п»ї

Моисей 40 лет водил нас по пустыне, чтобы привести
в единственное место на ближнем востоке, где нет нефти.
Голда Меир
Сасыган кудуктан суу ичпегиле
Элибизде "Ит үрө берет, кербен жүрө берет деген" макал бар. Өзүн ак ниет журналистмин деп эсептегени менен иш жүзүндө акча үчүн коомду бүлүккө салган, адамдарды бири-бирине кайраштырып бирөөлөрдүн тапшырмасын аткарган кишилерди көргөндө аргасыздан жогорудагы даанышман макал эске түшөт.
Кеп Елена Авдеева жетектеп, жалаң ойдон чыгарылган жалган маалыматтарды жазган, фактыларды уятсыздык менен бурмалаган "Белый Парус" интернет-сайты жөнүндө болуп жатат. Өзүн өлкөдөгү чындыктын жана адилеттиктин жападан- жалгыз коргоочусу санаган бул айым кишилерди ылгабай, четинен сындаганды жакшы көрөт. Кадимки эле жаңы тарыхтагы Жанна д Арк, карап турсаң!


Ит эмнеге ырылдайт?

Бирок "Белый Парустагы" макалаларды кылдат талдай келсең таптакыр бөлөк картинаны көрөсүң, башкача тыянактар келип чыгат.
Мисалы, Авдеева улуттук азчылыктын таламын талашып, алардын кызыкчылыгын коргоп жаткандай түр көрсөтөт. А чындыгындачы? Анын айтымында, кыргыздын улутчулдары улуттар аралык достукка доо кетирип, жалгыз Елена айым гана орустардын, өзбектердин, корейлердин ж. б. кызыкчылыктарын, укуктарын коргоп жаткан имиш.
Бирок, кадырман окурман, сиз проблемага тереңирээк үңүлүп көрүңүз. Мисалы, 10-ноябрда "Белый Парус" сайтында Николай Галушко аттуу автордун "Беларусь, Россия жана Казакстандын бажы союзу - СССРди калыбына келтирүү үчүн жасалган болуп көрбөгөндөй кадам" аттуу макаласы жарыяланды. Макаланын чыныгы автору ким экендигин териштирбей эле коелу, Авдеева өзү экени сокур кишиге деле көрүнүп турат. Бирок макаланын мазмуну Россиянын президенти Владимир Путиндин үч өлкөнү гана эмес, интеграциялык биригүүгө өз ыктыяры менен кошулууну каалаган башка постсоветтик республикаларды да экономикалык жакындаштыруу боюнча долбооруна карата кер-какшыкка жык толгон.
Автор В. Путинди империялык амбициясы бар, мурдагы СССРди кайра калыбына келтирмекчи болуп жатат деп уу тил менен аябай эле шылдыңдаптыр. Россиянын премьер-министри автордон "чарбалык ишти начар жүргүзгөнү үчүн" да "токмок" жеген.
Бирок экономиканын негиздери жана саясаттын принциптери жөнүндө караманча да түшүнүгү жок саясий сокур Н. Галушконун жазгандарына терең үңүлсөк, Е. Авдеева ушундай макалалары менен улуттар аралык мамилелерге жик салып жатканы байкалат. Мындайча айтканда, КМШнын башка өлкөлөрүнүн жарандарында Россияга карата жек көрүү сезимин ойготууда.
Анткени, "Белый Парус " сайтын орустар гана эмес, кыргыздар, башка улуттардын өкүлдөрү да окушат эмеспи. Натыйжада маалыматы жок, ишенчээк окурмандар келээрки жылы дагы президенттикке шайланышы мүмкүн болгон В. Путин, жалпы эле Россия тууралуу жаман ойдо калышы мүмкүн.

Тузиктин бир билгени бар...

Анда суроо туулат: Авдеева чындап эле орустар менен кыргыздардын, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы жакшы, бир туугандык мамилелер үчүн жан үрөп жатабы? Анткени, ал кечээ эле кыргыздарды "Россиянын жакшылыгын билбейт " деп айыптап жатпады беле? "Кыргыздар дайыма эле акча, арзан бензин сурашат, өздөрү болсо орустарды басынтышат, кордук көрсөтүшөт" деп далай жолу жазган. Кана логика, кана чыныгы позиция? Галушконун былжыраган сөздөрүн окуган маалыматы жок окурман Россияны жек көрүп, Бишкекте же Лебединовкада жашаган өзүнүн орус кошунасын акшыя карашы мүмкүн да. Авдееванын, өзү мойнуна алгандай, ага олчойгон калем акыларды төлөп жаткан кожоюндарынын элден жашырган чыныгы максаты, балким, дал ушул болуп жүрбөсүн?
Бажы союзунун күңгөйү менен тескей жактары тууралуу талашып жаткан саясатчыларда жана серепчилерде да деги "Белый Парустун" каалаганы эмне деген суроо туулат. Кыргыздын саясатчылары Россия менен кызматташтыктын маанилүүлүгү жана зарылдыгы тууралуу талбай айтып жатышканда, балким, "Белый Парус" Россиянын терс образын жаратууну максат кылаар?
Бул макалада Н. Галушко бир топ жылдан бери КМШ мейкиндигиндеги интеграциянын (кеп экономикалык интеграция жөнүндө болууда) башкы демилгечилеринин бири болуп келаткан Казакстанды да бир топ "төпөштөп"өтөт. Окурмандардын эсинде чыгаар, Кыргызстандагы президенттикке талапкерлердин дээрлик баары Россия, Казакстан жана башка бир тууган өлкөлөр менен жакындашууну, соода жана башка алакаларды кеңейтүүнү жакташаарын билдиришкен. Анда, Кыргызстандын нукура патриоту болуп келгем жана боло берем деп төш каккан Авдеева айымдын каалаганы эмне?
Ой жүгүртө билген зирек оркурман "Белый Парус" сайтын карап отуруп мындай бир кызык тенденцияны көрөт жана анын жашыруун, алысты көздөгөн жашыруун максатын оңой эле байкайт. Материалдарда Казакстан, ошондой эле Тажикстан аеосуз сынга алынат, бирок, сөз эркиндигин чектөө, балдардын эмгегин аеосуз пайдалануу ж. б. көптөгөн проблемалары бар экендигине карабастан Өзбекстан эмнегедир бир да жолу сындалбайт. Ошол эле учурда Рогун ГЭСин курганы жатат деп тажиктерди оттон алып сууга салат. Мунун себеби эмнеде?

"Парусту" үйлөгөн ким?

Мында таң кала турган деле эч нерсе жок. "Белый Парустун" жана Токмок айнек заводунун чыныгы кожоюну Владимир Штайнерттин Өзбекстанда кеңири бизнеси бар, бир катар өзбек бизнесмендери жана саясатчылары менен жакын мамиледе. Анан бул өлкө тууралуу кантип жаман нерсе айтсын? Өзбекстан каалагандай тайраңдап, эркин сүйлөй алган Кыргызстан эмес да. Бир аз эле ашыкча сүйлөсөң бизнесиңди жыйыштырып, качууга туура келет. Ошондуктан, кандектей каңкылдап үргөн Авдеева өзүнүн өзбек бийликтерине көз каранды кожоюнун капа кылгысы келбейт.
Чүмбөт өзүнөн-өзү ачылды. "Белый парус" атүгүл кыргыз саясатчыларынын да баарын эмес, тандап-тандап кээ бирөөлөрүн, Кыргызстанда салыкты азыраак төлөгүсү келген В. Штайнерт "тил табыша албай калган" саясатчыларды гана "согот". Кыязы, ал Өзбекстанда гана мамиле түзүүгө шыктуу, ал эми кыргызстандык чиновниктер оңойлук менен ийге келбейт окшойт. Анан Штайнерттин андай тоң моюн саясатчыларды интерент-сайт аркылуу согуп-согуп албай жаны жокпу!
Урматтуу окурман, Е. Авдееванын жана Н. Галушко сыяктуу жазмакерлердин чагымчыл макалаларынын чыныгы сырын эми түшүнгөн чыгаарсыз. Алардын чыныгы максаты - ар кайсыл улуттагы кишилерди бири-бирине каршы тукуруу, айрым бир бизнесмендерге жолтоо болгон саясатчыларды элге жек көрсөтүү.
Андыктан, "Белый Парус" тууралуу биздин макалаларыбызга комментарий жазган зирек окурмандар В. Штайнерт жана Авдеева чет элдик атайын кызматтардын же Казакстанды, Тажикстанды, Кыргызстанды "каралоого" кызыкдар ишкер чөйрөлөрдүн бай адамдарынын тапшырмаларын аткарып жатат болуш керек деген пикирди айтышкандары да бекеринен эмес. Атүгүл, кээ бир "кара" макалалардын" артында В. Путинди жек көргөн, анын атын укканда "тамагынан аш өтпөй калган" Б. Березовский турат деген пикирлер да бар. Биздин көп окурмандарыбыз "Белый Парусту" "өзбектер тарапташ " болсо керек деп ойлошот экен. Бирок Ташкенде, Ошто, Наманганда же Ноокатта жашаган карапайым өзбектерге тенденциялуу, жалган макалаларды жазган мындай сайттын кереги барбы? Албетте, жок!
Талаада иштеп жаткан дыйкандан, Жалал-Абаддын же Самарканддын базарында отурган сатуучудан, ошондой эле Нарындагы, Таластагы кыргыз чабандан, саанчыдан Россия жөнүндө, бул өлкө менен интеграциялашуу тууралуу сурап көрүңүз. Алардын баары Россия менен да, Казакстан, КМШнын башка өлкөлөрү менен да жакындашуу керек деп айтышат.
"Белый Парустагы" макалалар канчалык тенденциялуу экенин өлкөбүздөгү башка басылмалар деле көрүп , билип турушат. Жакында эле "Трибуна" гезитинде "Белый Парустун" ишмердүүлүгү, Е. Авдееванын макалалары тууралуу калыс сын макала жарык көрдү. Авторлор өлкөбүздөгү процесстерди кара түскө боеп көргөзүп, будун-чаң салып аткан "Парусту" кимдер үйлөөрүн туура байкашкан.
Чыгыштын даанышмандары чаңкасаң сууну таза булактан ич деп кеңеш беришет. Ошондуктан, билимге чаңкаган окурман да сууну ичи жалганга, ойдон чыгарылган нерселерге толтурулган кудуктан ичпегени оң. Кыргызстанда ой жүгүртө билген акылдуу окурмандар кудайга шүгүр, жетиштүү эле. Андыктан, Н. Галушко мырза жана Е. Авдеева айым, элдерди чабыштырабыз, Кыргызстан менен Россиянын, Казакстандын, Беларустун, Өзбекстандын, Тажикстандын жана башка бир тууган өлкөлөрдөн арасына жик салабыз деп үмүттөнбөй эле койгула.


* * *

"Белый Парустун " авторлору кыязы урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай эле турушат окшойт. . . Е. Авдеева бир курдай кесиптештерим менин көп айлык алганымды көрө алышпайт деп жазганы бар. Бирок кесиптештери бул аялга суктанбай, тескерисинче, боору ооруганы туура болот. Кыязы, анын башкы максаты - жашоодогу эң кымбат нерсени, ар кайсыл улуттагы адамдардын ортосундагы көп жылдык достукту, сатып болсо да "отуз күмүш теңге" табуу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??