, 11.11.11 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

КҮЗГҮ МАЕК
Пролог

Күз эле.
Ошол учур, кеч күз эле
Кеч күздө кечигип сен
Келдиң неге?!
Көзүңдүн нуру эбак өчүптүрү
Көңүл пас
Баягыдай чаппайт өргө.

Өмүрдүн өзөктү өрдөп бороон
Сели
Биз эми карт даракпыз күзүндөгү.
Бийиктен кулап түшкөн жалбырактай
Билгизбей сылап жатты
Жүзүң мени.

Эмне деп айтарымды билбей турам.
Бет алдым -
Эки жагым кара туман!
Көңүлдү чөгөргөн бир ойдон улам
Көзүмө келе калган
Жашты сыгам.

Сен дагы ичтен сызып
Куйкаланып
Жүдөпсүң санаа менен уйпаланып.
Жашырбай жан сырыңды төгүп кирдиң
Жаш тамган суудан бир аз
Ууртап алып.

1
Биздейлер
Бул дүйнөдө канча дейсиң.
Бир туруп
Бул жашоодон түңүлбөйсүң.
Үлпүлдөк үмүт шооласы - караан болуп
Ким бирөө үзөм десе -
Үзүлбөйсүң.

Ошондой арман дүйнө
Жалган дүйнө
Арты - кыш.
Арман болбой
Калган кимге?!
Акылдан адаштырып айдап жүрүп
Алдыңда азыр мени сүйлөтүүдө!

2
Бул дүйнө жалгандыгын
Кеч байкадым.
"Жалган!" - деп
Жашым төгүп
Кимге - айтамын?!
Бир кезде бийиксинип жүргөндөргө
Билсин деп бир азыраак
Жем таштадым.

Тагдырдын жолу тайгак жана
Таштак.
Тар жолдо тайкы адамдар
Кетет таштап.
Азгырган ач жолдордо - наадан
Акмак.
Ак жолдо -
Азаматтар жүрөт баштап!

3
Байкадым -
Баш-аяксыз көз караштар.
Башаты башталышы -
Көп талаштар!
Бабалар өтүшпөптүр бекеринен
Бактысын коргоп элдин эр Манастар.

Бир Кудай түздүгү үчүн
Түшүп көзү
Бизди өмүр улам алга жетеледи.
Жар болуп төбөбүздөн карап турган
Жараткан жаратуучум -
Теңир өзү!

4
Турмушту туура баалап мындан аркы
Түз жүрсөк
Түзөлмөкчү жашоо наркы.
Урматтап урпактарга берет кимдер
Улутка уңгу болчу
Улуу Салтты?!

Өзүм да өлүк жандай
Көптөн бери
Байкалбай баш-аламан
Баары өзгөрдү.
Өр эмес, паска түшүп бараткансыйм
Өмүрдүн артта калып көктөмдөрү.

5
Базарың байкашымча
Баарын жутту.
Баштагы байлыгыбыз -
Шамалга учту!
Замандын бузулганын ушундан бил -
Чындыкты чыркыратып
Төөдөн жыкты!

Урпактар
Кантип көрөт бул шумдукту -
Ууруулук
Талап-тоноо, сойкулукту?!
Карааны кетип барат калың көчтүн
Кас кылып бир улутка
Бир улутту.

6
Замандын шамалы ызгаар
Кышы катуу.
Залалдуу.
Кишилердин дабышы ачуу.
"Алга, журт!" - деген менен акмактарың -
Асыл ой
Акыл-эсти
Артка тартуу!

Чымчыктын, чымындын да - көгү болот.
Чыдоонун
Сабырдын да чеги болот.
Айбандын айбандыгы эч нерсе эмес
Адамдын айбандары -
Элин сорот!

7
Турмушту бузуу - оңой
Куруу - кыйын.
Тунжурап туруу оңой
Жылуу - кыйын!
Карайлап кай тарапка баратабыз?
Калкым ай
Калыс кепти угуу кыйын!

Ач белде азып-арып
Турчудайбыз
Арман ай
Дагы канча жыл чыдайбыз?!
Эгемен журт болгон соң эсти жыйнап
Эмне үчүн такшалбайбыз
Курчубайбыз?!

8
Бул суроо жоопсуз келет көптөн бери.
Ар кимдин өзүнө алтын
Өскөн жери.
Азабын
Ар-намысын мойнуна алган
Ар элдин болуш керек
Кеменгери!

Күн - Айсыз
Жылдызы жок дүйнө - сокур
Сыналган саяпкерсиз -
Күлүк котур!
Көсөмсүз
Кеменгерсиз кайран элим
Бул күндө бозала чаң
Көчөдө олтур!

9
Созулат бул көрүнүш
Канча жылга?!
Зар болду зарыккан эл -
Бир жакшы уулга!
Каалоосу кабыл болсо кайран элдин
Карысы жашарган тур
Миң кылымга!

Эссиздер эсе берсе -
Жоголобуз!
Эл болуп эми качан оңолобуз?!
Бириксек
Бир жакадан баш чыгарсак
Биздин да бир топ өсмөк
Соболобуз!

Эпилог

Эрчитчү элди артынан
Ким бар бүгүн?
Эстүүлөр -
Көтөргүлө элдин жүгүн!
Кылымдын кыйырына чыйыр салчу
Кыргыздын кыраандары -
Кана кимиң?!

Угалы ушул азыр үнүңөрдү
Көрөлү көз чаптырып
Түрүңөрдү.
Колдойлу алаканга салып алып
Кыргыздын кыраандары -
Кимиңерди?!

Улуттун у уйуткусу - ушулар! - деп
Утурлап урпактарга
Түшөт карек.
Окурман окуп чыгып ой бөлүшөөр
Ошентип тамам болду
Күзгү маек.

Биримкул Алыбаев





  Кыраакы, сак бололу

"Токойлуу жерде шайтан көп"
Биздин Конституциябызда светтик өлкө деп жазылып турган менен диний өлкөгө айланып бараткан жокпузбу? Азыр эмне деген диний агымдар, эмне деген диний секталар жок? Жайнаган мечиттерден башка "Божий дом", ("Кудайдын үйү"), "Дом молитвы" ("Сыйынуу үйү") жана башка аталыштагы жайлар да "Токойлуу жерде шайтан көп" дегендей көбөйүүдө. Булардын биздин коомду каалагандай бузуп, адамдардын, айрыкча жаштардын психологиясына оңбогондой терс таасирин тийгизип жаткандыгы өтө тынчсыздандырат.
Жакында Бишкектин ичинде жүрүүчү 29-каттамдагы муниципалдык автобуска түшүп, астыңкы орундуктардын биринде олтурган капкара түстөгү кийим кийинген, бетин да паранжы менен чүмбөттөп алган кызды көрүп, аялым экөөбүз чочуп кеттик. Мындайды биздин шаардан биринчи жолу көрүшүбүз. Жүзү көрүнбөсө да кебете-кешпирине караганда бизден алда канча жашыраак көрүнөт:
- Ордуңду бул эжеңе бошотуп бербейсиңби? - деп кайрылдым эле, анын:
- Силерге окшогон динсиз, кудайсыздарга эч жерде орун жок, - деген жообу чекеме шак этип чапкандай болду. Мындай күтүүсүз жооптон шагым сынып, шалпая түштүм. Ачуу келип колдон алып эшикке түртүп чыгарып коёюн деп, өзүмдү-өзүм араң токтоттум. Автобустун ичиндегилер анын жообуна кенедей да козголуп коюшпады. Мына биздин айлана-тегерегибиздеги, атүгүл күндөлүк жашообузга чейин сиңип бараткан терс көрүнүштөргө кайдыгерлигибиз, көңүлкоштугубуз. Жаныбыздагыны уруп-сабап, өлтүргөнгө чейин барып жатса да, каражанды гана калкаламай абалга жетиптирбиз.
Ошондой кара кийинип бети-башынан бери чүмкөнүп алгандар башка жерлерде, айрыкча Кавказда, Россияда кандай гана мыкаачылык иштерди жасап келатышат. Билинбей эл арасында жүрө берип качан гана мерчемдүү жерге жеткенде жардыргычын иштетип, өзү да өлүп, башка күнөөсүз жүздөгөн кишилердин өлүмүнө себепкер болуп жатышпайбы. "Чыныгы жашоо тигил дүйнөдө, биздин буйрукту аткарсаң бейишке чыгасың", деп алардын кожоюндары ушул ойду аң-сезимине, жүрөгүнө сиңирип коюшкан.
Мына ушундай радикалдуу агымдагы жанкечтилер ислам динин жамынып, адамзат жашоосуна каршы алектенип жатышкандардын бизге чейин тамыр жайып келатышы эртеңки күнүң үчүн кооптондурат жана тынчсыздандырат. Алар дал ушундай диний агымдагы "Хизб-ут-тахрир" партиясы менен байланыштуу эмес деп ким кепилдик бере алат. Кепилдик бере турган мамлекеттик коопсуздук комитети ички майда-барат иштерден башы чыкпай келет. Канчадан бери "Хизб-ут-тахрирдин" адабияттарын таратып жүргөндөр кармалды деп какшап келатканы менен, бул радикалдуу диний агымды тутунгандар көбөйүүнүн гана үстүндө. Мурда Түштүк регионунда басымдуулук кылса, азыр Түндүк регионунун бардык жерлерине чейин жетти. Булар менен мышык чычкан оюнун ойнобой кеч боло электе олтуттуу иш жүргүзүү зарыл.
Күнүнө миңдеген тонна күйүүчү майдын аткезчилик жолу менен чек арадан өтүп Тажикстанга кетип жатканын байкабаган чек арачылар "Борбордук Азияда Ислам Хамифатын курабыз" деген тапшырма менен келип жаткан радикалдуу диний агымдын өкүлдөрүн кайдан байкай коюшсун. Болбосо, бечаранын, тилемчинин кейпин кийип, ар бир эшикти кагып жүргөндөр эртең кандай гана коркунуч келтирээрин билишсе, алар мынчалык санда көбөйбөйт эле. Биздин мамлекеттин коопсуздугун, тынчтыгын камсыз кылуучу органдардын шалаакылыгынан, же башка себептеринен алар өлкөбүзгө ээн-эркин кирип, каалагандай иштерин жүргүзүшүүдө.
"Дин - адамдын башын тегереткен апийим", - деп советтик мезгилде атеист болуп тарбиялансак, бүгүн иш жүзүндө дал ошону баштан кечирип жатабыз. Азыр анын көптүгүнөн чындыгына эле баш тегеренгендей болуп турат. Албетте, ислам дининин тазалыгын тангыбыз келбейт. Бирок, анын атын жамынып, арам ойлорун ишке ашыруучулардын өтө тездик менен көбөйүп баратышы тынчыңды албай койбойт. Мечиттер көбөйүп (азыр алардын саны эки миңден ашык) баратканы менен ошолор менен алакалаш иш жүргүзүп жатат го деген да шектүү ой кетет. Ал оюбузду өткөн жылдагы Ош менен Жалал-Абаддагы июнь коогалаңына тиешеси бар мечиттер, алардын имамдары далилдебедиби.
Өлкөнүн муфтияты алардын ишине көзөмөл кыла албагандыктан, мечиттер дагы кандай зыяндуу иштердин жайына айлана тургандыгын бир гана кудай билет. "Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба" дегендей алардын жүргүзүп жаткан иштеринин тазалыгына да ишенип болбой калды. Айыл жаштарын өздөрүнө тартуу менен аларды бүгүнкү прогрессивдүү жетишкендиктерге, жакшы жактарга терс көз карашка үндөп жатышкандай.
Мектептердеги окуп жатышкан төмөнкү класстардагы балдарга чейин орозо кармоого чакырышат. Балтыр эти, боконосу ката элек баланын орозо кармоосу, биринчиден, ден соолугу үчүн зыян, экинчиден, курсагы ач неме эси-дарты тамакта болуп, окуу үчүн көңүл бурбай калат. Ошондой эле кыз балдар үчүн мектепте жоолук салынып жүрүү да өтө ылайыксыз. Сабак учурунда бирөө башын чүмкөп жоолук салынып, бирөө жарашыктуу чачы менен отурса эмне деген көрүнүшкө туш келесиз. Мектеп окуучусу деп билгидей баары бирдей формада кийинип жүрүш керек эмеспи. Мугалимдер да кыз балдардын мектепте жоолук салынып келүүлөрүн туура эмес деп эсептешет.
Муну "Мутакалим" деген мусулман аялдар бирикмесинин жетекчиси Фронтбек кызы Жамал алардын укугунун бузулушу деп эсептейт. Мен ага мектеп окуучусунун жоолуктан башка эле бузулуп жаткан укугун коргосоң кандай жакшы болот эле, деген кеңешти айтаар элем. Мектепте бирдиктүү тартип, талап керек да. Болбосо мектеп билим, тарбия берүүнүн борбору болбой эле, бир башаламан жайга айланып калбайбы.
Ислам университетинин доктору А.Нарматов да диндин мындай башаламандыгына өз пикирин билдирет: "Ислам динин тутуу сөзсүз эле жоолук салынып жүрүү, же болбосо сакал-мурутту саксайтып өстүрүп алып жүрүү эмес, ал дилиңдин тазалыгы, ага жан-дүйнөңдөн ишенүү". Ооба, динди зордук менен адамга таңуулап ишендире албайсың. Ага адам өз эрки, дити менен ишенгенде, берилгенде гана дин таза болмокчу. Ошондой динди таңуулаган көрүнүш тамактануу жайларына чейин жетти. Кайсы тамактануучу жайга барсаң да "халал, халал" деген жазуудан, "Биздики халал тамак" деген үгүттөдөн тажап бүттүк. Буга чейин эмне, арам тамак жеп жүрүптүрбүзбү? Өзүбүзгө эле ылайыктуу мусулманчылыктагы тамак-аштарды ичип-жеп келатабыз.
Эми башка диний агымдардын, секталардын да ээн-эркин жүргүзүп келаткан иштери адамды иренжитет. Жетишпеген, колунда жокторду анча-мынча тыйын-тыпыр, белек-бечкектер берип, торуна чыккыс кылып түшүрүп жатышат. Алардын максаты - адамдын аң-сезимин, ойлоосун бузуп, бул жашоого ишенбөөчүлүгүн, дүйнөлүк алаамат болоорун сиңирүү. Кыскасы, булар дагы тигил дүйнөнүн жыргал экенин, түбөлүктүүлүгүн даңазалап, адамды пессимисттик абалга алып келүү. Радикалдуу ислам агымы менен булардын иштеринин мазмуну бир - терроризм жана адамдын психологиясын бузуп, санын азайтуу. Демек, булар кимдин тапшырмасы менен иш жүргүзүп жаткандыктары өзүнөн-өзү айкын болот.
Ошондой башка динге өтүп кеткен кыргыз жарандарынын ичинен дүйнөдөн кайтыш болгондо "Динин саткан немеге биздин жерден орун жок" деп жердештери чатак чыгарышкан учурлар болуп келатат. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей ага деле карабай башка динге азгырылып кетип жаткан кыргыздар көп. Ошентип, алардын арам иштери ыркыбызды кетирип, ичибизден иритип бузууда.
Жакында болуп өткөн Өкмөттүн чогулушунда да ушул маселе учкай каралып кетти. Анда мечиттердеги имамдарды аттестациялоодон өткөрүү дегендей. Аны менен иш бүтпөйт. Укук коргоо, коопсуздук органдары ушул маселенин үстүндө күн-түн иш жүргүзүүсү зарыл. "Мынчасы кармалды, адабияттар алынды" деген отчёт менен чектелбей, коопсуздук комитети коомчулук менен биргелешип, чет жактардан келип жаткандардын ким экендигин териштирип, иликтөөлөрү керек.
Ббаардыгыбыз кыраакы, сак бололу мекендештер!

Жума МАМБЕТОВ