, 21.10.11 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Иликтөө

Келечекте улутубуз ким болот?
Элибизге белгилүү аалым, философия илимдеринин доктору Кусейин ИСАЕВ көптөн бери соцологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Мамлекеттин негизги тиреги, уюткусу болгон үй-бүлөнүн абалы да кеңири ой-чабыттагы атактуу социологдун көз жаздымында калбаган.
Жакында Кусейин Исаевич менен жолугушуп, ушулар туурасында кенен-кесири маек курдук.

"Атам ким, апа?"
- Үй-бүлө деген эмне? Адегенде биз мына ушуну чечмелеп алсак.
- Адам баласынын өмүрүндөгү, жашоосундагы эң эле маанилүү, орчундуу жана унутулгус окуя үй-бүлө куруу болуп эсептелет. Эки жаш баш кошуп, үй-бүлө куруу - бул, биринчиден, социалдык жактан биргелешип, чачыранды эмес топ-топ болуп жашоо болсо, экинчиден, тукум улап, аны андан ары алып кетүү. Тээ алгачкы общиналык коомдо эле жалгыздап жашагандан көрө топ-топ болуп, жубу, түгөйү менен жашоонун артыкчылыгы далилденип, ошондон бери адамзат үй-бүлө куруп, аны менен тукум улап жашап келет. Аны азыркы мезгилде да эң негизги милдетибиз деп билебиз. Ошон үчүн жаш курагы келген учурда уул-кыздар сүйүү аркылуу бирин-бири табышып, ак нике аркылуу үй-бүлө курушат.
Үй-бүлө кургандан кийин тукум улоо үчүн балалуу болуу, аларга жетиштүү тарбия берүү, жашоосуна шарт түзүү мыйзамсыз түрдөгү кабыл алынган милдет болгон. Бул милдет үй-бүлөнүн башчысы катары эркектерге таандык эле. Анткени, биздин кыргыздардын жашоосунда эркек менен аялдын өздөрүнө тиешелүү тарыхый, социалдык ордулары белгиленген. Тышкы чоң-чоң маселелерди чечүү эркектин үлүшүнө тийсе, бала багуу, тамак жасоо, кийим тигүү жана башка үй оокаты бүт аялдын мойнуна жүктөлгөн.
Мына ушундай бала тербиялоо жана башка жашоо-тиричиликтин олуттуу маселелери кыргыздардын миңдеген жылдык жашоо-турмушунан сыгылып отуруп азыркы макал-ылакаптарында чагылдырылган. Мисалы, "Балалуу үй - бактылуу үй", "Балалуу үй - базар, баласыз үй - азар", "Эненин көркү балада", "Адамдын мөмөсү - бала", "Ата-энеңди сыйласаң балаңдан упаа көрөсүң", "Үй-бүлө - адамды алдыга учурган уя" жана башкаларды алсак, үй-бүлөнүн, баланын адамдын жашоосундагы маанисин билебиз.
Адамды адам кылып сактап турган үй-бүлө. Үй-бүлө ынтымактуу, бир ойдо, бир пикирде болсо бардыгы жакшы болуп, жашоо көңүлдүү өтүп, кызмат да кызыктуу жүрөт. Үй-бүлө бекем болсо мамлекет да бекем, чың болот. Эмне дегенде бекем, ынтымактуу үй-бүлөлөр мамлекеттик бир тутумга бириктирип, анын тиреги, таянычы болуп турат. Мына ушул жагдайга олуттуу маани берген Россия 2008-жылды "Үй-бүлө жылы" деп жарыялаган. Жөн эле жарыялап койбой бир баладан баштап экиден, үчтөн балалуу болгон үй-бүлөлөргө узак мөөнөттүү кредиттер аркылуу квартиралар берилүүдө. Биздин өлкөдө да бул иш акырындап колго алынууда. Бирок, түбүнөн бери талкаланганды кыска мөөнөттө калыбына келтириш, биздин мамлекет үчүн оңойго турбаган иш. Жашоо-турмуштун кыйынчылыгынан жыл сайын үй-бүлө куруп алып, кайра ажырашкандар көбөйүүдө. Ошого жараша никесиз туулган наристелердин саны арбып баратат.
2008-жылдагы өлкөбүздөгү жүргүзүлгөн эл каттоонун маалыматын толук алалбагандыктан, он жыл мурдагы, 1999-жылы өткөрүлгөн эл каттоонун көрсөткүчтөрүн алып көрөлү. Анда өлкөбүз боюнча 90077 миң үй-бүлө бар экендиги катталган. Ал эми 1979-жылдан 1999-жылга чейинки жыйырма жыл аралыгын алып көрсөк, эки балалуу үй-бүлөлөр 18,8 пайыздан 14,5 пайызга чейин азайган.
Демек, мындан көп бүлөлүү үй-бүлөлөрдүн жыл сайын азайып бараткандыгын көрөбүз. Ал өзгөчө кыргыздар көп жашаган айыл жерлеринде байкалууда. Айрыкча, жаш наристелердин төрөлүшү азаюуда. 1999-жылдагы эл каттоо боюнча 18 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр шаарларда 19 пайыз болсо, айылдарда бул көрсөткүч 9 гана пайыз болгон.
Кичинекейлердин өлүм-житими да көбөйүүдө. 2009-жылы эле биздин өлкөдө бир жашка чейинки 3526 наристе чарчап калган. Ошондой эле биздин өлкөбүздө өмүрдүн узактыгы да кыскарууда. 2002-жылы адамдардын өмүрүнүн узактыгы 68 жыл болсо, 2006-жылы 67 жыл болгон. Мындай төмөндөп бараткан кейиштүү көрүнүштөрдүн бардыгы үй-бүлөнүн социалдык абалынын начарлап баратышынын далили.
- Биздин өлкөдө жаштардын үй-бүлө куруу курагы өйдөлөп бара жатат деген тыянактар негиздүүбү?
- Нике - үй-бүлөнүн туруктуулугу жана тазалыгы. Азыркы учурда биздин өлкөбүздө никелешүү аркылуу үй-бүлө куруу курагы өйдөлөөдө. Акыркы жыйырма жыл ичинде эркектердин арасында никеге туруу курагы бир жашка жогорулаган. Тагыраак айтканда, эркектердин басымдуу бөлүгү 26-27 жашка жеткенде никелешип, үй-бүлө курууда. Кыздар болсо 22-24 жашка чыкканда турмушка чыгууда. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, ошол никелешип үй-бүлө кургандардын ар бир алтынчысы бир жылга жетпей ажырашып кетип жатат. Ал эми никесиз төрөлгөн балдар 2007-жылы жалпы республика боюнча 35 пайызды түзгөн. Бул ар бир үчүнчү бала никесиз төрөлдү дегендик. Эгерде ушундай темп менен кете берсек, аз эле жылдардан кийин биздин өлкөдө атасы ким экендигин билбеген балдардын жарык дүйнөгө келиши өтө эле көп болоорун болжоо кыйын деле эмес. Никесиз төрөлгөн балдар кийин чоңойгондо "Атам ким, апа?" деп энесин өтө ыңгайсыз абалда калтырышы мүмкүн. Муну менен коомубуздун түпкү негизи болгон үй-бүлөнүн маани-маңызынын бошоңдоп баратканын байкоого болот.
ХХ кылымдын 60-70-жылдарында Батыш Европада жыныстык ыңкылапты (сексуалдык революция) теориялык жактан австриялык Зигмунд Фрейд деген психолог негиздеп, ал бүт Европа өлкөлөрүнө аз эле убакытта жайылып кеткен. "Сыныктан башканын баары жугуштуу" дейт элибиз. Анын сыңарындай, ушул зыяндуу ыңкылаптын илеби биздин Кыргызстанга да жетип, кыздардын дээрлик көпчүлүгү кыз белгисинен ажырагандан кийин никеге туруп, үй-бүлөнүн бекемдигине терс таасирин тийгизүүдө. Анын натыйжасы жыл сайын никесиз төрөлгөн балдардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Бул түздөн-түз улутубуздун тазалыгына коркунуч келтирет.
- Коомдогу социалдык абалдын начарлашынын себептерин белгилей кетсеңиз?
- Үй-бүлөдөгү дагы бир урунттуу маселе, анын социалдык абалынын начарлашы, наристелердин чарчап калышынын жана төрөттөн каза болгон энелердин көбөйүшүнөн да көрүнүүдө. Мисалы, 2001-жылы бир жашка чейинки 2123 бала чарчаса, 2009-жылы бул сан 100гө өскөн. Булар айыл жерлеринде төрөт үйлөрүнүн, балдарды дарылап, эмдөөчү бейтапканалардын кыскарып, жоюлуп баратышынан болуп жаткандыгын жашырууга болбойт. Ошондой эле биздин коомдогу социалдык маселелердин курчуп тереңдешине, жашоо-тиричиликтин сапатынын төмөндөшүнө жумушсуздук, аракечтик, баңгичилик, сойкучулук эң негизги себеп болуп жатканы белгилүү.
Коомдогу социалдык-экономикалык абал жакшырмайынча үй-бүлө жакшырбайт. Демек, үй-бүлө оңолбосо коомду артка тартат. Бул экөө бири-биринен ажырабай, эриш-аркак жүрүшөт. Ошондуктан, азыр биздин өлкөдө үй-бүлөнүн бекемдигин сактоо, чыңдоо, балдарды тарбиялап өстүрүү, окутуу, мүлктүк абалын жакшыртуу боюнча атайын мамлекеттик стратегиялык программаны иштеп чыгуу зарыл деп ойлойм. Россияны туурап, кайталабасак да, үй-бүлө үчүн камкордук көрүү өтө керек.
Өлкөбүздүн Өкмөтү көп жакшы башталыштарды, демилгелерди көтөрүп жатат. Анын бир далили, октябрь айынан баштап пенсиялардын, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн пособиелердин жогорулай тургандыгы. Башка жетекчи кызматтагылар, министрлер, губернаторлор, акимдер демилгени жаңылануу багытын иш жүзүндө колдоп, андан ары ырааттуу улантып кетүүлөрү керек.
Аракечтикти, баңгичиликти кыскартуу, дайыны жок ысырапкорчулукту жоюу, ар бир айылдын социалдык өнүгүшүн пландаштыруу жана анын аткарылышын күн тартибине дайыма коюу райондордун, айылдардын жетекчилеринин эң негизги милдети болууга тийиш. Президент барып муну жаса, тигини жаса деп аларга көрсөтүп бербейт. Анын жалпы, негиздүү көрсөтмөлөрүнөн, берген багыттарынан өздөрүнүн милдеттерин, жоопкерчиликтерин издеп таап алышы керек, элди тейлеп, башкарып жүргөндөр.
Биз жашап жаткан үйлөрдүн жерпайы, негизи канчалык бекем, чың болсо, ал ошончолук узак убакытка кызмат кылат. Ошол эле сыяктуу мамлекеттин түпкү негизи, тирөөчү үй-бүлө канчалык ынтымактуу, туруктуу болсо, мамлекетибиз ошончолук бекем, бирдиктүү болору шексиз. Ар күн сайын куралып жаткан жаңы үй-бүлөлөр туруктуу болсо кичинекей өзөн суулар кошулуп дарыяны, дарыялар кошулуп көл, деңизди толуктагандай бекем, күчтүү мамлекетти толуктап, толтуруп, чыңдап тураарын унутпайлы. "Атам ким, апа?" дедиртип балдарды тирүүлөй жетимсиретпейли.

Жума МАМБЕТОВ




Спикер адаштыбы же чаташтыбы...
Болбосо, бөтөн өлкөнүн башчысын дүйнөлүк маанидеги Нобель сыйлыгына көргөзүүгө неге далбас урду же премьер-министрден калышпайын дегениби - Жар-Таш чокусун Путинге ыйгарган...
Президент Н.Назарбаевдин ынсапсыздыгынан, эч кандай эрежеге сыйбаган жоругунан Каркыранын бир канаты казак тарапка кайрылганын азыркы ЖК төрагасы менен депутаттары тез эле унутуп калганы он башы тазбайматтын Манасты таппай калдастаган абалын элестетет. Тазбайматка кечиримдүү -Чоң Казат эми-эми башталат деп турганда Айкөлдү унута алдастаганына.
Ал эми А. Келдибеков андан айырмаланып жүздөгөн депутаттардын башында турган төрагалык кызматын туура пайдаланып кыргызга кызмат өтөсө жарашпайбы...
Кошуна президенттин К. Бакиевдин инагурациясына келбей жатып Каркыра маселесин койгонун, аны кой дей албаган ошол убактагы кыргыздын мамлекет башчыларынын кемтигин оңдоого, А. Акаевдин айынан берилип кеткен пансионаттарды кайрып алууга кадам ташталса азыркы ЖК менен төрагасынын кадыр-баркы эл алдында Ак-Буурадай эле күрпүлдөп калбайт беле, үзөңгү-кууш менен айрым аксакалдарды айтпаганда да.
... Тарых кайталанат деген чын белем, XVIII кылымдагы кыргыз-казак мамилесинен, айтылуу Абылай хандын Ала-Тоого көз артып келгенинен бир мисал.
Асылбаш Кенже кызы Жакшылык Солто Эр Кошойдун уулу Жаман сарт бийдин байбичеси болгон. Экөөнүн Эсенаман, Түлөбердиден башка Бөрүбай аттуу уулу да белгилүү инсандардан. Казактын көз жеткис мейкин талаасы болуп туруп кыргыз четине сугу түшкөн Абылай ханга. 21-22деги Түлөбердинин жер-суу чекара маселеси жөнүндө омоктуу, дадил айткан кебине танданышкан казактын Төлө бийи менен Букар ырчысы: -Ойпырым -ой, жас бала мынша жерди кайдан билип алдына? -дегенде Түлөберди: -Ар-бир адам баласы өзүнүн туулуп өскөн, киндиги кесилип, кири жуулган жерин билип жүрүүсү милдет эмеспи, бийлер! -деп жооп берген экен. Мына ушундай кыраакылыкты кыргыздын бүгүнкү урпактары, айрыкча элчилери жана эл башчылары көрсөтсө жарашпайт беле.
Түлөберди 1758-жылы, Нышаа баатыр-элчи таякеси Пекинге кыргыз элчилиги менен барган жылы төрөлгөн.
Тарыхтын, санжыранын мына ушундай улуу барактарын мамлекет башчысымын дегендер дайыма кайталап окуп турушса. Айтмакчы, ошол XVII-XVIII кылымдардагы кыргыз элчилеринин , баатырларынын элди, жерди коргоо аракеттери "Нышаа жана анын доору" китебинде ("Бийиктик" -2011. Автор-түзүүчү П.Казыбаев) документалдык булактар негизинде чагылдырылган.
Кыргыз парламенти анчалык эле тынчтыкты көздөсө, ядролук коопсуздукка күйсө, Эйнштейи менен эңишкен кыргыз окумуштуусу, физик, маркум, Самат Кадыровду же дал ошол казак жргесиндеги Семей ядролук полигонун жабууда чоң эмгек сиңирген жана АКШдагы Невада Кытайдагы, Лобнор полигондорунун иштерине да таасирин тийгизген айтылуу казак акыны, "Азия" деп ураан чакыргандан талыбаган Олжас Сулейменовду Нобель сыйлыгына көргөзсө болмок...
"Жандооч кийик аттырат" демекчи, төраганын кеңешчилери же ЖКдагы илим, билим, адабият жана маданият тармагынын депутаттары кыйын болсо буга чейин "Курманжан Датка-200" иш чарасын ЮНЕСКО аркылуу өткөргөнгө жетишсе кыргыздын тарых-маданий эстеликтерин дүйнөлүк тизмеге оңдоп-реставрациялоого, он беш томдук тарыхыбызды чыгартканга, "Чынгыз Айтматов-85" "Түгөлбай Сыдыкбеков-100", "Алыкул-100", "Үркүн-100", "Жусуп Баласагын-1000" сыяктуу иш-чараларга эмитен тийиштүү кам көрүүгө, балдар, жаштар басылмаларын көбөйтүүгө, көркөм адабияттардын мамлекеттик басмасын ачууга мыйзамдык, материалдык негиз түзүшсө.
А дегенде өзүбүздүн иштерди бүтүрүп, өзүбүздү сыйлап алган пайдалуудур, Нобельдин эсебинен кадыр-барк күтүп же саясий упай алганча...
Чынгыз Айтматовго берилбей калган сыйлыкты же ага берүүнү каалабагандарды да эстен чыгарбасак. Андан көрө кыргыз сыйлыктарын эл аралык деңгээлге көтөргөнгө аракеттенбейлиби...

Памирбек Казыбаев,
"Маданият" журналынын башкы редактору