, 18.11.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Беш бармак
Адил Турдукулов

Азыркы журналисттердин арасында бешиктен бели чыга элек жатып, "арзыматчылыктын" арифметикасын жадыбалдай жаттап алган "журналюгалар" көп эле учурайт. Ошолордун бири Адил мырза. Адилдин кандай жазганын ким билет, "жел" жазмалары менен журналисттердин катарын толуктап жүргөнү чын. Ал кыргыздын жери сатылып жатса "быш этип" да койгон эмес. Кыргыздын элин малга теңеп, жакырчылыктын чегине алып барып, кыштын күнү тезек тердирип, электрге бааны эки эсе кымбаттатып, ГЭС, ТЭЦтерди арзыбаган баага менчиктештирип, элди ого бетер кымбатчылык менен муунтуп аткан убакта, Адил мырзага окшогондор Максим Бакиевдин колтугуна кирип алып, алардын обонун созуп ырдап турушту. Эл кыйналса мейли, бир гана Адилге окшогондор сайрандап турушу керек эле. Бирок, кыргыз эли ага макул болгон жок, суук тумшук, жырткыч бийликти кубалап чыкты. Адил мырзага окшогон бекер ашка кыныккандар кыйнала баштады. Чет мамлекетке качып-бозуп жүргөн капчыктуу "шефтери" ага окшогон кошоматчыларын унутта калтырган жок. Элдин энчисинен жеп кеткен миллиарддарынан үлөштүрүп аларды кайра жалдап алды. Анан ага окшогондор бакырып чыкпаганда, эми эсине келгенсип элдин атынан сүйлөмүш болбогондо кимдер сүйлөйт? Адил мырзанын айтымында аны кимдир бирөөлөр телефон аркылуу коркутат имиш. Ырас кылат, ал Бакиевдин заманында чалчактап көппөдү беле. Бакиевдер акыйкатты айткан адамдарды күм-жам кылып, каматып, сабатып, соттоп миллиондорду моюнга салып атканда Адил мырзалар дардалаңдап ресторан, түнкү клубдарда кожоюндук кылып, кыйналып аткан элдин үнүн укту беле? Албетте, Адил мырзанын эки жүздүүлүк менен бет тырмаарлык кылып атканы бештен белгилүү. Антпесе, качып-бозуп жүргөн мурунку "ээлери" ага кантип "күчү-күчү" деп акча беришсин. Өзүн бир шордуу кылып көрсөтпөсө, Бакиевдик бийлик менен сугунгандары жукпай калбайбы.

Дастан Бекешов

Акылбек Жапаровдун кыргыз эли үчүн жасаган "эмгектерин" кыргыз эли эч качан унутпайт. Ал Бакиевдердин капчыктарын кампайтыш үчүн каржы министри болуп турганда намыстуу кыргыз элин ХИПКке алып барып тыгып, экономикабыздын таш-талканын чыгаргысы келген. Анан анын шакирти Дастан Бекешов оңуп кетиптирби. Акылбек Жапаров тоту куштай Бакиевдердин сөзүн кайталап, апрель революциясынан соң Феликс Куловдун айтканын кайталап жүрсө, Дастан Бекешов тоту куштай Жапаров эмнени буюрса ошону кайталап жүрүп, Жапаровдун аркасы менен парламентке келет. Жапаров болсо Куловдун аркасы менен парламентке жетип алып, Куловдун өзүнүн көчүгүнө суу куюп кеткенин мээси жок жиндиден башкасынын баары билет. Элди нечен ирет сатып кеткен Кулов деле өз жазасын алды дейли. "Эли маңка болсо, жетекчиси бучук болот" - дегендей, жалаң "маңкалардын" баарын партиясына топтоп алса, Кулов "бучук" болбогондо ким бучук болмок эле? "Бучукту" "маңкалар" жыга түртүп, өздөрүн-өздөрү мазактап алышты. Себеби, "Ар-Намыстын" кашыктап чогулткан ар-намысы чөмүчтөп төгүлдү. Кокустан жаңы шайланган президент парламентти таратып жаңы парламенттик шайлоо өткөзө турган болсо, "маңка" менен "бучуктар" кармашып отуруп талаада калаары шексиз. Дастан Бекешовго окшогон куйруктар Жапаровго окшогондордун куйругунан кармап жүрүп да бир мансапка илээшет. Анткени чаң жукпас Жапаров өзүнө чаң жугузбай кыргыз элинин энчисин жей турган дагы бир мансапка илээшери бышык.
Алтынбек Сулайманов

Алтынбек Сулайманов Бакиевдердин учурунда "Ак жол" партиясында болсо да, элге билинбей көлөкөдө жүргөн депутат болгон. Анын багын бир "Республика" партиясы ачса, бир Камчыбек Ташиев ачты. Бүгүнкү күндө супердепутаттардын катарын толуктап турат. Ошондуктан ага ар тараптан тийишүүлөр жамгырдай жаап жаткан учуру. Былтыркы июнь окуяларында отту кечип жүргөн Алтынбек Сулаймановду өзбек сепаратисттери чап кенедей жабышып, чет элдик басылмаларда улутчул деп күнөөлөп келишти. Аларга ким ишенет эле, ошондуктан өзбек сепаратисттери ашынган шовинисттик басылма болуп эсептелген "Белый парус" сайты аркылуу каралап келе жатышат. "Белый парус"сайтына жага бербей, аны карап алып эле тишин кычыратып турат. "Белый парустун" артында өзбек экстремисттери тургандыктан, Алтынбек Сулаймановду чыныгы мекенчил, патриот инсандардын катарына да кошуп койсо болот. Биздин орус тилдүү шовинисттик маанайдагы басылмаларыбыз өзбек сепаратисттерине таянып алышып эле кыргыздын эр жүрөк мекенчил Келдибеков, Ташиев, Сулайманов сыяктуу жигиттерине улутчул деген жарнакты илип басылмаларында тепкилей башташты. Эң биринчи өз элиңди сүйүп, өз элиңе кызмат кылбасаң, анан кимди сүйөсүң, кимге кызмат кыласың? Өз элин сүйүп, өз элине кызмат кылгандар, албетте, улутчул. Ошол эле орус мыктысы Владимир Путин орус элин сүйүп, Россия үчүн кызмат кылып келатат. Аны эч кимибиз улутчул дебей эле сыйлап келатабыз. Бизде болсо кыргыз элин сүйгөн адамдарды улутчул деп өзбек, орус жана башка кыргызстандык элдерге жаман көрсөткүсү келгендер бар.

Карганбек Самаков

Бир учурда Карганбек Самаков Бакиевдерге акаарат айткан мыкты депутаттардын катарын толуктап турчу. Бирок, парламент тарап легитимсиз "Ак жол" бийликке келгенден баштап, шейхтер менен жүргөн Карганбек мырза "сейфин" Нарынга көтөрө кетип, "сейфинин" ичине бекинип жатып алды. Максим Бакиевдин таасири күчөп чүрчүттөрдүн жүзү Арпа, Ак-Сай, Жетим-Тоолордон көрүнө баштаганда да "сейфинен" чыга албай койду. Революциядан соң кимдир бирөөлөр терилерин тескери жамына баштады, кимдир бирөөлөр чет мамлекеттерден суутуп койгонсуп сугалактанып келе баштады. Так ошол мезгилде Карганбек мырза да "сейфинен" чыгып, "Ата-Мекен" партиясынын көрүнүктүү лидерлерине айланды. "Сейфте" жатып бук болгон Самаков депутат болгон соң чиренип элдин көйгөйлөрүн унута баштаган. Жакында жылан чаккансып "Ак Жол" партиясын сотко беребиз деп чыкты. "Ак жол" партиясын мындан эки жыл мурун К. Бакиев президент, Д. Үсөнов премьер-министр, А. Жапаров биринчи вице-премьер болуп турса да Максим Бакиев бийлеп, элди жардан алыс түртүп баратканда сотко бериш керек эле. Биздин билишибизче ошол мезгилде "Ата-Мекен" партиясынын төрагасы, сиздин азыркы шефиңиз Өмүрбек Текебаев ошол мезгилдеги бийликти Конституциялык сотко берген. "Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап"-дейт. Андан көрө ак жолчулар Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бабанов, Камила Талиева жана башка толгон кесиптештериңиз менен колтукташып, ресторанга барып, миң долларлык тамак ичип турганыңыз жакшы эмеспи. "Көсөөнүн акылы түштөн кийин келет" дечү беле?

Медербек Алимжанов
Ар улуттан турган, Манас Ата өз осуятын жети облуска таандык кылган, айта келсе эч нерседен тайманбай, байыртадан бери жашап келген, биз сыймыктанчу жер Кыргызстан! Бул-Кыргыз руху. Түзгөн аны бул жердин ар бир уулу. Сурасаң түгөнгүс касиет, айтылгансып ак ниет. Келет адам жанын жылытып, келечекке ак тилек. Болот, кыргыз жери акактай, сыймыктануу ааламдай. Анда, Кыргыз Рухун жандандырып, айталы эл жаңыртып. Биз, байыркы элбиз, өнүккөн ыйык жерибиз, келечекке умтулуп, баралы баарыбыз, Журт намысын жамынып. Кыргызстан, ал өз табиятына, улутуна бай өлкө, биздин сыймыгыбыз! Мисалы, Ысык-Көл биздин берметибиз, Сулайман-Тоо-биздин Ыйыгыбыз, этностук жерлерибиз Баткендеги, Таластагы "Манас Ордосу"-биздин тарыхыбыз, Сары-Челек Кыргызстандын көзү, Нарындын өзү-Кыргызстандын жүрөк борбору, Бишкек-борбор калаабыз, Кыргызстан бүтүндөй - биздин Ата Журтубуз жана үмүтүбүз! Ушундай тилек менен жашап келаткан, уул -кыраандарыбыздын бири Алимжанов Медербек. Ал коопсуздук кеңешинин эксперти болуп иштеп жатып, өкмөткө "детектор лжи" түзүлүүсүн, АКНди кайрадан түзүү долбоорун сунуштаган. Өткөөл мезгилде нечен митингчилер менен болуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн, улут аралык коогалаңда Ош окуясында бирден-бир жарандык милдетин аткарып, араздашкан адамдарды өз өмүрүнүн коопсуздугуна карабастан, эки элди элдештирип, бир нече адамдарды куткарган. Мекенчилдик сезимдерин дайыма көрсөтүп, спорт менен алектенип, турмушунда сергек жашоого умтулат, күнүнө 5-6 чакырым чуркап, энергия алуу үчүн цигун, йога көнүгүүлөрүн аткарат. Айрыкча, дүйнө илим-дини, экзотерика, психология, философияларынын окуусун үйрөнүп чыккан. Өз тажрыйбасында баңги зат менен шугулданган уюшулган топ кылмышкерлерди (ОПГ) кармаган, баңгитрафик маршруттарын, анын бөгөт жолдорун тосуу максатында, Алай тоолорун, Таш-Көмүр боорлорун, Майлысай-Бабашата тоолорун жөө басып чыгып изилдеп чыккан. Жаш уландарга чыгыш таймашын үйрөтүп, анын экөөсү эр таймашта Евразиянын чемпиондору болушкан.
Кызыккан хоббилери адамдардын касиет жөндөмдүүлүгү, алтынчы расанын индиго балдары. Жаратылыш менен гармонияда жашоосу, орусча айтканда "пишущий не мыслит, мыслящий не пишет" дегендей, Медербек мырзанын ачыла элек көп сырлары бар экенин айгинелейт. Ал отставкадагы полковник эмес, запастагы полковник, "запас" деген "азык". Анын жаш курч энергиясын мамлекетибиздин коомчулугуна жумшаса болот. Медербек мырзанын коопсуздук органдарында бай тажрыйбасы бар. Ал эми полковник наамы полкту эмес, бир күч органдарын жетектесе болот деген даража. Кээ бир шылуундар бар, кан төгүлгөнү аз келгенсип баатыр болом дегендер көп. Ал эми ага окшогон ички дүйнөсү таза, аң-сезим ою булактай тунук, руханий байлыкка ээ эр жүрөк инсандар мамлекетибизде аз эмес. Анын аткарган жумуштарын кыргыз эли билет, Медер мырза Ош окуясында эки элди элдештирүү возуйпасын жарыя кылган эмес. Анткени аны жарандык милдети катары эсептейт. "Элим үчүн кызмат кылам деген сөз бир гана Манас Атага таандык". Азыркы бийликтеги чиновник, депутаттардын ичинде адамга кызмат кылбай өз камын ойлогондор бар, алар акчага кызмат кылышат. Кыргыз элине кызмат кылам дегендер Медер мырзага окшоп, сүттүн үстүндөгү каймактай сейрек кездешет.