п»ї

  Акын Алымкан Дегенбаева 70 жашта

"Кечинде уктап, эртең менен ойгонсом,
Эл катары жашадым..." деп жүрүпмүн
Столумдагы биздин замандаш жакшы акындарыбыздын бири, бул күндөрү 70 жаштын дарбазасын чертип, каалгасын ачып кирип келген Алымкан Дегенбаеванын 2006-жылы жарыкка чыккан "Суусаган тамырлар" деген соңку китебин барактай баштайм. Ооба, акын бул китептин 78-бетиндеги:
Баарын алат бу дүйнө атаганат!
Акыркысы - ысык жан
аны да алат.
Арка жакта бир гана өлбөс үмүт,
Жалгыздыктан ыйлаган
Сүйүү калат...
деген төрт эле сабында кашкайган чындыкты таамай-таасын, ары-бери чойгулап отурбай айтып таштаптыр. Өмүр-өлүм темасын Алымкан жаңыдан ачып, ага жаңылык деле киргизген жери жок. Болгону оюндагысын тике кайрылып поэзиянын тили менен айтканда буга чейин далай акындар далай ирээт кайталаган өмүр-өлүм талашынын акыркы жыйынтыгы эмне деген суроого сүйүү деп чекит коюшу да бекеринен эместей? Мына, бул төрт сап ырды окуңузчу:
Аттанып биз Бакыттын айылына,
Үмүттүн минип алып кайыгына.
Өмүрдү туура тартып
койгон элек,
Өзүмчүл көңүлдөрдүн айыбына.
Ат-тиң, айтса-айтпаса төгүнбү. Акын оюндагы Бакыт айлына сапар алган жолунда өзүмчүлдөргө (өзгөчө кийинки жыйырма жылдар аралыгында) өмүрлөрүн туура тарткандар деги эле барбы? Бар болсо акындан башка кимдер деген суроо туулат. Алар көпчүлүк кара таман эл, элибизде "бүлүнгөндөн бүлдүргү алба", -деген ак ниет, мээнеткеч адамдар. Ал эми тиги өзүмчүлдөр элдин эсибинен канча алса дагы алсам дегендер! Акын ырында элдин бакытына тигил кара өзгөйлөрдү карама-каршы коюп жатат. Поэзиянын маани, маңызы, окуучуларына айтайын дегени ушунда. Акын Алымкан Дегенбаеванын "Кызыл мончок" деген аталышта 1972-жылы биринчи ырлар жыйнагы жарыкка чыккан. Андан беш жыл өткөн соң "Түйүн", "Күдөр" (1979ж) "Бознач", "Шамшыкал", "Портреттер" деген аталыштарда ырлар жана поэмалар жыйнагы кыргыз окуучуларынын колуна тийген. Ал эми 1984-жылы Москвадан "Советский писатель" басмасынан "Красные бусы" деген наамда орус тилинде басылган. Мына, жетимиштин сересин жаңыдан кадамдаган биздин калемдешибиздин чыгармачыл сапары. Натыйжада, 1975-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген өкмөттүк жогорку сыйга да татыган.
Ушинтип 70 жаштын кырына келип, дүйнөнү көп башка көз менен карап турган Алымканга:
- Сиз кайдан келдиңиз? Кантип ыр жазып калдыңыз? Кыргызда "аккан арыктан суу агат", акпаган арыкты чым басып турат. Ушул сөзүмө кошулсаңыз, талант шыбагасы кимден, ата-бабаданбы, же таята, тайларданбы? - дейм.
- Ооба, бул да жөндүү суроо - дейт Алымкан күлө:
- Көбүнчөсү тайларыман го. Анткени өзүмдүн апам кошокчу адам болгон. Мен анын аки-чүкүсүн бала чакта кайдан билемин, баланча жерге барып баланчага, түкүнчө жерге барып түкүнчүгө кошуп келди деген сөздү көп угаар элем. Пикирим боюнча мендеги талант шыбагасы ошол жактан го. Жогоруда өзүңүз эскергендей арыктан аккан суу ошол жактан агып келсе керек.
Алымкандын акындык даремети туурасында кыйла эле сөз кылса болуучудай. Кеп жогоруда саналып өткөн жыйнактардын көп же калыңдыгында деле эмес. Албетте, алардын арасында 200-300 бетке чамалаган томдор жөнүндө кеп-сөз кылып жатпадык. Адам, анын ичинен акын өзүнө баамчыл көз карашта болсо, анын кадыр-баркы артпаса төмөндөбөсү айтпаса да түшүнүктүү. Мисалы Алымкандын:
Аркасынан сая түшпөй үмүттүн,
Аз ойлонуп,
арбыныраак күлүпмүн.
Кечинде уктап,
эртең менен ойгонсом,
"Эл катары жашадым..."
деп жүрүпмүн.

Өмүрдүн жакыны бар,
алысы жок,
Өлүмдүн өкүмү бар
карызы жок.
Бийликтин дөөлөтү бар,
калысы жок,
Байлыктын сөөлөтү бар
намысы жок.
Бул эки куплет "Суусаган тамырлар" жыйнагынын 107-112 беттеринен орун алган төрт саптарынан экөөнү гана алдык. Бул экөөнү улам кайталап окуп, кайра-кайра ой жүгүртүп отурам. Кандай терең, анча-мынча акынмын деп көкүрөк кагышкандардын кыйласын артка калтырган саптар. "Кечинде уктап, эртең менен ойгонсом, Миллиондогон доллардын ээси болуп калыпмын, же миңдеген койлорду алдыма айдап алыпмын" -деп менменсинүүчүлөргө түз да, каймана да мээленген ок! Ал эми экинчи төрт саптын өзгөчө акыркы эки сабы элибиздин эң сонун макал-лакаптарынын катарында туруучу саптар деп түз айтсак деле болот. Мисалы:
Бир жакшы бар
журттун камын жейт,
Бир "жакшы" бар
журттун малын жейт,
- деген саптардан анча деле кем түшпөйт. Бул чакан ой чабытыбызды жыйынтыктай берип Алымканга өмүрдүн алысын, көңүлдүн жаңысын, теңирдин бийигин, жетимиштерге жеттим дебей ойлордун күлүгүн каалоо менен дагы-дагы жогоруда келтирилген ыр саптарындай керемет ырларды жаратуусун жүздөгөн кыргыз окурмандарынын атынан аруу тилегибизди билдирели. Эң башкысы алган жарыңыз экөөңүздөр ден соолукта болуңуздар!

Тенти Орокчиев,
акын жана журналист







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??