п»ї

Кыргызстанда 200 миңге жакын адам өпкө оорусу менен жабыркайт
Кыргызстанда 17-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк өнөкөт өпкө оорусу менен күрөшүү күнү белгиленди. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда өпкө оорулары менен жабыркагандардын 90 пайызы өз дарты тууралуу билишпейт жана өз маалында врачтарга кайрылып дарыланышпайт.
Торокалдык коомдун эпидемиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, бизде 200 миңге жакын адам өпкө оорулары менен жабыркайт. Илдеттин өөрчүшүнүн негизги фактору катары чылым чегүү эсептелет.

ЕРӨБ: 2012-жылы Кыргызстанда ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 4 пайызды түзөт
Быйыл Кыргызстанда ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 6 пайызды түзөөрүн, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) белгилейт. Мындай маалымат ЕРӨБ жарыялаган "Каатчылык жана өткөөл жараян калктын көз карашында" аттуу докладында берилген.Ага ылайык, быйыл Кыргызстан экономикасында жылыштар болгону менен 2012-жылы ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 4 пайызга чейин төмөндөп кетиши ыктымал. "Келерки жылы өлкө экономикасында жогорку өсүштү камсыздоого мүмкүн болбойт. Анткени 2011-жылдагы жетишкендиктер глобалдык экономиканын солгун өсүшүнүн негизинде гана болду", - деп айтылган докладда. Мындан тышкары ЕРӨБ 2012-жылдагы ички дүң өндүрүмдүн өсүшүнө саясый туруктуулукту сактап калуу жана жаңы өкмөттүн саясаты менен реформасынын ишке ашырылышы таасирин тийгизээрин белгилейт. Банктын серепчилери Кыргызстанда ишкер чөйрөнүн абалын жакшыртуу, инвесторлордун ишенимин жандандыруу, финансы секторун чыңдоо зарылчылыгын белгилейт.

Бишкек менен Оштун милициясы күчөтүлгөн тартипте иштейт
Бишкектин жана Оштун милициясы 29-ноябрдан 1-декабрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук боюнча башкармасы Эркин Баев билдирди. Мындай чара Кыргызстандын жаңы президентинин кызматка расмий киришүү салтанатына байланыштуу көрүлүүдө.
Инаугурация күндөрү өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын штаб түзүлдү. Бишкектин коопсуздугун камсыз кылууга шаардын жана Чүй облусунун милициясы тартылат. 30-октябрдагы президенттик шайлоодо 16 талапкерлин арасынан жеңүүчү болуп чыккан Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 1-декабрда филармонияда өтөт.
Сом сезонго карап арзандады
Улуттук валюта сомдун АКШ долларына карата арзандап жатканы - бул убактылуу көрүнүш. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстан өкмөтүндө экономика жана инвестиция маселелерине жооп берген мурдагы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге билдирди:
- Менин оюмча, азыркы биздин сомдун курсунун түшүүсү сезондук факторго байланыштуу. Себеби айыл чарба продукциясын экспорттоо жазында, жайында көбүрөөк болот. Анан туризм болот. Кышында биздин экспорттук потенциал азайат. - деди Оторбаев.
Акыркы жумаларда улуттук сомго басым күчөп, ал АКШ долларына карай күчүн жоготуп баратат. Андай басым шейшемби күнү катуу болуп, сом долларга карай дээрлик бир сомго арзандады. Улуттук банк бул күнү 20 млн. 900 миң доллар интервенция жасап, кырдаалды бир аз турукташтырып калды. Бүгүн сомдун долларга карата курсу 46 сом 41 тыйын экенин Улуттук банктан билдиришти.

Тогуз айда жол кырсыгынан 700дөй адам ажал тапты
Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын билдиришинче, быйыл тогуз айдын ичинде Кыргызстанда 3,5 миңдей жол кырсыгы катталды. Андан 700дөй адам ажал таап, дагы 4850гө жакын киши ар кандай жаракат алды. Кырсыктардын дээрлик көпчүлүгү айдоочулардын айынан болууда.

"Ата-Журтта" коалиция боюнча топ түзүлдү
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев 16-ноябрда жаны коалициялык өкмөт куроо боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн беш депутаттан турган убактылуу топ түзүлгөнүн жарыялады. Анын курамына өзүнөн башка Мыктыбек Абдылдаев, Дастанбек Жумабеков, Нариман Түлеев жана Жаныш Кудайбергенов киргенин кошумчалады. Азырынча кандайдыр бир конкреттүү талаптар коюла электигин, сүйлөшүүлөр кырдаалга жараша болоорун белгиледи.


Рух-пресс




"Дордой" ассоциациясы
"Данакер" ордени менен сыйланды
2011-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн "Дордой" Ассоциациясы "Данакер" ордени менен сыйланды.
Ошондой эле республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Ассоциациянын вице-президенти Пономарев Сергей Васильевич жана "Дордой" соода-сатык-базар комплексинин ишкерлер профсоюздук уюмунун төрайымы Д.Т.Дөлөталиева Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен "Ардак грамота" менен сыйланды.
"Дордой" Ассоциациясынын 20 жылдык маарекесинин алдында Президенттин колунан мындай сыйлыктарды алуу Ассоциация үчүн чоң кубаныч. Демек, "Дордой" Ассоциациясынын Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүнүн материалдык жана кадрдык базасын түзүп, республиканын калкына соода-сатык тармагында кызмат көрсөтүүсүнүн акыбети кайтканы.




  Өкмөт сүйлөйт

Электр энергиясы Премьердин көзөмөлүндө
Өкмөт башчы А.Атамбаев апта башында ишке чыгаары менен эле Энергетика министрин чакырып, учурда керектөөчүлөрдү электр менен жабдуунун сапатын жакшыртуу маселесин койду.
Министр А.Шадиев электр менен жабдуу кызматы канааттандырарлык эмес экенин моюндап, өткөн жылы өлкөнүн калкы суткасына 35 млн. кВт. саат электр энергиясын керектесе, быйыл анын көлөмү 45 млн кВт. саатка жеткени да ишке терс таасирин тийгизип жатканын ортого салды.
Премьер-министр А.Атамбаев жолугушуунун соңунда министр А.Шадиевге элге электр энергиясын берүүнү жакшыртуу, ремонт-авариялык жана энергия компанияларынын диспетчердик кызматтарынын потенциалын күчөтүү жана авария болгон учурда аны калкка убагында билдирүү маселелерин тапшырды.


Өкмөт жана аткарылган бюджет
Премьер-министр А.Атамбаев Каржы министри М.Мамбетжановду кабыл алып, буга чейинки аткарылган өлкө бюджети, социалдык төлөмдөр жана бюджетте турган мекеме-уюмдарда иштегендердин айлыктарын өз убагында берүү маселелерин талкуулады.
Министрдин айтымында январь-октябрь айлар ичинде салык жыйноо, бажы төлөмдөрү таасирдүү көбөйдү жана октябрь айы үчүн бюджетте иштегендердин айлыктары толугу менен берилген.
Сөз аягында Премьер-министр А.Атамбаев Каржы министрине күтүлгөн кирешелерди калган айларда түшүрүүнү, салып топтоо жана бажы төлөмдөрүн чогултууну күчөтүү, айлык акыларды каржылоону өзгөчө көзөмөлгө алууну буюрду.


Өкмөт көңүлүндө мугалимдер
Премьер-минстр А.Атамбаев Билим берүү жана илим министри К.Садыковду чакырып алып, мугалимдердин эмгек акыларын төлөөдө эмгек стажы жана квалификациясын жана сапаттуу көрсөткүчтөрүн кайрадан карап чыгып, Өкмөткө сунуш кылууну тапшырды.
Ушул эле учурда өлкөдө авариялык абалда бир да мектеп болбош керек жана анын баардыгы эмки 2012-жылдын бюджетине киргизүү маселесин коюп, мугалимдерге эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртууну министрге милдеттендирди Өкмөт башчы А.Атамбаев.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??