п»ї

Эл баатырларына эстелик тургузулду
16-ноябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1938-жылы репрессиянын курмандыгы болгондорду эскерүүнүн 73 жылдыгына карата митинг-реквием жана апрель революциясынын баатырларына арналып тургузулган күмбөздүн ачылыш аземи болду. Күмбөздүн ачылышына Президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, ЖК нын төрагасы Акматбек Келдибеков, Вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жана башка өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, апрель окуясында окко учкан баатырлардын жакындары катышышты. Курман болгондорго багышталып куран окулуп, мүрзөлөрүнө гүл коюлду. Президент Роза Отунбаева сөз сүйлөп, кырчындай өмүрү кыйылган баатырлардын жакындары көздөрүнө жаш алып турушту.


Р. И. Отунбаеванын "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде сүйлөгөн сөзү
(Кыскартылып берилди)
Урматтуу мекендештер!
Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов кезегинде мына ушул ыйык жерди "Ата- Бейит" атайлы деп, тарыхтын өткөн барагындагы калган кара так мындан ары кайталанбасын деген нукура тунук ой менен айткан эле.
Бирок, тилекке каршы, бейкүнөө адамдардын каны канкор бийлик тарабынан кайрадан төгүлдү, тарыхтын кара барактары адам көкүрөгүнө сыйбаган арманы, көз жашы, жүрөк титиреткен шумдуктуу окуясы менен кайталанды.
2010-жылдын апрель айында кырчындай жаш жигиттерибиз эркиндик үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн акырет кетип, шейит болду ... Биз бүгүн Апрель баатырларын ар биринин ысмын жүрөгүбүздө ыйык тутуп, ар бирин эстеп олтурабыз...
Каркырадай катар-катар тизилген жигиттерибиздин ысымдары ар бирибиздин жүрөгүбүздү эзип сызып өтүүдө ...
Бул жерде алардын жакындары, бир туугандары, бир боорлору олтурат ... Аларга биз мына ушул күнү айтаар элек ... Сиздерди уулдарыңыздар, сиздердин бир боорлоруңуздар, сиздердин эң жакын адамдарыңыздар өлгөн жок, алар түбөлүк тирүү ...
Алар бүгүн биздин жүрөгүбүздө миң төрөлүп, зоболосу миң көтөрүлүп, элдин керегине жараган баатырлар катары түбөлүк жашоосун баштагандай сезилет... Алардын ысмы түбөлүккө сакталат!
Урматтуу мeкендeштep!
"Ата Бейит" ар бир жаран үчүн маркумдар жаткан ыйык жай гана болбостон, аруулуктун, ак иштеп, адал эмгектенүүнүн да чен өлчөмү болуп калат деп мен ишенем. Ар бирибиз кандай заман болбосун, кайсы мезгил болбосун ушyл жерге келип өз абийирибиз алдында, Мекен үчүн жанын курман кылган баатырлардын жаркын элестери алдында отчет берип, жасап жаткан же алдыда кыла турган иштерибизди жалпы элдин кызыкчылыгына, мамлекеттин кызыкчылыгына карата салмактап көрүүгө милдеттүүбүз.
Түбөлүк таазим силерге, Апрель баатырлары, силерге түбөлүк даңк!




Талант Жороев-"Замандаш-Современник" саясий партиясынын Лейлек райондук комитетинин төрагасы, "Сүлүктү-Көмүр" ачык акционердик коомунун Генералдык директорунун орун басары, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик Жаштар Сыйлыгынын лауреаты.
Талант Жороев
"Эч кандай саботаж,
иш таштоо болгон жок"
- Талант мырза, сиз Ч.Айтматов атындагы сыйлыкка кандайча ээ болуп калдыныз?
- Мен жаштар сыйлыгын "Экономика, ишкерлик, меценатство жаатындагы мыкты жетишкендиги үчүн" номинациясы боюнча алдым. Биз кыска аралык ичинде "Сүлүктү-Көмүр" акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалын жакшырта алдык. Айылыбызда спорт залдын курулушуна көмөк көрсөттүк, бир нече мектептердин китеп фондун жаңыртууга жардам бердик, жаштардын ар түрдүү демилгелерин ишке ашырууга көмөк көрсөттүк. Биринчилерден болуп чек арага чектеш жерде жаштар курултайын өткөрүп, аймактын көйгөйлөрүн республикалык деңгээлге чейин көтөрдүк.
- "Сүлүктү көмүр" ишканасындагы ишиңиз боюнча айта кетсениз?
- Бүгүнкү күндө Лейлек районунда 100 миңдей калк жашайт. Сүлүктү шаарында 10 миңден ашык калкы бар. Сүлүктү шаарындагы шаар түзүүчү "Сүлүктү -көмүр" ачык акционердик коомунун жетекчилигине 2011- жылдын июль айында дайындалдым. Бизге чейин иштеген жетекчилердин ишине шахтерлор көп нааразы болуп келишкен. Себептерине жана айрымачылыктарына токтоло кетсек, буга чейин айына 100-150 миң сом мамлекетке салык төлөнсө, биз аны 720 миң сомго көтөрдүк. Андан тышкары, 50 -100 миң сом соцфондго салык төлөнгөн болсо, биз аны 500 миң сомго көтөрдук. Ал эми шахтерлорго 6-7 айлап айлык акы төлөнбөй келген. Бүгүн бир айда эң аз дегенде 1,5 миллион сом айлык төлөп жатабыз. "Сүлүктү -көмүр" ишканасында 500 адам эмгектенет. Миңдеген адамдар бизден көмүрдү сатып алып, коңшу Таджикистанга сатып күн көрүшөт. Тагыраак айтканда, Сүлүктү шаарындагы миңдеген адамдардын бардык чыгымдарын биз көтөргөндөй эле абалдабыз. Жаңы башкармалык киргизип, жакшы, таза кадрларды алуу менен көмүр уурдоо деген түшүнүктү жокко чыгардык. Бардык райондук, шаардык иш-чараларга активдүү катышып, өзүбүз демөөрчү болуп, жакыр жашаган кембагалдарга, мечиттерге жардам берип келебиз. Бүгүнкү күндө бизге болгон шахтерлордун колдоосу аябай жакшы. Эч кандай саботаж, иш таштоо болгон жок. Буга чейин болуп келген болсо, азыр жок. Айлык акысын ала албай жүрүп, жумуштан кетип калган шахтерлорго 2-3 тоннадан көмүр берип жатабыз. Мындайча айтканда, Сүлүктү шаарынын чыңдалышына, өнүгүүсүнө өтө чоң салымыбызды кошуп келе жатабыз десек, жаңылбасак керек. Сүлүктү шаарында "Сүлүктү -көмүр" ишканасындай мамлекетке салык төгүп, соцфондко салык төлөгөн акционердик коом жок. Эң чоңу биздин ишкана. Жаңы эки шахта ачуу менен бирге, биз ошол салык төлөмдү 1,5 миллионго, соцфонддукун 1 миллионго, айлык акыны 3 миллионго чыгарабыз деп жатабыз. Кудай буюрса, бул 1 жылдын ичинде ишке ашат.




  Добуш кош

Ким кайсы кызматка татыктуу?
Ант берүү салтанатынан кийин кызматтарга бөлүштүрүү башталат. Ким, кайсы ишмер кайсы кызматка татыктуу деген собол жүргүзүп жатабыз. Бул багытта сиз дагы оюңузду kyrgyzruhu@mail.ru электрондук дарегине татыктуулардын атын атап добуш кошо аласыз?

Болжолдууу түрдө:
Премьер-министр - Н. Түлеев - Ө. Бабанов
Вице-премьер-министр - Шамиль Атаханов
Вице-премьер-министр - Ибрагим Жунусов
Президенттин Аппарат башчысы - Иса Өмүркулов
ИИМ министр - Мелис Турганбаев
УКМКнын башчысы - Кеңешбек Дүйшөбаев
Башкы прокурор - Мыктыбек Абдылдаев
Каржы министри - Мэлис Мамбетжанов
Тышкы иштер министри - Руслан Казакбаев
Коргоо министри - Абибилла Кудайбердиев
Адилет министри - Аида Салянова
өзгөчө кырдаалдар министри - Болотбек Борбиев
Мамлекеттик мүлк министри - Дайыр Кенекеев
Трансорт жана коммуникация министри - Эркин Исаков
Жаштар министри - Данияр Тербишалиев
Айыл-чарба министри - Төрөгул Беков
Энергетика министри - Аскарбек Шадиев
Маданият жана маалымат министри - Канат Садыков
Бишкек шаарынын мэри - Темир Сариев

Айзада Көчкөнбаева







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??