Маалыматтарга ылайык, 2007-жылы Ноокаттагы ооруканада балдарга массалык түрдө СПИД оорусун жуктурган деген айып менен 30дай дарыгер кармалып, үчөө төрт-беш жылдан түрмөгө кесилген. Андан сырткары сот Ноокат райондук жана Ош областтар аралык балдар ооруканасынын ондон ашык медициналык кызматкерине 1-2 жылдан өз кесиби боюнча иштөөгө тыюу салгандыгы айтылган. Ош облусунда учурда ВИЧ СПИД илдетине чалдыккан 150дөй бала каттоодо турат.


P.S. Маалымат толук болуш үчүн саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабековго чыктык, тилекке каршы кол телефону өчүрүлгөн экен, министрликтен анын командировкада жүргөндүгүн маалымдашты. Газета даярдалып жаткан учурда ЖК Төрагасы Ахматбек Келдибеков, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сабыржан Токтосунович, Жогорку Кеңештин саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитеттин төрайымы, КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева жана башка өкмөт мүчөлөрү менен бул маселе боюнча жолугушуу өткөрүп жатышкандыгы тууралуу маалымат келди. Андыктан, урматтуу окурман, гезитибиздин кийинки санында бул тууралуу толук маалымат, жыйындагы каралган суроолор жана алар кандай жыйынтыкка келгендиги тууралуу биле аласыздар.


Гүлжан Абылкасиева








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??