, 21.10.11 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кубанычбек ИСАБЕКОВ:
"МЕН УБАДА БЕРБЕЙМИН, АТКАРАМЫН!"
2011-жылдын 17-октябры Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү салтанаттуу окуя болду. Мезгилдин талабына ылайык, биздин өлкөбүздөгү түзүлгөн кырдаалга чыдоого мүмкүн болбой калган шартта, 100дөн ашык саясий жана коомдук ишмерлер, ошондой эле Кыргызстандын миңдеген жөнөкөй жарандары тынчтык, ынтымак жана жаркын жашоо үчүн өзүлөрүнүн алдына бирден бир максатты коюшуп, жалпы элдик "Кыргызстандын бириккен элдик фронтун" түзүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле өзүлөрүнүн лидери катары Кубанычбек Исабековду тандашты.


Бириккен элдик фронт (БЭФ) - шайлоо процессинде ачыктыкты камсыз кылуучу жана административдик ресурсту пайдаланууга сокку бере алуучу, Кыргызстанда эл бийлигин орнотууну каалагандар жана жөндөмдүүлөр үчүн ачылган коомдук уюм.
БЭФти түзүүнүн максаты:
Мыйзамдын бийлигин орнотуу.
Жалпы баалуулуктарды сактай билген коомдук уюмдарды, саясий партияларды, активдүү атуулдарды бириктирүү.
Кыргызстандын калкынын укугун, эркиндигин жана кызыкчылыгын коргоо.
Эгемен Кыргызстанда эркиндик принциптерине негизделген жана ишкерликти, атаандаштыкты, социалдык өнөктөштүктү колдогон, иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин арттырган рыноктук экономикадагы күчтүү демократиялык өлкөнү куруу.
Атуулдук тилектештик жана бирин бири сыйлоо, аял менен эркектин тең укуктуулугун баалаган, эркин жана ийгиликтүү адамдардан турган коомду түзүү.
Чиновниктердин өз ишиндеги жоопкерчилигин арттырып, аны ачык кылып жана көзөмөлгө алуу.
"Ыплас" шайлоолор менен күрөшүүдө атуулдук коомдор институтунун күч-аракетин бириктирүү. Шайлоонун ачыктыгын камсыз кылууга жана административдик ресурсту пайдалануунун алдын алууга калкка маалыматтык жана укуктук колдоо көрсөтүү.
Бириккен элдик фронт жөн жерден өзүлөрүнүн лидери катары президенттикке талапкер Кубанычбек Исабековду тандашкан жок. Ар бир саясатчы-лидерди карап чыгып, акыры көз карашы жана программасы бир, күчтүү, биримдиктүү мамлекет үчүн күрөшүп келген Кубанычбек Исабековго токтолушкан. БЭФтин программасы менен кыскача тааныштыра кетели:
1. Кыргызстанда мыйзамдардын толук кандуу иштешине көзөмөл жүргүзүү. Кыргызстандын калкынын - эл бийлигинин эркин жана кызыкчылыгын коргоого жана күчтөндүрүүгө бириктирүү.
2. Чиновниктик өзүм билемдикке, регионализмге, улутчул шовинизмге жана паракорчулукка жол бербөө үчүн бийликтин үстүнөн атуулдук көзөмөлдү орнотуу.
3. Укук коргоо органдарында, сот системасында реформа жасоо.
4. Россия менен кош жарандуулукка баруу. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү. Ырасмий тилдин статусун көтөрүп, Кыргызстанда эки тилдүүлүктү ишке ашыруу.
5. Кыргызстандын кең байлыктарын элибиздин жыргалчылыгына пайдалануу.
6. Мигранттардын өз өлкөсүнө кайтып келүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
"Мени келечегибиз көп ойлондурат. Жаш балдардын базарда отуруп калганы кейитет. Кайрымдуулук азайып баратат. Баласы атасын, кызы энесин сыйлабай калгандан кудай сактасын. Улут катары мамлекетти түптөп, дүйнөгө дүңгүрөтсөк дейм. Элдин үмүтү саясий элитанын колунда. Ошону актай билишибиз абзел. Президент болуу мансап эмес, бул эбегейсиз чоң жоопкерчилик. Элдин жүгүн мойнуңа артуу. Эл алдында дагы көп иштерди жасоого милдеткербиз. Анткени, менин эл-журт алдындагы убадам ушундай", - деп президенттике талапкер Кубанычбек Исабеков өзүнүн парзы катары айтып өттү.
Кечээ, 20-октябрь күнү борборубузда жайгашкан Опера жана балет театрында жогоруда айтылып өткөн Кыргызстандын бириккен элдик фронтунун биринчи съезди салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылды. Мамлекетибиздин ар бурчунан келген коноктор залга батпай турду. Уюшулган фронттун өзгөчөлүгү катары делегаттарынын ичинде бир дагы чиновник жок экендигин айтсак болот.
Кубанычбек Исабеков өз сөзүндө Кыргызстандын тарыхын сыйлап, анын келечегине кайдыгер карай албаган жарандарды Бириккен элдик фронтко биригүүсүнө чакырып өттү. "Биз бирге болсок, бакубат, бардар жашаган өлкөнү кура алабыз!", -деген К.Исабеков башка талапкерлерден айырмаланып өзүнө үгүт кылбастан, татыктуу, жүрөктөн чыккан инсанга акчага алданбастан добуш берүүгө чакырып кетти.





Т.АКЕРОВ:
"Бакиевдер А.Мадумаровду пайдаланып, кайра мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенишет"
- Табылды мырза, алдыдагы шайлоо процесси кандай өтүп жатат?

- Бүгүн күрөштүн лидерлери аныкталып калды. Алар А.Атамбаев, А.Мадумаров жана К.Ташиев. Социологиялык иликтөөлөр көрсөткөндөй Алмазбек Атамбаевдин шансы чоң. Ал шайлоону биринчи турда эле 64% менен утуп алышы мүмкүн болуп турат. Андан кийинки келаткан А. Мадумаров 16%ке чукул, ал эми К.Ташиев 10%ке чукул добуш алынышы болжолдонууда.
Эмнеси болсо да бул шайлоолор кыргыз элин экиге бөлүп, түндүк-түштүк же кыргызстандыктарды улуттук негизде парчалап караган саясатчыларга чоң сабак болмок болду көрүнөт. Эл алардын ураандарын анча колдобой жатат. Ошол эле учурда президенттик системага кайра келүү идеясы да мүмкүн эместигин алар түшүнүштү.

- Шайлоого дагы 10 күндөй бар. Бул божомолдор өзгөрүп кетиши мүмкүнбү?

- Менимче өзгөрбөйт. Бирок, К.Ташиевдин рейтинги бир аз көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби, акыркы учурда А.Мадумаров Ж.Бакиевден 20 млн. доллар алыптыр деген сөздөр гезит беттерине жарыяланып кетти. Бакиевдер А.Мадумаровдун түштүктөгү таасирин көтөрөлү деп жатышыптыр. Анан акырындык менен түндүк-түштүк тирешүүсүн жаратабыз деген пландары бар экен деген шектенүү жаратып жатат. Ошондуктан, алар эптеп К.Ташиевди А.Мадумаровдун пайдасына, кандидатураңды алып сал деп жатышыптыр деген ойлор айтылып жатат.
Ошондуктан А.Мадумаровдун колдоочуларынын көбү К.Ташиевге же А.Атамбаевге өтүп кетиши мүмкүн. Эгерде К.Ташиев кандидатурасын алып салса, анда анын добуштарынын бир бөлүгү А.Атамбаевге өтөөру бышык болуп турат.
Ал эми К.Ташиев түштүккө таасиринен биротоло айрылат. Себеби, Ж.Бакиевдер А.Мадумаровду колдоп, акча берип, аны түштүктүн жалгыз лидери кылууга аракеттенет. Анан аны пайдаланып, кайра төңкөрүш жасоого аракеттенишет.
Камчыбек Ташиев өзү Жаныш Бакиев А.Мадумаровго 20 млн. доллар бериптир деп айтып чыкпадыбы.

- Табылды мырза, кандай деп ойлойсуз, Бакиевдер эмнеге эле А.Мадумаровго жабышып жатышат?

- Менимче анын бир нече себеби бар. Биринчиден, А.Мадумаровдун акчасы жок. Акча менен камсыздаса, айла жок беркилеринин айтканын кылат. Экинчиден, А.Мадумаров Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сурак бергени жатат. Ошондуктан, Бакиевдер ушул жагдайды пайдаланып, Мадумаровду түштүктүн лидери кылып алууну көздөшү мүкүн. Себеби, бийлик аны камай турган болсо, анда аны коргоо үчүн бүтүндөй түштүктү көтөрүп жиберебиз да, түндүк-түштүк проблемасынын негизинде азыркы бийликти сүйлөшүүгө мажбурлап, анан кылмыш иштерин жаптырабыз деп жатышат. Же болбосо тополоң кылабыз деген да вариант болушу мүмкүн.

- Атамбаевдин башка талапкерлерден өзгөчөлүгү эмнеде болуп жатат?

- Шайлоого чейинки сурамжылоолордо анын түндүктө да түштүктө да аброю бар экени аныкталган. Бирок, түндүктө аны көбүрөөк колдоору белгилүү эле. Бүгүн болсо, түндүктө ага тең келе турган кандидат жок болуп жатат. Ал эми түштүктө да ал берки экөөнөн калышпай баратат.
Эң негизгиси, А.Атамбаевди эл стабилдүүлүктүн кандидаты катары кабыл алып жатат. Аны өлкөнүн түндүгү да, түштүгү да колдоп жатканы ошондон. А.Атамбаевди өлкөнүн мусулмандары да колдойт, себеби, аны көпчүлүк ыйманды ыйык туткан, намаз окуган инсан-саясатчы катары таанып жатат.

- Сиздин баамыңызда шайлоолор тынч өтөбү?

- Менимче тынч эле өтөт. Себеби, сурамжылоолор көрсөтүп жаткандай биринчи кандидат менен экинчи кандидаттын ортосундагы айырма өтө чоң. Биринчи кандидатты бүгүн эч ким кууп жете албай калгандыгы анык болуп турат. Эгерде экинчи кандидат шайлоодон кийин, утулуу ызасын көтөрө албай, чыр кылам десе ага көпчүлүк ишенбейт болуш керек жана колдошпойт.

Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА