п»ї

Мадумаров "жонун" эмнеге жашырып келген?
Адахан Мадумаров жөнүндө айта берсе сыр көп, канчалык жашырбасын улам четинен чыга баштаганы көрүнүп турат. Адахан Кимсанбаевич ушул убакка чейин эмнегедир өзүнүн чыныгы аты Адахамжон экенин жашырып келгени кызык. Элди чогултуп шайлоодо жеңилгенин моюндагысы келбей жатты эле, анын метиркеси көпчүлүктүн колуна тийгенде тым-тым болду көрүнөт. Адахамжон Мадумаровдун метиркесинин көчүрмөсү колубузга тийгенде "жарашыктуу" атын эмнеге жашырып келгенине түшүнө албай таң болдук. Бул "жон" кошулганда жөн жүрө албай калам дегенби, же "жону" үчүн намыстанабы, эмнеси болсо да аты жөн аттардан эмес экени ачыкталды. Ошон үчүн бул адам кыргыз элим, мекеним, элимдин бакубат жашоосу үчүн деп курман болгондорду жырткычка теңеп жүргөн турбайбы. Мадумаров дегенде көп окуялар эске келет, жырткыч дегени бир болсо, Искра айылынан кыргыз-дунган чатагы чыкканда дунгандардын үйүнө катылган кыргыздарды аткыла дегенге чейин барганын кантип унутуп койдук экен. Көрсө, "жон" атына жөн жерден кошулбаган экен да…


Кулов каалга сыртында калды
Коалиция курамы тууралуу кызуу талаш-тартыш жаралган учурда "Ар-Намыс" партиясы да артта калбай жабык эшик артында жыйын өткөрүп, коалициялык көпчүлүккө кирүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Акылбек Жапаров жар салып, жаңы президент мандат алгандан кийин да бул эртелеп кабыл алган чечиминен тайбай тургандарын билгизди. Бирок баарынан кызыгы бул жыйынга "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Феликс Куловдун катышпай калганы болду. "Абышка үйүнөн эки баласы менен чыга албай жатат, аялы да жумушта экен, карылык келгенде убара болбой эле койсун. Ансыз да өзү бала менен бала болуп көнүп калды, жылуу ордунан жөн эле козгой бербейли" деп фракциядагылар аяшканбы, аны жыйынга катыштырып убара болушпай өздөрү шайлап алган фракция жетекчиси менен чечимди кабыл алып коюшту. Кулов бизге кошулугусу келсе каршы эмеспис, бирок ал фракциянын лидери катары кирбеши керек, анткени биздин лидерибиз бар дешип Куловду эшик артында калтырышты. Тандемди ойлоп тапканга эптүү эле, эми "Ар-намыс" фракциясы менен Феликс Кулов тандеми деп ойлоп таап чыкпаса эле болгону.

Адилет Өмүркулов




"Бүлүн Кыргызстан",
"Ака-журт"...
Социал-демократтар шайлоодо чоң айырма менен утуп, элдин "аванс" ишенимин алуу менен мамлекет башына А.Атамбаев келгени эми бийлик кандай болот, алар кантип башкарат, оппозициясы кимдер болот, казынасын кантип кампайтат... деген кепетер кызуу. Көпчүлүгү КСДПнын айланасына "Республика", "Ата-мекен", "Ак-шумкар", Ар-намыс" сыяктуу аты-заты белгилүү да, белгисиз - микропартиялар да биригип күчтүү коалиция түзүп иш алып барышса болот деген ишеним артып жатышкандар арбын. Эгерде, эзели элдешкиспиз дешкен А.Мадумаров менен К.Ташиев коалицияга кошулбай, оппозицияга өтүшсө эң жакшы болот, бийлик менен кылт эткенди аңдышып дешкендер жок эмес. Ал го туура. Акыркы эле шайлоодогудай "Бүтүн Кыргызстаны" - Бүлүн Кыргызстан болуп бүлүндүргүч, "Ата-Журту" - Ака Журтчу болуп кетиши ажеп эмес экен го?! Экөө биригип да жарымына жете албаган ажырым менен А.Атамбаевге жеңилип жатышса да болбой амбицияларынан айрылбай "шайлоодо биз жеңдик! Атамбаев кетсин!" дегендерине жалпы журт күбө болуп, жерге түкүрүшпөдүбү. Анан бийлик иштей баштаары менен араң жаны калган атажуртубузду биротоло бүлүндүрүп, артындагы акчабай акаларына берген убада, аласаларын актоо үчүн Акүй, көкүй алдына топурап чыгышып, Кыргызстандын абийирин дүйнө алдында биротоло айрандай төгүп бүтүрбөйт деп ким кепилдик берет? Эч ким. Ошондой болот деп ишенимдүү, өктөм сүйлөгөндөр да жок эмес.
Ошентсе да А.Атамбаев адабиятка аралашып өсүп чыкпадыбы, акылгөй кепке атаандаштарын көндүрүп, элди топураттырбай тилге көндүрөт, тигилер акка моюн сунуп, тилге келишпей койбос деген кыска үмүт күч. Антпесе өлкөнүн абал-абыроюнун айрандан да жаман ашмалтайы чыгып бүтөрү турган иш. Демек, КСДПнын айланасына биригүү заман талабы. Бирок, тил табышуу үчүн айтылып жаткандай А.Мадумаров Бишкек мэри болду дегиче А.Атамбаев адашты дей бер. Бийлигинин да, башкалаанын да тополоң-тозу ошондо анык чыкты дей бер! Адахамдын баскан жерине чөп чыкпасы белгилүү, башкалааны эмес, бала бакчанын чарбасын башкарып көргөн эмес, артында кимдер каржылап, карыздарын доолап тураарын айтып да кереги жок.
Дегиңкиси, Кыргызстан жакшы эле чачылып, төгүлдү. Ички-сырткы абалы өтө оор. Бүтүндөй дүйнө да солкулдап туру. Сырттан "кан куюуларсыз" өлкө тагдыры дагы оорлойт. "Кан алуу" үчүн стабилдүүлүк керек. Эми, ачыгын айтканда акаев-бакиев шинелинен чоңоюшкан саясат секисиндегилер эси барда этегин жаап, элдин жашоосун жакшыртууга өтүүсүнө мезгил жетип туру. Жакшы эле ойдогусундай оромпой тээп, кыргызды талап-тоноп, бүтүштү. Эгерим эми эл козголо турган болсо мурдагысындай жалгыз ажолорду гана тактыдан кубалабастан, алардын куйругу - бийликтеги да, оппозициядагы да азыркы саясатчылардын баарын түп тамырынан жулуп түшүп, кубалоо керектиги тууралуу сөздөрдүн козголуп турушу жөн жерден эмес...

А.Кыдырбаев




"Ой, сен деги кыргызсыңбы?"
Бул собол карыянын канын кайнатып, оозунан көк жалын буркуратты. Тынымдан соң дегени бул:
- Өткөн доордун токсонунчу жылынан бери эл тозоктун отуна какталды; ар-намыс, абийир жат элдин ыплас таманына тапталды; жер сатылып, адамдар пулданып, кулчулукка капталды; аргасы түгөнгөндө улуту такталды. Анткени, жүрөктө кыргыз каны ойноп турбаса, ага бары бир, ким өлкөнү пулдаса, ким казынаны уурдаса; өлсө өлө беришсин; өз жаны болот жыргаса… бул жоболоңдуу жорук айтаарга эмес тамаша, кыргыз элин курт сымал ичтен жеген каргаша. Тукуму кыргыз болбосо, өлкөдө алай-дүлөй борошо.

Калканбай Ашымбаев








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??