, 11.11.11 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Коалиция

(Бабашканын күндөлүгүнөн)
1-ноябрь

Никеге сенин көз карашың кандай деп мага суроо беришет. Мен аралаш (метис) никени жактырам. Атам кыргыз болгону менен, энем мурду кырдач сулуу улуттан. Ошондуктан мен сулуу болуп төрөлгөнүмө кубанам. Негизи никенин түрү көп болот. Мыйзамдуу нике, шарият боюнча нике, граждандык нике, тандем, эми биз никенин жаңы түрүн ойлоп чыктык. Бул коалиция. Тандем, мыйзамдуу, граждандык никелерде үй-бүлөнү "один-один" түзүшөт. Шарият боюнча "сильный полдор" көп аял алса болот. Ал эми коалицияда болсо, тескерисинче жалгыз "слабый пол" эки-үч күйөөгө тийе берсе болот экен. Ошондуктан, менин күнүм тууду, менин сулуулугум жана мага бериле турган өтө баалуу сеп, далай жигиттердин жүрөгүн козгоду. Мени менен коалициялык нике түзөбүз деген жуучулардын саны арбыды. Эң алгач Хатамба деген түбү түштүктүк, аягы чүйлүк беш заводу бар жигит жуучу жөнөттү. Өңү деле сулуучумак экен, бирок арамзалыгы билинип турат. Ата-тегин жакшылап сурасам, чоң аталары кокон беги Рахматуллонун колуна суу куябыз деп келишип, ушул жерде жашап калышкан "югославдардан" экен. Калпты болсо карап туруп эле айта берет экен. Мага асмандагы күндү алып берип койду. Эмне кылат элем, ынандым. Эми дагы бир кыргыз жигит жуучу жөнөтүптүр. Жигиттин өзү менен таанышсам кыргызча сүйлөй албайт экен. Орусча сүйлөштүк. Өмүр баянында кара тактар бар экен. Түрмөдө жатыптыр, кимдир бирөөлөр менен тандем болуп никеге туруптур. Бирок, шар жигит экен, "тартип болмойун үй-бүлө кура албайбыз" дегенинен, "Коалицияны ким башкарат?"-деп негизги жүйөөлүү суроону бердим. "Сиз"-деди шар эле. "Коалиция никесине канча жигит менен турсам болот?" - дедим. "Төрт күйөөгө чейин уруксат берем" - деди. Мага жагып калды, бирок биринчи никеге тура турган Хатамбага жакпай калды. Аны коалицияга жолотпойбуз деп столду бир муштады жүрөгүм түшүп кетти. "Эми мага күн көрсөтпөйт го"-деп Хатамба кеткенден кийин ыйлап алдым.

2-ноябрь

Бүгүн да мага жуучулар келиптир. Дагы экөө. Экөө тең "югославдардан". Биринчиси кирип келатып эле, алдынан тосо чыккан "телохранителимдин" тумшугун талкалай койду. "Эй, сен мага хотын болосуң!"-деп муштумун таптап келатканда, коркуп кетип: "Хоп!"-деп жибердим. "Менин атым Шапалак. Камчы менен шапалакты төргө илип коюп, камчы менен камчылап, шапалак менен шапалактайм"-деп шак бурулуп алып чыгып кетти. Жүрөгүм түшүп калды. Дагы ыйлап алдым. Күйөөгө тийген оңой эмес экен да. Биринчи сүйлөшкөн Хатамбага телефон чалсам. "Шапалакты жолотпо. Азыр сага бир сулуу жигитти жөнөттүм, ошого сразы макул бол"-дейт.
Сулуу жигит келди, мээни чагып көп сүйлөгөн, закөнчүл неме экен. Мындай ресторанга барып, романтикалуу кеч өткөрбөйлүбү десем. "Майли, мен катта закондорумду алып алайын. Ошол жерден экөөлөп жазалы"-дейт. ""Медовый месяцты" кантип өткөзөбүз?"- десем. "Менин офисиме отуруп алып мыйзам жазып өткөрөбүз"- десе чалкамдан кетиптирмин. Анткени, мен мыйзам дегенди жаман көрөм. Мурунку Айдашка, Максимушка деген "подружкаларым" мыйзам дегенди уруп ойночу эмес. Бирок, Хатамба ушул жигитке гана нике кыябыз деп атпайбы. Сулуу жигит кеткен соң, жаздыгыма көз жашымды төктүм.

7-ноябрь

Бүгүн эмне майрам экенин билбейм мен үчүн майрам болду. Хатамба менен Мамонтбек экөө мени ресторанга чакырышты. Экөө эки жагымда, мен ортосунда бажырайып отурам. Хатамба: "Бабашка сизге "Мисс-Кытыгыстан" деген ардактуу наамды алып беребиз, Сиздей сулуу ааламда жок!"- десе жибип бараттым эле, Мамонтбек: "Туалет башчысына чейин биз дайындайбыз деп, мыйзамга киргизиш керек"-деп, жибип бараткан денемди суутуп жиберди. Оюмда ойлодум ушул жигит менен кантип коалициялык никеге турбай койсом деп. Ресторандан чыгып үйүмө жеткизип келген соң, Шапалакка телефон чалдым: "Мени зордоп Мамонтбек менен үйлөнткөн атышат"-дедим да. Шапалак: "Мамонтбектин тумшугун талкалай коём"-деп соткасын өчүрүп салды. Көрсө мени көздөй жулунуп келатыптыр, алдынан тосо чыккан "телохранителимдин" мурдун талкалай коюп, менин алдыма чөгөлөй калып: "Жаным мен сени жуда жакшы көрүп калдым"-деп буркурап ыйлап ийди. "Коюң Шапа аке"-деп эптеп соороттум. "Деги Мамонтбекти сүйбөйсүңбү?"-деди. "Мыйзам дей берет экен, жек көрүп калдым"-десем, колумдан чопулдатып өпкүлөп: "Мен деле мыйзамды жаман көрөм, түшүнбөйм. Бирок А. Кела деген досум мыйзамды чагат, ошондон сурап көрөйүнчү" деп телефон чалды. Эртең шашпай ресторанда сүйлөшмөй болдук. Кубанганымдан көзүмөн жаш куюлду.

8-ноябрь

А. Кела абдан мыкты, билимдүү жентельмен экен. Ресторанда мени "ухаживать" этип отурду. Мыйзам жөнүндө да сөз сүйлөгөн жок, саясат жөнүндө да сөз сүйлөгөн жок. Мени Моно Лизага салыштырып, Мопассандын "Милый друггу" жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Шапа акебиз бир ордунда отура албай : "Официанттын тумшугун талкалай коём" деп миң жолу айтты. Андан башка сөз деле билбейт экен, бечара. Мен өзүм сурадым: "Мамонтбек менен коалициялык никеге турбай коюунун жолу барбы?"-деп. "Мыйзам-деген буйлалаган төө"-деди жылмая күлүп А. Кела. "Мыйзамдын тумшугун талкалай коём!"-деди Шапалак. "Мен Мамонтбек менен никеге турбайм"-десем Шапалак: "Мени менен турасыңбы?"-дейт сүйүнө. "Жок-дедим". "Эмне Киргиз менен турасыңбы? Киргиздин мурдун талкалай коём"-деди Шапа аке шашыла. "Жо-ок"-дедим чоёктоп А. Келаны жал-жал флирттүү тиктеп: "Мен А. Кела менен гана коалициялык никеге барам"-дедим. "Майли"-деди Шапалак сүйүнүп: "А. Кела менин досум да". А. Кела колумдан кармап өөп: "Мамонтбектин аргасын табабыз. Эң негизи экөөбүз ынтымактуу бололу"-деди. "Хатамба менен кандайсыз?"-дедим. Шапалак: "Хатамбанын мурдун талкалай коём"-деп жулунду. "Алынча"-деди А. Кела: "Экөөбүз ынтымактуу болсок, Хатамбанын колунан эмне келет эле?" Үйгө чейин узатып келишти. Ушундай жылдыздуу жигитке жолукканыма сүйүнүп көздөрүмдөн жаш чыгып кетти.

15-ноябрь

Хатамба, Мамонтбек үчөөбүздүн ЗАГСка турар күнүбүз декабрдын баш жагына белгиленди. Мамонтбекти көрөйүн деген көзүм жок. Мени жашсынтып акыл үйрөтө берет. Мага мыйзамынын эмне кереги бар? Ал эми А. Кела менен күнүгө "свиданиеге" чыгам. Ал Мамонтбекке үйлөнбөй калыштын жолун таап берди. ЗАГСка балдарыбызды чубуртуп, баарын ээрчитип алат экенбиз. Анан ЗАГСтан "Мамонтбекти туттуңбу?"-деп менден сураганда, балдарым добуш беришет экен. Эгерде жарымысынан көбү добуш бербей койсо, анда никебиз кыйылбай калат тура. Ошол үчүн көп кол топтош керек дейт А. Кела. Өзүнүн балдарын бүт каршы добуш бердиртсе да жетпей атыптыр. Анан бая күнү келген Киргиз бизди колдосо жеңиш биздики дейт. Киргизге телефон чалсам, алар деле Мамонтбекти колдобойбуз дейт. Сүйүнгөнүмдөн буркурап ыйлап жибердим.

29-ноябрь

Романтикалуу күндөр өтүп жатат. Менин баркым асмандап көтөрүлүп баратат. Мени чарк айланып жигиттер чуркап жүрүшөт. Өгүнү Киргиз мени ресторанга чакырды. Жанында бир жаш жигит отурат. Ал жигитке көзүм түшүп калды. Сүйлөгөнүнөн ал жигиттин акылдуу экени билинип турат. Бир гана менин Мамонтбекке гөр казып атканымды көп жактыра бербеди. Эмне мен анын тилин алып, көңүлүм сүйбөгүн адамга тийишим керекпи. Штирлиц радистка кызы Катяга айткандай "Көңүлү жок аялдын, код бергени курусун". Ошондуктан, мен да бул жигитке кыялымды көрсөтүп, кабагымды бүркөп отурдум. Киргиз байкебиз тааныштырды. Аты Барсбек экен. Менин эң негизги "сопернигим" ушул Барсбек болчудай болуп калды. Калган эркектерди акылга салып мурдунан жетелеп алса болот. Барсбектин акылына акылым жетчүдөй эмес. Айран-таң калып менден да акылдуу адам бар экен деп буркурап ыйлап алдым.

(Уландысы кийинки сандарда)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ