п»ї

КОАЛИЦИЯ
(Бабашканын күндөлүгүнөн)

(Уландысы, башы өткөн санда)

5 -декабрь

А. Келанын акылынан айланса болот экен. Бир-эки күн мурун биздин никеге турар убагыбыз бышып жетилип, эң алгач Мамонтбек экөөбүздүн никебиз кыйылмай болду. Шапалак, А. Кела, Киргиз акем, Барсбек бардыгы бул никеге каршы чуркап жүрүштү. Мамонтбек өз күчүнө өзү ишендиби корстон болуп, компоюп жүрдү. Хатамба болсо чыйпылыктап, ары-бери чуркап мага мүнөт сайын телефон чалып, ал-жайымды сурап коюп атты. Мага эмне "Сиздерди колдойбуз" -дегеним менен ичимден, ушул нике кыяар күнү көрсөтпөсөм эле деп кекенип жүрдүм. Мамонтбек чиренип: "Сага үй-бүлөдөгү мыкты орундардын бирин беребиз, акча-каражат жагын тейлейсиң"-демиш болду. Ооба сага, үй-бүлөнү ичинен Хатамба башкарса, сыртынан Мамонтбек башкарса, мен болсо үчүнчү ролду ойноп акча жагын башкарып калмак белем. Акчаны каякка жоготтуң дешип мени суракка алып турушса, андан көрө А. Кела менен ымалалашсам, ал жибектей созулган жигит экен. Шапалакка бир эки кызмат берип коёбуз да калганын өзүбүз бөлүп алабыз деп атпайбы. Буга чейин Хатамба "өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип" келсе, эми аны да мурдунан жетелеп алабыз. Жетеленбей көрсүнчү, анда сразы Барсбектер менен баш кошуп, Хатамбаны да шым кылып кетебиз.
Нике күнү Мамонтбекти ортого алып чыгып алып өлө ийлешти. Бала кезде тийишкен кыздарынан өйдө эсептеп чыгышты. Мамонтбекти мактаган эч ким жок, жалгыз Хатамба жактап чыкты. Анын сөзүн киши уккан жок, ким угат эле. Мен болсо көзүмдү сүзүлтүп коюп, ичимден кымың этип коюп отурам. Хатамба: "Туттуңбу?"-деп , мени жал-жал тиктейт, тутпаганда каякка барат элем демиш болдум флирттүү көз менен тиктеп. Аңгыча добуш беребиз деп калдык. Мен бир-эки балама каршы добуш салгыла деп койгом. Ишеничтүү балдар эч кимге оозунан чыгарбайт. Анын үстүнө ооздоруна кымбат баалуу "шоколад" салып койгонбуз, ооз басырык деп. Күлкүм келди, Мамонтбекке бир-эки эле добуш жетпей калып, кулады. Көзүнөн жаш ыргып кете жаздады. Мени аябай жаман көзү менен тиктеди, шекшиди, ушул сенин балдарың гана жасады деди окшойт. Мага эмне эртең ресторанда А. Кела менен жолугушуу болот. Ал мага убада кылган бриллианттарын тартуулайт. Шапалак болсо өзүнчө белек берет доллар менен. Киргиз акем дагы. Лондондо жүргөн бир подружкам мени Мамонтбектин өтпөй калышы менен куттуктап, баалуу "подарка" берип жиберем деди. Москвада жаш кездеги "подружкам" Айдашка да сотка менен чалып, сүйүнө куттуктады. Мамонтбекке атасы нааразы экен, атасы аябай сүйүнүп атат дейт. Ошол күн бир гана Мамонтбектер үчүн ийгиликсиз күн болсо, башкалар үчүн кубанычтуу күн болду.

6-декабрь

А. Кела экөөбүз кымбат баалуу ресторанда жолугуштук, ушунчалык көңүлүмдү ачты. Эстелик катары кымбат баалуу белегин тапшырды. Эми бийликти биз алабыз дейт. Мага, мен кызыгып жүргөн "Мегаком" деген абдан кымбат баалуу сотканы бермей болду. Ошого абдан сүйүндүм. Эми күйөө танда деп калса, бизди танда деди. "Шапалак экөөңөрдү теңби?"- деп таң кала тиктедим. Шапа акеңди башкаларды шапалактап, камчыласын деп алып жүрөм, сага колу тийбейт, - деди жылуу-жумшак колуман кармалап, ээрип кеттим. "Ал эми Киргиз акем менен Барсбектерди эмне кылабыз?"- дедим, "Аларды жайына кой, эртең өздөрү эле бир-бирден артыбыздан келет"- деди. Бийледик, түнкү клубга катыштык, жентельмен катары үйгө чейин узатып койду. Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим, бактымды эми таптым го.

8-декабрь

Хатамба телефон чалып, жолугушуумду суранды. Кабагына кар жаайт, үй-бүлө түзбөй калганыбызга мени күнөөлүү сезип аткандай. "Убада боюнча эмки үй-бүлөө коалициясын тандоо кезеги Мамонтбекте"-деди Хатамба, -"Бирок, ал жеңилип калган соң, кантип кайра үй-бүлөө түзүүгө аракет кылыш керек. Мен мыйзамдуу жак менен сүйлөшүп көрдүм. Эмки үй-бүлөө коалициясын тандоо мыйзам боюнча сага эле ылайыктуу болот дешти. Ийри отуруп, түз чечели, кана кандай кылалы?"-деди сүрдүү карап. "Урматтуу Хатамба мырза" -дедим, -"Мамонтбектен башканы тандасам болобу?". Хатамба тунжурап бир-топко ойлонуп: "Айла жок да, экинчи ирет барганда болбойт"-деди. "Кимди тандайын?"-дедим. "Мага бары бир"-деп үшкүрүнүп алды. "Сизди эмнеси болсо да, үй-бүлөнүн ээси кылабыз" - дедим. Хатамбанын өңүнө жылуулук кирип, мени таң кала тиктеди. "Мага А. Кела никеге барбайлыбы деп сунуш кылып атат. Анын сунушу боюнча үй-бүлөнүн ээси сиз болсуз, А. Кела үй-бүлөнү сыртынан, мыйзам жагынан көз салып турат…"
Хатамба:
Шапалак эмне мансапка барат экен?
Бабашка:
Шапалактын куда-сөөктөрүнө эки-үч сөөк, устукан ыргытып койсок эле болду деди.
Хатамба:
Ал эми өзүң үй-бүлөдө кайсы ролду аткарасың?
Бабашка:
Магабы? Мага акча жагын карматсаңар эле жетишет. Баса, бир кымбат баалуу "Мегаком" деген сотканы обещать этип атат да.
Хатамба:
Сотка кара жерге кирсин, алсаң ала бер. Мени менен А. Келаны жолугуштура аласыңбы?-деди.
Хатамбанын көңүлү умачтай ачылып, заматта жентельменге айланып, мени кымбат баалуу чет элдик ресторанга чакырды. Чардадым аны менен, аракты да өкүртө ичет экен, аягында телохранителдери эптеп сүйрөп машинасына салып кетишти. Эмне деп сүйлөшкөнүбүздү деле билбейм. Менин оюмдун барын А. Кела ээлеп алган да. Убада боюнча ушул жуманын ичинде үчөөбүз баш кошуп сүйлөшмөй болушту. Албетте, экөө эркекче сүйлөшөт да, ал эми мени менен катынча сүйлөшөт го?

10-декабрь

Киргиз акем телефон чалып сүйлөшөлү дейт. Жанында Барсбек жок, сакалчан бирөөнү ээрчитип алыптыр. Жинге тийген неме экен: "Шарият боюнча эркек төрт аял алууга шарт бар, аялдын эки күйөөгө тийүүгө шарты жок"-дейт. "Эмне деп атат? Орусча которуп берчи"-дейт Киргиз акем. "По-шариатски"-десем, сакалчан немесин кубалап жиберди. Экөөбүз эле калдык. Менин пикиримди сурады, ачыкка чыккан жокмун, ар кимге тантырай бергенде болбойт да. Албетте, азырынча никеге турууну ким аныктайт, ал да чечиле элек. Анан ким менен баш кошобуз, бул да чечиле элек. Анан көрүнгөнгө чанжырай бергендей мен ушакчы аял белем. Сыр берген жокмун. Мамонтбектин кулашын бүт эле менден көрүп атат. Киргиз акем неченди көрүп калган кыраакы адам эмеспи, менин сыр жашырып атканымды сезди. Бир гана: "Кокустан сизге тандоо укугун берсе кимди тандайт элеңиз?"-деген суроо узатты. Мен да сыр билгизбей: "Мамонтбектен башкасын бүт эле тандап алмакмын, бирок жанагы сакалчаныңыз шарыят боюнча болбойт дейт го"-дедим. "Анын өзүнүн төрт-беш аялы бар, эмне колуңан келсе, бактыра алсаң эки-үч күйөөгө тийе берсе болот". "Ушундай закон барбы?". "Законду эми биз жасайбыз. Эки-үч күйөөгө тийгенди коалиция деп атап коёбуз" . Жакшы маанай менен тарадык.

13-декабрь

Бүгүн кайрадан А. Кела менен кездештим. "Светская" жолугушуу болду , шамдарды жагып койдук, шампандар атылып атты. Менин тегерегимде А. Кела чарк айланып жүрдү. Хатамбанын сунушун айтсам , А. Кела сүйүнүп кетти үчөөбүз бир ресторанда чогулуп сүйлөшмөй болдук. А. Кела накта чынын айтты, азырынча биздин бийликти талашканыбыз деле татыксыз. Бийликти алганга убактыбыз деле жетет. Ошондуктан бийликти Хатамба алсын. Калганын өзү чечсин. Биз ал каалаган сунушуна макулбуз деди. Ушинтип, өжөрлөнбөй эле чечип алса болот экен да. Ошентип буюрса, үй-бүлө коалициясын Мамонтбек эмес, мен тандай турган болдум окшойт.

15-декабрь

Бардыгы мен ойлогондой чечилди. Кечээ А. Кела, Хатамба үчөөбүздүн жолугушуубуз болду. Мен унчуккан жокмун, негизгиси экөө эркекче сүйлөшүп атышты да, а мен: "Баш кошуп калсак, биринчи түндү ким менен өткөзөм" - деген эротикалуу кыялга чөмүлүп, экөөнү алмак-салмак жылмая тиктеп отурдум: "Экөө тең өңдүү-түстүү немелер экен. Бирок кимиси темпераменттүү болду экен? Кантсе да А. Кела он жашка жаш эмеспи, жаштык деле бир топ ролду ойноп коёт. А менин болсо толуп турган убагым". Негедир ичкен шампанга башым эңги-деңги болуп бир аз эс алып алайын десем, экөө сүйүнүп беш жылдыздуу отелден суперлюкс бөлмө алып беришти да, өздөрү мага тоскоолдук кылбайлы деп, башка бөлмөгө барып алышып, түн бир оокумга чейин, эмнени чечишкенин билбейм, талашып отурушту. Бир кезде А. Кела жаныма келди, башымдан сылап, "иш жакшы бүттү жаным, мен үйгө барып эс алайын" десе болобу. А бүгүнкү кезек Хатамбаныкы го деп, "Хатамба каякта?" -десем, кудай ур, Хатамба бүгүнкү жакшы сөздү майлап ичип отуруп, эптеп телохранителдери көтөрүп, машинага салып алып кетишти дейт. Кокуй күн, кандай немелерге жолуккам? А. Келаны алаксытып жанымда отургузуп, эмне жөнүндө сөз болгонун айтып берүүсүн сурандым. Кайдагы бир саясаттан кеп баштады эле, аягында башым да айланып кетти. Эми жеңиш биздики болот эле дейт. Мага "Мегакомду" берсе болду го. А. Кела кеткен соң эңсегеним ишке ашпай, таптатынакай бөлмөдө, таптатынакай көз жашымды төгүп, таң атканча көз ирмегеним жок. Таң атаарда уктап калыптырмын. Сотканын шыңгырынан ойгонсом Хатамба экен: "Кандай жаным, кайсы жердесиң?"-дейт. "Кечээки эле бөлмөдөмүн" десем, "Кайсы?"-деп эстей албай турду. "Отелге барбадык беле"- десем. "Экөөбүзбү?"- дейт, уялбай. "Үчөөбүз"- дедим наздана. "Үчүнчүсү ким эле?"-дейт караң күн. "А. Кела эмес беле"-десем, "Биз ресторанда отурган боюнча "отключение" болуп калыптырмын. Отелге барганыбыз эсимде жок, азыр помощнигимден сурап көрөйүн, эмне деп сүйлөшкөнүбүздү" - десе болобу. "А. Кела бүт жайында. Бүт бүттү деп кетпеди беле" - дедим да. "А. Кела экөөбүз эмне жөнүндө сүйлөштүк эле?" - деп кайра менден сураса болобу. "Экөөңөр эле сүйлөшкөнсүңөр. Мен өз бөлмөмдө эс алып жаткам" - дедим. "Азыр бир жүз грамм ичип көрөйүнчү эмнени сүйлөшкөнүмдү эстээр бекем" - деп атпайбы, шоруң каткыр. "Ишенген кожоң сууга акса, алды-артынан тал карма" - дейт эмеспи, Хатамбага ишенип үйдүн ээси кылган атсак, мунун кылганы бул болсо, олда кудай ай, кантип күн көрөр экенбиз. "Мегаком" түшүмө кирип чыкты.

31-декабрь

Эски жыл да узай турган убак келди. Былтыр ушул убакта коалиция менен эки эркекке турмушка чыгам деген үч уктасам түшүмө кирмек эмес. Ал эми быйыл болсо, "Мегаком" түшүмдөн кетпейт. Оюмдан да кетпейт, эми биздин үй-бүлөө чоң эмеспи үчөөбүздүн тең жыйырмадан ашык балдарыбыз бар. Никеге турган күнү бир добуштан бизди колдоп беришти ананайындар. А. Кела үй-бүлөнүн бир кулагын чойсо, мен бир кулагын чоюп, Хатамба өзүн -өзү билип өтүгүн төргө илип калды. Балдарыбыздын барын жабылта кызматка тургузуп, жада калса туалеттин башчысына да куда-сөөктөрдү, жакындарды коюп алдык. А. Келанын акылы абдан мага жакты, Шапалактын бир-эки куда-сөөгү, достору бар экен, ошолорго кызмат берсек эле оозун "скоч" менен бүтөп мушташам дегенин токтотуп калды. Мына бул Мамонтбектики өттү, өзү жарабайт, жараган адамдарды көрө албайт экен. Ар кандай аңыздарды таратып жүрөт. Бөтөнчө, менин түшүмө кирип жүргөн "Мегаком" жөнүндө. Кыжырымды гана келтирет да, менин менчик "Мегакомумда" анын кандай тиешеси бар. Баса, Хатамбаны көрө элекмин никеге турган күндөн баштап эле баш көтөрбөй ичип атат дейт. Бир жолу Москвага барып келди, "важный" киши менен жолугушмак экен, жанагы дарыдан сайып эсине келтирип, эшикке чыкканда эле : "Келе стакан" деп кайра баштаптыр. Эми дагы он күн каникул, жумушка барбайт. Эс алып калса экен. Санаам эле ошол болду. Күйөөң аракка берилсе убайга батат экенсиң да.

(Уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??