п»ї

Есть революция и начало,
нет революция и конца
Болгонбу, болбогонбу заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов чыгаан акыныбыз Шайлообек Дүйшеевди алтымыш айдан бери созулуп келаткан алтымыш жылдыгын куттуктаганы келип калат. Мунун чын-төгүнүн аныкташ үчүн Шакебизден сурап көрүшүбүз керек. Экөөнүн маегине көңүл буруп көрөлү.

Чыңгыз:
Шаркырап аккан кирген дарыядай шоокумдуу ырларың менен, элдин моокумун кандырып жүрүп, мына алтымыш жашка да келипсиң Шаке. Кечээ эле "Дуйшеев, дуй!"-дегенде аткан октой сызган кара дүмбүл бала элең, эми ээгиңде эчкиникиндей сакалың жок болсо да кыргыз адабият көчүн баштап, акыйкат үчүн акаарат айтып келатканың мага жагып жүрөт.
Шайлообек:
Чыке, сиз кетип кыргыздын эмес, түрк элинин, ал эмес дүйнө элдеринин кабыргасы кайыша түштү. Белибизди бекем бууп, адабият майданын саясат майданына алмаштырбасак кыргыз эли кыйын жолдорго түшүп калбадыкпы. Каркыраларыбыз казакка уча баштабады беле. Сиздин чыгармаларыңыз жарыкка чыкканы боюнча Лев Толстойдон ашып түшкөнү менен…
Чыңгыз:
Түшүнөм, Лев Толстойдой улуттун "духовный отеци" боло албай койдуң деп доомат айтаарыңа.
Шайлообек:
Чындыгы Лев Толстой адилеттүүлүк үчүн күрөшүп падыша Николайга каршы сүйлөгөндүктөн, анын айткан сөзү падышаныкынан да таасирдүү боло турган. Сиз дүйнөлүк проблемаларды сүйлөгөнүңүз менен кыргыздын жерлери Үзөңгү-Кууш, Каркыралар кетип атса бийликке каршы сөз айтпаганыңыз нени түшүндүрөт?
Чыңгыз:
Үзөңгү-Кууш үчүн үзүлө чуркайын десем, Аскардын убагында Аскарым министр болуп жүрбөдүбү. Анан ага кантип тескери сүйлөйм. Каркыра үчүн кабыргам кайышып турду, сөз айтканга жетпей эле кете бербедимби.
Шайлообек:
Бакиев сизге көз көрсөткөнү менен көзүнөн жаш, оозунан үн да чыгарган жок. Элди эзгенин уланта берди.
Чыңгыз:
Токточу, эл башына күн түшкөндө Жазуучулар Союзу үн каттыбы?
Шайлообек:
Омор Султанов жазуучуларды тейлеп турган, Бакиевдин заманында үнү бүтүп калып, ал кетер менен үнү ачылды. Азыр Бакиевди боктогон жактан ага эч ким жетпейт. Ошондон улам Омор Хайям менен Омор Султановдун айырмасы кандай деген лакап айтылып жүрбөйбү.
Чыңгыз:
Омор таланты ташкындаган жигит эмеспи.
Шайлообек:
Талантында шек жок, партияны, Акаевди, Бакиевди мактаса тилинен чаң чыгат. Алар кеткенден кийин жамандаса андан бетер тилинен чаң чыгат. Бирок баарын учурунда айтыш керек да. Ошол үчүн Омор Хайям аты Хайям болгону менен жазгандары султан, ал эми Омор Султанов аты султан болгону менен жазгандары хайям деген сөз чыгып атпайбы.
Чыңгыз:
Шаке, акыйкатты айтып жүрүп эки революцияны жасап жиберипсиң. Биринчи революция үчүн Бакиевден Эл акынын алгансың. Экинчи революция үчүн Отунбаевадан "Даңк" орденин алды деп уктум. Эми бир революция жасасаң эл баатырын берет деп угуп атам. Деги революцияны качан жасаган атасың?
Шайлообек:
Революцияны жасаганда баары бир жыйынтык чыкпай атпайбы. Шайлообек Шайлообек бойдон калды. Бакиевдин баягы кол алдында жүргөндөр ошол бойдон эле калды. Бир гана Ак үй талкаланып калат экен, анан элге пайдасы эмес зыяны тийип атпайбы. Алмаз Атамбаев Бакиевдин убагында министр, премьер-министр эле, эми премьер-министр, президент болду.
Чыңгыз:
Бул жигиттин ата-теги каяктан экен деги?
Шайлообек:
Ким билет аны, Түштүккө барса түштүктүк боло калат, Баткенге барса баткендик, Таласка барса таластык, чүйгө келсе чүйлүк болуп калат экен. Ата-теги Кокондон келгенби, каяктык экенин ачык айта албайм.
Чыңгыз:
Жанагы Аскардын баласы менен мамилелешип жүрүп, кийин Курманбектин баласы менен мамиле түзүп жүргөн биз жактан бир жигит чыгып жүрбөдү беле?
Шайлообек:
Өмүрбек Бабанов деген жигит. Ал Бакиевдин убагында деле биринчи вице-премьер болчу, азыр деле биринчи вице-премьер. Бул жигит "Эр тайын тартат" дегенди жакшы көрөт дешет. Биздин кыргыз жергесинде бир ууч таяке-тайы жашайт экен, кыргыз эли 80 пайызы жакырчылыкта жашаса, анын таяке-тайы ага таянып алып 80 пайызы бай турмушта жашашат.
Чыңгыз:
Феликс Кулов деген жигитибиз бар эле, абакка түшүп алып кыргызча үйрөнүп атыптыр деп уктук эле, кыргызча үйрөнүптүрбү?
Шайлообек:
"Кыргыз Армияга барса орусча сүйлөп келет, киргиз абакка барса кыргызча сүйлөп келет" - деген сөз чыккан. Ал кыргызча үйрөнбөгөнү менен бет тырмаарлыктын аксиомаларын жадыбалдай жаттап келиптир. Өзү партияны баштап парламентке келген, өзүнөн ашкан партиялаштары өңгөчүн тарттырып фракция жетекчисинен алып коюшту.
Чыңгыз:
Кайсы балдар экен?
Шайлообек:
Акылбек Жапаров деген шылуундар.
Чыңгыз:
Жанагы кара мурун Жапаровбу?
Шайлообек:
Сиз санжыраны жакшы билчү элеңиз, анын ата-тегин айтып берсеңиз?
Чыңгыз:
Жаңыл мырзаны билесиң да ошону алабыз деп барып, Сарысейиттин Үчүке, Түлкү деген балдары окко учат эмеспи. Сарысейиттин байбичеси каардуу кемпир болгон. Ал Түлкүнүн баласы Тынайды (Атаке баатырдын атасы) алып калып, келинин кетирип жиберет. Ошондо Тынайдын энеси: "Үчүкенин үч баласы Тынайыма кордук көрсөтөт го" деп боздоп кетиптир. Үчүкенин Маматкулу эл бийлеп калмактарга тийип, бир топ кулду алып келет. Маматкул дагы бир ирет жортуулга кеткенде, чоң энеси Сарысейиттин байбичеси каарданып, кулдарынын баарын кубалап жиберет. Маматкул келсе кулдары жок, издеп чыкса бир топ кулдары баш калкалаганга түнөк жасап, жылуу-жумшак уктап жатса, бир топ кулдары талаада эле дардайып жатышат дейт. "Өз жанын бакпаган менин жанымды бакмак беле" - деп, талаада жаткан кулдардын баарынын башын алдырып, жанын баккан кулдардын баарын айдап келет. Жети кулду солтого берип, жети кулун өзү алып, бир кулун Дөөлөткул деген инисине берет. Дөөлөткул жалгыз кулду башкалардан айырмалап жүрөйүн деп, мурдун көө менен сүйкөп жүрүп "кара мурун" аталып калган. Солто менен сарыбагышта жети кул деген урук бар. Манаптын тукумдары кара мурун, жети кулдарды ат байгеге сайып жиберишчү. Октябрь революциясынан соң ошол кулдардан баканооз, тоголок арызчылар көп чыгып манаптардын тукумун кулакка тарттырып жиберди. Кара мурундар "кара мурун" дегенден уялышып өздөрүн Кара мурут, кара мурат деп атап алышыптыр, катыгүн.
Шайлообек:
Түшүнүктүү, эмне эле кара мурундун тукуму Акаев бийликке келсе Акаевге сарыбагышбыз деп чөгөлөп, Бакиев бийликке келсе дунганбыз деп Бакиевдин алдына чөгөлөп жүрөт десе, көрсө ата-тегинен эле калган көнүмүш адат турбайбы.
Чыңгыз:
Дагы бир Данияр деген жигитибиз бар эле, аныбыз каякта жүрөт?
Шайлообек:
Данияр Үсөнов Аравияга даватка кеткен. Келинчеги мурун деле депутат эле, азыр деле депутат. Даваты аяктаса Данияр деле келип, бир чоң кызматты аркалайт го.
Чыңгыз:
Мен байкап көрсөм бийликте анча деле өзгөрүү болгон эмес экен да.
Шайлообек:
Ооба да Чыке, Айгүл Рыскулова жылаңайлак келген министр эле, бүгүн миллионер министр, Камила Талиева Жалал-Абадды титиретип турган, бүгүн "Ар-намыс" фракциясын титиретип турат, Жогорку сот Курманбек Осмонов, министрлер: Курмантай Абдиев, Акылбек Жапаров, Нурлан Сулайманов, Каныбек Осмоналиев, Камчыбек Ташиев, Роза Акназарова, Төрөбаев Бакыт, чиновниктер: Мыктыбек Абдылдаев, Нариман Түлеев, Анвар Артыков, Канат Исаев, Садыр Жапаров, Турсунбай Бакир уулу, Анарбек Калматов, Каныбек Иманалиев, ак жолчу депутаттар: Нургазы Айдаров, Жаныш Кудайбергенов, Динара Исаева, Нарынбек Молдобаев дагы толгон-токой Бакиевдин куйруктары парламентте отурушса, ал эми бийликте эч деле өзгөрүү болгон жок.
Чыңгыз:
"Есть революция и начало, нет революция и конца" - дечү эмес беле?
Шайлообек:
Чыныгы революция болгон жок. Чыныгы революция болсо, жаштар жүрөт эми Ак үйдү талкалабай эле кыргыздын энчисин соруп байыган көпөс, буржуйлардын үйүн талап алабыз дешип.
Чыңгыз:
Бакиев дунган болсо, Атамбаев ата-тегин билбесе, Бабанов кочкор мурун жакка ооп турса, Акылбек Жапаров кара мурун болсо, деги Шаке экөөбүздөн башка таза кыргыз жок калган окшойт…
Шайлообек:
Чындап келсек Чыке, Нагима апабыздын улуту кыргыз эмес экенин билебиз да.
Чыңгыз:
Койдум, койдум (көздөн кайым болот)
Шайлообек:
Алтымыш жаш мааракемди жыйынтыктап, жетимиш жаш мааракеме кам көрө баштайын.

Кагазга түшүрүп калган
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??