п»ї

  Аттанар алдында айтыла турган сөз

Атамбаев тарых
алдындагы озуйпасын эмнеден баштаар экен?
Кыргыздын бир гана Атажурту бар. Ал - Кыргызстан. Жаңылбасак, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да бир кездерде тил маселеси тууралуу жазып жатып ушундай ой айтса керек. Ал анда Кыргызстанда жашаган элдер жана алардын эне тилинин тагдыры тууралуу айтып келип, "Орус тили жоголуп кетет деген коркунуч жок, анткени, орус тили учу-кыйрына көз жетпеген СССР мейкиндигинде жалпы союздук республикалардын байланыш тили болуп турат. Өзбек тили жоголуп кетет деген коркунуч жок, анткени, жаныбызда Өзбекстан турат. Немецтердин эки мекени - ГДР менен ФРГ турат, корей туугандардын да эки мекени бар. А кыргыз тили Кыргызстанда мамлекеттик тил болбосо, анда ал тил жоголуп кетиши мүмкүн" деп кашкайган аргумент менен, кашкайган чындыкты жазган.


Анысы кандай, кыргыздын бир гана мекени бар. Ал - Кыргызстан. Кыргыздар Кыргызстанда гана улут катары, мамлекет катары, эл катары өнүгүп-өсө алат. Демек, биздеги башкы идеология ушул болушу керек. Мамлекеттик маанилүү чечимдер кабыл алынып, шайлоолордо добуш берип жатканда, мына ушул ой көкүрөктө турушу керек. Ошондо гана биз туура чечим кабыл алып, туура добуш бере алабыз. Биз жүрөгү Кыргызстан деп согуп турган адамга добуш бергенде гана, ошондой уулдарыбызды колдогондо гана жаңылбайбыз.
... Буюрса, 30-октябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгып, Атамбаевдин өткөнүн угуп "өх" деп эс алып олтурабыз. Президенттик инаугурацияга чейин дагы бир ай бар. Бүгүн президенттик шайлоодон кийин, баарыбыздын баш оорубуз парламент менен Өкмөттүн тагдыры болуп турат. Анын өзү мыйзам ченемдүү. Чындыгында, бул жеңил-желпи, тигил төрага болсо, бул премьер-министр болсо деген маселе эмес. Бул тагдыр чече турган, болгондо да мамлекеттин андан аркы өнүгө турган жолун аныктай турган суроо.
2010-жылдын 7-апрелинен кийин эл эмнеге нааразы болуп келди? Биринчиден, эл өзүнүн, же тагыраак айтканда, элдик революциянын жеңишин уурдатып алганга нааразы болуп жатышат. Тарых үчүн, тактык, акыйкат үчүн айтып коюу керек, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция - чыныгы элдик революция болгон. Анын башында, бир да саясатчы, же саясый күч турган эмес. Ал күнү бүгүн бийликте олтурган саясый лидерлердин баары УКМКнын сизосунда олтурганы баарыбызга белгилүү. Эгер, ошол күнү жалпы көтөрүлүп, Бакиев бийлигин алып түшпөгөндө, алардын келечек тагдыры эмне болот эле, тирүү бар болот беле, же жок беле аны бир Кудайдын өзү билет. Сөз удулу келип калганда, айта кетели, Медет Садыркуловдун трагедиялуу тагдырын кийип калбаганы, сизодон тирүү чыкканы үчүн 2010-жылдын 7-апрелинде УКМКнын сизосунда олтургандар элге миң мертебе ыраазылык айтса да жарашат. Бакиев бийлиги канчалык кандуу болгонун эл бүгүн билип олтурат, демек 2010-жылдын 7-апрелинде УКМКнын сизосунда олтургандар эл алдында милдеттүү. Алардын өмүрү үчүн канча жигит курман кетти, алар муну да эстен чыгарбаш керек. Элдин нааразылыгы мына ушерде жатат. Анткени, Убактылуу Өкмөт, анын мүчөлөрү өздөрүнүн тарыхый миссиясын акыр аягына чейин аткара алышкан жок. Былтыркы парламенттик шайлоодо ар бири өздөрүнүн жеке менчик саясый партияларына кокту-кокту болуп бөлүнүп кетишти да, натыйжада бакиевдик реваншисттик күчтөр реванш алып кетишти. Бул тарыхый факт. Биз бул үчүн, элдик революцияга кылган чыккынчылыктары үчүн аларды кечире албайбыз. Бир сөз менен айтканда, алар 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон 87 жигиттин жана аларга үмүт-тилектерин арткан элдин ишенимин актай албады. Эгер, Убактылуу Өкмөт жок дегенде, жеке амбицияларын таштап, "Атамекен" жана КСДП саясый партияларынын байрагы алдында бириккенде эле, акыркы бир жылда Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болмок.
Ошентсе да, бизге, Кыргызстанга Кудайдын көзү түз экен, дагы бир жолу эски системага жок деп, жаңы система түзгөнгө шанс берди. Бул Алмазбек Атамбаевдин президент болуп шайланышы. Биз муну анын "түндүктүк" болуп калганын эске алып эмес, анын "түндүктүк" Акаев жана "түштүктүк" Бакиев бийлигинин үй-бүлөлүк режимине оппозиция болуп келатканын эске алып айтып жатабыз. Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин алдында чоң бир тарыхый миссия турат. Ал жаңы Кыргызстанды куруу миссиясы. Жаңы Кыргызстан дегенде, биз буга чейинкинин баарын талкалап, анын ордуна жаңы нерсени куруу керек деп эмес, Кыргызстандагы бардык саясый күчтөрдүн башын кошуп, алардын ар бирине буга чейин Кыргызстан үчүн жасап келген эмгектерине жараша татыктуу орун берилиши керек деген ойдон улам айтып жатабыз.
Айталы, "Атамекен" саясый партиясынын Кыргызстандагы саясый-коомдук турмушундагы ордун эч ким эч убакта танбаса керек. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстандын жаңы саясый тарыхында "Атамекен" ээлей турган орунду бакиевдик реваншисттик күч катары белгилүү "Атажурт" саясый партиясы жана анын парламенттеги "Атажурт" фракциясы ээлеп олтурат. Туура, тарыхтын мындай кескин артка бурулуш жасашында, "Атамекен" саясый партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин да жеке күнөөсү бар. Ал 2010-жылдын 7-апрелинен кийин өтө эле эйфорияга алдырып ийди. Натыйжада, парламенттик шайлоодо шайлоочулардын азыраак добушуна ээ болду. Анысы аз келгенсип, парламенттик башкаруу коалициясына кирүүдө да компромисттерге барбады. Дагыле саясый амбицияларынан арыла албай туруп алды. А саясатчы адамдын көрөсөндүгү жана кыйындыгы өзүнүн жаңылыштыктарын көрө билип, стратегиялык жана тактикалык жүрүштөрдү жасай билгендигинде. Текебаев өзү төрага боло албаса да, сөзсүз түрдө "Атамекен" фракциясы Өкмөттү түзүүгө катышыш керек эле.
Кейигенде эмне, өткөн иш өттү. Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүү боюнча өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланууда "Атамекенге" жана анын лидери Өмүрбек Текебаевге дагы бир жолу тарыхый шанс берсе керек деген ишеним бар. Кандай дебейли, канча сындабайлы, "Атамекен" саясый партиясы канча жылдар КСДП партиясы сыяктуу эле элдин үмүтү менен тилегин аркалаган саясый партия болуп келди. Миңдеген элдин үмүтү жана ишеними азыр да ушул саясый партия менен байланышкан. Улуттун лидери катары Атамбаев иралды муну унутпаса керек. Антпегенде, "Атамекенге" далысын салып койсо, бул анын чоң жана кечиримсиз жаңылыштыгы болуп калат.
Биз бул ойду 2006-жылдын ноябрь митингдерин эстеп да айтып жатабыз. Азыр ондогон саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер 1993-жылы кабыл алынган конституцияны кайра ордуна апкелиш керек деп жатпайбы. Андай болсо, Атамбаев да 2006-жылы ноябрда Бакиев бийлигине каршы туруп, бир аянтта биринин ийинине бири ийин жөлөп, бийликке каршылык гана эмес, айбат көрсөткөн бардык саясатчыларга жана саясый партияларга кеч болсо да (бирок да азыр кеч эмес), тарыхый баасын берип, бийликтен орун бериш (бир гана Байболовдон башкасына) керек. Азыр анын колунда чоң күч турат. Эгер, "Атамекенге" башкаруучу коалицияны түзүү укугун берсе, Текебаевдин парламент төрагасы болуу мүмкүндүгү чоң. Анткени, Өкмөт башчылыгын мелжеп турган "Республика" фракциясы Өмүрбек Чиркешовичтин талапкерлигин колдобой койбойт. КСДП болсо, Атамбаевдин өз кан-жанынан жаралган фракция. КСДПдан президент, "Атамекенден" төрага, "Республикадан" премьер-министр болсо, буга парламенттеги калган фракциялар, дегеле өлкөдөгү саясый күчтөр чычалабас эле, тескерисинче колдойт эле деген ойдобуз.
Бул чынын айтканда, президенттик шайлоодон кийинки өлкөнүн андан аркы тагдырын аныктай турган дагы бир маанилүү тарыхый чечим болуп калмак. Эмне үчүн, премьер-министрликти "Ар-Намыска" да, "Атажуртка" да эмес, "Республикага" ыраа көрүп жатабыз? Биринчиден, мында да 2006-жылдын ноябрындагы митингдерди эстедик. Элдин эсинен чыга элек болсо керек, эгер эсинен чыгып кетсе, эсине сала кетели. "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бакиев оппозициясынын алдыңкы сабында, Атамбаев жана Текебаевдер менен бирге өмүрүн тобокелге салып турган. Анан да эң башкысы, байкасаңар, "Республикада" жаштар көбүрөөк. Эгер, келечек жаштардыкы экенин эске алсак, анда биз "Республика" фракциясына жана саясый партиясына өзүн иште көрсөтүүгө шанс берилиши мыйзам ченемдүү деп ойлойбуз.
Дагы бир маанилүү жагдай, бул өлкөдөгү саясый күчтөрдүн консолидация маселеси. Акыркы 20 жылда Кыргызстан бийлик жана оппозиция болуп, ыркырап-чыркырашкандан башка эч нерсеге жеткен жок. Эгер, ушул өңүттөн ала турган болсок, парламенттеги беш фракция баары бир коалицияга биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганы дурус. Бүгүн бөлүнүп-жарыла турган мезгил эмес, бүгүн бириге турган мезгил. Алмазбек Атамбаевдин инаугурациядан кийинки президент катары аткара турган миссиясы мына ушул. Бүгүн анын колунда бардык көзүрлөр турат, ал өз миссиясын, тарых алдындагы озуйпасын кандай аткарат убакыт көрсөтөт. Ал эң башкысы кыргыздын бир гана мекени бар, ал - Кыргызстан экенин унутпаса болгону.

Дархан Кара








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??