п»ї
  Айтматов эстелиги боюнча

Жакында ордо шаарыбыздын "Ала-Тоо" аянтында зор тарыхый окуя болуп өттү. Кыргыз Өкмөтү тарабынан борбордук Аянтта адамзат чыгармачылыгынын океаны болгон улуу эпостун баш каарманы айкөл Манастын айкели ачылып, ааламга таанымал алп ойчул, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго эстелик коюлду. Тарыхтын дагы бир алтын барагы ачылды.

Андашевдин сунуштары туурасында пикир
Кыргыз мамлекетинин атынан коюлган бул айкелдерге Бишкек коомчулугу дагы далай ой-пикирлерин айтышаар, ар кандай талаптарын коюшаар. Бул макалада ошол ачылуу жүрүшүнүн кызуу учурунда айтылган Д.Андашевдин үч сунушуна карата үн кошкум келет.
Б и р и н ч и с и - Манастын айкели боюнча өтө олуттуу жана бүгүнкү, а түгүл эртеңки саясатка карата ашкере актуалдуу сунуш. Сөз удулу бийлик символикасы жөнүндө баратат. Айталык: эстеликтеги айкөл Манас - мамлекет символу. Ат - эл. Ал эми т и з г и н - бийликтин символу. Айкелде Манастын колунда тизгин жок!? Демек, мамлекеттин колунда бийлик жокпу???
Д.Андашевдин сунушунун маңызы - скульптор Манастын колуна "кош тизгинди" эле карматып койсун!! Менин оюмча Өкмөт муну дароо колго алып, ишти аягына чыгарып койсо деген талап эмес, сунуш!!
Заматта толук аткарыла турган жөп-жөнөкөй гана иш!
Э к и н ч и с и - Ч.Айтматовдун айкелине байланыштуу. Албетте, бул олуттуу жана комплекстүү маселе. Кептин чынында, эстеликтин постаменти Ч.Айтматовду дүйнөлүк бийиктиктеги улуу инсан экендигин көтөрмөлөп көрсөтүүнүн ордуна, андай милдетти аткара албай, жер менен жер болуп, жепирейип калган. Ал үчүн постаментти дагы бир эле метр эмес, дагы 2-3 метр кошуп бийиктетип, пьедесталдын капталдарын Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы негизги каармандарынын барельефтери менен кооздоп койсо неге болбойт эле. Айкел мазмун жактан утмак! Бул сунуштун дагы бир өтө баалуулугу, айкелдин постаменти боюнча автордун кетирген ашкере одоно катасын, б.а. Ч.Айтматовдун эч чыгармасы жоктой, коколой тулкусун, бир гана айкелин тургузуп коюу менен чектеп койгон олуттуу мүчүлүшүн оңдоо болуп саналат. Мунун өзү, тике эле айтуу керек, эстетика закондорунун элементардык талаптарын орой түрдө бузгандык. Мындай мүчүлүштү азыр, убагында оңдоп калбасак, келечекте дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан келише турган жүз миңдеген чет өлкөлүктөргө шылдың болоорубуз аштан бышык!?
Акырында, ү ч ү н ч ү с ү - мамлекеттик эң маанилүү чоң маселе. Биз жогоруда Манастын, Чыңгыздын айкелдерин гана сөзгө тарттык, алардын "техникалык" проблемаларына гана токтолдук. Кымбаттуу окурман, айтар оюмду жеткиликтүү кылуу үчүн бир аз алыстан баштайын. Кыргыздын багына бир келген улуу инсаныбыз залкар Чыңгыз Айтматовдун түбөлүк о дүйнө салганына үч жыл болду. Кеменгер ойчулдун ариет-намыс өтөлгөсү али аягына чыга электей. Ч.Айтматовго эстелик коюу ариети да ар кандай кыйдамдардан улам создукту. Анткени, ааламга таанымал адамдын айкели менен эстелиги кандай болот? Каерге орнотулат? Орду кандай тандалат? ж.б. ушу сыяктуу жоон топ суроолор кыргыз коомчулугунун алдында курч турган маселелерден болгон. Эстелик тургузуу деген айкелди бир жерге эптеп-септеп орното коюу дегендик эмес, албетте. Бул чынында да мамлекеттик масштабдагы чоң маселе. Экс-өкмөт жетекчилери такыр көңүл бурган жок.Мына эми, Атамбаевдин Өкмөтү бул улуу маселени чечип койду. Бирок, акыркы чекит коюу али эртерээк.
Биринчиден, кыргыз коомчулугунун пикири боюнча, эстеликтин турган орду туура эмес тандалган дешет. Ырас, Ч.Айтматовдун айкелинин азыркы турган жери залкар жазуучу үчүн тап-такыр ылайыксыз. Тим эле орустун эл лакабындай: "Базарда - Богдан эмес, селодо - Селиван эмес" дегендей болуп калган экен. Кептин чынында маселенин чордону, ток этер жери дал ушунда, анын курчтугу, глобалдуу мааниси да айкелдин тарыхий эстелик ордун таап, түбөлүктүү орнотуу!!!
Экинчиден, эстелик комплекстүү, ал жалгыз гана айкелден турбастан, ошол жеринде белгилүү бир маданий же тарыхий функцияны (милдетти) аткарган бир бүтүндү түзүп турган болуш керек. Ч.Айтматов эстелигинин турган орду ошол функцияны аткарып жатабы? Жок! - деп түз эле айтуу керек. Эгер эстеликтин ушул комплекси чечилсе, баары жайында болчудай.
Бул жагдайдан караганда Д.Андашевдин үчүнчү сунушу абдан актуалдуу.
Бара-бара Кыргызстанда кыргыз маданияты үчүн гана эмес, дүйнөлүк маданият үчүн да Айтматов таануу Борбору табыйгы зарылдык болоору турган иш. Аны алыстан издебей эле Ч.Айтматов айкели турган "Агропром" имаратын толук бойдон "АЙТМАТОВ МАДАНИЙ БОРБОРУ" деп атап, ага Айтматов ааламы менен байланышкан бардык уюмдарды, мекемелерди жана академиялык институттарды жайгаштырса, биздин маданият баркыбыз канча көтөрүлмөк, дүйнө алдында, арбак алдында парзыбыз канчалык утуштуу болмок! Бүткүл дүйнө жүзүндөгү айтматовтаануучулардын (алар миллиондоп саналат!!) "зыярат борборуна" айланса, кыргыз эли үчүн канчалык сыймыктуу дөөлөт болмок!

Тайлак Абдылдабеков,
тарыхчы, философ, журналист




Эл арасы бузулбасын
Төмөнкү айтылгандарга кол койгондор, мамлекеттик иш, ага жетекчилик, уюштуруучулук, жоопкерчилик эмне экендигин жакшы билебиз.
Татаал абалдабыз. Мекенибиздин өзүндө жетишерлик мүмкүндүктөр туруп, 20 жыл бою жакшылыктуу ирдене албай, иште өйдө-төмөндүктөр көп болуп аткандыктан ички да, тышкы да себептер бар. Алардын жүйөлүү да, жүйөсүз да жактары көп.
Коом жана мамлекет турмуштук чечимдердин негиздүүлүгүнө, алардын ишке ашырылышына жараша коомчулукта келечекке ишеним, үмүт жаралат. Баары ишенимден, демилгеден, үмүттөн башталат.
Өкмөт башчылыкка Алмазбек Атамбаев өтө кыйын кыйчалыш, абал удургуп турган учурда келди. Ошондой болсо да ыгын таап ылайыгын келтирип мугалимдердин, даарыгерлердин эмгек акыларын олуттуу көбөйтүүнүн жолун тапты. Миңдеген үй-бүлөлөр акча каражат тартыштыгынын азабын тартпай, сарсанаа болбой, жашоолору жакшыра баштады. Мурдагы бийликтер жасай албаган аруу тилек, ак иш жасалды.
Жакшынын жакшы экендигин ачык айтуу, колдоо - коом турмушундагы, коомдук ой-пикирдин туура калыптанышындагы зарылчылык. Баштан аяк каралай берүүдөн ашмалтай абал жаралат. Ирээнжүү күчөйт.
Оппозицияга өтүп мурдагы көргөн-билгендерин талдоого алып, бийликти ачыктан-ачык аянбай ашкерлеп чыккандыгы Алмазбек мырзадагы чечкиндүүлүк. Муну башкача айтып бурмалоого алгандар жаңылып атышат. Адамдын атуулдук кадырына жете албагандык күчөп кетсе - өтө зыяндуу.
Өлкөбүздүн келечегине тийешелүү мамлекеттик маселелердин туура, таамай чечилүүсүндө иш жүзүндө өздөштүрүлгөн тажрыйба керек. Алмазбек мырзада ал бар. Ага көз жумуп койгондук адилеттикке жатпайт. Президинттикке талапкерликтин күчү чындыкты бурмалоодо эмес, маселени таамай талдоого алып, элдин, коомчулуктун көңүлүнө арзый алууда, пастыкка барбай нарк сактоодо. Сөздүн күчү анын курулай кескин айтылышына эмес, жүйө таамайлыкта, маани тереңдикте. Талапкерлер ушуну эске алышса. Сөз жүйөөсү орундуу болсо кубаттоого алынат, аң-сезимди агартып, туура түшүнүк калыптандырат. Бул деген майда-барат маселе эмес. Чындыкты бурмалоодон ашкан зыяндуулук болбос. Элден ашкан улук жок. Эл арасы бузулбасын. "Өкүмсүнүп өспөйсүң, кыйынсынып ашпайсың" дейт кыргыз. Тээ байыркы бабалардан башталып, элибиздин элдигине өчпөс өбөлгө болуп, укумдан тукумга улантыла турган, салтка, каада-наркка кошпогон жоруктардан оолак болуу - эл журт, мамлекет башчылыкка талапкерлердин ар-биринин атуулдук парзы, милдети.

Кыргыз Республикасынын
Аксакалдар Кеңеши:
Нарбеков Оморбай, академик;
Жаныбеков Турсун, коомдук ишмер;
Сарымсаков Кенжалы, Республикалык Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү,
Жусубалиев Ильяс, Ош облустук Акасакалдар Кеңешинин төрагасы;
Бурканбаев Кубанычбек, Ош облусудагы Кара-Суу районунун Аксакалдар Кеңешинин төрагасы;
Кулумбаев Темир, эколог, эмгек сиңирген ишмер;
Мамыралиев Дуйшөн, коомдук ишмер;
Насирдинов Акжолтой, Ысык-Көл облустук Аксакалдар Кеңешинин төрагасы;
Маматов Кимсанбай ажы, Сузак районунун Аксакалдар Кеңешинин төрагасы;
Шадыбеков Дөөлөтбек, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы.




Кыз, келин тамекини чекпегиле?
Кийинки күндөрү республикалык "Кыргы Туусу", "Эркин Тоо", "Кыргыз Руху" жана башка басылмаларда тамеки чегүүнүн зыяны жөнүндө көп материалдар жарыяланууда. Бул боюнча калкка жеткирүүдө адис дарыгерлер, медицина илиминин докторлору, академиктери тынчсызданууну жаратышууда. Бул макаламда ушул жылдын 30-сентябрында "Кыргыз Руху" газетасынын 16-бетинде "Тамеки чегүү өпкө рагына алып келет" деген материал жарыяланыптыр. Аны кунт коюп окуган адамдын жүрөгү титирейт. Ошондон цитада келтирейин. "Рак менен ооруп каза тапкан эркектердин 90 пайызы... тамекиден экендигин дарыгерлер аныкташкан. Бир жылдын ичинде рактан каза тапкан адамдардын 30 пайызы тамеки чегүүдөн. Өпкө рагынан көз жумган адамдардын 30 пайызы тамекиден. Эгерде сиз 35 жашка чыкканча тамеки тартууну таштаган болсоңуз, анда өпкө рагына чалдыкпоону 90 пайызга жогорулайт",- деп жазган. Ал эми көп газеталарда айрыкча аялдарга зыяндуулугун жазышууда. Анткени ал аялдын өпкөсүнө, эмчек ооруларына түз эле алып келет экен. Ошолорду окуп отуруп, андай болсо түз жолго чакырышат деген ойго келип, кыздардын, аялдардын тамеки тарткандарына бөгөт болсун деген максатта ушул ырымды жаздым.

Кыз, келин тамекини чекпегиле,
Келечекте зыянын эстегиле.
Көк түтүнүн булатып оозуңардан,
Көктү карап, көөп кетпегиле?

Биринчиден, өпкөгө зыяны бар,
Билгизбестен оорутчу кыялы бар.
Тукумду улабастан бууп койгон,
Төрөттө кемитүүчү тиягы бар.

Сасык жыт оозуңду ачсаң келип турат,
Өпкөдөн өйдө карай берип турат.
Тамеки өстүрбөстөн өмүрүңдү,
Талкалап тагдырыңды жеңип турат.

Тамырдагы каныңды бузат экен,
Тамагың аш болбостон кусат экен.
Тамекиден тараган көк түтүнү,
Тармалданып асманга учат экен.

Өпкөдөн жагымсыз жыт чубалууда,
Өрөпкүп дем кыстыгуу уланууда.
Ах, чиркин! Тамекисин таштабастан,
Өлүмдүн чуңкуруна куланууда.

Оозуңарга тамекини албагыла?
Ооруп калып, дарыгерге барбагыла?
Тең коюп өлүм жана ден соолукту,
Экөөнүн бирин талдап кармагыла?

Расулберди Маметов







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??